Президент “Улуттук нарк жөнүндө” жарлык чыгарды. “Улуттук наркты сактоо жөнүндө” программа иштеп чыгууну тапшырды. Кыргызстан үчүн улуттук нарк тууралуу саясатты күчөтүү муктаждыгы эмнеде? Технология ат чабым алдыга кеткен доордо заманбап коомду курууда улуттук нарк-насил кандай салым кошот?
Кыргыз өкмөтү “Кыргыз телеком”, “Альфа Телеком”, “Дастан” заводу жана “Евразия сактык банкы” сыяктуу мамлекеттик ишканаларды Санариптик өнүктүрүү министрлигинин карамагына өткөрдү. Кирешелүү ишканалардын саясий чөйрөдө “Ширшовдун көздөй адамы” аталган, анын мурдагы айдоочусу Талантбек Имановдун башкаруусуна берилгени бир топ күмөндүү суроолорду жаратууда. 24-майда Жогорку Кеңеште бул окуяларды иликтеген депутаттык комиссия түзүү сунушталды. Депутаттар Имановдун өзүн парламентке чакырып жатышат. Читать дальше...
Алматынын Капшагай шаардык соту абактагы жарандык активист Ноян Рахимжановдун жазасын жеңилдетүү өтүнүчүн канааттандырды. Сот жазанын калган бөлүгүн шарттуу жаза мөөнөтүнө алмаштыруу чечимин чыгарды. Дээрлик тогуз айдан бери абакта отурган активист Ноян Рахимжановдун соту онлайн өткөнүн анын адвокаты Жанар Балгабаева "Азаттыктын" казак кызматына билдирди. "Бүгүн соттук отурум болду. Ноян Рахимжанов экөөбүз отурумга онлайн катыштык. Сот биздин арызды карап, өкүмдү шарттуу жазага алмаштыруу чечимин чыгарды. Читать дальше...
Ош шаарында нөшөрлөгөн жаандан улам 21-майдын таңында суу токтоп, эртеси кечинде гана чыга баштады. Таза суусуз калган шаар тургундары, ишканалар, ооруканалар бир топ түйшүк тартты. Жарым миллионго чукул эл жашаган калааны таза суу менен камсыздоо көп жылдан бери ишке аша элек.
Кыргызстанда соңку жылдары айдоочуларды электромобилге өткөрүүгө үгүттөө күч алды. Учурда өлкөгө электр машиналарын ташып келүүдө бажы төлөмдөрү алынбаганы менен унаанын бул түрүн айдагандар аз. Кыргызстанда канча электромобиль бар жана аларды айдагандарда инфраструктуралык шарттар түзүлгөнбү?
Москвага бала багуу үчүн барып, зомбулукка кабылган кыз коопсуз жерге жайгаштырылды. Укук коргоочулар кыздын ата-энесин, жергиликтүү бийликти кайдыгерлик үчүн жоопко тартууну талап кылышууда. Учурда күч кызматтары бул иш боюнча иликтеп териштирүүнү баштады. "Бала сенден коркуп качат деп урду" 11 жаштагы Таңсулуу Москвага таежесинин кызынын кичинекей балдарын бакканы барган. Социалдык тармактарда кызды бөлөсү көгала кылып урганы тууралуу тасма тараган. Анда кыз эжеси көп сабарын айтты: "Баласы Элман менин жанымда ойноп... Читать дальше...
Дача СУ боюнча коомдук комиссия укук коргоо органдарынын маалыматын угуп, тергөөнүн маалыматына канааттанган жок. Алар тергөө объективдүү жүрбөгөнүн жана кулаган учактагы сырдуу жүктөрдүн ээлерин аныктоодо толук кандуу иликтөө болбогонун сынга алды. Кийинки жыйында экспертизанын жыйынтыктары жана иштин башка материалдары менен таанышууну талап кылды. "Тергөө көп суроолорго жооп бере элек" 2017-жылы 16-январда Бишкектин четиндеги Дача СУ конушуна кулаган учактын кесепеттерин иликтөө боюнча коомдук... Читать дальше...