В апреле в России упал спрос на долгосрочную аренду жилья

Главный педиатр Подмосковья рассказала о риске заражения бешенством

Благоустройство парка «Яуза» завершится в Москве в 2024 году

В Серпухове продолжает работу выставка «Маковские. Константин и Владимир»



World News in Kyrgyz
Ria.city


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Май
2022

Новости за 13.05.2022

Azattyk.org 

Арменияда нааразылыкка чыккандар кайрадан көчөлөрдү жабууга аракет кылды

Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылган миңдеген адам 13-майда кайрадан Еревандын көчөлөрүн жабууга аракет кылышты. Алар ошондой эле медициналык окуу жайдын кире беришин тосушту. Полиция алардын бир нечесин кармап, чогулгандарды атайын аянттарга сүрүп чыгарды. Бир сыйра түртүшүү орун алды. Армениядагы нааразылыктар апрелдин аягында башталды. 2-майда акциялар күчөп, “баш ийбөө” формасына өткөн. Алар көчөлөрдөгү кесилиштерде отургучтарды, таштанды челектерин пайдаланып... Читать дальше...

Azattyk.org 

Ширшов окуясы: бириктирилген ишканалар

Орусия Түндүк Донец дарыясында бир топ аскердик техникасынан айрылды. Алексей Ширшовдун окуясынын улам бир жаңы өңүтү чыгып жаткан тапта өкмөт “Кыргызтелеком”, “Мегаком”, “Дастан” баштаган мамлекеттик ишканаларды Санарип өнүктүрүү министрлигине өткөрүп берди.

Azattyk.org 

Саламаттык сактоо министрлиги санариптик кызматтары иштебей жатканын билдирди

Саламаттык сактоо министрлиги тармактык жабдууларындагы техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам лабораториялык жыйынтыктарды (ПЧР анализдер) жана эмдөө сертификаттарын берүү боюнча санариптик кызматтар иштебей жатканын билдирди. Маалыматта министрлигинин бардык платформаларында (ILAB, VC.EMED.KG), Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында жана өнөктөш тиркемелерде (уюлдук операторлор жана банктар) санариптик кызматтардын иштешинде кыйынчылыктар жаралып жатканы айтылат. “Мен COVID-19сыз саякаттайм” мобилдик тиркемеси да иштебей жатат. Читать дальше...

Azattyk.org 

Түгөлбай Сыдыкбековдун чыгармачылыгына арналган форум өттү

Улуттук илимдер академиясында жазуучу Түгөлбай Сыдыкбековдун чыгармачылыгына арналган форум өттү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. Иш-чарага окмуштуулар, илим жана маданият ишмерлери, жогорку окуу жайлардын студенттери катышты. Быйыл Сыдыкбековдун 110 жылдыгы мамлекеттик деңгээлде белгиленет. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жазуучунун китептерин санариптештирүү, жеке буюмдарын сактоо үчүн өзү жашаган үйдү музейге айлантууга көмөк көрсөтө тургандыгын билдирген. Читать дальше...

Azattyk.org 

Акылбек Жапаров: мугалимдин, дарыгердин айлыгына жыл сайын 20% кошулат

Педагогдордун жана дарыгерлердин маянасы жыл сайын 20%га көтөрүлүп турат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Түп районунун Тогуз-Булак айылындагы мектептин мугалимдери жана жашоочулары менен жолугушууда билдирген. Жапаров 1-июндан тартып аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдарына жөлөк пулдун көлөмүн 850 сомдон 1200 сомго чейин көтөрүлүп, пенсиянын көлөмүн октябрь айында жогорулатуу пландалып жатканын айткан. Билим берүү жана илим министрлиги мугалимдердин айлык акысы сентябрь... Читать дальше...

Azattyk.org 

Бириккен Араб Эмираттарынын президенти каза болду

Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) президенти Халифа бен Заид Аль Нахайян 73 жашында каза болду. Бул тууралуу эмираттардын WAM маалымат агенттиги Президенттин иштери боюнча министрликке таянуу менен кабарлады. Президенттин өлүмүнө байланыштуу өлкөдө 40 күндүк аза күтүү жарыяланды. Министрликтерде, мекемелерде жана жеке секторлордо 13-майдан тартып үч күнгө иш токтотулду. Халифа бен Заид Аль Нахайян мамлекеттин башчысы кызматын 2004-жылдан бери аркалап келген. Ага чейин өлкөнү анын атасы Заид Аль Нахайян башкарган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыргызстанда кайсы университет мыкты?

Жогорку окуу жайды жана факультетти кантип тандоо керек? Окууга тапшырганда эмнелерге көңүл буруу шарт? "Азаттык+" бул жолу абитуриенттерге билим берүү тармагындагы адистерден кеңеш алып берди.

Azattyk.org 

Кирешелүү ишканалардын акционери алмашты. Ширшовдун карааны

Кыргыз өкмөтү "Кыргыз телеком", "Альфа Телеком", "Дастан" заводу жана "Евразия сактык банкы" сыяктуу мамлекеттик ишканаларды Санариптик өнүктүрүү министрлигинин кармагына өткөрдү. Оппозиция бул стратегиялык ишканалардын өткөрүлүшүн Алексей Ширшовдун ишмердүүлүгүнө байланыштырууда. "Кыргыз телеком", "Альфа Телеком", "Дастан" заводу жана "Евразия сактык банкы" сыяктуу мамлекеттик ишканаларды Мүлк фондунан Санариптик өнүктүрүү министрлигин карамагына өткөрүү боюнча токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 10-майда кол койду. Читать дальше...

Azattyk.org 

"Кичинемде кордошкон". Сексуалдык ыдык көргөн кыздардын муңу

Блогер Назира Айтбекова сексуалдык ыдык көрүп, зордукталганын айткан ондогон кыздардын катын жарыялады. Анда кыздар үйдө, коомдук жайларда жакындары, чоочун адамдар, кесиптештери тийишип, жүрөгүндө так калганын жазган. Сексуалдык ыдык көргөн кыздардын арманы Сексулдык асылууга туш болгон ондогон кыз-келиндер үрөй учурган окуяларын блогер Назира Айтбекованын социалдык тармактардагы баракчасынын кат куржунуна анонимдүү калтырышкан. Кат ээлери секелек кезинде, бойго жеткенде чоочун эркектерден... Читать дальше...

Azattyk.org 

Шинжаңдык казактар саясий партия түзөт

Казакстанда Шинжаңдагы этникалык казактардын укугун коргогон «Нагыз Ата-Журт» тобу саясий партия түзөрүн жарыялады. Алар өлкөгө көчүп келүүнү каалаган Шинжаңдагы кандаштарга казак бийлиги эч кандай жардам бербей жатканын айтып чыгышты.

Azattyk.org 

Сот блогер Жолболдуеванын бөгөт чарасын өзгөртүүдөн баш тартты

Ош облустук соту бүгүн 13-майда “Батма-бат” YouTube каналынын автору, блогер Батмакан Жолболдуеванын бөгөт чарасын карап, шаардык соттун чечимин күчүндө калтырды. Ош шаардык соту 21-апрелде аны 26-майга чейин камакта калтыруу тууралуу чечим чыгарган. Милиция журналист Арзыгүл Галымбетова күтүүсүз каза болгондон кийин бул иш боюнча маалымат берип, ал Жолболдуеванын каралоосуна кабылып жатканына 25-мартта арызданганын билдирген. Галымбетованын ошол арызынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 127-беренеси... Читать дальше...




Azattyk.org 

Менчик жерди мамлекетке алуу муктаждыкпы же амалбы?

Айыл чарба министрлиги жарандардын жер тилкелерин мамлекеттин жана коомдун муктаждыгы үчүн алып коюу боюнча мыйзам долбоорун сунуштады. Бул норма жерди коомчулуктун кызыкчылыгы үчүн кайра бөлүштүрүүгө мүмкүндүк берерин айтууда. "Мыйзам долбоору курулуш компанияларынын кызыкчылыгын коргойт" деп каршы чыккандар да бар. Кыргызстанда мамлекеттин жерди алып коюшуна уруксат берген жобо буга чейин эле Жер кодексинде бар болчу. Анда мамлекеттик жана коомдук муктаждык катары улуттук коопсуздукту камсыздоо... Читать дальше...

Azattyk.org 

"Элдик" депутаттык тобунун Аравандагы жыйынында чыр чыкты

Жогорку Кеңештеги "Элдик" депутаттык тобунун Ош облусунун Араван районунда өткөргөн көчмө жыйынында чыр чыкты. Депутаттык топ 13-майда Араван жана Ноокат райондорунда көчмө жыйын өткөрүп, жазгы талаа иштеринин жүрүшү, жолдордун курулушунун абалы жана Араван жана Ноокат райондорунун калкын социалдык жактан камсыздоо маселелери каралмак. Социалдык тармакка тараган видеодон жыйынга катышкан элдин бир бөлүгү президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Данияр Жаныкуловдун сөзүн бөлгөнгө нааразы болуп жыйынды таштап кеткенин көрүүгө болот. Читать дальше...

Azattyk.org 

Милиция тогуз жыл мурдагы кылмыш боюнча улут аралык кастыкты козуткандар жазаланарын эскертти

Чүй милициясы тогуз жыл мурдагы кылмышка шектүүлөр кармалганы боюнча окуянын тегерегинде улут аралык кастыкты козутууга аракет кылгандар кылмыш жообуна тартыларын эскертти. Бүгүн, 13-майда облустук милициянын басма сөз кызматы тараткан эскертүүдө кылмыш тууралуу маалымат жарыялангандан кийин WhatsApp аркылуу кастыкты козуткан аудио билдирүүлөр тарап жатканы, мындай чагымга алдырбоо керектиги айтылды. Мекеме эскерткендей, улут аралык кастыкты козуткандар Жазык кодексинин 330-беренесинин (Расалык... Читать дальше...

Azattyk.org 

Чолпон-Атада Issyk-Kul ITF 2022 көргөзмө-жарманкеси ачылды

Бүгүн 13-майда Чолпон-Ата шаарында Issyk-Kul ITF 2022 эл аралык туристтик көргөзмө-жарманкеси иштей баштады. Эки күн бою "Рух Ордо" маданий борборунда туристтик компаниялар, пансионаттар, эс алуу үйлөрү жана туристтерди тейлөө тармагынын башка да өкүлдөрү конокторго өз кызматтары тууралуу маалымат беришет. 2020-жылы коронавирус пандемиясына байланыштуу Ысык-Көлдө туристтик сезон үзгүлтүккө учурагандан кийин бул тармак кайра эми гана жанданууда. (KS)

Azattyk.org 

"Кумтөрдүн" басма сөз кызматы иш таштоо тууралуу маалыматты четке какты

“Кумтөр” алтын кенинде абал тынч экенин 13-майда ишкананын басма сөз катчысы Назира Ахмедова билдирди. Ал эч кандай иш таштоо болбогонун, бардыгы штаттык режимде иштеп жатканын, "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингинин жетекчиси, ишкананын мурдагы тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк жана президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов менен «Кумтөрдүн» иш таштоого ниеттенип жатат деген кызматкерлери менен жолугушуу болбогонун айтты. Ахмедованын айтымында, учурда кендин... Читать дальше...

Azattyk.org 

Ысык-Көлдүн жээгиндеги тосмолор алынат

1-июлдан тартып Ысык-Көл облусунун тургундарынын пляж аймактарына киришине чектөөлөр жана көл жээгинде ачык эшиги жок тосмолор алынат. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Жарлыкта санаторийлер, пансионаттар, эс алуу үйлөрү, коттедждер ар кандай тосмолорду орнотуу аркылуу калктуу конуштардын тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун чектеп жатканы айтылат. Мындан улам 1-июлдан тартып Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляж аймактарына кирүүсүнө кандайдыр бир чектөөлөр коюлбаш керек. Читать дальше...

Azattyk.org 

Түндүк Корея коронавирустан алгачкы курмандыктар катталганын маалымдады

Түндүк Кореянын бийлиги COVID-19 инфекциясынан улам оорусу күчөп кеткен алты адам өлгөнүн билдирди. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Борбордук телеграф агенттиги кабарлады. Басылма апрелдин аягынан бери өлкөдө 350 миңдей адам вирусту жуктуруп алганын, мындан сырткары дагы 200 миңдей адам обочолонууга киргизилгенин белгиледи.  Пхеньян мунун алдында өлкөдө коронавирустун биринчи учуру катталганын маалымдаган. Бир катар маалымат каражаттары түштүк кореялык "Йонхап" агенттигине шилтеме берип, "омикрон"... Читать дальше...

Azattyk.org 

Башкы прокуратура Ширшовго карата сот чечимдери УӨ мүчөлөрү бийликте турганда чыкканын билдирди

"Дастан" трансулуттук корпорациясы ачык акционердик коомунун мурдагы башчысы Алексей Ширшовго карата актоо өкүмдөрү Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү бийликте турган жылдары чыккан. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. "Азимбек Бекназаров 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн мүчөсү жана сот, прокуратура, укук коргоо органдарынын координатору болгон. Анда эмнеге сот Алексей Ширшовго карата актоо өкүмүн чыгарганда Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө жана ошол кездеги бийликке сын айтып чыккан эмес деген суроо жаралат"... Читать дальше...

Azattyk.org 

ТИМ: Орусияда соттолуп жаткан кыргызстандык келинге укуктук жардам көрсөтүлүүдө

Орусияда ири өлчөмдө акча уурдоого шек саналып, соттолуп жаткан кыргызстандык келиндин иши Кыргызстандын Новосибирскидеги Башкы консулдугунун көзөмөлүндө экенин Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) бүгүн 13-майда билдирди. Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, келин кармалган күндөн тартып ага консулдук-укуктук жардам көрсөтүлүүдө. Келинди үй камагына чыгаруу тууралуу эки жолу өтүнүч келтирилгени, анын туугандары жана жактоочусу менен жолугушуулар өткөрүлүп турары, иш министрликтин да көзөмөлүндө экени белгиленди. Читать дальше...

Azattyk.org 

Чүйдө эки ымыркайдын сөөгү табылды

12-майда Бишкектин Дордой-2 жаңы конушундагы айланма жолдогу көпүрөнүн астынан жаңы төрөлгөн эки ымыркайдын сөөгү табылган. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирди. Аталган факт Чүй облусунун Аламүдүн райондук милициясына катталып, учурда иш Бишкектин Свердлов райондук милициясына өткөрүлүп берилген. Иликтөө иштери жүрүп жатат. Кыргызстанда акыркы жылдары канча бала ташталганы беймаалым. Саламаттык сактоо министрлиги 2016-жылы "бэйби бокс" же балдарды таштоо кутуларын ачуу демилгесин көтөрүп чыкканы менен сунуш ишке ашкан эмес.

Azattyk.org 

Бөлтүрүк: "Кумтөр" боюнча жаңы макулдашууга эки тарап тең пландуу түрдө даярданган

“Кумтөр” боюнча тынчтык макулдашуусуна эки тарап тең пландуу түрдө даярданганын ишкананын мурдагы тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк билдирди. Бул тууралуу журналисттерге курган маегинин үзүндүсүн ал 13-майда Фейсбуктагы жеке баракчасына жарыялады. Ал “Центерранын” башка жолу болбогонун, кыргыз тарап жарашпай турганын билдиргенин айтты: “Директорлор кеңешинде иштеп жатканда да мен “Силер менен ажырашабыз. Силер келтирген зыянга мындан ары чыдоо мүмкүн эмес” деп ачык айтчумун. Алар билишчү. Алар да, биз да даярдана баштаганбыз”. Читать дальше...

Azattyk.org 

Жапаров мамлекеттик ишканаларды Санарип министрлигине өткөрүү себебин түшүндүрдү

"Кыргыз телеком", "Альфа Телеком", "Дастан" заводу жана "Евразия сактык банкы" сыяктуу мамлекеттик ишканалар Санариптик өнүктүрүү министрлигинин материалдык техникалык базасын чыңдоо үчүн өткөрүлдү. Бул тууралуу "Азаттыкка" Министрлер кабинетин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. Анын айтымында, өкмөттүн максаты учурдагы шартка жооп берген финансылык технологияларды бир жерге топтоп, кызмат көрсөтүүнү уюштуруу. Акылбек  Жапаров "Дастан" заводунун базасында өлкөдөгү ири дата-борбор түзүү, "Альфа... Читать дальше...

Azattyk.org 

ӨКМ Сузактагы селден жыйырма беш үй авариялык абалга келгенин билдирди

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгы 4-майдагы селдин кесепетинен Сузак районундагы Барпы айыл аймагынан 13 турак үй, Атабеков айылынан 10, Сузак айыл аймагында эки үй авариялык абалга келгенин билдирди. 5-майда Сузак районунун бир нече аймагында сел жүргөн. Кокту-колоттордон түшкөн сел онго чукул айылды каптап, 1000ден ашуун тургун коопсуз жерге чыгарылган. Селден Сузактын Барпы жана Атабеков айылдарынан 654 турак үй, онго жакын социалдык мекемелер жабыр тарткан. Чыгымдар эсептелип жатат. Читать дальше...

Azattyk.org 

Садыр Жапаров Москвада өтө турган ЖККУ саммитине катышат

Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын кезектеги саммити 16-майда Москвада өтөт. Саммитке Кыргызстандан президент Садыр Жапаров баштаган расмий делегация катышат. Мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чаранын жыйынтыгында ЖККУнун 30 жылдыгына байланыштуу Жамааттык коопсуздук кеңешинин билдирүүсү кабыл алынат. 1992-жылы негизделген ЖККУнун курамында алты өлкө бар – Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан. (RK)


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Ru24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Ru24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Ru24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Танцоры из Лобни выиграли Гран-при международного фестиваля

Появились подробности убийства пенсионерки в Марушкинском поселении

Тема дня: Хуснуллин: решения по поводу третьего этапа модернизации БАМа приняты

Невероятно интересные истории — Топ индийских фестивалей (23.04.2024)

Музыкальные новости

МТС Travel рассказал, куда туристы из Чувашии поедут на майские праздники

ЦСКА потерпел сенсационное домашнее поражение в матче с «Ахматом»

ТОЧНЫЕ ПРИЧИНЫ СПЕЦОПЕРАЦИИ СВО РОССИИ НА УКРАИНЕ, ПЛАН ПРЕКРАЩЕНИЙ КОНФЛИКТОВ И УЛУЧШЕНИЯ ОТНОШЕНИЙ!

В Музее Победы состоялась премьера фильма «Маршал Аганов». Судьбу инженера Победы экранизировали. Фото. Видео

Новости России

Бышовец: расширение РПЛ не принесёт пользы

Инспектор – друг человека? Какими были гаишники в СССР (воспоминания очевидца)

ГК Russ поддержала победителей конкурса «Знай наших»

Путин утвердил закон о справедливой оплате сверхурочной работы

Экология в России и мире

Хеликс запускает лайт-формат сервиса Helix Express для сдачи анализов в Тамбове

Бренд Revyline представил первый индикатор зубного налета в Махачкале

Она видит ложь: ТВ-3 начал съемки сериала «Лиса» с Олесей Фаттаховой

Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)

Спорт в России и мире

Рыбакина приблизилась к первой ракетке мира

Россиянка Хромачёва вышла в финал турнира WTA в Руане в парном разряде

Пятая ракетка мира Пегула не выступит на турнире WTA 1000 в Мадриде

Медведев остался лучшим среди россиян в обновлённом рейтинге ATP, Рублёв — восьмой

Moscow.media

Компания Axenix стала партнером Президентской академии

«Живая пассажирка лучше пакостной картинки»: земляки таксиста-онаниста объяснили мотивы. «Джамшид выбрал меньшее зло»

Новый горный электровелосипед ADO DECE 300С уже в России

Что учесть при выборе перевозчика: рекомендации «Грузовичкоф»











Топ новостей на этот час

Rss.plus






ГК Russ поддержала победителей конкурса «Знай наших»

Инспектор – друг человека? Какими были гаишники в СССР (воспоминания очевидца)

Старшеклассники Истры проводят благотворительные акции

В Мордовии пройдёт IX Интеллектуальная олимпиада ПФО среди студентов