“Азаттык” радиосу “Олимпиадага жол” түрмөгүн улантат. Бул жолу жеңил атлет Дарья Маслова тууралуу айтып беребиз.
Өзбек, казак алфавиттеринин соңку учурлардагы жакшыртылыш аракеттери Борбордук Азия түрк калктарынын чөлкөмдүк орток латын алфавит түзүү жүрүмүн талкуулоо үчүн жаңы удул жаратып жатат. Илимпоз Гүлзура Жумакунованын кезектеги блогу
Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 4-апрелдеги маалыматына караганда, соңку суткада Кыргызстанда илдет 172 кишиден жаңы аныкталды. Анын 124ү Бишкек шаарында. Илдеттен төрт адам каза болду. Көз жумган бейтаптардын үчөө Бишкек шаарынын, бирөө Чүй облусунун тургундары болчу. Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза болгондор 1506 адамга жетти. Кыргызстанда коронавирусту жалпы 89 014 адам жуктуруп алды. Анын 85 164ү сакайып чыкты. Ооруканада 625 адам бул илдет менен алышып жатат. Читать дальше...
Президент Садыр Жапаров УКМКга 2010-жылы болгон июнь окуясындагы материалдарды иликтөөнү тапшырды. Эл аралык, мамлекеттик, депутаттык комиссиялар буга чейин иликтеп, жыйынтык чыгарган 11 жыл мурунку коогалаңды кайра кароого эмне себеп болууда? Мамлекет башчынын бул чечими коомчулукта талкуу жаратты. Президент Садыр Жапаров 2010-жылы 400дөн ашуун адамдын өмүрүн алган Ош жана Жалал-Абаддагы кооганы кайра иликтеп чыгууну атайын кызматка тапшырганы 2–апрелде белгилүү болду. Президенттик аппараттын... Читать дальше...
Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынын (муфтият) фатва бөлүмүнүн адиси Бактияр Токтогазы уулу коронавируска каршы эмдөө орозону бузбай турганын “Азаттык” радиосуна билдирди. “Эгер кимде ким орозодо, оозу бек учурунда вакцина алам десе эч нерсе болбойт”. Муфтияттын маалыматы боюнча, быйыл Рамазан айы болжолдуу 13-14-апрель күндөрү башталат. Өлкөдө коронавируска каршы эмдөө 29-мартта башталды. Алгач Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда “кызыл зонада”, бейтапканада, "Тез жардамда" иштеген медицина кызматкерлери... Читать дальше...
"Азаттык" радиосунунун мурдагы кабарчысы, журналист Жаркын Суран кызы аймактагы жергиликтүү элдин социалдык турмушуна, аялдардын укуктарына байланышкан көйгөйлөрдү көтөрүп чыккан журналист катары таанылып, жарандык журналистиканын башкача жагдайын ача алды. "Азаттык" радиосунда көп жыл эмгектенип жүрүп эс алууга чыккан журналист Жаркын Суран кызы Темирбаева 3-апрелде 66 жашында узак оорудан улам көз жумду. Маркум кесиптешибизди замандаштары эскерет. Жаркын Суран кызы 1955-жылы Өзгөн районунун Тоо-Дыйкан айылында туулган. Читать дальше...
Туугандары Кытайдын Шинжаңдагы "кайра тарбиялоо лагерлеринде" камалган делген кишилердин Казакстанда калган үй-бүлөлөрү абалы кандай? Кытайдан кайтпагандардын балдары кантип жашайт? Бикамал Какен эки баласы менен акыркы беш жылдан бери Алматы облусунун Жамбыл районунун Узунагаш айылында бир бөлмөлүү үйдө жашап келет. Бикамалдын алты жана төрт жаштагы эки кызы бар. Кыздары төрт жылдан бери атасын көрө элек. "Атасы Кытайга кеткенде, кызым беш айлык ымыркай болчу. Эми тили чыгып, атасын көп сурай баштады". Читать дальше...
Бишкекте 1-апрелде Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) - Аялдар түзумүнүн колдоосу менен дизайнер Замира Молдошеванын зомбулукту жектөөгө багытталган мода көргөзмөсү өттү. Ага аймактардан келген 20 аял модель катары чыгышты. Алардын арасында зомбулукка дуушар болгон, ала качуу менен эрте турмуш курган аялдар бар. Иш-чара да зомбулукка каршы жазылган гимн да жаңырды.
Айрымдар “сыйкырдуу” деп кабыл алган көрүнүштү же окуяны түркөйлүктү ого бетер жайылтуу үчүн да колдонсо болот, андайдын сырын илим ача алат деген ураан астында чечмелесе да болот. Элмурат Кочкор уулунун кезектеги блогуна назар салыңыздар. Менин диний түшүнүгүмдө диний эрежелер, негиздер дайыма акылдын, логиканын талабына жооп берүүгө тийиш. Эгерде акылды, логиканы чектеген, аны четтеткен кандайдыр бир түшүнүктү четке кагуудан коркпоо, тескерисинче аны эр жүрөктүк менен жасоо шарт. Бул оюмду... Читать дальше...
АФК мелдештерин тейлөөгө жооптуу болгон ата мекендик футбол адистери бири беттештерге комиссарлык кылса, дагы бири калыстардын ишин көзөмөлгө алат.
Түркмөнстандын улуттук акчасынын куну үстүбүздөгү жылдын башынан бери кескин түшүп кетти. Кара базардагы баалар 1 АКШ долларына карата 40 манатка жетип, январь айынан бери дээрлик 50 пайызга төмөндөгөндүгү кабардалды. Түркмөн эмгек мигранттары тарабынан Түркиядан которулган акчанын азайышынан улам манат бир нече айдан бери оор кырдаалга кептелип келген. Январь айынын ортосунда кара базарда түркмөн манатынын наркы 1 АКШ долларына карата 27 же 28 манаттын тегерегинде бааланып жаткан. Бирок акыркы... Читать дальше...
Жаркын Суран кызы Темирбаева (1955–2021) – Кыргызстандагы таанымал укук коргоочу, журналист, публицист, коомдук ишмер айым эле. 66 жашында дүйнө салган Жаркын Темирбаеванын сөөгү бүгүн (4-апрелде) өз айылында жерге берилет. Анын кичүү кесиптеши Тынчтыкбек Чоротегин эскерет. Жаркын эжеке!.. Атына заты жарашкан мээримдүү эжекем! Сиз тууралуу суук кабарды укканыма ишенгим келбейт турат!.. Жаркын Суран кызы Темирбаева эжекебиз апрелдин (чын курандын) 3үндө 66 жашында дүйнө салгандыгы тууралуу кабар келип... Читать дальше...