2023-жылдын январь-сентябрь айларында ички дүн продукт (ИДП) 808 млрд. сомду түзүп, былтыркы жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 4,2% жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдиришти. Өсүш товардык өндүрүш, кызмат көрсөтүү тармактары жана салыктар тарабынан камсыздалды. ИДПнын түзүмүндөгү эң чоң үлүш (52% жакын) өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу кызмат көрсөтүүчү тармактарга туура келет. Ал 0,6 пайызга жогорулаган. Ал эми товар өндүрүү тармактардын үлүшү, тескерисинче... Читать дальше...
Өзбекстандын үч жараны буюртма менен адам өлтүрүү максатында Кыргызстанга мыйзамсыз келгенин 14-октябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) билдирди. Атайын кызматтын маалыматына караганда, "Альфа" түзүмүнүн жоокерлери Ойбек Каримбердиевди, Азамат Рустамовду жана Исламхан Абдулгаффаровду кармады. Тергөөнүн версиясы боюнча, "мыйзамдагы ууру" делген Камчы Асанбектин (Көлбаевдин) өлүмү үчүн өч алуу максатында "буюртма" алып, аны аткарууга келишкен. Кармалгандар 13-октябрда Өзбекстандын күч органдарына өткөрүлүп берилген. Читать дальше...
АКШнын Мамлекеттик департаменти жакынкы апталарда Азербайжан Армениянын түштүгүнө басып кириши ыктымал деп чочулайт. Бул тууралуу АКШнын депутаттар тобу менен жолуккан маалда Мамлекеттик катчы Энтони Блинкен билдирген. Сүйлөшүү 13-октябрда болгону айтылууда. Анда Блинкен Кошмо Штаттардын Өкүлдөр палатасынын мүчөлөрү менен сүйлөшкөн маалда Тоолуу Карабакта абалды талкуулап, Азербайжанга көрүлө турган ыктымал чараларды талкуулаган. Белгилүү болгондой, Азербайжандын акыркы чабуулунан кийин армяндардын көбү Тоолуу Карабакты таштап кетишкен. Читать дальше...
Израилдин армиясы Газа тилкесинин түндүк аймактарынын тургундарын коопсуз жайларга чыгып кетүү мөөнөтүнө алты саат кошту. Израилдин аскерлери жума күнү эртең менен палестиндерди эвакуациялоого 24 саат берген. ЦАХАЛдын Телеграм-каналы Газаны көзөмөлдөгөн ХАМАС кыймылынын каршы болгонуна карабай жай тургундар сектордун түндүк аймактарын таштап кетип жатканын ырастады. Израилдин аба күчтөрү Газанын аба мейкиндиги аркылуу үйлөрдү таштап кетүүгө чакырган баракчаларды таратууда. Газаны канча жай тургун... Читать дальше...
Жакында эле “Чет элдик өкүл” мыйзамынын долбоору биринчи окууда Жогорку Кеңештин тармактык эки комитетинде колдоо таап, 17-октябрда парламенттик угуу өткөрүү чечими кабыл алынды.Мындан улам бир катар укук коргоо жана бейөкмөт уюмдары “Чет элдик өкүл” мыйзамы боюнча билдирүү таратып, анын кесепети Кыргызстандын ар бир жаранына тиерин эскертүүдө. “Эже-сиңдилер” берүүсү жогорудагы мыйзамдын кабыл алынышы өзгөчө аялдар жана балдар укуктарын коргоого кандай таасирин тийгизиши мүмкүн? деген суроонун алкагында талкуу уюштурду.
15-октябрда Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. Абанын түнкү температурасы +4… +6°, күндүз +16…+ 18° жылуу болмокчу. Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +1 +6, күндүз +13 +18; Талас облусунда түн ичинде +1 +6, күндүз +10 +15; Баткенде түнкүсүн +1 +6, күндүз +14 +19; Ысык-Көлдө түнү +1 +6, күндүз +10 +15; Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +2 +7, күндүз +16 +21; Нарында түнкүсүн суук болуп, температура - 4 +1 болсо, күндүз +8 +13 жылуу болот. Читать дальше...
Бишкек мэриясы шаар тургундарына жылуулук качан бериле баштарын тактады. Маалыматка ылайык жылытуу мезгили абанын орточо температурасы беш күн катары менен +8 градустан төмөн болгондо башталат. Бишкек ЖЭБден жылуулукту берүү бир нече күнгө созулат. Биринчи кезекте мектептерге, бала бакчаларга, ооруканаларга, төрөт үйлөрүнө жана социалдык коргоо мекемелерине берилет. Андан кийинки кезекте жылуулукка карызы жок турак үйлөр, өнөр жай ишканалары жана мекемелер. Турак жайды туташтыруудан мурда көп... Читать дальше...
Москва Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин жабык жыйынында ХАМАСтын кол салуусу тууралуу ооз ачпастан, Израилдеги жана Газа тилкесиндеги ок атышууну тез арада токтотууга чакырды. Бул тууралуу Орусия даярдаган резолюциянын долбоору менен таанышып чыккан AFP жана Axios агенттиктери билдирди. Документте "жарандарга багытталган кандай гана зордук-зомбулук же аскердик аракеттер, бардык террордук актылар кескин айыптала турганы" айтылган. Документте бир апта мурда Израилге кол салган палестиналык ХАМАС тобу тууралуу сөз жок. Читать дальше...
Учурда Бээжинде иш сапар менен жүргөн Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррел Израилдин Газанын түндүгүндөгү 1,1 млн адамды эвакуация кылуу талабын "аткаруу такыр мүмкүн эместигин" белгиледи. Би-Би-Синин маалыматында он миңдеген жай тургундар Израил жердеги операциясын баштарын жарыялагандан кийин Газанын түштүгүн карай качууда. "24 саатта миллион адамды жайгаштырган абалды элестетип көрсөңүз, гуманитардык каатчылык гана болушу мүмкүн", - деген Боррел. Ал Израил жай... Читать дальше...
Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча Жогорку Комиссарынын өкүлү Равина Шамдасани Кыргыз Республикасынын бийлигин "чет элдик өкүл жөнүндө" мыйзам долбоорун четке кагууга чакырды. Билдирүү 13-октябрда Жогорку Комиссардын сайтында жарыяланды. Анын айтымында, мыйзам кабыл алынса, ал коомдук уюмдардын ишине терс таасирин тийгизип, сөз эркиндигин жана адамдардын биригүү эркиндиктерин чектейт. Муну менен жарандардын фундаменталдык укуктарына коркунуч туудурат жана олуттуу тынчсызданууларды жаратат. Читать дальше...
2023-жылдын январь-август айларында Кыргыз Республикасы чет мамлекеттерге 8,7 тонна алтын экспорттоп, анын баасы 545 миллион 170 миң долларды түздү. Бул 47,7 млрд сом. Мындай маалыматты Улуттук статистика комитети таратты. Жыл башынан берки сегиз ай ичинде Кыргызстан Швейцарияга - 7,15 тонна алтын сатып, андан 448 миллион доллар тапкан. Бул сатылган алтындын басымдуу бөлүгү. Мындан тышкары Кытайдын Гонконгуна 983 килограмм алтынды 60 млн долларга саткан. Бириккен Араб Эмираттарына сегиз айда... Читать дальше...
Талас облусунун аймагындагы Киров суу сактагычынан Казакстандын Жамбыл облусуна суу берүү башталды. Бул тууралуу коңшу мамлекеттин маалымат каражаттары Казакстандын суу ресурстары жана ирригация министри Нуржан Нуржигитовго шилтеме берип жазып чыкты. Казакстан менен Кыргызстандын акыркы өкмөттөр аралык кеңешинин 11-жыйыны Акылбек Жапаров менен Алихан Смаиловдун катышуусунда Тараз шаарында сентябрдын аягында өткөн. Анын маалында тараптар Киров суу сактагычынан суу берүүнү калыбына келтирүү жаатында макулдашууга жетишкен. Читать дальше...
Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиевдин маалыматында Кыргызстанда акыркы 15 жылда адамдардын орточо жаш курагы төрт жылга узарды. Бириккен Улуттар Уюмунун квалификациясы боюнча “улгайган адам” деп 60-65 жаш эсептелет. Кыргызстанда мындай курактагы адамдардын саны 378 миңге жетти, алар жарандардын жалпы санынын 5,4 пайызын түзөт. Калктын 4 пайызын 60 жаштан ашкандар түзсө, ал мамлекет “жаш мамлекет” деп эсептелет. Ал эми 4-7 пайызды түзсө “картайып бараткан” улут, 7 пайыздан көп болсо, ал улут “улгайган” деп эсептелет. Читать дальше...