Бишкекте журналист, акын, котормочу Эрнис Асек уулун эскерүү кечеси өттү. 26-апрелде Улуттук филармонияда өткөн иш-чара "Өмүр менен өлүмдүн жарк дей түшкөн учкундары" деп аталды. Кечеге маркумдун жакындары, калемдештери жана коомчулук өкүлдөрү катышты. Иш-чара алкагында калемгердин "Ку фу зы" жана "Каалга" аттуу эки китебинин бет ачары болду. Эрнис Асек уулу 1970-жылы Нарында туулган. 2020-жылдын январь айында 50 жаш курагында жүрөгү токтоп, ооруканада каза болгон. Маркум журналист жана коомдук... Читать дальше...
Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 26-апрелдеги маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул илдеттен эки адам каза болду. Көз жумган бейтаптардын бири Бишкектеги, экинчиси Нарындагы ооруканада жатышкан. Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза болгондор 1584 адамга жетти. Соңку бир күн ичинде вирус дагы 199 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (138) жана Чүй облусунда (29). Өлкөдө бул оору жуккандардын жалпы саны 94 030 адамга жетти. Бир күндө 146 адам айыгып чыкты. Читать дальше...
Кыргызстандын мурдагы мамлекеттик катчысы, мурдагы билим берүү, илим жана маданият министри Аскар Какеевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты Бишкекте 27-апрелде өтөт. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна 26-апрелде маркумдун жакындары кабарлашты. Какеев 25-апрелде 85 жашында оорудан улам каза болду. Сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлат. Коомдук жана мамлекеттик ишмер, философия илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз улуттук илимдер академиясынын академиги, Кыргызстандын илимге эмгек сиңирген ишмери Аскар... Читать дальше...
Индияда коронавируска байланыштуу кырдаал жакшыра элек. Бейтаптар ооруканаларга узун кезекте турган жеринен үзүлгөн учурлар катталып жатат. Соңку үч күндөн бери илдетке кабылгандардын күнүмдүк көрсөткүчү 300 миңден ашып, бул оорудан эки миңден көп бейтап көз жумууда. Ооруканаларда керебет жана кычкылтек концентраторлору жетишсиз. Индиянын баш калаасы Нью-Делидеги крематорийлердин кызматкерлери бир аптадан бери тыным албастан коронавирустан өлгөндөрдүн сөөктөрүн өрттөп үлгүрбөй жатышат. Январь... Читать дальше...
Аталган марафондун нормативин толтурган спортчуларга дүйнө чемпионатына, Олимпиада оюндарына жана Азия оюндарына жолдомо берилет.
Спортчуларды мелдешке алып баруу үчүн эң ыңгайлуу жол каралып жатканы айтылды. Оюнга чейин Токиодо машыгуу өткөрүү да пландалууда.
Глобалдык эмдөө жана иммунизация альянсы, Бириккен улуттар уюмунун балдарды коргоо программасы (ЮНИСЕФ) Кыргызстанга вакциналарды ташуу үчүн сегиз авторефрижератор берет. Машинеде ташууга ыңгайлашкан муздаткычтар Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине 26-апрелде тапшырылат. Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө март айында Кытайдын "Sinopharm" вакцинасы менен башталган. 22-апрелде өлкөгө Орусиянын "Спутник V" вакцинасынын 20 миң дозасы келип, Бишкек, Чүй облусундагы 65 жаштан улуу, өнөкөт оорусу барлар эмделүүдө. Читать дальше...
Москвада 25-апрелде Орусиянын "Ника" киноакадемиясынын сыйлыгын тапшыруу аземи болду. Бул тууралуу "Российская газета" басылмасы кабарлады. Анда "КМШ, Балтика жана Грузия боюнча эң мыкты тасма" катары кыргызстандык режиссер Артык Сүйүндүковдун "Шамбала жана грузиялык Дито Цинцадзенин "Дем алуу" көркөм тасмалары табылды. "Шамбала" 2020-жылы тартылып, фильмдин сценарийи Чыңгыз Айтматовдун “Ак кеме” повестинин негизинде жазылган. Буга чейин аталган фильм Калькутта эл аралык фестивалында "Мыкты тасма" номинациясын жеңген. Читать дальше...
Президент Садыр Жапаров атына ачылган "Телеграм" каналда 25-апрелде жер жана энергетика маселелери тууралуу билдирүүлөр жарыяланды. Биринчи билдирүүдө кайсы жер тууралуу сөз болгону такталган эмес, бирок жалган маалыматтар тарап жатканы белгиленген. "Акыркы учурда саясий чайкоочулар өздөрүнүн жеке максаттары жана кызыкчылыктары үчүн, ар кандай туура эмес “жалган” маалыматтар менен соцтармактардан бузукулук чакырыктарды таштап элдин башын айландырууда. Билсеңиздер, эч кандай жерлер берилген жок... Читать дальше...