Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров медициналык текшерүүдөн өтүү үчүн Германияга кетти. Бул тууралуу 3-майда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирип, ал күн сайын тийиштүү жыйындарга видеобайланыш аркылуу катыша турганын маалымдады. Акылбек Жапаров 28-апрелде эртең менен жүрөгү ооруп, кан басымы төмөндөгөндүктөн, Бишкектеги Улуттук кардиология жана терапия борборуна жаткырылган. Текшерүүнүн жүрүшүндө жүрөк-кан тамыр спазмы аныкталганы айтылган. 29-октябрда кыргыз-казак өкмөттөр аралык... Читать дальше...
Арал-Миң-Куш автоунаа жолунун Кызыл-Сөөк тилкесинде жер көчкү түшүп, эки күндөн бери жабык турат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Фейсбуктагы баракчасында жарыяланды. Маалыматка ылайык, 15 миң метр куб көчкү 1-май күнү саат 15:00 чамасында түшүп, Миң-Куш дарыясын жарымын басып калган. Натыйжада суунун деңгээли көтөрүлүп, жолдун болжолдуу түрдө 35-40 метр аралыгын жеп кеткен. Аймакта кооптуу абал жаралганына байланыштуу жол убактылуу жабылган. Учурда дарыянын нугун тазалоо жана калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Читать дальше...
3-майда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган телефондон сүйлөштү. Кыргыз президентинин басма сөз кызматы билдиргендей, сүйлөшүү Анкаранын демилгеси менен болду. Анын жүрүшүндө кызматташуунун актуалдуу багыттары жана кыргыз-түрк мамилелеринин келечеги талкууланды. "Садыр Жапаров кыргыз тарап Түркия президентинин сапарын күтүп жатканын жана мамлекеттер аралык жогорку кеңешмени Кыргызстанда өткөрүүнү пландап жатканын дагы бир жолу белгиледи", - деп айтылат маалыматта. Читать дальше...
“Элдик мугалим” деп аталган улуттук сынакты жеңген үч агартуучу Грузияга саякатка барат. UEFA Орусиянын курама командасы Улуттар лигасынын жана клубдары Еврокубоктордун 2022-2023-жылкы мелдештерине катышуу укугунан ажыратылды.
Былтыр августта Бишкек-Торугарт жолунда кичи автобус кырсыкка кабылып, жети кишинин өмүрү кыйылган. Ушул тапта маркумдардын жакындары жана кан жолдогу кырсыкта жараат алгандар тергөөгө нааразы болуп, адилеттик издеп жүрөт. Ишти болсо милиция териштирип жатат.
3-майда Кыргызстанга расмий сапар менен Венгриянын тышкы экономикалык байланыш жана тышкы иштер министри Петер Сийярто келди. Ал президент Садыр Жапаров менен жолукканын Фейсбуктагы расмий баракчасына жарыялады. "Венгрия, венгер экономикасы Кыргызстан менен кызматташуудан көп пайда көрдү. Акыркы жылдары биз мамилебизди жакшыртуу үчүн көп күч жумшадык. Бул аракеттерди президент Садыр Жапаровдун баалап жатканы чоң сыймык", - деп жазды Петер Сийярто. Бишкекте кыргыз-венгер стратегиялык кеңешинин... Читать дальше...
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Чүй облусунун фермерлери, сүт продукциясын кайра иштетүүчү ишканалардын өкүлдөрү менен жыйын өткөрдү. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, анда айыл чарба тармагындагы көйгөйлөр, сүт өткөрүү, анын сапаты жана баасына байланышкан кырдаал талкууланды. Сүт алган компаниялар менен элдин ортосунда продукцияны кабыл алуу жана анын сапатын баалоо боюнча бирдиктүү стандарттардын жоктугу, ушундан улам талаш-тартыш жаралып жатканы айтылды. Читать дальше...
Лейлек районунун Тажикстан менен чектеш Максат жана Кулунду айылдарында миң гектардай буудай, арпа аянттарын чегиртке каптады. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар “Азаттык” радиосуна кабарлашты. Максат айылынын башчысы Сапарали Адинаев тиешелүү кызматтар алдын албаса айыл четиндеги кайракы жерге айдалган дандан түшүм албай калуу коркунучу жаралганын билдирди. Баткен облустук өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин башкармалыгынын өкүлү Ачылбек Бекташовдун билдирүүсүндө, бул маселе боюнча адистер аймактарды кыдырып чыккан. Читать дальше...
Армян оппозициясы Ереванда премьер-министр Никол Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылган нааразылык акцияларын 3-майда да улантты. Акцияга чыккандар бир нече проспектилер менен көчөлөрдү жабууга аракет кылышты. Жолдор бир аз тосулгандан кийин полиция аларды тротуарга сүрүп чыгарды. Түшкө чейин кеминде 70тей адам кармалды. Армениядагы нааразылыктардын башталганына эки апта болду. 1-2-майда акциялар күчөп, “баш ийбөө” формасына өткөн. Алар көчөлөрдөгү кесилиштерде отургучтарды, таштанды челектерин пайдаланып, баррикада жасап жатышат. Читать дальше...
2-май күнү Кадамжай районунун Марказ айылынын 16 жаштагы тургуну жашаган үйүнүн короосунда асынып каза болгонун Баткен облустук ички иштер башкармалыгы билдирди. "Окуя милициянын электрондук журналына катталып, текшерүү иштери башталды. Каза болгон баланын атасы Ош шаарында дарыланып жатканы, энеси Орусияда миграцияда экендиги маалым болду”,-деп айтылат облустук милиция тараткан маалыматта. Кыргызстанда акыркы жылдары өспүрүмдөр арасында өз жанын кыйгандар көбөйгөнү байкалууда. Борбор Азияда суицид боюнча Казакстан биринчи орунда... Читать дальше...
АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен Армениянын тышкы иштер министри Арарат Мирзоян дүйшөмбүдө Вашингтондогу жолугушуунун жыйынтыгында Жарандык атомдук тармакта кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын мамлекеттик департаменти кабарлады. Бул келишим АКШ менен Армениянын атомдук өндүрүшүнүн, эксперттеринин жана изилдөөчүлөрүнүн байланышын чыңдоо максатын көздөйт. Мындан сырткары жарандык атомдук энергетикадагы колдоо жана өзөктүк куралды жайылтпоо тууралуу максаттарды да камтыйт. Читать дальше...
Европа Биримдиги Орусиянын газынын импортун кескин азайтып, африкалык өлкөлөрдөн көгүлтүр отун сатып алуу мүмкүнчүлүктөрүн караштырып жатат. Бул тууралуу Bloomberg Европа Комиссиясындагы булактарына таянуу менен жазды. Басылма билдиргендей, сырткы энергетикалык карым-катыш жөнүндө документ майдын аягына чейин кабыл алынышы мүмкүн. Анда биримдиктеги өлкөлөр 2022-жылдын аягына чейин энергетикалык жактан Москвадан көз карандысыздыгын кескин кыскартуу планын койду. Ушул эле документте Африкадагы Нигерия... Читать дальше...
3-майда басма сөз эркиндигинин дүйнөлүк күнү белгиленип жатат. Кыргызстанда туура бир жыл мурун президенттик башкаруу ыкмасындагы Баш мыйзам иштей баштаган. Акыркы бир жыл ичинде сөз эркиндигинин абалы кандай болду? “Чек арасыз кабарчылар” уюмунун “Дүйнөдөгү басма сөз эркиндигинин индекси-2022” аттуу баяндамасында Кыргызстан 180 өлкөнүн ичинен жети баскычка алдыга жылып, 72-орунду ээледи. Бирок Кыргызстандын медиа коомчулугу өлкөдөгү сөз эркиндигине тынчсызданып, бийлик кысым көрсөтө баштаганын белгилешүүдө. Читать дальше...
2-майда Ысык-Көл облусунда Бишкек-Торугарт унаа жолунун жээгиндеги кургак чөп талаасын жана токойду от жалмаган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Расмий маалыматка ылайык, Балыкчы шаарынан эки өрт өчүрүүчү унаа, 22 куткаруучу тартылып, өрт чектөөгө алынган жана кечинде толугу менен өчүрүлгөн. Жалпысынан беш гектар аянт күйгөн. Өрттүн себептери такталып жатканы маалымдалды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги күн ысыганы жайыттарда жана эс алууга чыккан убакта өрт коопсуздугун сактоону эскертип келет. Читать дальше...
Басма сөз эркиндигинин бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата Бишкекте журналисттер, активисттер жана маалымат каражаттарынын кызматкерлери ишембилик өткөрүштү. Алар Журналисттер аллеясын тазалап, бүгүнкү кыргыз медиасындагы абал тууралуу пикир алмашышты. Иш-чараны Кыргызстан медиасынын аракеттеги платформасы уюштурду. Бакаев жана Айни көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Журналисттер аллеясын 2010-жылы “Журналисттер” коомдук бирикмеси түптөп, көчөттөр тигилген. 3-май - басма сөз эркиндигинин күнү катары дүйнөнүн көп мамлекеттеринде белгиленет. Читать дальше...
"Медиа полиси институту" Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалына тынчсыздануусун билдирди. Уюм 3-май - Бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркиндиги күнүнө карата тараткан билдирүүдө өлкөдө журналисттерди, маалымат каражаттарын куугунтуктоо күч алганы белгиленген. Анда 2022-жылдын башынан бери маалымат каражаттарына, журналисттерге карата козголгон кылмыш иштери мисал келтирилип, бийликтин басымы катары сыпатталган. Ошондой эле журналисттердин социалдык түйүндөрдөгү аккаунттарын, электрондук почталарын,... Читать дальше...
Ички иштер министрлиги (ИИМ) Бишкекте өзүн милиционер деп тааныштырып, жергиликтүү тургундан акча опузалаган адам кармалганын билдирди. Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, ал жашоочулардын биринен 150 миң сом талап кылып, бербесе камакка аларын айткан. Коркутууга кабылган жаран 130 миң сом берип, анан ИИМге арызданган. 2-майда Ички иликтөө кызматынын адистери шаардык прокуратура менен биргеликте шектүүнү дагы 15 миң сом алып жатканда колго түшүргөн. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө башталды. Читать дальше...
Кыргызгидромет борборунун маалымдашынча, 4-майда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр, тоолуу жерлерде кар жаайт. Күн күркүрөйт, батыш тараптан жел согуп турат. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 11...16, күндүз 20...25, Талас жергесинде түнкүсүн 9...14, күндүз 19...24, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 14...19, күндүз 22...27, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 8...13, күндүз 18...23, Нарын облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 19...24, Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0...5... Читать дальше...
Ноокатта үй-жайы бузулган тургундар милиция кызматкеринин коркутуусуна кабылганын алардын жактоочусу Камил Рузиев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, 29-апрель күнү бир топ жашоочулар Ош облусунун прокуроруна үйлөрдүн бузулушуна байланыштуу арыз жазууга келишкен. Ошол убакта Ош облустук ички иштер башкармалыгынын 10-бөлүмүнүн кызматкери Сталбек Сүйүнов алардан максатын, арыздын чоо-жайын сураган. "Эч кайда арызданбагыла деп коркутуп кеткен",- деди Рузиев. Жактоочу бул боюнча прокуратурага арыз берилгенин кошумчалады. Читать дальше...
"Азаттык" радиосунун "Данисте" берүүсүндөгү "Тагдырды өзгөрткөн мугалим" түрмөгүнүн каармандары "Элдик мугалим" сыйлыгын алышты. Аталган сыйлык Чаткалда эмгектенген Атыркүл Кутмановага, алайлык Гүлжамал Калчабаевага жана аксылык Осмонжан Ибрагимовго берилди. Алар үчүн Грузияга саякат уюштурулат. 3-майда Бишкектеги Улуттук филармонияда "Билимкана" фондунун он жылдыгына арналган иш-чара уюштурулду. Ага ар аймактардан келген мугалимдер чакырылган. Мыкты мугалимдерди тандоодо алардын тажрыйбасы, окуучуларынын ийгиликтери эске алынган. Читать дальше...
Көз карандысыз журналисттер бирлигинин төрагасы Азамат Касыбеков кыргыз журналистикасындагы көйгөйлөр, сөз эркиндигиин абалы тууралуу ой бөлүшөт. 3-май – Бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркиндигинин күнү. Бул дата БУУнун Башкы ассамблеясы тарабынан 1993-жылы бекитилген. Акыркы жарым жылда Кыргызстанда журналисттерге карата бир канча кылмыш иштери козголду. Адам укуктарына байкоо салган эл аралык жана жергиликтүү уюмдар өлкөдө сөз эркиндигинин абалы начарлап баратканын айтып келатышат. Ошол эле кезде... Читать дальше...
Президенттик администрациянын маалымат саясаты кызматынын жетекчиси Алтынбек Жумаев бүгүнкү бийлик Кыргызстандагы маалымат каражаттарын "өз жана бөтөн" деп бөлбөй турганын айтты. Мындай пикирин журналист Майраш Базлакунованын Ютубдагы каналына курган маегинде билдирди. Бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркиндигинин күнүн утурлай жарыяланган интервьюда Жумаев буга чейинки президенттердин тушунда маалымат тармагын тейлеген жетекчилердин же мамлекет башчыга, премьер-министрге жакын адамдардын таасири менен... Читать дальше...
3-майда Кыргызстанга расмий сапар менен Венгриянын тышкы экономикалык байланыш жана тышкы иштер министри Петер Сийярто келет. Бул тууралуу Бишкек расмий кабарлап, эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин төрагалыгы алдында кыргыз-венгер стратегиялык кеңешинин экинчи жыйыны өтө турганын маалымдады. 2021-жылдын ноябрында Бишкекте Кыргыз-Венгер өнүктүрүү фондунун расмий ачылышы болгон. Андан соң экономикалык форумда сөз сүйлөгөн Петер Сийярто Будапешт-Бишкек авиакаттамы ачыларын, Борбор Азиядагы өлкөлөрдөн... Читать дальше...