Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Санкт-Петербург шаарындагы окуу жайлардын биринде окуган 16 жаштагы студент кызды өгөй атасы сексуалдык ыдык көрсөтүп жүргөнү жөнүндө кабарды тактоо үчүн тийиштүү органдарга нота жөнөткөнүн кабарлады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. “Элчилик Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин Санкт-Петербургдагы өкүлчүлүгүнө, укук коргоо органдары, шаардын Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тарабынан аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берүү өтүнүчү менен нота жөнөтүлдү”... Читать дальше...
Саламаттык сактоо министри чет өлкөдө иш сапарда жүргөндө министрликтин нааразылык билдирген үч бөлүм башчысын кызматтан алып, үч орун басарын жумуштан кетирүү боюнча Министрлер кабинетинин төрагасына сунуш берди. Кызматтан алынган бөлүм башчылар президентке, өкмөт башчыга жана Башкы прокуратурага кайрылды. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Германиядагы иш сапардан келгенден кийин, 27-майда аталган мекеменин Юридика бөлүмүнүн башчысы Азамат Жумакеевди, Коомдук саламаттык башкармалыгынын... Читать дальше...
Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жана чыгуу жөнүндө жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады. Ага ылайык, Кыргызстандын жарандыгына 492 адам кабыл алынды. Анын ичинен 110у балдар. Жарандык алгандардын көпчүлүгү этникалык кыргыздар. Дагы бир жарлыкка ылайык, 141 адам (анын ичинен 26сы балдар) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгарылды. (TSh)
Армениянын борбору Ереванда премьер-министр Никол Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылгандар 30-майда өкмөттүк имараттарга кирүүгө аракет кылып, полиция менен кагылышты. Үч полиция кызматкери жабыркап, ооруканага жеткирилди. Полиция бул күнү акцияга чыккан жүздөн ашык демонстрант кармалганын маалымдады. Мунун алдында митингчилер төрт-беш күн ар кайсы мамлекеттик мекемелерди кыдырып, ар бирине өз-өзүнчө талаптарды коё баштай турганын жарыялашкан. Андан кийин алар өкмөттүн 3-корпусуна кирүүгө аракет кылышкан. Читать дальше...
Ирандын түштүк-батышындагы Абадан шаарында киши өлүмүнө алып келген кырсыкка байланыштуу тутанган нааразылыктар кайрадан уланды. Жакындарын жоготкондор окуяга күнөөлүүлөрдү аныктап, акыйкат чечим чыгарууну талап кылышууда. “Азаттыктын” иран кызматы жазгандай, чогулгандар "компетентсиз жетекчилерди каалабайбыз" деп кыйкырып жатышат. 23-майда аталган шаардагы курулушу толук бүтө элек он кабаттуу имарат урап, ондогон кишинин өмүрүн алган. Башында 20 киши набыт кетип, кырктайы жараат алганы кабарланган. Читать дальше...
Үй-бүлөсүн коргоп, мас адамга кол көтөрдү деп шектелип жаткан 16 жаштагы бала Ленин райондук сотунун чечими менен үй камагына чыкты. Бул тууралуу Акыйкатчы Атыр Абдрахматова маалымдады. Буга чейин омбудсмен өспүрүм баланын Юстиция министрлиги бекитип берген, балдар укугун жактоо боюнча тажрыйбасы бар адвокат коргой турганын билдирген. Абдрахматова өспүрүмдүн камакка алынышын одоно мыйзам бузуу деп атоодо. Окуя 17-майда Бишкекте болгон. Ленин райондук сотунун чечими менен бала Чүйдүн Вознесеновка... Читать дальше...
Кыргызстан менен Казакстандын президенттери чек арадагы текшерүүлөрдү азайтууну макулдашкан. Бирок өткөрмө бекеттердеги абал өзгөрбөй, кезек күткөндөрдүн саны кайра көбөйдү.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушун баштоо жөнүндө Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин менен сүйлөшкөнүн билдирди. Жапаров бул тууралуу “Кабар” маалымат агентигине курган маегинде айткан. “Буга чейин эч ким Орусия тарапка бул жол бизге аба менен суудай керек экендигин түшүндүрө алышкан эмес. Кечээ жакында ЖККУнун саммитине барганда Владимир Владимирович менен жарым саат ушул темада сүйлөштүм. Акырында ал киши бул темир жол бизге аба менен суудай керек экендигин түшүнүп... Читать дальше...
30-май күнү Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун өкүлдөрү менен сот аткаруучулар мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн мамлекетке каттоо үчүн барды. Мекемеден билдиришкендей, Атамбаевдин үйү соттун чечими менен мамлекетке өткөрүлүп, мүлктү каттоо жүрүп жатат. Ушул эле күнү Кой-Таш окуясы боюнча айыптоо актысын угузуу аягына чыкты. Атамбаевдин үйүн мамлекетке өткөрүүдөгү талаш Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасынын орун басары Канат Рыскулов имаратты бошотуу үчүн А.Атамбаевдин... Читать дальше...
Талас облусунда ушул тапта 7000ден ашык күрт улутундагы тургундар жашайт. Көп улуттуу облуста кыргыздардан кийин эле саны боюнча күрттөр турат. "Данисте" бул жолу таластык күрттөрдүн турмушу менен тааныштырат.
Санариптик өнүктүрүү министрлигине өткөрүлүп берилген ишканалар боюнча Эсеп палатасы аудит жүргүзүшү керек деген сунушун бүгүн 30-майда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин жыйынында депутат Дастан Бекешев айтты. Ал аталган маселе боюнча маалымат бергени барган министр Талантбек Имановго суроо берип жатып “Дастан” ишканасынын мурдагы жетекчиси Алексей Ширшов менен байланышы тууралуу айтты жана төрт мекемени өткөрүп берүү моралдык жактан туура эмес чечим болгонун белгиледи: “Мыйзамдуулук жагы бузулду. Читать дальше...
Бүгүн 30-майда Ошто казиного каршы тынчтык акциясы өттү. Катышуучулар “Кыргызстан казиного каршы”, “Ош казиного каршы” деген жазууларды кармап турушту. Акцияда чыгып сүйлөгөндөр өлкөнү өнүктүрүүнүн башка жолдорун издөөнү, казино динде арам экендигин айтып, мыйзамды артка кайтарууну талап кылышты. Соңунда катышуучулар президент Садыр Жапаровго кайрылып, мыйзам долбоорун артка кайтаруу, чет элдик онлайн букмекерлердин жана казинолордун Кыргызстанда иштөөсүнө тыюу салуу, көмүскө иштеп жаткан казино... Читать дальше...
Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Медициналык факультетинде жүздөн ашуун өзбекстандык студент окуудан чыгарылды. Жетекчилик алар сабакты көп калтырганын жүйө келтирсе, студенттер жана айрым окутуучулар муну "акча өндүрүүнүн амалы" деп сыпатташууда. Өзбекстандык студенттерге байланыштуу маселе 20-майдан кийин күчөдү. Анын алдында социалдык тармактарда окуу жайдын залында студенттер нааразылык билдирип жаткан жыйындын видеосу тараган. Анда студент кыздардын бири деканаттагыларга минтип кайрылган... Читать дальше...
Бишкек шаарынын тургуну Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө 28-майда көчөлөрдүн биринде бейтааныш киши кол салганын айтып, арыз менен кайрылган. Аталган факт реестрге катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Кызды урууга шектелип 40 жаштагы киши милиция бөлүмүнө алып келинген. Милициянын маалыматында тийиштүү тергөө иштери жүргүзүлүп, экспертизанын жыйынтыгы чыккандан кийин кайра келүү шарты менен бошотулган. 28-майда Бишкек шаарынын тургуну өзүнүн Инстаграмдагы баракчасында оозу... Читать дальше...
Армениянын борбору Ереванда премьер-министр Никол Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылгандардын акциясы 30-майда да улантты. Дүйшөмбү күнү алар алгач Франция аянтына чогулушту. Парламенттеги оппозициялык “Айастан” фракциясынын депутаты Ишхан Сагателян бул күндөн тартып алар төрт-беш күн ар кайсы мамлекеттик мекемелерди кыдырып, ар бирине өз-өзүнчө талаптарды коё баштай турганын жарыялады. Андан кийин алар өкмөттүн 3-корпусуна жүрүш жасады. Анын алдында полиция менен кагылышып, ондогон адам кармалды. Читать дальше...
Өкмөт сунуштап жаткан кумаркана мыйзамы балдарга да онлайн казино ойноого жол ачарын бүгүн 30-майда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин жыйынында депутат Дастан Бекешев билдирди. Ал эгер сунушталып жаткан мыйзам азыркыдай мазмунда кабыл алынса казино оюндары чет өкөлүктөргө гана эмес, бардык кыргызстандыктарга, анын ичинде балдарга да жеткиликтүү болот деген оюн айтты: “Мен өзүм биринчи окууда колдогом, бирок алар азыр онлайн казино кылабыз деп жатышат. Демек... Читать дальше...
Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы үйү соттун чечими менен мамлекетке өткөрүлүп, мүлктү каттоо жүрүп жатканын билдирди. Бул тууралуу фонддун жетекчисинин орун басары Медер Машиев “Азаттыкка” маалымдады. “Бул блокту төраганын экинчи орун басары Канат Рыскулов карайт. Бүгүн кадастр (Мамлекеттик каттоо кызматынын Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин адистери - ред.) менен топосъемка кылууга барышкан. Соттун чечими менен... Читать дальше...
Бишкек мэриясы шаардагы бак-дарактарды инвентаризациялоонун алкагында учурда эки миңдей бак-дарак электрондук каттоого алынганын билдирди. Шаар башкармалыгынан билдиргендей, каттоо "Арча демилгеси" коомдук фонду, Бишкек жашылдандыруу чарбасы жана ыктыярчылардын көмөгү менен жасалып жатат. Инвентаризациялоодо медициналык карта ачылып, ага дарактын саны, отургузулган аймагы, түрү жана абалы жазылат. Буга чейин Эмен багындагы бактар толугу электрондук каттоого алынган. Бишкекте алгачкы жолу... Читать дальше...
Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев Конституциянын өзгөртүүгө байланыштуу референдумда добуш берет. Бул тууралуу саясат таануучу Данияр Ашимбаевге курган маегинде билдирди. “Ооба, мен 5-июнда Конституция берген өз укугумду сөзсүз түрдө пайдаланам жана референдумда добуш берүүгө катышам”,-деди ал. Ошол эле маалда Назарбаев Баш мыйзамдан өз макамын алууну колдор-колдобосун так айткан жок. Экс-президент 2019-жылы “элдин колдоосунун туу чокусунда турган маалда” мамлекет башчылык кызматты өткөрүп бергенин... Читать дальше...
"Кумтөр Голд Компани" ишканасы Тоо-кенчилер жана геологдор бирикмесинин төрагасы Дүйшөнбек Камчыбековдун карьердин маанилүү делген аймагынан жарака кеткенине байланыштуу кен казуудагы план толбой калышы мүмкүн деген пикирине жооп берди. Билдирүүдө ишкана "карьерди көрбөй туруп чечим чыгаруу туура эмес" экенин белгилеген. "Кумтөр Голд Компани" эл аралык эксперттерге таянып, карьердеги деформация жумуш жүрүп жаткан аймакка жетпей турганы жана иш токтоп калуу тобокелчилиги жок деп эсептейт. Бирок кенде татаал кырдаал түзүлгөнүн белгилеп... Читать дальше...
29-май – Израилдин борбору Иерусалимдин күнүндө еврейлер менен арабдардын ортосунда кагылышуу катталды. Салттуу жүрүш Шхем дарбазасынан башталып, Ый дубалына чейин созулду. Эски шаарга кире бериште оңчул еврей активисттери арабдарга каршы ураандарды чакыра башташкан. Полициянын аларды тынчтандыруусунан майнап чыккан эмес. Еврей тектүү жарандар менен палестиндиктер бири-бирин газ баллондор менен аткылап, бөтөлкө жана отургучтар менен ургулашкан. Палестиналыктар Ал-Акса мечитинин жанына баррикада уюштуруп... Читать дальше...
Акыйкатчы Атыр Абдрахматова Сузакта мугалимдин окуучуну сабап жатканын видеого тартып алгандарга басым болуп жатканын бүгүн, 30-майдагы маалымат жыйында билдирди. Өлкөнүн башкы укук коргоочусу мугалимди дагы, окуучуну дагы психологиялык экспертизадан өткөрүүнү сунуштады. "Видеого тарткан балага жана аны колдоп бармагын көрсөткөн кызга басым болуп жатыптыр. Муну менен балдар "чоң кишилер урса, сөксө, зомбулук көрсөтсө, эч нерсе кыла албайт экенбиз. Баары бир чоңдордун кылганы туура болуп, мамелекет... Читать дальше...
31-майда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолорунда жаан жаап, бийик тоолуу жерлерде кар жаайт, Ош Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын жаабайт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, бийик тоолдордо кар жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге... Читать дальше...
Соода жайларында ишкерлердин Көзөмөл-кассалык аппарат (ККМ) колдонуп же колдонбой иштеп жатканын текшерүү убактылуу токтотуларын бүгүн 30-майда Өкмөт үйүнүн алдына пикетке чыккан ишкерлердин алдында сүйлөп жатып Салык кызматынын башчысы Алтынбек Абдувапов билдирди. Ал “көйгөй чечилгенче” текшерүү 10 күнгө токтотулуп турарын айтты. Бүгүн жүз чакты адам Эски аянтта пикет уюштуруп, салыкчылар текшерүүсүн күчөткөнүн, ККМ жокторго айып салуу тууралуу билдирмелер келип жатканын билдиришти. Алтынбек... Читать дальше...
Мамлекет башчы Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агентигине курган маегинде “Кумтор Голд Компани” ишканасына экологиялык мыйзамдарды бузганы үчүн салынган айыптын жокко чыгарылганы боюнча пикирин билдирди. Жапаров “Кумтөр” боюнча келишим күчүнө киргенден кийин толук маалымат берерин айтып, кендеги талкаланган экологияга азыркы бийликтин эч кандай күнөөсү жок экенин белгилеген. “Мен буга чейин берген маегимде айттым эле. “Кумтөр” боюнча келишим 4-июлда күчүнө кирет. Ошондон кийин толук маалымат берейин. Читать дальше...