Мамлекет башчы кыргызстандык балбандар жеңиши менен жалпы кыргыз элине чоң кубаныч тартуулаганын белгилеген.
Кыргызстан учурда өзүн сүт азыктары, картошка жана жашылча-жемиш менен гана камсыздай алат. Бул тууралуу Монополияны тескөө агенттигинин жетекчиси Кеңешбай Тайлаков 1-радиого түз эфирде курган маегинде билдирди. Анын сөзүнө караганда, калган азык-түлүктөр негизинен Евразиялык экономикалык биримдиктен (ЕАЭБ) жана башка өлкөлөрдөн импорттолот. Кеңешбай Тайлаковдун маалымдашынча, учурда агенттиктин кызматкерлери дүң базарларды текшерип, бааны атайылап көтөрүү фактыларын иликтөөдө. Тайлаков учурда... Читать дальше...
Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында кыз-келиндер күрөшү боюнча алтын медал тагынган Айсулуу Тыныбекованын журналисттерге курган маеги Дүйнөлүк Күрөш уюмунун YouTube каналына жарыяланды. Тыныбекова дүйнөнүн эки жолку чемпиону болуу менен өзүнүн жана өлкөсүнүн жаңы тарыхын жазып жатканын белгилеген. “Дүйнөнүн эки жолку чемпиону болуу менен мен өзүмө-өзүм далилдедим. Буга чейин дүйнөнүн бир чемпиону бар болчу, (Кыргызстанда-ред.) ал мен элем. Бүгүн дүйнөнүн эки жолку чемпиону болдум, бул мени абдан кубандырат. Читать дальше...
Президент Садыр Жапаров парламенттик шайлоо таза өтөрүн, административдик ресурс колдонулбай турганын белгиледи. Бул аралыкта Коопсуздук кеңеши жер-жерлерде жыйын өткөрүп, жергиликтүү бийлик ээлерине шайлоого аралашпоону эскерте баштады. Ошол эле учурда айрым муниципалдык башкаруу өкүлдөрү бийликке жакын партиялар админресурсту колдонууга аракет кылып жатканын айтып чыгышты. Бийликтин партиясы да, талапкери да жок Келе жаткан парламенттик шайлоону уюштуруу, таза өткөрүү маселеси боюнча республикалык шайлоо штабынын жетекчиси... Читать дальше...
Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык ыкчам штабдын 6-октябрга карата маалымдаганы боюнча, 80 адамдын вирус жуктурганы лабораториялык жактан тастыкталды: Бишкек - 40 Чүй облусу – 22 Ош облусу – 1 Талас облусу - 2 Нарын облусу - 1 Ысык-Көл облусу – 8 Жалал-Абад облусу – 5 Баткен облусу - 1 Ош шаарында вирус жуктурган адам катталган жок. Ушуну менен былтыркы марттан бери өлкөдө коронавируска жалпы - 178 932 адам чалдыкты. Анын ичинен 173 712 адам сакайды. Акыркы суткада оорудан эки киши көз жумду. Читать дальше...
6-7-октябрда Кыргызстандын айрым аймактарында үшүк жүрүшү күтүлөт. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги буга байланыштуу чукул билдирүү таратып, үшүк жыйналбаган жашылча-жемиштерге, казылып алынып бирок үстү жабылбаган картөшкө жана кант кызылчасы үчүн коркунучтуу экенин билдирди. ӨКМдин маалыматына ылайык үшүк Чүй, Ысык-Көл, Талас, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жүрөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондордо катуу жаан-чачын болот. (МТа)
Жогорку Кеңештин депутаттыгына бир мандаттуу округдан катышуу ниетин билдирип арыз тапшыргандар 6-октябрга карата 108 адамга жетти. Жаңы арыз бергендердин баары өзүн-өзү көрсөткөндөр. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) сайтындагы маалыматка ылайык, 6-октябрда өзүн көрсөткөндөрдүн арасында парламенттин азыркы депутаттары да бар. Камчыбек Жолдошбаев №26 Ленин округунан (Бишкек), Дастан Бекешев №28 Октябрь округунан (Бишкек), Айбек Осмонов №7 Ош шайлоо округунан жана башкалар талапкерлигин көрсөттү. Читать дальше...
45 мамлекет мүчө мүчө болгон Химиялык куралга тыюу салуу уюму шейшембиде оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйдын ууланганын иликтөө боюнча Орусияга суроо-талап жөнөттү. Эреже боюнча орус бийлиги 10 күн ичинде жооп бериш керек. Расмий Москвага багыттталган төрт суроо уюмдун сайтында жарыяланды. Анда бийлик 2020-жылы 20-августта Орусиянын аймагында химиялык курал колдонулганына байланыштуу кандай аракет болгон деген суроо берилген. Суроо-талапта химиялык куралга тыюу салуу конвенциясында Орусия... Читать дальше...
Дүйнөлүк деңгээлдеги спорт жылдыздарынын тамашалуу көз караштар таймашы интернетке жарыяланып, социалдык тармактардын колдонуучуларынын ичин жылытты.
Кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпионатынан алтын медаль уткан Айсулуу Тыныбекова мелдеш аяктаары менен чет элдик журналисттердин суроолоруна жооп берген. Балбан кыздын маеги Бириккен күрөш дүйнөсү уюмунун Youtube каналына жарыяланды.
Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 5-октябрдагы жыйынында депутат Алиярбек Абжалиев мамлекеттин үлүшү бар ишканалар жакшы иштей албай жатканын айтып, "аларды менчиктештирүү туура" деп билдирди. “Негизи бул мыйзамды колдойм, менчиктештирүүгө барышыбыз керек. Инвесторлор мамлекет менен байланышкысы келбейт. Мамлекетте тургандар талкаланып жатат. Алардын пайдасы жок. Бир сыйра карап чыгып, айрымдарын менчикке бериш керек", - деди депутат. Парламенттеги Экономикалык... Читать дальше...
Бүгүн кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында 57, 59, 68 жана 72 килограмм салмактагы спортчулар күч сынашат.
Өлкөдө коронавирус алгачкы катталган 2020-жылдын март айында Бишкектеги дарыгерлердин COVID-19 менен күрөшү, курмандыктар көп катталган июнь-июль айларындагы абал жөнүндө кыскача даректүү тасма тартылды. Бул тууралуу тасма жаратуучулар кабарлады. Тасмада дарыгерлер адамда мурда кездешпеген оору менен күрөшүү канчалык оор болгону айтып беришкен. Кинону бул жактан көрсө болот. Былтыр марттан бери Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 178 852 адамга жетти. Бул аралыкта 173 622 адам сакайды. Читать дальше...