Алматы шаарында расмий каттоого алынбаган оппозициялык демократиялык партиянын лидери, камактагы Жанболат Мамайдын бир нече тарапташы кармалды. Алардын арасында бир нече журналист бар экенин "Азаттыктын" казак кызматы кабарлады.
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-майда улуттук "Кабар" маалымат агенттигине курган маегинде манасчы Дөөлөт Сыдыковдун өлкөдөн чыгып кеткени тууралуу пикирин билдирди. Ал манасчыга бийлик тарабынан эч кандай куугунтук болбогонун белгиледи. "Катуу айтсам кечирип койгула, манасчы экен деп жүрсөм, пиарчы экен. Эч ким куугунтук кылган жок, кылбайт дагы. Бир тал чачы түшпөйт. Жүз пайыз кепилдик берем. Бул менин президенттик сөзүм. Көрүнгөн өлкөдө тентип жүрбөй эртелеп эле кайта берсин. Бир күнү келет. Читать дальше...
Бүгүн, 7-майда Ош шаарындагы Алымбек датка аянтында "Inclusive KG - Бирдей" коому уюштурган майыптыгы бар адамдарды коомго аралаштырууга багытталган фестиваль өтүүдө. Иш-чарага майыптыгы бар балалуу ата-энелер катышып, бий, ыр конкурстары, сүрөт тартуу, илимий тажрыйбаларга байланыштуу мастер класстар акысыз уюштурулган. Фестивалды ЮНИСЕФ, БУУ - Аялдар, Ош шаардык мэриясы, "Элим барсыңбы" кайрымдуулук фонду баштаган бир нече уюм колдоого алган. Кыргызстанда 30 миңден ашык 18 жашка чыга элек балдардын майыптыгы бар. Читать дальше...
Жалал-Абад облусунун Ноокен айыл аймагындагы Кызыл-Жылдыз айылында бала бакча курула турган жер талашка түштү. Жеке колго өтүп кеткен бул тилке кийин муниципалдык менчикке кайтарылган. Айылдыктардын бир бөлүгү ал жерге фельдшердик борбор, мечит жана медресе курууну сунуштаса, башкалары бала бакча салуу керек дешет. Ноокен айыл өкмөтүнүн Кызыл-Жылдыз айылында талашка түшкөн жер тилкеси бир мезгилде жеке колго өтүп кетип, 2019-жылы сот чечими менен мамлекетке кайтарылган. Жергиликтүү бийлик ал жерге бала бакча куруу боюнча токтом чыгарып... Читать дальше...
Маданият, маалымат жана жаштар иштери министри Азамат Жаманкулов Бишкектин түштүк жагындагы Ала-Арча улуттук жаратылыш паркынын жери трансформацияланып, менчик жайларды куруу үчүн берилбестигин, парктын статусу өзгөрбөй турганын "Азаттыкка" айтты. "Бул багытта туура эмес түшүндүрүү иштери болуп калса керек. Паркка аябай көп туристтер келет экен. Алар кааласак да, каалабасак да парктын ичинде чай ичиши керек. Ушундай нерселер үчүн гана кемпинг сыятуу чакан шарт түзүп коелу деп сүйлөшкөнбүз. Мындай... Читать дальше...
Казакстандын Алматы шаарында расмий каттоого алынбаган оппозициялык демократиялык партиянын лидери, камактагы Жанболат Мамайдын бир нече тарапташы кармалды. Алар шаардагы Илимдер академиясынын аянтында митинг уюштурууну көздөп, шаардын борбордук бөлүгүнө чогулушкан. Буга чейин Мамайдын аялы, белгилүү укук коргоочу Инга Иманбай митинг өткөрүүгө уруксат берүүсүн өтүнүп, акимчиликке арыз менен кайрылганын билдирген. Активист Абзал Достияров чогулгандарга митинг өткөрүү үчүн мыйзам талап кылган шарттарды аткарышканын... Читать дальше...
Ысык-Көл облусунун аймагына күн электр станциясын куруу башталды. “Бишкек-солар” компаниясы бул үчүн 300 млн. доллар керектеп, ага Британия, Кытай жана Казакстандан инвесторлор менен өнөктөштөрдү тарткан.
Бүгүн, 7-майда Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусуна иш сапар менен барып, "Каракол" эл аралык аэропортунун жаңы аэробекеттин курулушуна капсула салды. Аэровокзал 2023-жылдын соңунда пайдаланууга берилерин президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Президент аэродромдун элементтери жаңыланарын, учуу-конуу тилкеси 400 метрге узарып, "Каракол" эл аралык аэропортунун терминалдык комплекстин жаңы имараты курула турганын билдирди. Жаңы курулуш эл аралык каттамдар менен келчү туристтерди кабыл алууга шарт түзө турганын да белгиледи. Читать дальше...
АКШдагы Сан-Диего университетинин профессору Ахмет Куру калкынын басымдуу бөлүгүн мусулмандар түзгөн өлкөлөрдүн башкаруу системасы, саясий-экономикалык, социалдык абалын изилдеген. Алардын көбүндө авторитардык башкаруунун өкүм сүрүп жатышы, экономикалык жана башка эл аралык көрсөткүчтөрдө артта калуусунун себептери талданган. Ал жүргүзгөн изилдөөсү, Борбор Азиядагы диний кырдаал жана буга байланышкан маселелер тууралуу "Азаттыкка" маек курду.
8-майда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондорго кар түшөт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 12...17, күндүз 26...31, Талас өрөөнүндө түнкүсүн 9...14, күндүз 25...30, Ош, Жалал-Абад, Баткен дубандарында түнкүсүн 13...18, күндүз 28...33, Ысык-Көл менен Нарын облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 19...24, Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2...3... Читать дальше...
Кыргыз коомчулугу өлкөнүн тышкы карызы көбөйүп баратканын талкуулап жатат. Талдоочулар кыргыз бийлиги акыркы 1,5 жылда 1 млрд. доллардан ашуун карыз алганын эсептеп чыккан. Президент Садыр Жапаров журналисттерге курган маегинде тышкы карыз 84 млн. долларга гана өскөнүн билдирди. Финансы министрлиги 2021-жылдын башынан бери кол коюлган каржылык келишимдердин жалпы суммасын 758 млн. доллардан ашык деп жарыялады. Саясий талдоочу Айданбек Акматов 2020-жылдын октябрынан бери Кыргызстандын тышкы карызына... Читать дальше...
7-майга карата өлкөдө COVID-19 вирусун жуктурган жана андан каза болгон адам катталган жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. Азыркы тапта төрт киши үйүндө дарыланууда. Пандемия башталгандан бери коронавирусту жугузуп алып, андан айыгып чыккандардын жалпы саны 196 406 кишиге жетти. Оорудан 2 991 адам каза болду. Министрлик вируска каршы эмдөө дем алыш, майрам күндөргө карабай уланып жатканын кабарлады. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун кабарлашынча коронавирус пандемиясынан... Читать дальше...
Алай районунун Корул айылында 3-майда катуу жаандан улам сел жүргөн. Бул табигый кырсыктан жабыркаган эки адам ушу тапта ооруканада дарыланып жатканын Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. Сел жүргөн айылдагы тогуз кош бойлуу аялдын бирөө көз жарды. Азыркы тапта ал Ош облустук ооруканасынын психолог, психиатр, невролог, көз догдурдан турган дарыгерлердин эки тобу табигый кырсык болгон айылдардагы элдин саламаттыгын текшерүүдө. Министрлик аймактагы калкты дары-дармек жана “Тез жардам” унаасы... Читать дальше...
Улуттук статистика комитетинин апрель айындагы анализине ылайык Кыргызстанда жашаган 18ге чыга элек балдардын 50,9% жакырчылыкта жашары белгилүү болду. Элет жериндеги калктын 48,8%, шаардыктардын 30,7%, 18 жаштан 64 жашка чейинкилердин 36,9%, 65 жаштан улуулардын 34,8% жакырчылыкта жашоодо. Аймактардан жакырчылык тизмесинин башында Баткен, Жалал-Абад жана Нарын облусу турат. Статком жакырчылыктын индексин аныктоодо эл аралык ыкмаларды колдонгон. Үйдөгү таза суу, киреше булагы, ден соолук кызматын колдонуу деңгээли... Читать дальше...