6-майда Куба мамлекетинин борбору Гавана шаарында Капитолийдин маңдайындагы Saratoga деп аталган мейманканада катуу жарылуу болду. Кеминде төрт адам каза таап, дагы ондогон адамдар жараат алды. Жарылуунун себептери белгисиз. Жергиликтүү медиалар суюлтулган газ жарылып кетиши мүмкүн деген версияларды билдирүүдө. Окуя болгон жерден тараган фото-видеолордо имараттын бир ыптасы кыйла талкаланганы көрүнүп турат. Жеринде куткаруучулар иштеп жатат. Урандыларды тазалоо жана жабыркагандарды эвакуация иштери уланууда. Читать дальше...
Чүйдүн Маловодное айылындагы салмак көзөмөлдөө постунда айдоочуларды коркутууга шектүүлөр кармалды. Алар 37, 31 жана 28 жаштагы жарандар экенин Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Аталган постто айдоочуларды опузалап, жүк ташуунун баасын арзандатпоону талап кылып ургандардын видеосу 6-майда Фейсбукка чыгып, көп өтпөй өчүрүлгөн. Айрым комментарийлерде опуза кылгандар ундун наркын түшүрбөөнү талап кылганы жазылган. А дегенде окуя Жалал-Абадда болгону тууралуу кабарлар чыккан. Читать дальше...
Баткендеги Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысы Кубанычбек Нурмаматов Фейсбукта анын атынан жалган кабар таратылып жатканын билдирди. Бул тууралуу ал "Азаттыкка" комментарий берип, муну чагым деп атады. "Мен андай маалымат жазган да, интервью берген да эмесмин. Бул абалды курчутуу, мамилени бузуу үчүн жасалган аракет. Бул тексти фейктер эле жазып койгон деп ойлойм", - деди айыл өкмөтүнүн башчысы. 6-майда Нурмаматовдун атынан социалдык тармакка жарыяланган орусча кайрылууда "Кыргызстан менен Тажикстандын... Читать дальше...
Жалал-Абад шаарында 6-майда Жеңиш күнүнө карата веложүрүш өттү. Ага 300 адам катышканын мэриянын маалымат борбору билдирди. 4-майда Ош шаарында да эки миңдей киши катышкан веложүрүш өткөн. Сергек жашоого үндөгөн бул иш-чараны мэрия "Мегаком" компаниясы менен чогуу уюштурган. (TB)
Кыргызстан Өзбекстандан чек арада өлүм коштогон окуяга түшүндүрмө талап кылды. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы 6-майда билдиргендей, эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү сүйлөшүп, окуянын чоо жайын талкуулашты. "Кыргызстандын чек ара өкүлү өлкө аймагындагы мамлекеттик чек ара сызыгынан 50-55 метр алыстыкта гильзалар жана кандын издери табылганын белгилеп, Өзбекстандын чек ара кезмети мамлекеттик чек араны бузуп кирип, Кыргызстандын жарандарына каршы курал колдонгондугунун себептерин түшүндүрүүнү талап кылды. Читать дальше...
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Өзбекстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Владимир Норов 6-майда телефон аркылуу сүйлөшүп, чек арада адам өмүрү кыйылган окуяны талкуулашты. Расмий Бишкектин кабарлашынча, алар мындан ары чек арада терс окуяларды болтурбоо үчүн биргелешип аракет көрүүнү сүйлөшкөн. Өзбекстандын чек арачыларынын огунан каза тапкан кыргызстандык үч жаран 6-майда жерге берилди. Баары бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү экенин - 48 жаштагы атасы, 22 жана... Читать дальше...
Кыргызстандан ажылыкка барам дегендерден эки жыл мурда топтолгон 636 миң доллардын дайыны чыкпай жаткандыктан быйылкы зыярат токтоп калышы ыктымал. Муфтийдин орун басары Абибилла Кадырбердиев муфтияттын казынасынан кемип калган акча каражатты 15-майга чейин толукташ керек экенин "Азаттыкка" айтты: “15-майга чейин квотага ылайык 2700дөн ашык кишинин документин топтоп, визасын камдашыбыз керек эле. Бирок азыр абал белгисиз, элден чогулган акча толуктала элек. Күнөөсүн моюнга алган мурдагы жетекчилик... Читать дальше...
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) жаңы жарыялаган баяндамасында COVID-19 вирусунан жана анын медицина системасына тийгизген кесепеттеринен улам дүйнөдө 13,3 миллиондон 16,6 миллионго чейин адам каза болгонун маалымдады. Бул сан 2020-жылдын январь айынан тартып 2021-жылдын декабрынын аягына чейинки курмандыктардын эсеби. Тизмеге быйыл жыл башынан бери илдеттен каза болгондор киргизилген эмес. Баяндамада негизги өлүм-житим Европада, Америкада жана Түштүк-Чыгыш Азияда катталганы белгиленген. Читать дальше...
Бишкектеги "Эл эмне жейт" тез татым түйүнүндө 11 киши шаурмага ууланды. Шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору уулануу 5-майда катталганын кабарлады. Аталган тез татым түйүнүнөн азырынча комментарий боло элек. Санэпидкөзөмөлдүн адистери жеринде териштирүү жүргүзүп, "Эл эмне жейт" тамактануучу жайына 13 миң сом айыппул салынды. Уулануунун себептери лабораториялык изилдөөдө аныкталганга чейин түйүндүн иши токтотулду. 1-майда Кара-Суудагы “Сахобат” цехинде даярдалган таттуу токочтон 30дан ашуун адам ууланган. Читать дальше...
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов манасчы Дөөлөт Сыдыковдун өлкөдөн чыгып кетиши жана “Манас айылынын” айланасындагы окуяларга комментарий берди. Ал 6-майда “Азаттыкка” курган маегинде “Манас айылы” оңдоп-түзөөдөн өтүп, этнографиялык комплекстин жери ошол бойдон каларын айтты. Азамат Жаманкулов президент Садыр Жапаров "Манас айылы" ордунда каларын, реконструкция жасаларын түшүндүрүү үчүн Дөөлөт Сыдыковду жолугушууга чакырганын, манасчы бирок андан баш тартканын белгиледи... Читать дальше...
Армениянын борбору Ереванда Тоолуу Карабакка байланыштуу нааразылыкка чыккандар акцияны 6-майда да улантты. Оппозиция лидерлери жетектеген жүздөгөн адамдар борбор шаардын көчөлөрүндө жөө жүрүш өткөрүүдө. Жума күнкү акцияларда кеминде 50дөй адам кармалды. Акция башталгандан бери жалпы 300дөй киши кармалып, бир бөлүгү кайра коё берилген. Армениядагы нааразылыктардын башталганына эки аптадай болду. 2-майда акциялар күчөп, “баш ийбөө” формасына өткөн. Алар көчөлөрдөгү кесилиштерде отургучтарды, таштанды челектерин пайдаланып... Читать дальше...
Манасчы Дөөлөт Сыдыковго бийликтен тараптан эч кандай басым болгон эмес. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар иштери министри Азамат Жаманкулов «Азаттыкка» маегинде билдирди. Анын айтымында, манасчы түшүнбөстүктөн улам эмоционалдуу чечим кабыл алышы мүмкүн.
Өзбекстандын чек арачыларынын огунан бир үй-бүлөдөгү үч жаран - 48 жаштагы киши жана анын 22 жана 24 жаштагы эки уулу каза болгон. Бул тууралуу "Азаттыкка" окуя катталган Актам айыл өкмөтүнүн башчысы Мирлан Камчыбеков билдирди. Ал буга чейин акыркы беш жылда мындай окуя болбогонун айтып, анын негизги себептерин атаган жок. “Азыр Чек ара кызматы сүйлөшүү жүргүзүп жатат. Аскерлер окуя болгон жерди курчап койгон. Жер Кыргызстанга карайт. Мен беш жылдан бери айыл өкмөт болуп иштейм. Мындай окуя биринчи жолу болуп жатат”. Читать дальше...
Кыргызстан менен менен Европа Биримдигинин кызматташтыгынын 30 жылдыгына карата Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында "Европа айылдары" деген аталыштагы майрамдык иш-чара өтөт. Бул тууралуу Биримдиктин (ЕБ) Кыргызстандагы өкүлчүлүгү кабарлады. 10-майга белгиленген иш-чарада Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын негизги жетишкендиктери чагылдырылат. Биримдикке мүчө мамлекеттеринин маданияты тартууланып, кызматташуун келечеги сунушталат. Маданий иш-чара европалык салттуу тамак-аштардын даамын татуу... Читать дальше...
Беларустун соту өткөн жылы беларус оппозициялык блогери Роман Протасевич чогуу кармалган анын сүйлөшкөн кызы, орусиялык София Сапеганы алты жылга жалпы режимдеги жатак абакка кести. Ал сот залынан камакка алынды. Сапегага жети берене боюнча айып тагылган. Анын ичинде социалдык кастыкты, ички иштер кызматкерлерине зомбулукту козутуу, журналисттин кесиптик ишмердигине тоскоолдук жасоо бар. Тергөө ал беларус күч кызматкерлери тууралуу маалымат чогулткан сайтты башкарган деп эсептейт. София Сапега... Читать дальше...
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов манасчы Дөөлөт Сыдыковдун өлкөдөн чыгып кетиши жана “Манас айылынын” айланасындагы окуяларга комментарий берди. Ал 6-майда “Азаттык” менен болгон маегинде “Манас айылы” оңдоп-түзөөдөн өтүп, этнографиялык комплекстин жери ошол бойдон каларын айтты. Жаманкулов президент Садыр Жапаров "Манас айылы" ордунда каларын, реконструкция жасаларын түшүндүрүү үчүн Дөөлөт Сыдыковду жолугушууга чакырганын, манасчы бирок андан баш тартканын белгиледи... Читать дальше...
Казакстан чек арадагы өткөрмө бекеттерде көзөмөл кайрадан күчөтүлөрүн билдирди. Бул тууралуу өлкөнүн Финансы министрлигинин сайтына жарыяланган маалыматта айтылат. 28-апрелде Кыргызстандан чыккан жүк ташуучу автоунаадан Беларустун 1 миллиондон ашуун жасалма акциздик маркалары табылган. Ушул эле машинадан 2 миңден ашуун декларацияланбаган товар алынганы кабарланды. Мындан улам расмий Нур-Султан көзөмөлдү күчөтмөкчү. Кыргызстан бул маалымат боюнча комментарий бере элек. Өткөн айда кыргыз-казак... Читать дальше...
7-майда түнкүсүн Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу аймактарында жамгыр, бийик тоолорго кар жаайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу жерлеринде жаан-чачын болот. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10...15, күндүз 24...29, Талас жергесинде түнкүсүн 11...16, күндүз 23...28, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 11..16, күндүз 26...31, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 7...12, күндүз 16...21... Читать дальше...
Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдиришинче, каргашалуу окуя 2-майда болгон. Сууга чөгүп кеткен балдар 14-15 жашта, Өзгөндүн Кызыл-Октябрь айылынан. Балдардын сөөгүн айылдаштары түнкү саат 10до табышкан. Милиция соттук-медициналык текшерүүнүн жыйынтыгына таянып, алардын сууга чөгүп кеткенин ырастады. Ош облустук ИИБсынын маалыматында, Кемпир-Абад суу сактагычына чөмүлүүгө тыюу салынары тууралуу жазуулар илинген. Бирок ага карабай сууга түшкөндөр болууда.
9-май Жеңиш күнүн утурлай Бишкекте Советтер Союзунун Баатыры Самат Сыдыковго арналган даректүү тасма көрсөтүлөт. Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" киностудиясы тарткан тасманын бет ачары Улуттук тарых музейинин кино залында 4-майда өттү. “Самат Садыков” тасмасы тарых музейинде 8-майда саат 11:00 жана 15:00 көрсөтүлөт. Андан сырткары 7-майда Сүлүктү шаарындагы Маданият үйүндө, 8-майда Раззаков шаарындагы кинотеатрда, 9-майда Баткен шаарындагы Октябрь кинотеатрында көрсөтүлмөкчү. Самат Садыковдун образын актер Нурбек Юлдашев аткарып... Читать дальше...
Кыргызстан Өзбекстандан чек арада өлүм коштогон окуяга түшүндүрмө талап кылды. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы 6-майда билдиргендей, эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү сүйлөшүп, окуянын чоо жайын талкуулашты. "Кыргызстандын чек ара өкүлү өлкө аймагындагы мамлекеттик чек ара сызыгынан 50-55 метр алыстыкта гильзалар жана кандын издери табылганын белгилеп, Өзбекстандын чек ара кезмети мамлекеттик чек араны бузуп кирип, Кыргызстандын жарандарына каршы курал колдонгондугунун себептерин түшүндүрүүнү талап кылды. Читать дальше...
Кыргыз-өзбек чек арасында үч адамдын атылышы боюнча эки өлкөнүн чек арачылары сүйлөшүү жүргүзүп жатат. Чек арада атылган октон 1974-жылы туулган киши жана анын 1998-жылы жана 2000-жылы туулган балдары каза тапты. Алардын сөөгү 6-майда Ала-Бука районуна караштуу Актам айыл өкмөтүндө жерге берилди. Чек арачылардын огунан уулдары менен кошо каза тапкан кишинин эжеси Малика Ахмаджанова иниси алты ай мурда эки уулун чогуу үйлөнткөнүн айтып ыйлады. “Эки уулу менен кетти. Балдар жаш эле. Алты ай мурун экөө тең бир күндө үйлөнткөн. Читать дальше...
Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жыл башынан бери өлкө аймагында жүргүзгөн рейддин жыйынтыгын чыгарды. Ага ылайык, төрт айда 315 миң 762 жол эрежесин бузуу фактысы катталган. Бул аралыкта 4 миңден ашуун айдоочу мас абалында машине айдап, 45 миңдейи ылдамдыкты көбөйткөнү үчүн кармалган. Транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу боюнча 120 миңге жакын учур катталган. 12 миңдей жөө жүргүнчү жол кыймылынын эрежелерин бузган. Миңдей айдоочуга айнегин караңгылатып алганы үчүн айып салынган. Читать дальше...
Трое граждан Киргизии погибли на кыргызско-узбекском участке государственной границы в местности Добо-Коргон сельской управы Актам Ала-Букинского района Джалал-Абадской области. Их застрелили пограничники из Узбекистана, передает ТАСС.
Читать дальше...Бишкекте өз жанын кыюуга аракет кылган жаран куткарылганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, 5-май күнү саат 18:20 чамасында Бишкектеги курулушу бүтө элек көп кабаттуу имараттардын биринин 9-кабатынан боюн таштаганы жаткан аял тууралуу маалымат түшкөн. Жерине ыкчам түрдө беш куткаруучу тартылып, аялды жерге түшүрүп милиция кызматкерлерине өткөрүп берди. Буга чейин, 26-апрелде Ошто көп кабаттуу үйдүн терезесинен боюн таштаганы жаткан аял куткарылган. 17-мартта Ошто эки окуучу көп кабаттуу үйдөн кулап... Читать дальше...