Спортчулар таасири, ийгилиги, эл оозуна алынганы, резонанстуу окуялары жана кирешеси сыяктуу критерийлер боюнча бааланган.
Орусиянын баш калаасы Москвада коронавирусту жугузгандар көбөйүп жаткандыктан мектеп окуучулары 5-октябрдан 18-октябрга чейин эки жумалык каникулга тарайт. Тиешелүү буйрукка Москванын мэри Сергей Собянин кол койду. Адатта Орусиядагы мектептерде күзгү каникул бир жумага созулчу. «Санитардык дарыгерлердин сунушу менен, күзгү сасык тумоонун жана COVID-19га чалдыккандардын көбөйүшүнө байланыштуу окуучулардын күзгү каникулун эки жумага узартууну чечтим», деп айтылат Собяниндин Москва мэриясынын сайтында жарыяланган билдирүүсүндө. Читать дальше...
Премьер-министр Кубатбек Боронов Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык ыкчам штабдын 29-сентябрдагы жыйынында саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримовго жана анын статс-катчысы Калысбек Шадыхановго сөгүш жарыялады. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, министр менен статс-катчыга сөгүш «мамлекеттик сатып алуу боюнча тийиштүү көзөмөл жүргүзгөн эмес» деген негизде берилген. Бирок анда кайсы сатып алуу тууралуу сөз болгонун өкмөт так билдирген жок. Штабдын жыйынында коронавирустун... Читать дальше...
Франциянын президенти Эммануэл Макрон 29-сентябрда Беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановская менен жолукту. Литвада өткөн жолугушуудан соң Макрон Европа Беларустагы абалды жөнгө салууга жардам берерин билдирди. Ал журналисттерге сүйлөп жатып: «Биз европалыктар катары ортомчулукка жардам бериш үчүн болгон аракетти көрөбүз», - деди. Ал эми Светлана Тихановская француз президенти менен жолугушууда Беларустагы саясий кризисти жөнгө салууга жана саясий туткундарды бошотууга жардам бериш үчүн бардыгын кыла турганын билдиргенин айтты. Читать дальше...
30-сентябрда түнкүсүн Баткен облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоолуу аймактарында кар жаайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3…8... Читать дальше...
Ала-Букада милиция 33 жаштагы келиндин өлүмүн Жазык кодексинин «Өзүн өзү өлтүрүүгө жеткирүү» деген беренесинин негизинде иликтеп жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын өкүлү Шеркул Турганбаев билдирди. Анын айтымында, маркумдун сөөгү экспертизадан өткөрүлгөн, азырынча жыйынтык чыга элек. Окуя Баймак айылында 23-сентябрда эртең менен болгон. Келиндин асынган сөөгү сарайдан табылган. «Үйүнүн короосунда пресс жипке асынып алгандыгы жөнүндө маалымат милицияга келип түшкөн... Читать дальше...
Польшанын бийлиги «Ислам мамлекети» террордук тобу менен байланышта болгон деген шек менен беш тажик жаранын депортациялады. Алар мындан тышкары Польша аймагында теракт уюштуруш үчүн жергиликтүү тургундарды жана украин жарандарын азгырган деп шек саналууда. «Radio Poland» 28-сентябрда кабарлагандай, төрт тажик жараны майда кармалган, ал эми бешинчиси былтыр декабрда, Польша аймагынан чыгып кеткен маалда, эл аралык террорчулукка каршы уюмдардын жардамы менен колго түшкөн. Польшанын Ички коопсуздук боюнча агенттигинин маалыматына караганда... Читать дальше...
Канада менен Улуу Британиянын тышкы иштер министрлери Тоолуу Карабактагы абалга тынчсызданып, бирдиктүү билдирүү таратышты. Анда алар эки өлкөнү Тоолуу Карабактагы атышууну дароо токтотууга чакырышкан. Улуу Британиянын тышкы иштер министри Доминик Рааб жана анын канадалык кызматташы Франсуа-Филипп Шампан аймактагы калктуу конуштарга ок атылышына жана жайкын тургундар арасында каза болгондор бар экенине терең тынчсызданганын билдиришти. Эки өлкөнүн башкы дипломаттары абалды жөнгө салыш үчүн ЕККУнун... Читать дальше...
Диний көз караштар жаштардын тандоо мүмкүнчүлүгүнө кандай таасир этет? «Биз жана дин» түрмөгүн ушул темага арнайбыз.
Ондогон киши 29-сентябрда Талас шаарынын мэриясынын алдына чыгып, той-мааракелерди чектөөлөргө каршылык билдиришти. Алар «#Биз иштегибиз келет» деген жазууларды кармап турушту. «Азаттыктын» кабарчысы билдиргендей, акциянын катышуучулары шайлоодо үгүт иштери тоскоолдуксуз өтүп жатканын айтып, бирок той-мааракелерди чектөө туура эмес деген оюн ортого салышты. Алар чектөөлөргө байланыштуу жүздөгөн адам жумушсуз калганын белгилешти. Мэриядан алар менен жолугушууга эч ким чыккан жок. Пандемиядан улам Кыргызстанда бир катар чектөөлөр бар. Читать дальше...
Ноокатта коронавирус эпидемиясы башталган алгачкы күндөрү обсервацияда иштеп, өзү кийин ушул оорудан улам комага түшүп калган дарыгер Мукарам Ураимова операцияга муктаж. Бул тууралуу 29-сентябрда «Азаттыкка» сиңдиси Минарам Ураимова билдирди. Анын айтымында, жогорку даражадагы дарыгер Ураимова 7-апрелде жергиликтүү оорукананын инфекциялык бөлүмүнө жаткырылган. 25-апрелде эс-учун жоготкон бойдон дээрлик жарым жылдан бери өзүнө келе элек. «37 жыл иштеген, жогорку категориядагы дарыгер. 10-апрелден бери мурду менен тамактанат. Читать дальше...
Германиянын канцлери Ангела Меркел бул өлкөдө дарыланып жаткан орусиялык оппозиционер Алексей Навальныйдын абалынан кабар алган. Бул тууралуу германиялык басылмалар жазып чыгып, кийинчерээк Навальный да, немис канцлеринин кеңсеси да ырастады. Германиянын канцлери Ангела Меркел Берлиндеги “Шарите” клиникасында дарыланып жаткан орус оппозиционери Алексей Навальный менен тымызын жолугушканын “Der Spiegel" басылмасы жазып чыкты. Журналисттер Меркел мындай «адаттан тыш ишараты менен немис өкмөтүнүн... Читать дальше...
Резонанстуу билдирүүлөрү менен талкууга түшкөн «Чоң Казат» партиясынын талапкерлер тизмесинде кимдер бар? 2020-жылдагы парламенттик шайлоого салыштырмалуу жаңыдан түзүлүп, катышып жаткан бир нече партия бар. Алардын ичинен резонанстуу билдирүүлөрү менен талкууга түшүп, өзүн оппозициячыл күч атаган «Чоң Казат» партиясы. «Манас» эпосундагы душмандарга каршы эпикалык түшүнүктү саясий максатта колдонгусу келген партиянын курамында кимдер бар, программасы эмнени камтыйт деген суроолорго жооп алууга аракет кылдык. Читать дальше...
Турпаты Ала-Тоону, кымыз жыттанган кыргызды элестеткен ажайып комуз тууралуу баян.
Марко Тровато 2018-2019-жылдары өткөн бир катар беттештердин жыйынтыгын манипуляциялаган деп айыпталууда.