Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы шаарда Кытайдан алынган гранттын эсебинен салынган автожолдор кайра оңдолуп жатканын билдирди. Маалыматка караганда, 43 көчө оңдоп-түзөлүшү керек болчу. Анын ичинен 24 участокто түзөтүү иштери аяктады. Калган көчөлөрдө жумуш октябрь айынын аягына чейин бүткөрүлөт. Жалдануучу ишкана (подрядчик) негизинен жолдордун жээгиндеги бордюрларды, ирригациялык түйүндөрдү жана тротуарлардын таман таштарын (брусчатка) алмаштырат. Андан тышкары жолдун жаракаларын толтуруп, кудуктарды оңдоп, жол белгилерди түшүрөт. Читать дальше...
Шайлоого аттанган партиялар элдин добушун алууга аракет кылып, шайлоочуларды №2 форма деп аталган документ менен өздөрүнө ыңгайлуу шайлоо тилкелерине каттаганга аракет кылып жатат. Бул үчүн алар элдин паспорт көчүрмөсүн чогултуп, акча да сунушташууда. Ошондой эле жол салып берүү сыяктуу башка да убадалар менен элдин добушун алууга аракеттер жасалууда. Мындай иштерде бийликке жакын партиялардын аттары аталып жатат. Паспорт чогултуу, элдин добушун сатып алуу аракеттери тууралуу “Азаттыктын” иликтөөсүн... Читать дальше...
11-сентябрда Кыргызстанда түнкүсүн тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Баткен облусунда жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы... Читать дальше...
Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда туруктуу авиакаттамды кайрадан калыбына келтирүү маселеси чечилди. Бул тууралуу 10-сентябрда «Азаттыкка» Жарандык авиация департаментинин жетекчиси Курманбек Акышев билдирди. Анын айтымында, учактар алгач жумасына эки жолу 17-сентябрда каттай баштайт. Сентябрдын экинчи жарымында Өзбекстанга да учактар туруктуу негизде каттай баштамак болду. «Казакстан менен туруктуу каттам 17-сентябрда ачылат. Астана-Алматы-Бишкек каттамын азырынча жумасына эки жолу деп жатабыз. Читать дальше...
Орусиялык оппозиционер, германиялык клиникада жаткан Алексей Навальный комадан чыгарылгандан кийин эсине келди. Бул тууралуу «The Insider», «Bellingcat» жана «Der Spiegel» өз булактарына таянып жазышты. Маалыматтарга караганда, Навальный ууланууга чейин болгон бардык окуяларды, Томскиден Москвага бараткан учакта өзүн жаман сезгенге чейин эмне болгонун эстеди. Булактардын айтымында, бейтапка жакындарын коё бере башташты, бирок ал эсине келгени белгилүү болгондон кийин ооруканада кайтаруу күчөтүлдү. Читать дальше...
Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили Орусияны анын өлкөсүн «жаманатты кылууга», стратегиялык өнөктөштөрү менен болгон мамилелерине көлөкө түшүрүүгө жана калк арасында Батышка каршы маанай түзүүгө «дагы бир аракет кылды» деп күнөөлөдү. Анын алдында орус медиасында «Грузия Еврошаркеттин өтүнүчү менен өз аймагында Жакынкы Чыгыштан келген качкындар лагерин жайгаштырууга макул болду» деген маалымат тараган. Президент мындай «калп» маалыматты жосунсуз жорук катары баалады. Орус маалымат каражаттары... Читать дальше...
UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов турнирдин жүрүшүн өзү көрүп отурду. Ага Кыргызстандын атынан үч мушкер катышкан.
Сербия өкмөтү жарым жыл бардык эл аралык аскердик машыгууларга катышууну токтотууну чечти. Айдын экинчи жарымында Беларуста «Славян агайындар 2020» деген машыгуу башталмакчы. Серб коргоо министри Александр Вулин 9-сентябрда чечим Европа Биримдигинин катуу басымы астында кабыл алынганын айтты. «Шаркет «Беларус менен биргелешкен иш-чарага катышпагыла» деп талап кылып, андай болбосо биздин болочок мүчөлүгүбүзгө терс таасир тийерин эскертти», - деди министр. Брест шаарында өтчү машыгууга Беларус, Орусия жана Сербия катышмак. Читать дальше...
“Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы Борбордук шайлоо комиссиясын (БШК) соттон утуп алып, шайлоого катышууга расмий катталды. 3-сентябрда Боршайком «талапкерлерин аныктоодо эреже бузган» деп таап, «Бүтүн Кыргызстанды» каттоодон баш тарткан. Партия БШКнын мындай кадамын «саясий чечим» катары баалап, Бишкектин административдик сотуна арызданган. Сот отуруму 9-сентябрда саат 11де башталып, дээрлик он сааттай созулду. Сот имаратынын жанында “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын ондогон тарапкерлери “акыйкат чечим” деп кыйкырып турушту.
Медициналык жардам жана дары-дармек саясатын уюштуруу башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Нургүл Ибраева 10-сентябрда коронавирусту дарылоо боюнча 4-протоколдун үчүнчүсүнөн айырмачылыгы тууралуу маалымат берди. Анын сөзү боюнча, бул протоколдо пневмониянын коду бекитилди – U07.2. Андан тышкары ооруканада жана үйдө дарылоо деп экиге бөлүндү. Ошондой эле декстаметазон жана интерлейкин дарылары бейтаптарга консилиумдун негизинде колдонулсун деген чечим чыгарылды. «Төмөнкү алгоритмдер иштелип чыкты: 1. Читать дальше...
Араванда «Биримдик» партиясынын талапкерлеринин жыйынына мугалимдердин катышканы талкууга түштү. 8-сентябрда «Биримдик» партиясынын талапкерлери Өмүрбек Бакиров, Шүкирилло Файзуллаев жана Жалалиддин Нурбаев Араван районуна караштуу Алля Анаров атындагы айыл өкмөтүндөгү мектеп жана бала бакча кызматкерлерин чогултуп, жыйын өткөргөн. «Биримдик» партиясынын тизмесинде Өмүрбек Бакиров 30-орунда, Жалолиддин Нурбаев 69-орунда, Шукирилло Файзуллаев 74-орунда турат. «Өз эркибиз менен келдик» Жолугушууга келгендер мектеп директорлору... Читать дальше...
Лейлек районунун Жаңы-Жер айылынын тургуну, кыргыз-тажик чек ара тилкесинде жашаган 80 жаштагы Махмуд Бабажанов президент Сооронбай Жээнбековго укугун коргоп берүүнү сурап кайрылды. 10-сентябрда «Азаттык» радиосуна билдиргенине караганда, 6-сентябрда чек арада аны тажик күч кызматкерлери кармап кетип, ушу тапта Гафуров райондук ооруканасында кармап турушат. Бабажановдун айтымында, буга чейин АКШдагы уулунан ага автоунаа белекке келген. Машине жарандыгы тажикстандык байбичесине катталган, бирок... Читать дальше...
Мамлекеттик ишмер, академик Жамин Акималиев комузчулук, обончулук, ырчылык өнөрү аркылуу да таанымал. Ал айтылуу Муса Баетов, Атай Огомбаев, Бектемир Эгинчиев баштаган чыгаан өнөрпоздорду көрүп, шыктанып, алардын өнөрлөрүн даңазалап келет. Акималиев бала кезде жолуккан ошол даңазалуу таланттар, алардын мураска калтырып кеткен чыгармаларынын азыркы тагдыры, комузга куштарлыгы тууралуу сыябан маек куруп, ырдап берди.
Кыргызстанда соңку бир суткада COVID-19 илдетинен каза болгондор катталган жок. Бул тууралуу 10-сентябрда коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб кабарлады. Штабдын ушул эле күнкү маалыматына караганда, илдетке чалдыккан 71 бейтап жаңы катталды. Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматованын айтымында, алардын эң көбү Баткен облусунда – 19 адам: «Бишкек шаарында 15, Ош шаарында бир, Чүй облусунда төрт, Ош облусунда беш, Талас облусунда төрт, Ысык-Көл облусунда сегиз, Жалал-Абад облусунда 15 адам катталды». Читать дальше...
Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абиров шаардык кеңештин 15 депутаты парламенттик шайлоого катышып жаткандыгын 10-сентябрдагы кезексиз жыйында айтты. Алар: Нуржан Тынымсеитова, Кубанычбек Конгантиев, Сайдахмат Исмаилов, Алмазбек Уланов, Жанарбек Алымов, Бактыбек Абдиев, Казыбек Эргешов, Асылбек Кадралиев, Гүлнара Молдобаева, Мийзамидин Калыков, Аскарбек Күрүчбеков, Бакыт Шайдуллаев, Наталья Кулматова, Увазарбек Адылбеков жана Талантбек Жамгырчиев. Жогорку Кеңештин 120 депутаттан турган... Читать дальше...
Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков 9-сентябрда Москва шаарында өзбекстандык кесиптеши Абдулазиз Камилов менен жолукту. Кыргызстандын тышкы саясат мекемеси тараткан маалыматка ылайык, эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери Кыргызстан менен Өзбекстандын чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо иштерин жыйынтыктоо иштерин талкуулашты. Маалыматта экономикалык алакага жана чек арадагы маселелерге көбүрөөк көңүл бурулганы айтылат. 27-августта Ташкентте Кыргызстандын вице-премьер-министри... Читать дальше...
Ош облусунда жол кырсыгынан эки адамдын өмүрү кыйылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, окуя бүгүн 10-сентябрда Кара-Суу районунда болгон. Кызыл-Кыштак айылынын Осмонов көчөсүндө Daewoo Nexia автомашинасынын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып, бакты сүзгөн. Натыйжада машинанын ичиндеги 25 жаштагы бир эркек каза болуп, дагы ушул эле курактагы төрт адам жараат алган. Алардын бири ооруканага жетпей, жолдо үзүлгөн. Куткаруучулар каза болгон адамдын сөөгүн машинадан чыгарып, жабыркагандарды ооруканага жеткиришти.
Кыргызстанда доллардын курсу жогорулап кеткендиктен Улуттук банк жыл башынан бери кезектеги онунчу интервенцияны жасады. Өлкөнүн негизги банкы 9-сентябрда 6 млн. 600 миң долларды сатыкка чыгарды. 10-сентябрга карата расмий курс 79 сом 8 тыйын деп аныкталды. Ушул тапта жеке менчик банктарда бир доллар 78 сом 60 тыйындан 78 сом 90 тыйынга чейин сатып алынып, 79 сомдон 79 сом 30 тыйынга чейин сатылууда. 2016-жылдан бери туруктуу бойдон 69 сомдун тегерегинде кармалып келген АКШ доллары быйыл 10-мартта үч сомго кымбаттап... Читать дальше...
Баткен облусунда тажикстандык жарандан 2,6 килограмм героин алынды. Баңгизаттарды мыйзамсыз сатууга каршы күрөшүү кызматы маалымдагандай, Тажикстандын 38 жаштагы жаранынын автоунаасынан ак түстөгү күкүм табылган. Соттук-химиялык экспертиза анын героин экенин аныктаган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Маалыматта баңгизат качан алынганы тууралуу айтылган эмес. (ZKo)
Мындай пикирин АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео шаршембиде билдирди. Ал радиого курган маегинде: "орусиялык саясатчынын ууланышы Кремлден түшкөн буйрутма болушу мүмкүн" экенин айтты. Помпео бул орусиялыктар өтө өкүнүчтүү окуя болгонун баса белгиледи. Алексей Навальный жаңы, коркунучтуу затка ууланганын, бул "Новичок" деген ат менен белгилүү уудан бир канча эсе кооптуу экенин Германиядагы "Die Zeit" басылмасы да ишенимдүү булактарына таянып, жазды. Басылма уу атайын кызматтардын лабораториясында... Читать дальше...
Ички иштер министрлиги алдамчылык үчүн шектүү катары издөөгө алынган кыргызстандык жаран Данияр Ибраевди алып келүүгө даярданууда. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) маалыматы боюнча, Ибраевдин үстүнөн арыз менен бир нече курулуш компаниясынын өкүлдөрү кайрылган. Жалпысынан ал жети курулуш компаниясын 507,3 млн. ашуун сомго алдап кеткен деп шек саналууда. Жети эпизод тең Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 2014-беренеси («Ири өлчөмдөгү алдамчылык»)... Читать дальше...
Шайлоонун алдында эки партиядан утулуп калышы Борбордук шайлоо комиссиясынын абройуна кандай таасир этет? Саясат талдоочу Орозбек Молдалиев ой бөлүшөт.
Америкалык «Оскар» киноакадемиясы «Эң мыкты фильм» наамын ыйгарууга байланыштуу жаңы талаптарды киргизди. Билдирүүдө талаптар «расалык, сексуалдык жана башка азчылыктардын өкүлдөрүнө экранда адилеттүү орун берилишин» камсыздай тургандыгы маалымдалган. Ага ылайык, башкы же экинчи пландагы ролду кара терилүү, азиат, латын америкалык, Жакынкы Чыгыштын же жалпы эле башка бир расалык же улуттук топтун өкүлү ойноого тийиш. Актерлордун 30% аялдар, расалык же этникалык жана башка азчылыктардын өкүлдөрү, мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар болушу шарт. Читать дальше...
Германиядагы «Die Zeit» Алексей Навальный жаңы, коркунучтуу затка ууланганын жазды. Ишенимдүү булактарына таянган басылма уу атайын кызматтардын лабораториясында жасалышы мүмкүн экенин белгилеген. Басылма жазгандай, немис бийлиги саясатчынын чай ичкен чынысына же чайына уу чачылган болушу ыктымал экенин айтышууда. Иликтөөдө Навальный суу ичкен желим бөтөлкөнүн оозунан жана саясатчынын колунан уунун калдыктары табылган. «Die Zeit» «кылмышкерлердин планы боюнча Навальный Томскиден Москвага жеткенче көз жумууга тийиш болгон... Читать дальше...