Абу-Дабидеги Нью-Йорк университетинде эмгектенген изилдөөчү инженер Ажымурат Орозалиев менен эки өлкө ортосундагы алака жөнүндө маектештик. Президент Садыр Жапаров 17-майда Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) мурдагы президенти Халифа бен Заид Аль Нахайяндын каза болгондугуна байланыштуу ал өлкөгө барып, жаңы президенти Мухаммад бин Заед Аль Нахайянга көңүл айтып келди. - Мамлекет башчы Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмираттарына барып, аза күтүү иш-чараларына катышып келди. Муну Кыргызстан менен... Читать дальше...
Жогорку окуу жайларды башкарууну оптималдаштыруу демилгеси коомчулукта кызуу талкуу жараткан маселелердин бири болуп калды. Жогорку Кеңеш жана Министрлер кабинети “Билим берүү жөнүндөгү мыйзамга” өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча өз долбоорлорунда ректорлорду шайлоо системасын жоюп, дайындоо системасын калыбына келтирүүнү сунуштады. Бул демилгенин көтөрүлүшүнө кандай жагдайлар себеп болуп жатат? Академиялык эркиндикти камсыздоо жана демократиялашуу максатын көздөгөн шайлоо системасын жоюу демилгеси артка чегинүү эмеспи? Читать дальше...
“Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингинин жетекчиси Тенгиз Бөлтүрүк быйыл Кумтөр кенинен 17,5 тонна алтын казып алуу планы коюлганын билдирди. Бул тууралуу ал “Ала-Тоо 24” телеканалына берген маегинде айтты. Кенден былтыр 14,62 - 15,86 тонна алтын өндүрүү мерчемделген. Тенгиз Бөлтүрүк 2021-жылдагы план аткарылганын, жыл сайын алтынды казуунун көлөмү көбөйтүлөрүн кошумчалады. “Калдык сактоочу жайда 106 тонна алтын бар. Андан 60-65 тонна алтынды чыгарып алышыбыз мүмкүн. 2024-жылы кендеги алтынды жер алдынан казуу иштери башталса... Читать дальше...
Айрым дарыгерлер, активисттер саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев баштаган реформаларды колдоп чыгышты. Ал ортодо УКМК министрдин кеңешчиси кармалганын билдирди. Байкоочулардын баамында, мекемедеги маанай жана Алымкадыр Бейшеналиевдин тегерегиндеги талкуулар өлкөдөгү кадр саясатындагы мүчүлүштүктөрдү калпып чыгарды. Бул жагдай өлкө саламаттыгына жооп берген маанилүү тармакка калктын ишеничин дагы төмөндөттү. Президенттик администрация жана Министрлер кабинети бул жагдайга жооп бере элек. Читать дальше...
Жумуриятыбыздын ар кайсы аймактарында союз доорунан бери каралбай калган маданият үйлөрүн, окурмандарды өзүнө тартууга кудурети жетпеген китепканаларды көрүп жүрөбүз. Аларды оӊдоп-түзөөгө өкмөттүн чама-чаркы жетпей келет көп жылдардан бери. Ошонун кесепетинен көпчүлүгү мамлекеттин идеологиялык, маданий-тарбиялык таянычы боло албай калууда. Натыйжада идеологиялык майданда боштук пайда болуп, ал боштукту салттуу динибизди четке чыгарууну самаган фанатизм ээлеп алууну көздөп келатканы жашыруун эмес. Читать дальше...
Дүйшөмбү шаарында "Азаттыктын" тажик кызматынын ("Озоди" радиосу) жана "Настоящее время" телеканалынын кабарчыларына кол салуу болду. Аскердик эмес кийимчен кишилер Муллоражаб Юсуфи, Барот Юсуфи, Анушервон Арипов жана Насим Исамовду машинеден күчтөп чыгарып, техникасын, чөнтөк телефондорун тартып алышты. Бул тууралуу "Настоящее время" билдирди. Маалыматка караганда, журналисттер Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы окуяларды чагылдырып жүрүшкөн. Ал жактан чыккан жарандык активист менен интервью... Читать дальше...
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Пути менен 16-майда Москвадагы жолугушууда "эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык жана саясий алакалар көңүл жубатарлык экенин" билдирди. Кремлдин маалыматына караганда, Путин орус компаниялары казак экономикасына 17 миллиард доллар инвестиция салганын, азыркы кыйынчылыктарга карабай өнүгүү бар экенин белгиледи. Дүйшөмбүдө Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) жыйынында орус лидери уюмдун контингентин... Читать дальше...
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөдөгү бардык мектепке чейинки жана жалпы билим берүүчү мекемелердин имараттарынын абалын текшерүү тапшырмасын берди. Өкмөттүн басма сөз кызматы мындай чечим 17-майда Терек-Сай айылындагы мектептин шыбы урап түшкөн окуя талкууланган жыйында кабыл алынганын кабарлады. “Министрлер кабинетинин башчысы билим берүү мекемелеринин коопсуз иштешине жооптуу тиешелүү мамлекеттик органдардын ишин сынга алды”, - деп айтылат маалыматта. Жалал-Абад облусунун... Читать дальше...
Армян полициясы Еревандын көчөлөрүн тосууга аракеттенген жүздөгөн кишини кармап кетти. 17-апрелден бери оппозиция өкмөткө каршы демонстрацияларды уюштуруп, премьер-министр Никол Пашиняндын отставкасын талап кылууда. Алар премьер Толуу Карабак боюнча Азербайжан менен сүйлөшүүлөрдө бир топ чегинүүлөргө барган деп эсептешет. Өткөн айда азери президенти Ильхам Алиев Брюсселде Тоолуу Карабак талашын жөнгө салуу боюнча тынчтык келишимин түзүүгө жана чек аранын демаркациясы үчүн эки тараптуу комиссия... Читать дальше...
Чаткал районунда 17-майда сабак учурунда шыбы урап түшкөн класста жаракат алган мугалим жана үч окуучу ооруканага жаткырылды. Саламаттык сактоо министрлиги алардын абалы канааттандырарлык экенин билдирди. Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай айыл өкмөтүнө караштуу №18 Амирабек Чымканаев атындагы орто мектепте 17-майда сабак учурунда класстын шыбы урап түшкөн. Кырсык болгон учурда кабинетте бир мугалим, 16 окуучу болгон. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) кызматкерлери аларды коопсуз жайга алып чыгып... Читать дальше...
Иликтөөчү журналист Болот Темиров 17-майда “Азаттык” радиосуна ага тиешелүү паспорту жараксыз деп мамлекеттик каттоо кызматын базасына киргизилгенин билдирди. Анын айтымында, мындай чечим милициянын тергөөчүсүнүн чечими менен кабыл алынган. “Менин ишим сотто экенине карабастан, тергөөчү ыйгарым укуктарын ашыкча пайдаланып, менин паспортумду жараксыз деп чечим чыгарып коюптур. Жободо андай деп каралган эмес. Тергөөчүнүн өз алдынча андай чечим кабыл алууга укугу жок. Азырынча бул боюнча түшүндүрмө берише элек. Читать дальше...
17-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчиси Мээрим Тилекова кармалганын билдирди. Атайын кызмат тараткан маалыматка ылайык, ал ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында Бишкектен кармалган. Саламаттык сактоо министринин 29 жаштагы кеңешчиси Кылмыш-жаза кодексинин “Опузалап пара алуу” беренеси боюнча тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Каракол шаарына жеткирилди. Бейшеналиев Жети-Өгүздө Медайымдар күнүнө карата уюштурулган майрамдык... Читать дальше...
Кылмыш дүйнөсүндө “Карышкыр” деген каймана ат менен белгилүү Мурсалым Өмүрзаков буйрутма киши өлтүрүүгө шек саналып кармалды. Бул кылмыш ишин уюштурууга катышкан деген айып менен дагы үч киши колго түшкөн. Алардын бирөө аял. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, 25-апрелде Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө Арашан айылындагы көрүстөндөрдүн биринен зомбулук менен өлтүрүлгөн адамдын сөөгү табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Ал мурда бир нече жолу соттолгон 29 жаштагы адам экени аныкталган. Читать дальше...
Караколдо келинчегин аёосуз сабаган адам кармалып, камакка алынды. Милиция аялына коргоо ордери берилгенин маалымдады. Укук коргоочулар үй-бүлөлүк зомбулуктун азайбай жатышы - мыйзамдык чаралардын жумшактыгынан деп эсептейт. "Милиция алып кетет, кайра эле чыгып келип сабайт" Күйөөсү көгала кылып сабаган Айзат Үсөнбаева учурда Каракол шаардык ооруканасында дарыланууда. Милиция анын күйөөсү убактылуу камоочу жайга камалганын кабарлады. Бирок Айзат ал кайра чыгып келсе кайра эле кол көтөрөт деген коркунуч менен жашап жатканын айтууда. Читать дальше...
Kloop.kg сайты жана “Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө” долбоору (OCCRP) Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейинде 2016-жылы болгон өрт кырсыгына байланыштуу экинчи иликтөөсүн жарыялашты. Журналисттер музейдин жетекчилиги баалуулугу жок бир нече экспонат күйүп кеткенин айтканы менен алардын саны жүздөп саналарын аныктап чыгышты. 2021-жылдын майында OCCRP жана Kloop.kg өкмөт менен музейдин жетекчилиги өрт учурда музейдин негизги фондуна караштуу кеминде 18 тарыхый килемдин өрттөнүп кеткенин... Читать дальше...
17-май күнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев менен Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын төрагасы Абдусалом Азизов эки өлкөнүн чек ара тилкесинде жолугушту. Кыргызстандын УКМКсынын басма сөз кызматы билдиргендей, атайын кызматтын төрагалары Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы чек арасындагы макулдашыла элек Гавасай тилкесин тик учак менен кыдырып чыгышты. Тараптар тийиштүү маселелер боюнча өз ара пикир алмашып, жолугушуу жакшы маанайда өткөнү, тиешелүү чечимдер кабыл алынганы кабарланды. Читать дальше...
14-майда Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде Кыргыз Республикасынын Эл артисти, кинорежиссер Геннадий Базаровдун 80 жылдыгы белгиленди. Мааракеге арналган салтанаттуу иш-чарада режиссер Тынай Ибрагимовдун "Прикосновение к личности" даректүү тасмасынын бет ачары өтүп, Кыргызстандын белгилүү фотосүрөтчүлөрү Алимжан Жоробаев, Александр Федоров жана Урмат Осмоевдин тарткан эмгектеринин көргөзмөсү ачылды. Анын 80 жылдык мааракесине кино тармагындагы кесиптештери, маданият өкүлдөрү саясатчылар... Читать дальше...
Жогорку Кеңештин тармактык комитети элдик курултай тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, аны четке какты. Жыйында негизинен бул институттун макамы, ыйгарым укуктары, делегаттар жана президенттин администрациясынан көз карандуулукка байланыштуу беренелерден улам кызуу талаш-талкуу чыкты, сын-доомат айтылды. Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана парламенттик регламент комитети 17-майда президент Садыр Жапаровдун өтүнүчү менен "Элдик курултай тууралуу" мыйзам долбоорун чукул карады. Читать дальше...
Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков Баткен облусунун Тажикстан менен чектешкен Чоң-Талаа айылындагы Развилка тилкесиндеги убактылуу ачылган өткөрмө бекетте быйыл бажы эрежеси 16 жолу бузулганын билдирди. Бул тууралуу ал 17-майда парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин жыйынында айтты. Жыйынтыгында бюджетке 1 миллион 66 миң сом кайтарылган. Исабеков коңшу өлкөлөр менен чек ара толук такталып бүтө электигине байланыштуу... Читать дальше...
Бишкекте Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдына саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди колдогондор чогулду. Алар министрди колдоо зарылдыгын, ал коррупция менен күрөшүп баштаганын, кызыкдар тараптар аны кызматтан кетирүү аракетин көрүп жатканын айтышууда. “Министрди мындай кара пиар менен иштен алуу жосунсуз. Мен бул кишинин бардык жасаган иштерин туура деп айтуудан алысмын, бирок ал жасаган реформалары аянына чыгышы керек”,- деди акциянын уюштуруучуларынын бири, активист Атай Бейшенбек. Читать дальше...
Башкы прокуратура Бишкектин Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине 25 кылмыш иши козголгонун билдирди. Алар Кылмыш-жаза кодексинин “Далилдерди бурмалоо”, “Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери менен иликтенип жатат. Мекеме тараткан маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери “Кылмыштардын бирдиктүү реестрине” жалган маалыматтарды киргизип, адамдарга жасалма кылмыш иштерин козгогон. Муну менен алар кылмыштардын бетин ачуунун көрсөткүчтөрүн жасалма түрдө көбөйтүүнү максат кылышкан. Читать дальше...
“Ош” эл аралык аэропортунун айрым кызматкерлери 17-майда Ошто пикетке чыгып, аэропорттун жетекчилигине нааразылыгын билдирди. “Ош” аэропортунун диспетчерлик бөлүмүнүн жетекчиси Жылдыз Токторбаева мекеменин башчысы Арипжан Токуров ага жана айрым кызматкерлерге кысым кылып, кадрдык башаламандык болуп жатканын айтты. “Коё турган адамдарын кызматка коюп, ала тургандарын алып бүттү. Биз президент Садыр Жапаровго, башкы прокурор Курманкул Зулушевге кайрылабыз. Мен кызматкерлердин укугун коргоп чыксам, мага болор-болбос жалааны жаап атат. Читать дальше...
Бишкекте электромобилдердин жүрүшү өтөт. Борбор калаанын мэриясы 17-майда билдиргендей, 22-майда «Ынтымак-2» паркында электр менен жүрүүчү транспорттун фестивалы уюштурулат. Кыргызстанга электромобилдерди алып келип, сатуу менен алектенүүчү компаниялар менен бирге уюштурулуп жаткан иш чаранын максаты – транспорттун экологиялык түрлөрүн жайылтуу, ал тууралуу коомчулукта түзүлгөн стереотиптерди жоюу экени айтылды. Токтоналиев, Абдрахманов, Токтогул жана Манас көчөлөрүндө 60 электромобиль жана 100дөн ашуун экобайк катышкан жүрүш болот. Читать дальше...
Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай айыл өкмөтүнө караштуу №18 Амирабек Чымканаев атындагы орто мектепте 17-майда сабак учурунда класстын шыбы урап түштү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) кызматкерлери 18 окуучу, бир мугалимди коопсуз жайга алып чыгып, Ала-Бука райондук ооруканасына жөнөттү. Маалыматка караганда, балдар 3-класстын окуучулары. Алардын абалы жакшы деп кабарланды. Чаткал районунун билим берүү бөлүмү мектеп 1960-жылдары салынганын, имарат авариялык абалда болбогонун билдирди. Читать дальше...
Тажикстандын Ички иштер министрлиги Тоолуу Бадахшан автономдуу облусунун борбору Хорогдо 16-майдагы нааразылык акция учурунда бир киши каза тапканын ырастады. Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлерине куралдуу кол салуу болгондо үч тартип коргоочу жарадар болду. Ички иштер министрлиги "чабуулга туруштук берүү маалында”, кол салгандардын бири, 1993-жылы туулган Замир Назиршоев аттуу жергиликтүү тургун жарадар болуп, ооруканада көз жумганын билдирди. Ал эми башка булактар маркум бөлөк жагдайда каза болгонун айтышууда. Читать дальше...