Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган республикалык күзгү көргөзмө ачылат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Маданий саамалык 26-октябрда саат 14:00дө башталды. Жазуучуга арналган көргөзмө эки бөлүктөн турат. Биринчиси - Айтматовдун чыгармаларынын негизинде жасалган, инсандык масштабын ачып берген эмгектер, экинчиси - жазуучунун чыгармачылыгына түздөн-түз тиешеси бар... Читать дальше...
Балыкчы шаарында алдамчылыкка шек саналган уюшма кылмыш тобунун лидери кармалды. Бул тууралуу "Азаттыкка" облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады. Маалыматтарга караганда, кылмышка шектүү атайын операцияда жок кылынган кримавторитет Камчы Көлбаевдин классташы жана досу болгон. Кармалган адам 49 жаштагы Б.Б. аттуу Балыкчы шаарынын тургуну. Ал тууралуу милицияга шаардын дагы бир тургуну үч миллион сомдон ашык материалдык зыян келтиргенин айтып кайрылган. "Алынган маалыматтарга ылайык, кармалган... Читать дальше...
Израилдин армиясы ЦАХАЛ билдиргендей, 26-октябрга караган түнү Газа тилкесинде аскерлердин катышуусунда танктар менен атайын рейд жүрдү. Маалыматка караганда, алар "ХАМАС радикал тобунун уюктарына, алардын инфратүзүмдөрүнө чабуул коюшту". ЦАХАЛ тараткан билдирүүдө операция "согуштук аракеттердин кийинки баскычына даярдыктын алкагында" өткөрүлгөнү айтылат. Рейддин соңунда жоокерлер Израилдин аймагына кайтышты. Андан тышкары ЦАХАЛ Газа тилкесине абадан сокку урууну улантып жатат. ХАМАС көзөмөлдөгөн... Читать дальше...
Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнүн тергөө изоляторунда кармалып турган шектүү өз жанын кыйды деген маалымат берди. Мекеме “Азаттыкка” билдиргендей, 50 жаштагы шектүү 24-октябрда Кылмыш-жаза кодексинин 158-беренесинин негизинде, жашы жете элек кызга сексуалдык ыдык көрсөтүүгө шек саналып кармалган. Ошол күнү таңкы саат 4төр чамасы Токмок шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Саат "8:45 чамасында ал жалгыз калган камерада өз жанын кыйган". Читать дальше...
Жогорку Кеңештеги оппозициячыл "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров 26-октябрда эртең менен Бишкектеги Мирсаид Миррахимов атындагы улуттук кардиология жана терапия борборуна которулду. Бул тууралуу "Азаттыкка" аталган фракциядан билдиришти. Буга чейин анын адвокаты Мадумаровдун саламаттыгы начарлап кеткенин, ооруканага жаткырлышы керектигин билдирген. Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда 18-октябрда Мадумаровго козголгон кылмыш ишине байланыштуу алдын ала соттук угуу жабык өткөн. Читать дальше...
Бүгүн 25-октябрда Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кезектеги жыйынынын жыйынтыгында 14 документке кол коюлду. Алар көп тараптуу соода-экономикалык кызматташтык программасын жүзөгө ашыруу иш-чаралары боюнча баяндама, уюмдун ишин уюштуруу, бюджети жана каржылык эрежелери, уюмга мүчө өлкөлөрдүн темир жол мекемелеринин иш-чаралар планы, тышкы экономикалык жана тышкы соода ишмердигине жооптуу мекемелердин санариптик соода чөйрөсүндөгү кызматташуу келечегин изилдөө демилгеси боюнча документтер. Читать дальше...
26-октябрда Ош шаарынын Масалиев проспектисинде курулуп жаткан көп кабаттуу үйдө бир жумушчу экинчи кабаттан кулап түшкөнү белгилүү болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги куткаруучулар 29 жаштагы адамды алып чыгып, “Тез жардам” кызматына өткөрүп бергенин билдирди. Абалы канааттандырарлык деп бааланууда. Куткаруучулардын бири "Азаттыкка" билдиргендей, жумушчу лифт коюлуучу жайдан кулап, жер төлөгө түшүп кеткен. 4-октябрда Ош шаарындагы Курманжан Датка көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн лифти түшүп кетип, бир киши каза болгон. Читать дальше...
Баткен шаарында 1999-2000-жылдардагы окуяларда аскердик милдетин аткарып жатып курман болгон жоокерлерди эскерүүгө жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мекеме-ишканалардын жетекчилери, коогалаңдын катышуучулары, маркумдардын үй-бүлөлөрү жана шаар тургундары катышты. Эстеликке гүлчамбар коюлуп, куран окулуп, каза болгондордун эрдиктери баа жеткис экени белгиленди. Ушундай эле эскерүү иш-чаралары облустун район-шаарларында да өткөрүлүүдө. 1999-2000-жылдардагы Баткен окуясында өлкөнүн бүтүндүгүн коргоого 6 миңдей жоокер тартылып... Читать дальше...
АКШнын Мэн штатындагы Льюистон шаарында куралчан кишинин ок атуусунан кеминде 22 кишинин өмүрү кыйылып, 50дөн ашууну түрдүү жараат алды. Кылмышка шектүү азырынча кармала элек. Полиция элди этият болууга жана көчөгө чыкпоого чакырды. Шектүүнүн тек-жайы такталган, ал 40 жаштагы Роберт Кард болуп чыкты. Полиция анын курал кармап турган сүрөтүн жарыялады жана өтө коркунучтуу кылмышкер катары сыпаттады. Ок атылганы тууралуу полицияга Schemengees ресторанынан жана Sparetime Recreation болуниг-холлдон маалымат түшкөн. Читать дальше...
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынында “Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан” темир жолун куруу долбоору боюнча маселе көтөрдү. “ШКУга мүчө мамлекеттердин транспорттук системасын өркүндөтүү эл аралык транзиттик жүк ташуулардын кошумча көлөмүн тартууга жана мамлекеттерибиздин ортосундагы соода жүгүртүүнүн олуттуу өсүшүнө шарт түзөт. Бул багытта “Кытай - Батыш Азия - Европа” маршруту боюнча Чыгыш менен... Читать дальше...
Бишкекте Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын жыйынында Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкекте эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү борборун түзүүнү сунуштады. Ал бул тууралуу 26-октябрда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясындагы жыйында айтты. "Бүгүнкү күндө ШКУ дүйнөнүн динамикалуу өнүгүп жаткан аймагы. Уюмга мүчө өлкөлөрдүн жалпы калкынын саны 3,3 миллиарддан ашуун адамды же дүйнө элинин 42%дан ашыгын түзөт", - деди Жапаров. Читать дальше...
ЖИА бизнес ассоциациясы президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоп, ишкерлердин камалышына байланыштуу камтамачылыгын билдирди. Уюм мамлекет башчынын ишкерлерди жана инвесторлорду коргоо убадасын эстетип, бизнес чөйрөнү биротоло чочутуп албоого чакырды. Мунун алдында бир нече курулуш компанияларынын жетекчилери жана башка тармакта иштеген ишкерлер “кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштырууга” айыпталып, удаа кармалган. Алардын иши атайын операция учурунда өлтүрүлгөн кримтөбөл Камчы Көлбаев менен байланыштырылууда. Читать дальше...
Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) тергеп жаткан кылмыш иштин негизинде атайын операцияда атып өлтүрүлгөн кримтөбөл Камчы Көлбаевдин (Камчы Асанбек) акчасына сатылып алынды деген 15 асыл тукум жылкы аныкталганын билдирди. Мекемелер аралык баалоо комиссиясы аттардын жалпы баасын 79 790 000 деп эсептегенин маалымдады. "Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун аталган мүлктөрү кийин аукциондо сатуудан түшкөн каражаттар мамлекеттик бюджетке кайтарылат",-деп жазылган маалыматта. УКМК ушул айдын... Читать дальше...
АКШнын Мэн штатындагы Льюстон шаарында куралчан адамдын кол салуусунан кеминде 22 адам мерт болуп, 50дөн ашык тургун жараат алды. Полициянын маалыматына караганда, ок чыгарган адам кармала элек, мындан улам аталган штаттагы экинчи чоң шаардын тургундарын этият, сак болууга, коопсуз жерден чыкпай турууга чакырды. Полиция кылмышка шектүүнүн тек-жайы такталганын, ал 40 жаштагы Роберт Кард экенин билдирип, анын курал кармап турган сүрөтүн жарыялады. Ок атылганы тууралуу полицияга Schemengees... Читать дальше...
Жогорку Кеңештин 26-октябрдагы жыйынында депутат Сүйүн Өмүрзаков Бишкек шаарындагы билим берүү, соода жайларына жана мамлекеттик мекемелерге бомба коюлганы тууралуу жалган маалымат берип, жарандарды, күч органдарын убара кылып жаткандар тууралуу маселе көтөрдү. Ал президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, жарылуучу зат жөнүндө жалган маалымат бергендерди аныктоо, жазалоого байланыштуу кандай иштер жасалганы жөнүндө маалымат берүүнү өтүндү. Ошондой эле "телефон террорчуларына" жаза күчөтүү зарыл болсо... Читать дальше...
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, соңку тогуз айда Орусияда эмгектенген кыргызстандык мигранттардын саны дээрлик 180 миңге жакын же 30% кыскарды. Ал эми миграциялык каттоого тургандардын саны 60% азайган.
Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында 26-октябрда Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйыны башталды. Ага Беларустун премьер-министри Роман Головченко, Ирандын вице-президенти Мохаммад Мохбер, Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов, Кытайдын мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян, Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин, Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода, Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов, Түркмөнстандын министрлер... Читать дальше...
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган ХАМАС радикал тобун "террордук" деп атаган өлкөлөрдү сынга алды. Ал түрк парламиентинде сүйлөп жатып, бул топту "өз жерин жана өз жарандарын коргоо үчүн күрөшүп жаткан можахеддердин боштондук тобу" катары сыпаттады. Эрдоган ошондой эле Израилге сапарын токтотуп койгонун билдирди. Түрк президенти Анкара Тель-Авив менен алака-катышын биротоло жөнгө салууну ниеттенип жүргөнүн, бирок Израил "мындай жылуу мамиледен ашкере пайдаланып, өз кезегинде жооп катары тиешелүү кадамдарга барбаганын" белгиледи. Читать дальше...
Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров 25-октябрда жер мунапысын ишке ашырууга байланыштуу түзүлгөн мекемелер аралык жумушчу топтун кеңешмесин өткөрдү. Анда бул маселени иликтеген комиссия буга чейинки жасалган иштин жыйынтыгы тууралуу маалымат берди. "Жыйында Абдыкадыров Бишкектин аймагында буга чейин мыйзамсыз делген, бирок ошол жер тилкесинде жашап жана ээлик кылып жаткан бардык жарандардын жер тилкелери тезинен мыйзамдаштырылып, алар жер укугуна ээ болушу керектигин белгиледи",- деп жазылган маалыматта. Читать дальше...
Кыргызстандын Вашингтондогу элчилигинин алдында АКШдагы активисттер 25-октябрда "Кемпир-Абад иши" менен камалгандарды эркиндикке чыгарууну талап кылган акция өткөрүштү. Чогулгандар “Кемпирабадчыларга боштондук”, “Соттордун көз карандысыздыгы үчүн” деген сыяктуу жазуулары бар кагаздарды көтөрүп турушту. Активисттердин бири Айдар Раев “Азаттыкка” билдиргендей, акцияга ондон ашуун киши чыкты. Алар ошондой эле кыргыз бийлигинен көз карандысыз маалымат каражаттарына басымды, журналисттерди куугунтуктоону токтотууну... Читать дальше...