Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Улуу Британия менен түзүлгөн келишимдин негизинде бул өлкөгө Кыргызстандан миң киши жумушка жөнөтүлөрүн билдирди. Министрликтин жарандарды чет өлкөгө ишке орноштуруу борборунун директору Кубандык Акматбеков алардын биринчи тобу 20-майдан кете баштаарын айтты. “20-майда 40 адам, 25-майда дагы 46 киши кетет. Жалпысынан миң киши жөнөтөбүз. Алар айыл чарба иштерине тартылат, англис тилин билүү маанилүү эмес, эң башкысы барган өлкөнүн шарттарын бузбаса, мыйзамды сактаса болду. Читать дальше...
Башкы прокуратура “Ош” эл аралык аэропортунун шыбы эмне себептен урап түшкөнүн, курулган имараттын долбоорго шайкештигин жана ал кандай шартта кабыл алынганын иликтей баштады. Бул тууралуу башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматы кабарлады. Мекеме аэропорттун шыбы ураган имаратын кайсы компания салганы тергөөдө аныкталарын кошумчалады. 18-майда катуу шамал менен коштолгон нөшөрлөп жааган жаандан улам “Ош” аэропортунун күтүү залынын шыбынан суу агып, анын кесепетинен имараттын шыбы урап түшкөн. Читать дальше...
Нурдин Дүйшөнбеков 18-майда “Журналисттер” коомдук бирикмесинин төрагасы болуп шайланды. Ал эми бирикмени 2018-жылдан бери жетектеп келген Марс Тулегенов ден соолугуна байланыштуу кызматын тапшырганы кабарланды. “Журналисттер” коомдук бирикмесинин жаңы төрагасы Нурдин Дүйшөнбеков бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарында иштеген, журналисттердин таламын коргогон активист катары белгилүү. “Журналисттер” бирикмеси өлкөдөгү сөз эркиндигин коргоо жана журналисттердин кесиптик чеберчилигин арттыруу жаатында иш алып барган өкмөттүк эмес уюм. Читать дальше...
Кыргызстанда ажылык сапарга барчуларды каттоо 11-майда жыйынтыкталып, бардык квота берилди. Бул туууралуу “Азаттыкка” муфтияттын ажылыкты уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек Абдылдаев билдирди. Анын сөзүнө караганда, ажылыкка барчулардын биринчи тобу 15 же 16-июнда Сауд Арабиясына учат. “Кыргызстанда ажылык сапарды күтүп кезекте турган 6000 адам бар болчу. Алардын ичинен 1700дөй киши акчасын төлөдү. Толбой калган 900дөй орунду кезекте турбаган адамдар алды”. Быйыл Кыргызстандын жарандарына ажылыкка барууга 2766 квота бөлүнгөн. Читать дальше...
Жалал-Абад облсунун Чаткал районунун Терек-Сай аймагындагы маданият үйүндө 19-майда аймактагы төрт алтын казган компаниянын жетекчилери жана аким, жергиликтүү эл менен жолугуп жатат. Жолугушууда ишканалар жасаган иштери жана алдыдагы пландары тууралуу тургундарга маалымат беришти. Чаткал районунун акими Алтынбек Сеңирбаев райондун инфраструктурасын жакшыртуу жана чакан ГЭСтерди куруу боюнча райондун мүмкүнчүлүктөрү боюнча айтып берди. Жолугушууга Чаткалдагы Терек-Сай алтын кенин иштеткен “Эти Бакыр Терексай” компаниясы... Читать дальше...
Ысык-Көл облусундагы “Асман” шаары түшө турган аймак өзгөрүп жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров билдирди. “Шаар курулат деп пландалган жер биосфералык аймакка киргендигине байланыштуу 10 чакырым ары жылат. Тору-Айгыр айыл өкмөтү менен Тамчы аэропортунун ортосунда болуп калат. Ошондо аэропортко 10-12 чакырым жакындайт”. Равшанбек Сабиров “Асман” шаарынын аянты долбоордо жазылгандай эле 4 миң гектар бойдон каларын кошумчалады. Читать дальше...
Баткен, Жалал-Абад, Ош жана Талас облустарында нөшөр жаандан кийин каптаган селдин кесепеттерин жоюу иштери бүгүн, 19-майда да уланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Баткенде мөндүр аралаш жааган жаандын кесепетинен Ош–Баткен автожолунун 109-чакырымында эки жеңил машинаны кум-шагыл баскан. Элдин жардамы менен машиналар чыгарылып, ички чарбалык автожолдор толук тазаланып бүткөн. Кадамжай шаарында сел суусу үйлөрдүн короосун, имараттардын жертөлөсүн каптап, жети көпүрөнүн жээгиндеги кум-шагылды жууп кеткен. Читать дальше...
Өткөн айда Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) эки депутаттын диплому жасалма экени аныкталганын билдирген. Бирок Борбордук шайлоо комиссиясы алардын мандатын дагы эле карай элек. Дипломго байланыштуу иштин создугушун "соодалашуу" катары баалагандар да бар. 8-апрелде Борбордук шайлоо комиссиясы УКМКдан “Ата-Журт – Кыргызстан” фракциясынан депутат Фархат Исмаилов менен “Альянстын” депутаты Фарходбек Алимжановдун диплому жасалма экени тууралуу маалымат берилгенин билдирген. Жогорку Кеңештин расмий... Читать дальше...
“Манас” эл аралык аэропорту “Ош” аба майданынын шыбы эмне себептен урап түшкөнүн жумушчу комиссия иликтеп чыгарын билдирди. Маалыматка караганда, 18-майда катуу шамал менен коштолгон нөшөрлөп жааган жаандан улам "Ош" эл аралык аэропортунун күтүү залынын шыбынан суу агып, анын кесепетинен имараттын шыбы урап түшкөн. Ал учурда күтүү залында бир топ киши болгон. Абал 18-майда жөнгө салынган. “Ош” эл аралык аба майданы Кыргызстандагы экинчи чоң аэропорт, анын имараты 1974-жылы курулган. Ал эми шыбы... Читать дальше...
Кочкордо жол кырсыгы төрт адамдын өмүрүн алганын 19-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, окуя 18-майда эртең менен Бишкек–Нарын–Торугарт автожолунун 125-чакырымында (Теңдик айылы) болгон. “КамАЗ” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу машина менен Audi 100 үлгүсүндөгү жеңил машина сүзүшүп, 72, 23,13 жана беш жаштагы жүргүнчүлөр мерт кеткен. Дагы экөө жараат алган, алар Кочкор райондук ооруканасына жеткирилген. Быйыл алгачкы үч ай ичинде Кыргызстанда 1366 жол кырсыгы катталганын... Читать дальше...
19-майда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Ош эл аралык аэропортунун каттоо жайынын чатырынан суу өтүп, имараттын ичин каптады. Мекеме жетекчилиги шыбы түшкөн имарат мындан беш жыл мурун 78 млн. сом коротулуп жаңыдан курулганын ырастады. Аэропорттогу жагдайды иликтөө үчүн комиссия түзүлүп, аудит жүргүзүлмөй болду.
19-майда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Ош эл аралык аэропортунун каттоо жайынын чатырынан суу өтүп, имараттын ичин каптады. Мекеме жетекчилиги шыбы түшкөн имарат мындан беш жыл мурун 78 млн. сом коротулуп жаңыдан курулганын ырастады. Аэропорттогу жагдайды иликтөө үчүн комиссия түзүлүп, аудит жүргүзүлмөй болду.
Бишкекте Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) «Кобальт-2022» атайын тактикалык машыгууларына даярдык көрүү боюнча штабдык сүйлөшүүлөр башталганын Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдирди. Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, мүчө өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышып жаткан сүйлөшүүнүн катышуучулары бүгүн 19-майда Балыкчынын жанындагы “Эделвейс” полигонуна барып, машыгуу өтө турган жерди көрүшөт. Кечээ Бишкекте машыгууну уюштуруунун атайын жана материалдык-техникалык камсыздоо маселелери талкууланды. Читать дальше...
Базарда көзөмөл-кассалык аппарат (ККМ) колдонбоого уруксат берүү маселесин атайын түзүлгөн жумуш тобу талкуулап жатканы тууралуу маалымат 18-майда Экономика жана коммерция министрлигинин расмий сайтына жарыяланды. Анда айтылгандай, базарлардын өкүлдөрү менен жолугушуулар уюштурулуп, алар үчүн салыктын өзүнчө түрүн киргизүү маселеси талкууланып жатат. Министрликтин салык саясаты боюнча башкармалыгынын башчысы Кубанычбек Ысабековдун айтымында, талкуу уланууда, чечим кабыл алына элек. Салык боюнча жаңы мыйзамга ылайык... Читать дальше...
Бүгүн 19-майда Үй-бүлөлүк дарыгерлердин дүйнөлүк күнүнө карата Бишкекте республикалык конференция өтөт. Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз мамлекеттик медицина академиясы, Үй-бүлөлүк дарыгерлер жана медайымдар топторунун ассоциациясы биргелешип уюштуруп жаткан конференциянын максаты – саламаттык сактоо системасынын бул тармагындагы негизги маселелерди жана жетишкендиктерди талкуулоо экени айтылды. Конференциядан тышкары медициналык окуу жайлардын студенттери менен ординаторлорунун акыл таймашы... Читать дальше...
Орусиядагы кыргызстандык мигранттар маселеси 18-майда Кыргызстандын тышкы иштер министри (ТИМ) Жээнбек Кулубаевдин Орусиянын элчиси Николай Удовиченко менен жолугушуусунда талкууланган маселелердин бири болгонун ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык мамилелер жана аймактык кызматташтык маселелери менен катар 26-27-майда Бишкекте өтө турган алгачкы Евразиялык экономикалык форумга даярдык тууралуу да сөз болду. Читать дальше...
Бүгүн 19-майда Ошто «Куттуу эл» деп аталган форум өтөт. Уюштуруучулардын айтымында, форум мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетовдун демилгеси боюнча Ош шаардык мэриясынын колдоосу менен өткөрүлүүдө. Өлкөнүн бардык аймактарынан барган өкүлдөр, белгилүү окумуштуулар, ар тармактын эксперттери, саясатчылар, ишкерлер, жарандык коом өкүлдөрү ааламдашуу доорундагы жаңы чакырыктарды, стратегиялык программаларды, сунуштарды талкуулашат. Форум Кыргызстанда былтыр июлда кабыл алынган “Инсандын руханий-адеп-ахлактык... Читать дальше...
Билим берүү жана илим министрлиги жалпы билим берүү мекемелеринде окуу жылы качан аяктары жана бүтүрүүчү класстардын мамлекеттик экзамендери качан өтөрү тууралуу маалымат берди. Мекеменин маалыматына караганда, окуу жылы 8-июнда жыйынтыкталат, “Акыркы коңгуроо” майрамы 9-июнда өтөт. Бүтүрүүчүлөрдүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясы окуу процесси кыргыз, орус, өзбек жана тажик тилдеринде жүргүзүлүүчү жалпы билим берүү мекемелеринде 9-класстар үчүн 11-22-июнда, 11-класстар үчүн 11-23-июнда уюштурулат. Читать дальше...