5-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо карга айланат. Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13…18, күндүз 24…29; Талас өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 23…28; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 13…18... Читать дальше...
Кыргызстанда соңку айларда жол кырсыктары көп катталууда. Жыл башынан бери жол кырсыктарынан 300дөн ашуун адам каза тапкан. Алардын бири атасын жоготкон Эстебес Куланов “Азаттыкка” кайрылды.
Түркмөнстанда COVID-19дун симптомдору байкалган бейтаптардын катары калыңдап, ооруканалар толуп калганы кабарланууда. «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматы билдиргендей, баш калаа Ашхабадда соңку үч аптадан бери эпидемиологиялык абал начарлап, COVID-19га окшош оорудан кайтыш болгон адамдар көбөйдү. Бул маалыматты атын атын атагысы келбеген дарыгерлер да ырасташкан. Алардын айтымында, дарыгерлер карантин аймактарында эки жума тынымсыз иштөөгө, жеке коргонуу каражаттарынын өз чөнтөгүнөн сатып алууга аргасыз болуп жатышат. Читать дальше...
Коронавирус инфекциясы менен күрөш боюнча республикалык штабдын жана Саламаттык сактоо министрлигинин айрым кызмат адамдарынын шалаакылыгына байланыштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) сотко чейинки териштирүү иштерин жүргүзүүдө. Мындан тышкары Финполиция дары саткан фармацевтикалык ишканалардын кызыкчылыгын жана мамлекеттик келишимдер үчүн зыяндуу корутундуларды көз көрүнөө эле жактоодогу коррупциялык иш-аракеттер жана мамлекетке ири же өзгөчө... Читать дальше...
Жогорку Кеңеш бюджетти колдоо үчүн Евразия өнүктүрүү банкынан 100 млн. доллар өлчөмүндө насыя алуу тууралуу макулдашууну жактырды.
1-сентябрдан 2-октябрга чейин «Азаттык» радиосунун «Санжыра» радиосу аркылуу эфирге чыгуу жадыбалы убактылуу өзгөрдү.
Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда балдар арасында Кавасаки синдрому катталбаганын билдирип, элди дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды.
Түркиянын саламаттык сактоо министри өлкөдө коронавирус эпидемиясынын биринчи толкунунун экинчи фазасы башталганын айтты. Өзгөчө борбор калаа Анкарада коронавирусту жуктуруп алгандардын саны көбөйүп жатканына токтолду.