Орусиялык оппозиционер Алексей Навальный ага жаңы кылмыш иши козголгону тууралуу эскертүү алганын билдирди. Тогуз жылга кесилип, учурда колонияда отурган саясатчынын айтымында, аны "экстремисттик топ түзүү", "аткаминерлерди жана олигархтарды жек көргөзүү", "уруксат берилбеген митингдерге чакыруу" айыптары тагылууда. Навальныйдын социалдык тармактардагы баракчаларында жаңы иш боюнча ал 15 жылга кесилиши мүмкүн экени айтылат.
Март айында Москва шаарынын Лефортово райондук соту оппозиционерди тогуз жылга эркинен ажыраткан. Ал ири көлмөдөгү акчаны кымырып алган деп, көз боемочулук үчүн айыпталган. Навальный күнөөсүн четке кагып, ишти саясий ишмердигине байланыштырат.
Сот процесси Владимр облусундагы түзөтүү колониясында жүргөн. Саясатчы былтыр жыл башында "Ив Роше" иши боюнча ошол жерге жөнөтүлгөн.
Адвокаттары өкүмдү жокко чыгарууну талап кылууда. Алар бир топ соттук жол-жоболор бузулган деп эсептешет.
Президент Путинди кескин сындап, орус бийлигинин коррупциялык аракеттерин ашкерелеп келген Навальный 2020-жылдын август айында ууландырылып, Германияга дарыланууга жеткирилген. Ал 2021-жылы январь айында Орусияга кайтып келгенде кармалган жана жети жыл мурдагы “Ив Роше" ишине байланыштуу "шарттуу жазанын эрежелерин бузду" деп айыпталып, дээрлик үч жылга кесилген.
Былтыр сентябрда Навальныйга жана анын үзөңгүлөштөрүнө "экстремизмге" байланыштуу жаңы кылмыш иши козголгон. Навальный өзү жана анын санаалаштары айыпты саясий куугунтук деп эсептешет.