12-май - эл аралык медайым жана фельдшер күнү. Кыргызстанда 35 миңге чукул орто медициналык кызматкердин 90% аялдар. Адис жетишпегендиктен пенсия курагынан өтүп иштеген медайымдар да көп. Медайымдын бир күндүк түйшүгү кандай?
Министрлер кабинети Орусия салып берген "Газпром" мектебин "Газпром-Кыргызстан" компаниясына 20 жылдык мөөнөткө бекер пайдаланууга берүү демилгесин көтөрүп жатат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди. Мөөнөт Орусия өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууга ылайык кийин дагы узартылышы мүмкүн. Бул тууралуу макулдашуу парламенттин тармактык комитеттеринде талкууланып жатат. Билим берүү министрлиги мектепти иштетүүгө Бишкек мэриясынын чама-чаркы жетпей турганын жүйө келтирүүдө. Читать дальше...
Жогорку сот "Коррупция" беренеси менен шектүү катары кармалып, үй камагына чыккан "Дастан" трансулуттук корпорациясы ачык акционердик коомунун мурдагы башчысы Алексей Ширшовдун соттуулугу жок экенин билдирди. Бирок ага эки сот өкүмү чыкканын ырастады. Бир күн мурун президент Садыр Жапаров Ширшовго бир да кылмыш иши козголбогонун билдирген. 12-майда Жогорку сот тараткан маалыматта Алексей Ширшовго эки жолу соттун чечими чыкканы жазылган. Анда 2015-жылы төрт берене (30-171-166-306-беренелер) боюнча акталып... Читать дальше...
Бишкектин четинде, "Манас" эл аралык аба майданынын жанындагы Дача СУ конушундагы учак кырсыгынын себеп-кесепетин иликтеген коомдук комиссия 12-майда алгачкы жыйынга чогулду.
Министрлер кабинети “Кыргызтелеком”, “Евразия сактык банкы”, “Альфа Телеком”, “Дастан” ишканаларындагы мамлекеттин акцияларын Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунан Санарип өнүгүү министрлигине өткөрүп берди. Тиешелүү токтомду Министрлер кабинети 10-майда чыгарган. Токтомдо мындай чечимдин себеби жазылган эмес. Өкмөт да азырынча түшүндүрмө бере элек. Санариптик өнүктүрүү министрлигин январь айынан бери Талантбек Иманов башкарып келет. Мамлекет башчысы былтыр 5-майда мамлекеттик мүлктүн көбүн жеке менчикке чыгарууну тапшырган. Читать дальше...
Бишкекте Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын жаңы имараты ачылды. Бул тууралуу президенттин расмий сайтына жарыяланды. УКМКнын жаңы имаратынын ачылышына катышкан президент Садыр Жапаров жаңы заманбап имаратты ачуунун маанилүүлүгүн белгилеп, улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери өз милдеттерин аткаруусу үчүн зарыл шарттар түзүлүп жатканын айткан. 3-мартта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин академиясынын имараты курула баштаган. 2021-2022-жылдары бир катар район жана шаарларда атайын кызматтын жаңы имараттары курулду. Читать дальше...
Бишкектин четинде, "Манас" эл аралык аба майданынын жанындагы Дача СУ конушундагы учак кырсыгынын себеп-кесепетин иликтеген коомдук комиссия 12-майда алгачкы жыйынга чогулду. Анда негизинен комиссиянын ишин уюштуруу жана тартибине байланыштуу маселелер талкууланып, такталды. Ошондой эле каргаша маалында өзгөчө кырдаалдар министри кызматында турган Кубатбек Бороновдун дагы комиссия курамына кирип калганы талкуу жаратты. Бул комиссия 11-майда президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен түзүлгөн жана курамы бекитилген. Читать дальше...
Баткен облустук администрациясынын аппарат башчысы А. У. (аталган кызматты Алихан Ураимов ээлеп турат -ред.) Кыргызстандын жарандыгы менен кошо эле Орусиянын да жарандыгын алып жүргөнү аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, аткаминердин кош жарандыгы президент Садыр Жапаровдун мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кош жарандуулугун жана жасалма диплом колдонуусун текшерүү тапшырмасынын алкагында жүргүзүлгөн текшерүүдө аныкталды. Читать дальше...
Казакстанда Шинжаңдагы этникалык казактардын укугун коргогон «Нагыз Ата-Журт» тобу саясий партия түптөй турганын жарыялады. «Биз демократиялык саясий системага салым кошууну максат кылабыз», - деп билдирди 12-майдагы пресс-конференцияда топтун лидери Бекзат Максутулы. Ал казак бийлигин Казакстанга көчүп келүүнү каалаган Шинжаңдагы улутташтарга эч кандай жардам бербей жатканы үчүн айыптады жана "жыл башында Казакстандагы кандуу окуялар жетекчилер казак жарандарынын тагдырына кайдыгер мамиле кыларын көргөздү" деп айтты. Читать дальше...
Камактагы журналист Куттумидин Базаркуловдун жакындары сотко Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети басым жасап жатканын айтышууда. Базаркулов өзү абактан кайрылуу жолдоп, бийликтин куугунтугуна кабылганын билдирди. Тийиштүү органдар азырынча комментарий бере элек. Жалал-Абаддагы облустук телерадиоканалды башкарган учурда “кызмат абалынан кыянат пайдаланган” деп кармалган журналисттин темир тор артында жатышын активисттер сындап, “тандалма саясаттын курмандыгы” катары карашат. Айрым кесиптештери... Читать дальше...
Белгилүү жазуучу, драматург Кыргыз Респубикасынын эл жазуучусу Мар Байжиев өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин “Манастын” айынан куугунтук курмандыгына айланган атасы Ташым Байжиевдин бүтпөй калган ишин улантуу менен алек болду. Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү актриса Шайгүл Алсеитова калемгердин акыркы жылдардагы чыгармачылыгы, “Манас” эпосуна арнаган эмгектери, драматургияга кошкон салымы тууралуу “Азаттыкта” сыябан-маек курду.
Ысык-Көл районунун Бостери айылында күйөөсү сабаган аял 11-майда каза болду. Облустук ички иштер башкармалыгы маалымдагандай, ал райондук ооруканага 10-майда денеси токмоктон көгала болгон абалда түшүп, анын мээси чайкалганы аныкталган. Милиция бул окуя боюнча Кылмыш кодексинин "Адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш ишин козгоп, аялдын өлүмүнө шектүү катары 50 жаштагы күйөөсүн кармады. Алдын ала жүргүзүлгөн тергөөдө аныкталгандай, күйөөсү 9-май күнү аялы менен урушуп, башына жана курсагына урган. Читать дальше...
Бишкек шаардык прокуратурасы вице-мэрлер Бактыбек Абдиев, Нурлан Шаршеналиев жана Олег Попиков мыйзам бузуу менен дайындалганы тууралуу актыны мэрге жөнөттү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык жогорудагы үч вице-мэр "Мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" мыйзамдын 49-беренесин бузуу менен дайындалган. Аталган мыйзамга ылайык, вице-мэрлер муниципалдык кызматкерлердин резервинде турган адамдардан дайындалышы керек. Читать дальше...
Жогорку сот "Коррупция" беренеси менен кармалып, үй камагына чыккан "Дастан" трансулуттук корпорациясы ачык акционердик коомунун мурдагы башчысы Алексей Ширшовдун соттуулугу жок экенин билдирди. Маалыматка ылайык, Алексей Ширшов Биринчи май райондук сотунун 2015-жылы 19-январдагы чечими менен Кылмыш кодексинин 30-171-166-306-беренелери боюнча кылмыштын курамы жоктугуна байланыштуу акталган. Кылмыш кодексинин 221-беренеси менен күнөөлүү деп табылып, үч жылга эркинен ажыратылган. Бишкек шаардык... Читать дальше...
Түндүк Кореянын бийлиги өлкөдө коронавирустун биринчи учуру катталганын билдирди. Бир катар маалымат каражаттары түштүк кореялык "Йонхап" агенттигине шилтеме берип, "омикрон" варианты Пхеньянда 8-майда алынган анализдерде табылганын жазды. Буга байланыштуу өлкөдө чукул абал киргизилди жана карантин жарыяланды. Канча киши инфекцияны жуктуруп алганы айтылган эмес. Өлкө лидери Ким Чен Ын вирустун жайылышын токтотуу тапшырмасын берип, кризис жөнгө салынарына убада кылды. Буга чейин расмий Пхеньян... Читать дальше...
Социалдык фонддун басма сөз кызматы кабарлагандай, мекеме 2022-жылдын январь-апрель айларында 24 107 жаранга пенсия дайындап, чектеди. Анын ичинде апрель айында 5415 адам пенсионер болду. Ошондой эле эмгек тажрыйбасы, айлык акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 1084 пенсионердин пенсиясы кайрадан саналды. Буга кошумча документтер негиз берген. Расмий маалыматка караганда, 2022-жылдын апрелинде Кыргызстанда 725 миңден ашуун адам Соцфонддон пенсия алат, анын орточо өлчөмү 6175 сом. Ал эми Эмгек... Читать дальше...
Санарип өнүгүү министри Талантбек Иманов "Коррупция" беренеси менен кармалып, үй камагына чыккан "Дастан" трансулуттук корпорациясы ачык акционердик коомунун мурдагы башчысы Алексей Ширшов анын кызматтык автоунаасы менен жүргөнү тууралуу маалыматты четке какты. "Азаттыкка" берген комментарийинде ал Ширшов менен жолугуп турарын ырастады. “Алексей Ширшов менен жолугуп эле жүрөм. Жашыра турган эч нерсе жок. Эмне кызматташтык болмок эле, 12 жыл өттү. Менин андай унаам жок. Унаама түшкөн эмес", - деди Иманов. Читать дальше...
Президент Садыр Жапаровдун 10-майдагы жарлыгына ылайык, Каныбек Осмоналиев президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы болуп дайындалды. Мамлекет башчынын дагы бир жарлыгы менен комиссиянын мурдагы төррагасы Сыртбай Мусаев ээлеген кызматынан берген арызына ылайык бошотулду. Жаңы төраганы Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Улуттук комиссиянын жамаатына 12-майда тааныштырды. Мамлекеттик тил комиссиясы былтыр мамлекет башчы... Читать дальше...
Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили дарылануу үчүн абактан Тбилисидеги менчик клиникага которулду. 12-майда расмий адамдар билдиришкендей, экс-мамлекет башчыны бир нече күнгө созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин «Вивамед» борборуна алып кетишти. Саакашвилинин дарыгелери ал стресстен жана анорексиядан жабыркаганын, бул оорулар сыягы эки жолу ачкачылык кармагандан кийин пайда болгон деп эсептешет. Медиктер 54 жаштагы саясатчы кечиктирилбестен атайын терапиядан өтүшү керек деген жыйынтыкка келишти. Читать дальше...
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги атайын долбоордун алкагында кыз-келиндер үчүн "Менин планым" деген аталыштагы мобилдик тиркеме иштеп чыкты. Министрликтин басма сөз кызматы маалымдагандай, тиркеме негизинен аялдардын укугун коргоого багытталган. Тиркеме акысыз, кыргыз жана орус тилдеринде жеткиликтүү. Анда аялдардын түрдүү документтерди, жөлөк пул, алимент, коргоо ордерин алуусунун жөнөкөйлөтүлгөн жолдору план-карталар менен түшүндүрүлүп берилген. Кыргызстанда 2021-жылы 10... Читать дальше...
Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Карамык айылынын бир нече тургуну мас абалында автоунаа айдап, Тажикстандын аймагына өтүп кетишкен. Алар чек арада кызмат өтөп жаткан тажик чек арачыларына ар түрдүү сөздөр менен нааразылык билдиришкен. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чек ара кызматынын басма сөз кызматы маалымдады. "Ошол кезде кызмат өтөп жүргөн кыргызстандык чек арачылардын аракети менен кыргыз жарандары мекенине кайтарылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Читать дальше...
Ошто кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде абал туруктуу экенин 12-майда Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, 11-майда чек арада болгон окуяга байланыштуу дароо Тажикистандын Лахш багыты боюнча өкүлдөр менен сүйлөшүү жүргүзүлүп, мындан ары андайга жол бербөө жана пайда болгон маселелерди биргелешип ыкчам чечүү тууралуу макулдашылды. Чек ара кызматы билдиргендей, 11-майда саат 20:30 чамасында Ош облусунун Чоң-Алай районунун Кароол-Дөбө деген жеринде Карамык... Читать дальше...
Салык кызматы 2022-жылдын төрт айында пландан тышкары 1,2 млрд. сомдон ашык салык чогултту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Жалпысынан январь-апрель айларында мамлекеттик бюджетке 48 млрд. 75 млн. сом салык чогултулган. 2021-жылга салыштырмалуу 18 млрд. 293,5 млн. сом салык көп жыйналган. Министрлер кабинети мамлекеттик бюджетти 2022-жылы 400 млрд. сомго, 2023-жылы 500 млрд. сомго, ал эми 2024-жылы 600 млрд. сомго жеткирүүгө план койгон. Кыргызстандын Cалык кызматы 2021-жылы мамлекеттик казынага 105 млрд. Читать дальше...
Дача СУдагы учак кырсыгына байланыштуу коомдук комиссия биринчи отурумун өткөрдү. Комиссия алты ай иштеп, учактагы жүктүн чоо-жайын жана элден чогулган акчанын бөлүштүрүлүшүн иликтей турган болду. 10-майда президент Садыр Жапаров беш жыл мурунку Дача СУдагы учак кырсыгына байланыштуу коомдук комиссия түзүлгөнүн Фейсбуктагы баракчасына жазган. Комиссияга мурдагы инвестиция министри Алмамбет Шыкмаматов төрагалык кылууда. Курамында укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова, журналист Дилбар Алимова, "Эйр Манас" авиакомпаниясынын өкүлү Бекзат Алимов... Читать дальше...
Түркиянын Türk Havacılık ve Uzay Sanayii AŞ (TUSAŞ) мамлекеттик аэрокосмос компаниясы менен «Казахстан инжиниринг» компаниясы кызматташтык тууралуу келишимге кол койду. Анын алкагында түркиялык ANKA чабуул коюучу пилотсуз учактары Казакстанда чыгарылмакчы. Бул тууралуу КазТАГ агенттиги түрк компаниясына таянып жазды. Тиешелүү келишимге казак президенти Касым-Жомарт Токаевдин Анкарага мамлекеттик сапары учурунда кол коюлду. Кабарга ылайык, пилотсуз учактардын бул түрү биринчи жолу Түркиянын сыртында жасалат. Читать дальше...