Бишкек - Нарын - Торугарт жолунун Боом капчыгайындагы бөлүгүндө кооптуу таштарды кулатып, тазалоо иштери жүрүп жатканына байланыштуу 13-17-ноябрь күндөрү убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы кабарлады. Маалыматка ылайык, бул күндөрү жол саат 09:00 - 15:00 аралыгында бир тарапка ачык болот. Кыймылга Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери көзөмөлдөйт. “Кыргыз темир жолу” Боом аркылуу каттаган айдоочуларга кайрылып, мындай чектөөлөрдөн... Читать дальше...
Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 14-ноябрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде үшүк жүрөт. Түнкүсүн Ысык-Көлдүн тоолуу райондорунда кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз 11…16, Талас жергесинде түнкүсүн 0…-5, күндүз 9…14, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 1…6, күндүз 13…18, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -1…-6, күндүз 4…9, Нарын облусунда түнкүсүн -3…-8... Читать дальше...
Спортчу Жамалбек Асылбек уулу Арменияда өткөн самбо боюнча Дүйнө чемпионатында алтын медал утуп, чемпион болду. Дене тарбия жана спорт департаментинин маалыматына караганда, Асылбек уулу 88 килограммга чейинки салмакта күч сынашып, финалда казакстандык спортчу Койчубаев Эламанды жеңди. Финалга чейин Асылбек уулу төрт беттеш өткөрүп, гондурастык, түркмөнстандык, беларустук, армениялык атаандаштарын уткан. Асылбек уулунан сырткары Белек Бараканов (64 кг) күмүш, Болот Токтогонов (98 кг) менен Саяк Бараканов (64 кг) коло медалдарды утушту. Читать дальше...
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Бишкектеги “Айчүрөк” соода борборунун (ЦУМ) ээси Анвар Габбазовго (атайын кызматтын маалыматына караганда, ал фамилиясын Маметов деп өзгөрткөн) эл аралык издөө жарыяланганын билдирди. Мекеменин басма сөз кызматы 13-ноябрда тараткан маалыматка ылайык, ал Кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо” беренеси менен шек саналып, сыртынан айып тагылды. Атайын кызмат Анвар Габбазов маркум Камчы Көлбаевдин (Асанбек) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүн каржылоо... Читать дальше...
Президент Садыр Жапаров 13-ноябрда Бишкекте өтүп жаткан "Бирдиктүү эл – күчтүү өлкө” жалпы улуттук форумуна кайрылуу жолдоду. Кайрылууну иш-чаранын катышуучуларына мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов окуп берди. Анда Жапаров өлкө элинин ынтымагына басым жасап, ар бир жаран улутунан, дининен, төрөлгөн же жашаган аймагынан жана социалдык абалынан көз карандысыз бирдей укуктарга жана милдеттерге ээ экенин белгилеген. "Эгерде кайсы бир мамлекеттик кызматкер же кимдир бирөө өзүнүн даражасына... Читать дальше...
Жарандык активист Гүлжигит Исаковдун тарапташтары 13-ноябрда Бишкекте маалымат жыйын өткөрүп, президент Садыр Жапаровго, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылышты. Алар Исаковдун күнөөсү жоктугун айтып, үй камагына чыгарууну суранышты. Ошондой эле активисттин иши адилеттүү тергелбей, аны менен толук таанышууга мүмкүн болбой жатканын айтышты. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) “бийликти күч менен басып алууга аракет кылган” деген айып менен 5-июнда жарандык активист Гүлжигит Исаков... Читать дальше...
Кыргызстанда кызылча (корь) оорусу боюнча абал оор бойдон. Бул тууралуу 13-ноябрда Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, бул илдетке чалдыккандар 3618ге жетти, алардын эң көбү Бишкекте, Чүйдө жана Жалал-Абадда. Бул аймактарда вирус бала бакчаларда жана мектептерде эмделбеген балдар арасында активдүү жайылып жатканы белгиленди. Бейтаптардын 88% 10 жашка чейинки курактагы балдар. Ооругандардын 87% түрдүү себептен улам эмдөөдөн өтпөй калгандар. Кыргызстанда баласын... Читать дальше...
Абактагы саясатчы, Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровдун жээни Элмурат Калыбеков Улуттук копсуздук боюнча мамлекеттик комитетине суракка чакырылды. Бул тууралуу "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү Актилек Орозбеков "Азаттыкка" кабарлады. Анын сөзүнө караганда, Элмурат Калыбеков 21-сентябрда кармалган Замирбек Шамшидин уулунун иши боюнча көрсөтмө берери маалым болгон. Калыбеков Коопсуздук кызматына 13-ноябрда саат 15:00гө чакырылган. Элмурат Калыбеков "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын мүчөсү. Читать дальше...
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) көп жылдар бою Кытайдан импорттолуп келген товарларды ишкерлерден жана жарандардан мыйзамсыз тартып алуу менен алектенип келген, Кыргызстанда жана КМШ өлкөлөрүнүн аймагында туруктуу кылмыштуу схема түзгөн кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалганын билдирди. Маалыматка ылайык, "алар кримтөбөл, маркум Камчы Асанбектин (Көлбаевдин) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү". Алардан 385 миң доллар өлчөмүндө жабыр тартканын билдирген М. Г. аттуу жаран даттанган. Читать дальше...
Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин бир тууганы Болат Назарбаев 70 жашында дүйнөдөн кайтканын 13-ноябрда жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты. Ratel.kz агенттиги өз булактарына таянып, Болат Назарбаев 13-ноябрда, саат 9:28де каза болгонун жазды. Маалыматка ылайык, анын өмүрүн сактап калуу үчүн жасалган реанимациялык аракеттер жардам берген эмес. Болат Назарбаев ноябрдын башында саламаттыгы начарлап, Алматыдагы борбордук клиникага жаткырылганы маалым болгон. Басылмалар... Читать дальше...
Ош шаардык прокуратурасы “Классик” мейманканасынын жетекчисинин арызын текшере баштады. Бул туралуу 13-ноябрда шаардык прокуратурадан “Азаттыка” билдиришти. Маалыматка ылайык, “Классик” ЖЧКсынын директору Жаныбек Ажимаматов арыз менен Ош шаардык кеңешине кайрылып, өзүнө кысым болуп жатканын билдирген. Арызында ал 5-октябрь - шаар күнундөгү сый тамакты бекер өткөрүп берүү талабы коюлганын айтып, Ош шаарынын вице-мэри Замир Юсуповдун, мэрдин ошол учурдагы коомдук башталыштагы кеңешчиси Абдүшүкүр Жураевге каршы даттанган. Читать дальше...
Казакстандын мурдагы экономика министри Куандык Бишимбаев 31 жаштагы Салтанат Нукенованын өлүмүнө шек саналууда. Экс-министр 11-ноябрда Астана сотунун чечими менен "Киши өлтүрүү" беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында эки айга камалды. 12-ноябрдын кечинде ушул ишке байланыштуу Астанадагы "Гастро-борбор" деп аталган соода борборунун жетекчиси да "адам өлүмүн жашырган" деген шек менен кармалды. Астананын полиция департаменти маалымдагандай, келин аталган борбордогу ресторандардын биринде сабалган. Читать дальше...
Чоң-Кемин өрөөнүн дүйнөдөгү эң сейрек кездешкен жаныбар - ак илбирс байырлайт. 10-15 жыл мурун мыйзамсыз аңчылык күчөп, аймакта жапайы жаныбарларды кездештирүү дээрлик мүмкүн эмес эле. Азыр бугу-маралдарды көрүү көп деле кыйынчылык жаратпайт.
Бишкек-Ош жолундагы “Арал” постунда 12-ноябрда саат 20:00дөн тарта оор жүк ташуучу автоунааларга чектөө киргизилди. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, Бишкек - Ош автоунаа жолунда аба ырайы кескин өзгөрүп, Ала-Бел ашуусунда кар жаап, бороон күчөгөн. Министрликке караштуу №23 ишкана (ДЭП) ашууну кардан тазалоо жана кум-шагыл чачуу иштерин жүргүзүп жатканы кабарланды. Мнистрлик ашуулар кар экенин белгилеп, алыс жолго чыга турган айдоочулардан дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштырууну эскертүүдө. Читать дальше...
Палестиналык радикал ХАМАС тобу Газада барымтага алынган израилдиктерди бошотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү токтотконун жарыялады. Ага "Ал-Шифа" ооруканасына жакын аймактын аткыланышы себеп болгонун палестин аткаминерине таянып Reuters жарыялады. Ал аралыкта NBC News Ак Үйдөгү булактарына шилтеме кылып, Израил ХАМАС менен барымтадагы 80 аялды жана балдарды Израилдин түрмөлөрүндөгү аялдарга жана өспүрүмдөргө алмашууну сүйлөшүүгө аракет кылып жатканын жазды. Басылманын маектеши Израил канча адамды бошоторун ачыктаган эмес. Читать дальше...