Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстанда эки миңге жакын шаар-кыштактардагы соода түйүндөрүнө көзөмөл-кассалык аппарат (ККМ) киргизиле турганын билдирди. 30-майда Бишкектеги өкмөт үйүнүн алдында жеке ишкерлердин нааразылык акциясы өттү. "Кардарларды эмес, салыкчыларды тейлеп калдык" Митингге Бишкектен тышкары Чүй облусунан ишкерлер келгени айтылды. Ушундай эле нааразылык акциясы Талас менен Ысык-Көлдө да өттү. Алар көзөмөл-кассалык жабдыгын (ККМ) жана электрондук эсеп фактураларын жокко чыгарууну талап кылууда. Читать дальше...
Омар Султанов Кыргызстандын Женевадагы Бириккен Улуттар Уюмундагы жана башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров 31-майда кол койду. Омар Султанов 60 жашта. Ал 1993-1998-жылдары Кыргызстандын Австриядагы, Германиядагы өкүлү болуп иштеген. 1998-1999-жылдары ошол кездеги президент Аскар Акаевдин администрациясын жетектеген. 2002-2003-жылдары тышкы иштер министринин биринчи орун басары болгон. (RK)
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы фермер Орунбек Мааданбеков Сырт өрөөнүнө жааган калың кардан жолдор жабылып, эки күндөн бери малчылар менен байланыша албай жатканын “Азаттык” радиосуна кабарлады. Анын айтымында, Сырт өрөөнүндөгү Кайыңды аймагында 12 үй-бүлө бар. “Кайыңдына өзүмдүн чарбам бар. Ал аймакта 12 малчы турат. Жол жабылгандан бери алар менен байланыша элекмин. 200 жылкы, 300дөй бодо мал, жети миңдей кой-эчки бар болчу. Сырт өрөөнүндө жалпы 6 аймак бар. Алардын баары менен байланыш жок. Читать дальше...
Орусиялык оппозиционер Алексей Навальный ага жаңы кылмыш иши козголгону тууралуу эскертүү алганын билдирди. Тогуз жылга кесилип, учурда колонияда отурган саясатчынын айтымында, аны "экстремисттик топ түзүү", "аткаминерлерди жана олигархтарды жек көргөзүү", "уруксат берилбеген митингдерге чакыруу" айыптары тагылууда. Навальныйдын социалдык тармактардагы баракчаларында жаңы иш боюнча ал 15 жылга кесилиши мүмкүн экени айтылат. Март айында Москва шаарынын Лефортово райондук соту оппозиционерди тогуз жылга эркинен ажыраткан. Читать дальше...
КР Президенти, Коопсуздук Кеңешинин башчысы С.Н. Жапаровго
КР УКМК төрагасы К.К. Ташиевке
АЧЫК КАТ
Коррупционер Ш. Капаров убагында: “Мени артымда Матраимовдор кланы турат”-деп өзүм билемдик менен жергиликтүү бюджетти толтурбай, ар кимдер эл акчасын жеп жүрүшкөн. Натыйжада Кызыл-Кыштак айыл аймагы Ош шаары менен чектеш жайгашкан аймак болсо дагы, биз дотацияда турган айыл аймакпыз. КР Президенти С.Н. Жапаров экономиканы көмүскөдөн чыгарып... Читать дальше...
Министрлер кабинети жер мунапысын жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо бекитилгенин маалымдады. Документ айыл чарба багытындагы жер тилкелерине курулган турак жайларга менчик укугу тууралуу мамлекеттик актыларды берүүгө байланышкан маселелерди ыкчам чечүү максатында иштелип чыкты. Анда мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийликтин жер тилкелерин трансформациялоо иштерин уюштуруу эрежелери жазылган. Президент Садыр Жапаров 2021-жылы 15-ноябрда Бишкектин четиндеги ЖЭБ-2 ишканасынын жанындагы жашоочулардын... Читать дальше...
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын кызматкерлерине 3800 даана бирдиктүү форма тигилди. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы кабарлады. Муфтий Замир Ракиев Чүй облусундагы жана Бишкек шаарындагы дин кызматкерлерине бирдиктүү формаларын тапшырып жатып, дайыма кийип жүрүүгө чакырды. “Дин кызматкерлери эл аралап жүрөбүз. Дайыма формабызды кийип, түшүндүрүү, агартуу иштерин жүргүзөлү. Форма айылдык имамдарыбызга чейин тигилди. Эми бирдиктүү формага өтөлү”, - деди ал. Дин иштери... Читать дальше...
Министрлер кабинетинин чечими менен кумшекерди жана чийки камыш кантты өлкөдөн алып чыгууга алты айлык мөөнөткө тыюу салынды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады. “Токтом өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана кант рыногунда бааны кармап туруу максатында иштелип чыккан”, - деп айтылат билдирүүдө. 27-майда Бишкектеги бир катар дүкөндөрдө шекер сатылбай жатканы маалым болгон. Кыргызстан былтыр дээрлик 50 миң тонна кумшекер импорттогон, анын көбү Орусиядан 24,3 миң тоннаны түзгөн. Читать дальше...
Ирандын Абадан шаарында имарат кулаганда өлгөндөрдүн саны 34 кишиге жетти. 23-майда болгон кырсыктан кийин нааразылык акциялары токтобой келатат. Шейшембиде көчөгө чыккандар "Хаменеиге өлүм” деп ураан чакырышты. Толук салынып бүтө элек 10 кабаттуу коммерциялык комплекстин бир бөлүгү ураганда 37 киши жарадар болду. Куткаруучулар жеринде ишин улантууда. Ал жакта дагы 25 чакты киши урандылардын алдында калган болушу мүмкүн. Бийлик кырсыкка курулуштагы паракорлук жана коопсуздук нормаларын бузуу алып келгенин билдирген. Читать дальше...
Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автономдуу облусунда “антитеррордук операциянын” жүрүшүндө Рушан районунун Дерзуд айылынын беш тургуну өлтүрүлдү. Бул тууралуу маалымдаган тажик Ички иштер министрлиги аларды “уюшулган кылмыштуу жана террордук топтун мүчөлөрү” деп атады. Маркумдардын жакындары алар куралсыз, жөн-жай тургундар экенин айтууда. Рушандыктар кандай жагдайда набыт болгону белгисиз. Министрлик алар “куралдуу каршылык көргөзгөндө жок кылынганын”, 18-майдан бери расмий издөөдө жүргөнүн билдирди. Читать дальше...
Өзбекстан быйылкы жылдын төрт айында былтыркы жылдын ушул мөөнөтү менен салыштырганда ундун импортун 22 миң тоннага көбөйтүп, жалпы көлөмү 124,8 миң тоннага жетти. Бул туралуу өлкөнүн Статистикалык комитетине таянып, "Озодлик" радиосу маалымдады. Ундун ири бөлүгү – 122,8 миң тонна январь-апрель айларынын аралыгында кошуна Казакстандан алынган. 15-апрелде казак бийлиги ички рыноктогу таңсыктыкты алдын алуу үчүн буудай жана ундун экспортуна чектөө киргизген. Апрель-июль айларында Ташкент Казакстандан... Читать дальше...
Ислам дини жана андагы аялдардын орду тууралуу жазуучу, публицист Аким Кожоевдин блогу. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбай турганын эскертебиз. Мындан эки-үч ай мурда Бишкектин кафелеринин биринде маркумга багышталып куран окутулуп жатканда мааракени тейлеп жүргөн таксырлардын бири: "Азиз мусулман бир туугандар! Бири-бирибизди урматтап-сыйлайлы, кадырлайлы. Башкаларга жакшылык кылганды унутпайлы. Айрыкча багар-көрөрү жок жетим-жесирлерге, жардамга муктаж кишилерге колдон келген жардамыбызды аябайлы»... Читать дальше...
“Манас” бажысында тийиштүү бажы алымдары төлөнө элек Diamond DA 42М-NG жеңил моторлуу учак 2017-жылдан бери турат. Ал S.K.G.A. ишканасына таандык экенин Мамлекеттик бажы кызматы билдирди. Ал учак үчүн жалпы 13 млн. 712 миң сом бажы алымы төлөнбөгөндүктөн, тиешелүү материалдар Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди. Март айында Бажы кызматы Евразия экономикалык биримдигинин бажы мыйзамдарын бузуу менен Тажикстандын Дүйшөмбү шаарынан Бишкекке алынып келинген эки тик учак өткөн жылдын август айынан бери турганын маалымдаган. Читать дальше...
Кыргызстанда жинсы кийим чыгара турган алгачкы өндүрүш ишке киришүүдө. Бүгүн 31-майда АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) «Текстиль Транс» компаниясына 8,4 миллион сомдук заманбап жабдык тапшырды. Ишкана жетекчилиги өндүрүлгөн товар алгач жергиликтүү, келечекте чет өлкөлүк базарларга чыгарын, 350 жаңы жумуш орду түзүлөрүн айтууда. USAIDдин миссия директору Кая Адамс бул долбоор аялдар жана жаштар үчүн жардам болорун белгиледи. Аталган долбоор алкагында 2018-жылдан бери кездеме токуу... Читать дальше...
Нарындын Ак-Талаа районунда эндик (арнебия) өсүмдүгүн казууга бөгөт коюу максатында рейд өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги кабарлады. 27-майда министрликтин инспекторлору Ак-Талаа районунун Сары-Ой жайлоосунда рейд жүргүзүп, Муса Баетов айылынын эки тургунун кармашкан. Алардын жанынан жалпы 35 килограмм эндиктин тамыры табылган. Үгүт айылынын тургунунан аталган өсүмдүктүн 5 кг тамыры табылган. Кармалган жарандарга жалпы 16 500 сом айып пул салынды. Читать дальше...
Техникалык-каржылык көйгөйгө карабай маанилүү мелдештерди көрөрмандарга өз убагында жеткирүүгө аракет кылып келаткан КТРК Спорт каналы кээде сын-пикирлердин да бутасына айланып турат. Каналдын көрөрмандары Кыргызстанда эле эмес, Өзбекстандын Фергана, Наманган, Анжиян облустарында да бар. КТРК Спорттун продюсери Шайырбек Арапов менен баяндамачы Дайырбек Бейшенаалиев “Азаттыкка” маек куруп, каналдын ийгилиги жана кемчиликтери жөнүндө айтып беришти. - Майдын башында президент “Улуттук телерадио корпорациясы жөнүндө” мыйзамга кол коюп... Читать дальше...
Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автономдуу облусунда “антитеррордук операциянын” жүрүшүндө Рушан районунун Дерзуд айылынын беш тургуну өлтүрүлдү. Бул тууралуу маалымдаган тажик Ички иштер министрлиги аларды “уюшулган кылмыштуу жана террордук топтун мүчөлөрү” деп атады. Маркумдардын жакындары алар куралсыз, жөн-жай тургундар экенин айтууда. Рушандыктар кандай жагдайда набыт болгону белгисиз. Министрлик алар “куралдуу каршылык көргөзгөндө жок кылынганын”, 18-майдан бери расмий издөөдө жүргөнүн билдирди. Читать дальше...
Бишкектин Ынтымак конушунда көп кабаттуу үйдүн курулушу башталды. Буга жергиликтүү тургундар нааразы. Жашоочулар жерде жарака барын, эки кабаттан өйдө үйлөрдү курууга мурда уруксат берилбегенин айтууда. Мындан тышкары мурда эле баш ооруга айланган суу, жарык, канализация, таштанды маселеси курчуйт деп кооптонушат. Бишкек шаарынын курулушту көзөмөлдөө башкармалыгы борбор калаа боюнча көп кабаттуу 37 үй мыйзамсыз курулуп жатканын айтууда.
Кыргызстанда абактан качканы үчүн издөөдө жүргөндөрдүн жалпы саны азыр 17 адам экенин 31-майда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) төрагасы Аскат Эгембердиев билдири. Анын айтымында, өлкө эгемендик алгандан бери түзөтүү мекемелеринен 61 соттолгон адам, анын 40ы жер астынан казылган жол аркылуу, жетөө тосмодон өтүп качып чыккан. Бир адам ооруканада жаткан кезинде, 13 адам башка да себептер менен качып чыгууга үлгүрүшкөн. Алардын 58и кармалып, кайра абакка кайтарылган. Читать дальше...
Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы үйү боюнча анын тарапташтарынын дооматына жооп берди. Мүлк фонду Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылындагы Алмазбек Атамбаевге таандык 2,70 гектар жердеги 1385,5 чарчы метр болгон дарылоо борбору мамлекетке өткөнүн билдирди. Бул боюнча Бишкектин Биринчи май райондук соту быйыл 26-мартта чечим чыгарганын белгилеген. Маалыматка ылайык, бул жайды 12-апрелде Мамлекеттик каттоо кызматынын Кадастр жана кыймылсыз... Читать дальше...
Кыргызстанга Түштүк Кореядан ишкер, маданий ишмерлер, жазуучу жана журналисттерден турган делегация келет. Бул тууралуу Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Аида Исмаилова Фейсбук баракчасына жазды. Элчинин жазганына караганда, Түштүк Кореянын KBS (Korean Broadcasting System) коомдук телерадиокомпаниясынын, Сеул шаарынын мэриясынын жана "Евразиялык сереп" коомдук журналынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөргөн. Анда Кыргызстандын инвестициялык жана туристтик потенциалын Түштүк Кореянын маалымат каражаттарында чагылдыруу... Читать дальше...
Бүгүн 31-майда Бишкекте жана облустук билим берүү борборлорунда мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн “Алтын тамга” жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясы өткөрүлүп жатат. Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, бүтүрүүчүлөр математика, эне тили жана адабияты, Кыргызстандын тарыхы жана химия сабактары боюнча сынак тапшырууда. Быйыл өзгөчө үлгүдөгү (артыкчылык) сертификат алуу үчүн 2232 бүтүрүүчү ат салышууда. Алардын 1388и окутуу кыргыз тилинде, 803ү орус тилинде жана 38и өзбек тилинде өтүүчү мектептердин окуучулары. Читать дальше...
Калың жааган кардан улам Жети-Өгүз районундагы Барскоон - Ак-Шыйрак унаа жолу убактылуу жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, учурда Сөөк ашуусунан Ак-Шыйрак айылына каттоочу жолго кар көчкү түшүү коркунучу бар. Учурда жолду тазалоо иштери жүрүүдө. ӨКМ жол толук ачылганга чейин сапарга чыкпай турууга чакырды. Кыргызгидромет борбору 1-июнда түнкүсүн Чүй облусунун кээ бир райондорунда, Ысык-Көл облусунун чыгыш тарабында өткүн өтүп... Читать дальше...
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жумурияттагы акын-жазуучулар менен котормочуларды түрк тилдүү өлкөлөрдүн адабияттарынын мыкты үлгүлөрүн өзбек тилине которуп, 100 томдук жыйнак чыгарууга чакырганы маалым болду. Мына ошол маанилүү вазийпа менен Бишкекке атайын келип, кыргыз адабиятынын үлгүлөрүн топтой баштаган өзбек калемгери Зухридин Исамидиновду кепке тартып, баарлаштык. - Кыргызстанга кош келипсиз, Зухридин мырза! - Рахмат. - Ала-Тоого эмне максат менен келип калдыңыз? - Биздин өлкөдө азыр адабиятка өзгөчө көңүл бурулуп... Читать дальше...
Мамлекеттик салык кызматы 1-июлдан тартып курамында энергетикалык, сергитүүчү кошулмалары бар алкоголсуз суусундуктарды өндүрүүдө жана өлкө аймагына ташып келүүдө акциздик салык салына баштай турганын билдирди. Башкача айтканда, Министрлер кабинети бекиткен акциздик ставкага жараша аталган суусундуктун бир литрине он сомдон алынат. Кыргызстанда мыйзамга ылайык, организмине сергитүү таасирин камсыз кылган кофеин жана башка сергитүүчү кошулмаларды камтыган алкоголсуз ичимдиктер энергетикалык суусундук катары саналат. Читать дальше...