2-апрелде АКШ Капитолийин кайтарып турган эки полиция кызматкерин автоунаа сүзүп кетип, бирөөсү каза болду. Ал эми полициячыларды бычак менен коркуткандан кийин машиненин айдоочусу атып өлтүрүлдү. Кол салуу учурунда АКШ Конгрессинин мүчөлөрү отурумда болгон эмес. Полициянын билдиришинче, кол салууну дароо эле террорчулукка байланыштыруунун зарылдыгы болгон жок. Полициячыларды сүзгөндөн кийин автоунаа демейде сенаторлор жана кызматкерлер өтүп жүрчү коопсуздук бекетинин жанындагы тосмого барып урунган. Читать дальше...
Кыргызстандын бийлиги коңшулар менен чек ара маселелерин чечүү иштерин тездетерин билдирип, Өзбекстан менен бул жаатта протоколго кол коюлганын жарыялады. Эки өлкөнүн ортосундагы соңку макулдашуулар жана аракеттердин мааниси кандай? Алдыда Тажикстан менен чек ара маселелери качан, кандай шартта чечилиши мүмкүн? Студиянын коноктору - Кыргызстандын Британиядагы мурдагы элчиси, дипломат Бактыгүл Каламбекова, коомдук ишмер Досбол Нур уулу, өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев... Читать дальше...
Орусиядагы 30 чакты укук коргоочу өлкөнүн Акыйкатчысы Татьяна Москалькованы абактагы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды тез арада көрүп чыгууга үндөштү. Бул тууралуу «Мемориал» укук коргоо борборунун интернет барагында 2-апрелде жарыяланды. Билдирүүнүн авторлору Навальныйдын оор акыбалы, медициналык жардамдын жоктугу жана уйкусуздуктан жапа чеккендиги жөнүндө абактан келип түшкөн кабарлар олуттуу тынчсызданууну жаратарын белгилешет. "Аны ошол жерде акырындык менен өлтүрүп жатышкандай таасир калтырат", – деп жазылган билдирүүдө. Читать дальше...
АКШнын президенти Жо Байден жума күнү (2-апрелде) Украинанын президенти Владимир Зеленский менен телефон аркылуу баарлашкандыгын Ак үйдүн интернет барагы шардана кылды. Байден өз маектешин Донбасста жана Крымда жүрүп жаткан орусиялык баскынчылык кезеңинде Украинанын эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн Вашингтон кыйшаюусуз түрдө колдойт деп ишендирди. АКШ президенти өз өкмөтү президент Зеленскийдин жемкорлукка каршы күрөшүүгө багытталган жана демократиялык баалуулуктарга негизделген реформаларды... Читать дальше...