Президент Садыр Жапаров эл аралык коомчулукту мөңгүлөрдү талкалаган бизнес-ишмердүүлүккө биргелешип каршы турууга чакырды. Бул тууралуу ал бүгүн 12-октябрда Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) алдында уюштурулган биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндөгү Конвенциянын мүчөлөрүнүн бешинчи кеңешмесиндеги (КС-15) видеокайрылуусунда айтты. «Чет өлкөлүк инвесторлордун абийирсиз ишинин натыйжасында биздин тоолорубуз менен дарыяларыбыздын флорасы менен фаунасынын байлыгына доо кетирген кылымдык мөңгүлөрдүн талкаланышына өзүнчө токтолуу керек. Читать дальше...
Эл аралык валюта фондунун аткаруу кеңеши тескөөчү директор Кристалина Георгиевага ишеним көргөздү жана аны кызматтан албоону чечти. 11-октябрда таратылган билдирүүдө кеңеш “2018-жылкы Doing Business отчетун даярдоодо Георгиева Дүйнөлүк банктын аткаруучу жетекчиси катары кыянат роль ойногону тууралуу далилдерди тапкан жок” деп айтылат. Мунун алдында бизнес рейтингди аныктаган докладды даярдоодо жетекчи мыйзам бузууга барып, Кытайдын көрсөткүчтөрүн ашырып бердирген деген доомат айтылып келген. Георгиева айыптарды четке каккан. Читать дальше...
12-октябрда Евробиримдиктин өкүлдөрү "Талибандын" делегациясы менен Катардын Доха шаарында сүйлөшүүлөрдү өткөргөнү жатат. Шейшембиде "Чоң жыйырманын" лидерлери да виртуалдык жыйынга чогулуп, Ооганстанга жардам көрсөтүү маселесин талкуулайт. Дохада Евробиримдиктин өкүлдөрү менен жолугушуу болоорун Ооганстандын "Талибан" кыймылы курган өкмөтүнүн тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Муттаки 11-октябрда билдирди. Ал Катардагы Жаңжалдарды жана гуманитардык маселелерди изилдөө борборунда... Читать дальше...
Жаңы сунушталган өкмөттүн курамы белгилүү болду. «Азаттыкка» ишенимдүү булактар 12-октябрда кабарлашкандай, Министрлер кабинетинин төрагалыгына Акылбек Жапаров, анын биринчи орун басарлыгына Арзыбек Кожошев, экономика маселелери боюнча орун басарлыгына Азиз Аалиев, социалдык маселелер боюнча орун басарлыгына Эдил Байсалов, коопсуздук тармагы боюнча орун басар-УКМКнын төрагалыгына Камчыбек Ташиев, экономика министрлигине Данияр Амангелдиев, финансы министрлигине Алмаз Бакетаев, юстиция министрлигине Аяз Баетов... Читать дальше...
Министрлер кабинетинин төрагалыгына Акылбек Жапаров сунуш кылынды. Бул тууралуу 12-октябрда президент Садыр Жапаров социалдык түйүндөрдөгү расмий баракчасына жазды. «Биз Акылбек Жапаров менен макулдашып, келиштик. “Быйыл казынаны 280 миллиард сом менен жапсам, эмдиги жылы 400 миллиард сомго жакындатам” деп сөз берди. Эгер ага жеткире албаса, анда чара көрөм. Ошондуктан ал кишини азырынча сындабай, өкмөт башына коюп, убакыт берели. Анын мурдагы ишмердиги кандай болгонуна баа берип, “ичкен-жеген” деп сындап жаткан жарандарыбызга айтарым... Читать дальше...
Спортчуларды "Манас" аэропортунан министрдин орун басары баштаган расмий топ, спортчулардын ата-энелери, туугандары, достору жана күрөш күйөрмандары тосуп алышты.
Евробиримдиктин өкүлдөрү 12-октябрда Дохада "Талибан" кыймылынын делегациясы менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөнү жатат. Бул тууралуу талибдер курган өкмөттүн тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Муттаки дүйшөмбүдө билдирди. Ал Катардагы "Жаңжалдарды жана гуманитардык маселелерди изилдөө" борборунда сүйлөгөн сөзүндө "Талибан" өкмөтү дүйнө менен позитивдүү мамиле түзүүнү көздөрүн, мындай алака Ооганстанды туруксуздуктан сактап каларын белгиледи. Ошондой эле талибдер "Ислам мамлекети" террордук... Читать дальше...
Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси Эдил Байсалов Министрлер кабинетинин жаңы курамына кирет. Бул тууралуу «Азаттыктын» жеке булактары кабарлашты. Анын талапкерлиги вице-премьер-министрлик кызматка же тышкы иштер министри кызматына караштырылып жатат. Байсалов Улуу Британияга элчи болуп 2019-жылы дайындалган. 11-октябрда президент Садыр Жапаров Министрлер кабинети жөнүндөгү мыйзамга кол койгон. Ага ылайык өкмөттүн курамы жана түзүлүшү өзгөргөнү жатат. (RK)
Орусияда COVID-19 илдетинен көз жумгандардын көрсөткүчү мурда болуп көрбөгөн чекке жетти. Өлкөнүн пандемияга каршы штабы 11-октябрда билдиргендей, 24 саатта 973 киши коронавирустан дүйнө менен кош айтышты. Алты күн катары менен өлгөндөрдүн саны 900дөн көп болуп келатат. Бир күндө 28 миңден көп киши вирусту жугузуп алганы катталды. Ошол эле маалда айрым дарыгерлер расмий сандар мындан ашарын айтышат. Дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө да коронавирустун “дельта” штаммы жайылууда. Орусиянын жетекчилиги... Читать дальше...
Апрель айынын соңунда Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан кийин атайын эсеп ачылып, 120 млн. сомго жакын каражат чогулган. Анын ичинен 73 млн. сомго жакынына келишимдер түзүлүп, 45 млн. сомдон ашык каражат ишти аткаруучуларга которулган. Чек арадагы куралдуу жаңжалдан жапа чеккендерге колдоо көрсөтүү максатында атайын банк эсеби ачылып, ага өлкө боюнча каражаттар топтолгон эле. Мекеме-ишканалар жана жарандар тарабынан атайын эсепке топтолгон каражаттын жалпы суммасы 119 млн. 667 миң 548 сом болгон. Читать дальше...
Быйыл Баткендеги кандуу окуядан кийин бийликти сындаган видеокайрылуусу үчүн суракка чакырылып жатканын айткан интернет-колдонуучу адвокаттык жардамга муктаж. Бул тууралуу өзүн Нурэлес Үмөталиев деп тааныштырган Бишкектин 21 жаштагы тургуну 12-октябрда «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Ал быйыл апрель айынын соңунда «Фейсбуктагы» баракчасына видеокайрылуу чыгарганын, май айынын орто ченинде Ички иштер министрлигине (ИИМ) эки жолу, кийин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке... Читать дальше...
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын өлкөнүн аскердик дараметин күчтөндүрөрүн айтып, ортодо чыңалууну пайда кылып жатат деп АКШны айыптады. "АКШ өзүнүн туура эмес аракеттери жана ой-жүгүртүүсү менен региондо чыңалууну жаратууда", - деп айтылат Кимдин 12-октябрда Кореянын кабар агенттигине жасаган билдирүүсүндө. Президент Жо Байдендин администрациясы Пхеньянга эч кандай кастык ниети жок экенин айтып келет. Ким Чен Ын армияны күчтөндүрүү Түштүк Кореяга каршы багытталбаганын белгилеп, ошол эле маалда Сеулду эки жүздүүлүк үчүн күнөөлөдү. Читать дальше...
10-октябрда таңкы саат сегиздерде Сузак айыл өкмөтүнүн имараты күйүп кетти. Имараттын биринчи кабаты жана чатыры күйгөн. Архивдеги бир топ документтер күлгө айланган. Өрт көмүрканадан тутанганы айтылууда. Бирок айыл өкмөт өрт документтер сакталып турган архивден чыкканын жүйө келтирип, кимдир бирөө атайын уюштурду деп шек саноодо.
Элмурат Кочкор уулунун кезектеги блогуна назар салыңыздар. Мечиттерде же атайын диний маңыздагы иш-чараларда ыйлаган диний чөйрөнүн абройлуу кишилерин көп эле көрүп калабыз. Диний үгүт-насаат айтып жатып, кандайдыр бир сезимтал маселе тууралуу сөз кылып жатып же болосо жамаатка атап бата кылып жатып ыйлап ийген молдоке, ажыкелер буга мисал. Алтургай, кээде аларга кошулуп жамааттын ичинен да кошулуп ыйлап жиберген кишилер болот. Мындай көрүнүш "Диний агартуу иштеринде ыйлоонун орду кандай?" деген суроолорду ойго келтирбей койбос. Читать дальше...
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин менен кызматташуунун келечеги боюнча маселе тандалма оюндардын жыйынтыгына жараша кабыл алынат. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна 11-октябрда Кыргызстандын футбол бирлигинин президенти болуп жаңы шайланган Медер Сыдыков билдирди. Сыдыков “Кыргызстан бир катар оюндарда жеңилди, күйөрмандар арасында нааразылык бар” деген суроосуна төмөнкүчө жооп берди: “Көп жагдайлар бар. Анын жүйөлүү себептери да бар. Читать дальше...
Кыргыз киносунун 80 жылдыгынын урматына Бишкекте сүрөтчүлөрдүн жана айкелчилердин эмгектери коюлган көргөзмө уюштурулууда. Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм өнөр музейинде өтө турган “Бейне” аттуу көргөзмөнүн ачылышы 14-октябрга пландалууда. “Быйыл кыргыз киносу 80 жылдык мааракесин белгилөөдө. Бул жылдар аралыгында кинематографисттердин бир нече мууну өсүп чыкты. Айтылуу “Кыргыз кереметинин” сапарын “Кыргыз феномени” улантууда. Көргөзмөгө кыргызстандык 60 сүрөтчүнүн түрдүү техникада аткарылган эмгектери коюлат. Читать дальше...
Бишкектеги "Манас" кинотеатрында V Түрк тасмалар жумалыгы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди. 16-20-октябрь күндөрү өтө турган маданий иш-чара Түркия Кинематография департаментинин, Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен Yerli Düşünce бирикмеси тарабынан уюштурулган. Жумалыктын алкагында "7-камерадагы керемет", "Баскетбол куржуну", "Маузер", "Сүйүүнүн өмүрү", “Мадыра баштар: Киндик-Төбө” (анимациялык фильм), "Өмер жана биз" аттуу алты тасма көрсөтүлөт. Читать дальше...
Жогорку Кеңешке шайлоого катыша турган партиялар дээрлик аныкталып калды. Алардын көбү курултайларын өткөрүп, талапкерлердин тизмесин бекитти. Азырынча эки партия өзүн бийликке альтернатива катары көрсөтүп, оппозиция экенин жарыялады. Көбү центристтик позицияны карманып турат. Кыргызстанда парламенттик шайлоонун маанилүү этабы болгон саясий партиялардын курултайы жана анда талапкерлердин тизмесин түзүп, бекитүү иштери жүрүп жатат. Шайлоого реалдуу катышат делген партиялардын көбү курултайын өткөрүп... Читать дальше...
Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык ыкчам штабдын маалыматына караганда, 12-октябрда ооруну жуктуруп алган эки бейтап каза болду. 93 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Вирус жаңы аныкталгандардын көпчүлүгү Бишкек шаарында. Бишкек - 51 Чүй облусу – 21 Ош облусу – 1 Талас облусу - 4 Ысык-Көл облусу – 9 Жалал-Абад облусу – 6 Баткен облусу - 1 Ош шаары менен Нарын облусунда ооруну жаңы жуктуруп алгандар катталган эмес. Ушуну менен былтыр марттан бери Кыргызстанда коронавирус... Читать дальше...
Европа Биримдиги Орусия менен Сириянын химиялык куралдарды колдонуусунан улам чектөөлөрдү дагы бир жылга, 2022-жылдын 16-октябрына чейин узартты. Бул тууралуу Еврошаркеттин расмий интернет сайты кабарлады. Чектөө тизмесине 15 киши кошулду. Алардын ону - орусиялык оппозиционер Алексей Навальныйды, Сергей Скрипалды жана анын кызы Юлияны "Новичок" химиялык заты менен ууландырганга шек саналгандар. Федералдык коопсуздук кызматынын директору Александр Бортников, президенттик администрациянын жетекчисинин орун басары Сергей Кириенко... Читать дальше...
Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Чаткал районундагы жатак мектепте окуучулар оор шартта жашап жатканын аныктады. "Укук кербени" долбоорунун алкагында районго барган кызматкерлер мектептин ашканасында тазалык сакталбай, медициналык пунктта керебеттер талкаланып, жуунучу жай жок, санитардык талаптар аткарылбаганын, окуучулар кийимдерин муздак сууга өздөрү жууп жатканын аныкташты. Интернаттын имаратында суу түтүгү жана канализация да жок. Буга чейин интернаттын жетекчилиги эл аралык фонддордон... Читать дальше...
Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү дайынсыз жоголгон жети кыргызстандыкты издеп жатат. 2021-жылдын тогуз айында Орусияда жалпы 64 кыргызстандык жаран издөөгө алынып, 57синин дайыны табылды. Жоголгон жарандардын 47си быйыл, калган ону мурдагы жылдардан бери издөөдө болгон. Алардын ичинен төрт жарандын сөөгү киши колдуу болуп өлгөн белгилер менен өлүкканадан табылса, моргдогу дагы бир кыргызстандыктын ким экени билинбей, ДНК анализдери алынган. Бир жаран оорукананын жандандыруу бөлүмүнөн... Читать дальше...
Абактагы оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбеков парламенттик шайлоого талапкер болуп катталуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз тапшырды. Бүгүн 12-октябрда аны БШКга абак кызматкерлеринин коштоосунда алып барышты. “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып Жээнбеков шайлоого бир мандаттуу округдан катышууга ниеттенип жатканын, аны каттабай коюуга себеп жок деген пикирин айтты: “Андай кооптонуу деле жок. Эгер мыйзамды бузса каттабай коет. Башка учурда катташы керек. Бир мандаттуудан да оппозиция барышы керек. Читать дальше...