Баткен бийлиги инвестор облус аймагындагы “Апрель” алтын кенин мыйзам талаптарына ылайык иштетүүсүн көзөмөлдөйт жана кандайдыр бир тартип бузууларга жол бербейт. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна өкмөттүн облустагы өкүлү Өмүрбек Суваналиев билдирди. Кендин айланасында түзүлгөн кырдаал боюнча маалымат берип Суваналиев инвестор менен, жергиликтүү эл менен жолугушуу уюштурулуп, Катраң айыл аймагын өнүктүрүү боюнча программа жана социалдык пакет тууралуу түшүндүрүү, өндүрүш технологиясынын коопсуздугу... Читать дальше...
Насыя маселеси боюнча Чүйдүн Пригородное айыл өкмөтүндө акция уюштурган аялдардын иши Жазык кодексинин “Жайды, имаратты же курулманы өзүм билемдик менен ээлеп алуу же басып алуу” деген 208-беренесинин негизинде тергелип жатат. Бул тууралуу 16-апрелде облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, 15-апрелде он чакты аял айыл өкмөтүнүн имаратына таң атпай кирип барып, насыя маселесин чечүүнү талап кылышкан, болбосо өзүнө өрт коерун айтышкан. Коопсуздук максатында милиция имаратты тосмого алган. Читать дальше...
Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 17-апрелдеги маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул илдеттен эки адам каза болду. Көз жумган бейтаптар Бишкек шаарындагы ооруканаларда жатышкан. Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза болгондор 1546 адамга жетти. Соңку бир күн ичинде вирус дагы 265 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (148) жана Чүй облусунда (80). Өлкөдө бул оору жуккандардын жалпы саны 91 639 адамга жетти. Бир күндө 152 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 1130 адам жатат... Читать дальше...
Жапон өкмөтү Чүй облусунун Ак-Бешим айылынын тургундарын бул аймакта жайгашкан байыркы археологиялык эстеликтерди коргоого үйрөтүү жана туристтерди тейлөөчү кадрларды даярдоо боюнча долбоорду ишке ашырууга көмөктөшөт. Бул тууралуу 16-апрелде маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиевдин Жапониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) өкүлдөрү менен жолугушуусунда айтылды. Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жолугушууда “Чүй өрөөнүндөгү Улуу Жибек... Читать дальше...
Өкмөт дарыгерлердин айлыгын көбөйтүү боюнча маселени өлкөнүн мүмкүнчүлүгүнө карап чече алат. Бул тууралуу 16-апрелде Бишкекте нааразылык акциясына чыккан медицина кызматкерлеринин өкүлдөрү менен жолугушууда биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков билдирди. Новиков жумуштан коронавирус жугузуп алган дарыгерлерге кенемте төлөө маселеси боюнча атайын комиссия иштеп жатканын, бардык көйгөйлөр 17-апрелде Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинде өтө турган жолугушууда талкууланарын айтты. Читать дальше...