КР Президенти, Коопсуздук Кеңешинин башчысы С.Н. Жапаровго
КР УКМК төрагасы К.К. Ташиевке
АРЫЗ
28 апрель 2022 жылы КР Президентинин Ош облустук өкүлчүлүгүндө 1 квартал жыйынтыгы каралып, анда губернатор орун басары Д.Т.Жаңыкулов “Жарандардын кайрылуулары жөнүндө” КР мыйзамынын талаптарын одоно бузганы үчүн Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Х.А. Мадалиевдин иш ордун кароо боюнча коллегиянын сунушун берген.
Бирок, Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн ишмердуулугу текшерилгенде... Читать дальше...
Кыргызстанда энергетикадагы коррупциялык схемалардын түзүүчүcү делген Алексей Ширшов үй камагына бошотулду. Аны бир күн мурун УКМК «коррупция» беренеси боюнча шектүү катары кармаган.
Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) Чек ара кызматы Жогорку Кеңештин депутаты Ырысбек Атажановдун "Өзбекстандын чек арачылары Баткендеги чек ара айылынын аймагында курулуш иштерин жүргүзүп жатат” деген билдирүүсү боюнча маалымат берди. Анда 2017-жылдын 5-сентябрдагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы жөнүндө макулдашууга ылайык, Баткен облусунун Кадамжай районундагы Арпа-Сай айылына жакын Пылдырык деген тилкеде кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо процесси аяктаганы айтылат. Макулдашууну... Читать дальше...
Оппозициялык "Бириккен демократиялык кыймылы" президент Садыр Жапаровдун Алексей Ширшов боюнча пикирине нааразылыгын билдирген кайрылуу жасады. "Дастан" трансулуттук корпорациясы" ачык акционердик коомунун мурдагы башчысы Алексей Ширшов "Коррупция" беренеси менен кармалып, 10-майда үй камагына чыгарылган. Оппозициялык кыймыл президент Жапаров билдирүүсүндө "Ширшов кылмыш жоопкерчилигине тартылып, издөө салынган эмес" деп коомчулукту адаштырып жатканын белгилеген. Анда Алексей Ширшов Максим Бакиевдин жакын адамы катары "Кыргызтелеком"... Читать дальше...
Баткен-Раззаков жолу сел жүргөнүнө байланыштуу убактылуу жабылды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 3-4-май күндөрү Ош, Жалал-Абад, Нарын, Талас облустарындагы ондогон үйлөрдүн короосун сел каптап, көпүрөлөр бузулуп, айрым жолдор жабылып калды. Президент Садыр Жапаров селден улам өлкө аймагында ондогон үй-бүлөдөн 1150дөй адам убактылуу башка жакка көчүрүлгөнүн Фейсбукка жазып, жабыр тарткандарга жардам көрсөтүлө турганын айтты. Сел жана көчкү коркунучунан... Читать дальше...
Ирандын "Тасним" маалымат агенттиги 11-майда Ислам революциясынын сакчылар корпусу Ирактын түндүгүндөгү Күрт автоном районунун баш калаасы Эрбилге чабуул койгонун кабарлады. Маалыматка караганда, Ислам революциясынын сакчылар корпусу Эрбилдеги "террордук топтордун турумдарын" бутага алган. Жабыркагандар тууралуу маалымат жок. "Ирактын түндүгүндөгү террордук топтордун, анын ичинде Күрдистан демократиялык партиясынын штабы буга чейин да бир нече жолу бутага алынган",-деп жазды "Тасним". Марттын... Читать дальше...
2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, азыр Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров энергетикадагы ири коррупциялык схемаларды түзүүгө айыпталган Алексей Ширшов тууралуу президент Садыр Жапаровдун билдирүүсүнө байланыштуу "Азаттыкка" маек курду. - Президент Садыр Жапаров Алексей Ширшовдун үй камагына чыгарылышына байланыштуу комментарий берип жатып, "ага карата Убактылуу өкмөттүн тушунда кылмыш иштери козголгон эмес, ошондуктан аны менен жолуктум" деп айтты. Ушул тууралуу айта кетесизби? Читать дальше...
Иран бийлиги Европадагы бир мамлекеттин эки жаранын камакка алганын билдирди. Жергиликтүү маалымат каражаттары Чалгын министрлигине таянып "эки европалык өлкөдө жапырт башаламандыктарды уюштурганы үчүн камалды" деп жазды. Башка кеңири маалымат чыккан жок. Бул кабар өзөктүк келишимди жандандыруу максатында сүйлөшүү үчүн Тегеранга Евробиримдиктин атайын өкүлү Энрики Мора барган маалда жарыяланды. Өткөн жумада Швеция турист катары саякаттап жүргөн жарандарынын бири Иранда кармалганын билдирген.... Читать дальше...
Жогорку Кеңеш кумарканаларды, оюн автоматтары бар залдарды жана лотереяларды ачуу тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду. 56 депутат макул, 13 депутат каршы добуш берди. Өкмөт мыйзам долбоорун март айында демилгелеп, аны Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүүнү жана аны кезексиз кароону сунуштаган. Президент Садыр Жапаров менен Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров журналисттерге берген маектеринде мыйзам долбоорун колдой турганын билдиришкен. Кумарканаларды юридикалык, анын ичинде чет өлкөлүк тараптар ача алат. Читать дальше...
Президент Садыр Жапаров Фейсбуктагы баракчасына быйыл Кара-Кече көмүр кенинен 1,5 млн. тонна көмүр казып алуу пландалып жатканын жазды. Мамлекет башчы аталган көмүр кенден 2019-жылы жана былтыр казылып алынган көмүрдүн өлчөмүн салыштырып, Бишкек жылуулук электр борборуна да көмүр үнөмдүү жагылганын белгилеген. "Динамика көрсөтүп тургандай, 2019-жылы Кара-Кече көмүр кенинен эң көп көлөмдө - 554 миң тонна көмүр казып алыптырбыз. Ал эми 2021-жылы 1 миллион 225 миң тонна көмүр казып алууга жетиштик. Читать дальше...
Эсил кайран Элмирбек Иманалиевди төкмө акын деп билчүбүз. Манасты да жакшы айтчу экен. Улуу көчтүн өксүбөй уланышына жол чаап, шакирттерине бийик өрнөгүн көрсөтүп кетти. Дээринде көп кырдуу шык-жөндөм чылк уюган экен! Шум ажалга жулдуруп ийбесек, Элмирбектин жазуучулук таланты да ташкын дайрадай агылмак экен деп кайгырдым, ушул кош баракка сыйган сыры терең баянын окуганда... Төө куштай болбо... Элмирбектин бул өзгөчө баяны – “КӨРҮП ТУР” менен “УГУП АЛ”. Муну көлөмүнө карай чакан аңгеме десе болчудай. Читать дальше...
Президент Садыр Жапаров "Улуттук телерадио корпорациясы жөнүндө" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу "Токтом" порталы 11-майда жазды. Буга чейин КТРКнын 15 адамдан турган Байкоочу кеңеши каналдын директорун добуш берүү жолу менен төрт жылга шайлап келген болсо, эми Улуттук телерадио берүү корпорациясынын (УТРК) башкы директорун дайындоо жана иштен алуу укугу президентте болот. Каналдын байкоочу кеңеши жоюлуп, жетекчи аткарылган иштер тууралуу жыл сайын президентке маалымат берип турат. “Улуттук”... Читать дальше...
Бишкектеги Биринчи Май райондук акимчилиги милиция менен чогуу көчө боюндагы башаламан соода кылгандарга каршы рейд жүргүзүп жатат. Эркиндик гүлбагындагы жана "Ала-Тоо" аянтындагы түрдүү оюн-зоок автоматтары, суусундук, балмуздак жана башка тамак-аштарды мыйзамсыз саткан соода түйүндөрү, Сүрөтчүлөр галереясындагы караоке алынды. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, рейд күн сайын саат 18:00-01:00 аралыгында жүрөт. Ошондой эле түрдүү мекеме-ишканаларды айланта курчаган темир торлор да алынып жатат. Читать дальше...
Кыргыздын биринчи генералы Ысакбек Монуев деп келсек, табылган булактардын негизинде Кызыл-Суу кыргыздарынан Осмонаалы экендиги тастыкталып отурат. Анын өз жери Чыгыш Түркстан, Кашкар, Чыгыш Теңир-Тоодогу кыргыз жери үчүн күрөшү, чөлкөмдү душмандардан бошотушу ага генерал деген наамды алууга негиз болгон. Бул макалада Осмонаалынын генерал деген наамды кантип алганы баяндалат. Осмон пашанын өмүр баяны тууралуу толук маалыматка жете албадык. Ал үчүн Кытайга барып, Шинжаңдын архивдерин изилдеп казуу... Читать дальше...
Бишкектеги кафелердин биринде 22 жаштагы индиялык жаранды сабоого шектүүлөр кармалды. Окуя боюнча Жазык кодексинин “Ээнбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Бул чет өлкөлүк жарандарды сабаган биринчи учур эмес. Мындай көрүнүштөрдүн кайталанышы жалпы мамлекеттин беделине шек келтире турганын Жогорку Кеңештин депутаттары да айтып чыгышты. Ички иштер министрлиги Бишкекте кафелердин биринде индиялык жаранды сабоого шектелип эки адам кармалганын билдирди. Маалыматка караганда, кармалгандар дагы, сабалган адам дагы 22 жашта. Читать дальше...
Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Жогорку Кеңештин депутаттарын коңшу мамлекеттерге жана эл аралык мамилелер боюнча сын айтууда этият болууга чакырды. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазды. "Депутат - бул саясий кызмат. Ар бир айткан сөзүңүздөргө эл аралык майданда маани берилет жана ага карата реакция да болушу мүмкүн. Кудайга шүгүр, бүгүнкү күндө бардык мамлекеттер, анын ичинде коңшулар менен дагы жакшынакай кызматташып келүүдөбүз. Албетте, айрым жагдайлар бар, бирок негизинен жаман эмес. Читать дальше...
Ташкентте атайын рейд жүрүп, эркектерди сакалын алууга милдеттендиришти. Кармалгандардын бири Gazeta.uz. басылмасына билдиргендей, сакалын алуудан баш тартса, 15 суткага камаларын эскертишкен. Өткөн аптада баш калаанын Үчдөбө жана Чилназар райондорунда коомдук жайларда узун сакалчан эркектерди кармап, сакалын алдыртып жатканы тууралуу маалымат чыккан. Өзбекстандыктардын бири Мухаммадюсуф ибн Кобил Фейсбуктагы баракчасына сакалын алганга чейин жана кийин сүрөтүн коюп, «Көчөдө баратсам жол көзөмөлдөгөн кызматкер токтотуп... Читать дальше...
АКШдагы Сан-Диего университетинин профессору Ахмет Курукалкынын басымдуу бөлүгүн мусулмандар түзгөн өлкөлөрдүн башкаруу системасы, саясий-экономикалык, социалдык абалын изилдеген. Алардын көбүндө авторитардык башкаруунун өкүм сүрүп жатышы, экономикалык жана башка эл аралык көрсөткүчтөрдө артта калуусунун себептери талданган. Ахмет Куру өзүнүн изилдөөсү, Борбор Азиядагы диний кырдаал жана буга байланышкан маселелер тууралуу "Азаттыкка" маек курду. - Калкынын басымдуу бөлүгүн мусулмандар түзгөн 50 өлкөнүн саясий-экономикалык абалы... Читать дальше...
Жогорку Кеңеш Экономика жана коммерция министрлиги демилгелеген кумарканаларды, оюн автоматтары бар залдарды жана лотереяларды ачуу тууралуу мыйзам долбоорун карап жатат. Өкмөт мыйзам долбоорун март айында демилгелеп, аны Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүүнү жана аны кезексиз кароону сунуштаган. Президент Садыр Жапаров менен Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров журналисттерге берген маектеринде мыйзам долбоорун колдой турганын билдиришкен. Кумарканаларды юридикалык, анын ичинде чет өлкөлүк тараптар ача алат. Читать дальше...
Иликтөөчү журналист Болот Темиров өзүнө козголгон кылмыш иштери Бишкектин Свердлов райондук сотуна өткөнүн "Азаттыкка" билдирди. Анын айтуусунда, кылмыш ишине "жашыруун" деген белги менен дагы иштер киргизилген. Ал таанышуу учурунда андай белги менен иштер болбогонун, бул соттук отурумду жабык өткөзүү үчүн атайын жасалышы мүмкүн экенин белгиледи. Укук коргоо органдары, сот бул тууралуу маалымат бере элек. 20-апрелде Болот Темировго карата Жазык кодексинин 379-беренеси ("Документ жасалмалоо")... Читать дальше...
6-7-май күндөрү Кыргызстандын Тажикстандагы элчилиги түрдүү кылмыштар үчүн соттолуп, ал жактагы абактарда жаткан кыргызстандык жарандардан кабар алды. Жалпысынан Тажикстандын абактарында 13 кыргызстандык жазасын өтөп жатканы белгилүү болду. Кыргызстанда да ар кандай айып менен соттолгон тажик жарандары бар, бирок алардын так саны азырынча белгисиз. Өткөн жылдагы чек ара чырынан кийин эки мамлекеттин ымаласы сууп, бири-биринин жарандарын кармап, камаган учурлар болгон. Кыргызстандын Тажикстандагы... Читать дальше...
Мурдагы мамлекеттик мүлк министри Турсун Турдумамбетовго карата 2017-жылы козголгон кылмыш иши боюнча тергөө уланууда. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) 11-майда маалымдады. Ага ылайык, Турсун Турдумамбетовго карата 2017-жылы Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси ("Автомобиль жолдорун пайдалануу жана аларды сактоо эрежелерин бузуу") менен козголгон кылмыш иши былтыр декабрда ушул эле кодекстин 336-беренесине ("Коррупция") квалификацияланган. УКМКнын маалыматында... Читать дальше...
Президент Садыр Жапаров "Коррупция" беренеси менен кармалып, 10-майда үй камагына чыгарылган "Дастан" трансулуттук корпорациясы" ачык акционердик коомунун мурдагы башчысы Алексей Ширшов боюнча пикирин Фейсбуктагы баракчасына жазды. Президенттин айтымында, Алексей Ширшов 6-7 ай мурда жардамчылары аркылуу байланышып, "Максим Бакиевдин 200 млн. доллары камакта жаткан банкты тапканын, Кыргызстанга кайтарууга болорун айтып" кабыл алууну суранган. "Ал издөөдө да, кантип кабыл алам” дедим. Кыргызстанда бекен десем... Читать дальше...
Президент Садыр Жапаров "Дастан" трансулуттук корпорациясы ачык акционердик коомунун мурдагы башчысы Алексей Ширшовдун үй камагына чыкканына байланыштуу үн катты. Жапаров 11-майда Фейсбуктагы баракчасына Ширшовду бир канча ай мурда кабыл алганын, ал мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максимдин банкта камакта жаткан 200 миллион долларын кайтарууга көмөктөшүп жатканын билдирди. Мунун алдында Ширшовдун коррупцияга айыпталып камалары менен эле дароо үй камагына чыкканы талаш-талкуу жараткан. Читать дальше...
"Аль-Жазира" телеканалынын журналисти Батыш жээктеги Женин шаарындагы израилдиктердин рейди маалында октон көз жумду. Бул тууралуу Палестинанын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Палестиналык белгилүү кабарчы Ширин Абу Акле ок тийгенден көп өтпөй жан берген. Иерусалимдик "Аль-Кудс" гезитинин дагы бир палестиналык журналисти жараат алды. «Аль-Жазира» телеканалы окуя үчүн Израилди күнөөлөдү. Израилдик аскерлер билдиргендей, алардын күчтөрү катуу чабуулга кабылгандыктан жооп кайтарууга аргасыз болушкан. Читать дальше...