Мы в Telegram
Добавить новость

В России отмечают 375-летний юбилей пожарной охраны

Команда «Рейнджерс» одержала победу над «Вашингтоном» со счетом 4:2

Панд Жуи и Диндин из Московского зоопарка снова сведут для продолжения рода

Эксперт Худалов спрогнозировал рекордные цены на золото из-за инфляции в США



World News in Kyrgyz
Ria.city


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Октябрь
2023

Новости за 11.10.2023

Azattyk.org 

Газада жападан-жалгыз электрстанциясы иштебей калды

Шаршембиде Газа тилкесинде суюк отундун тартыштыгынан жападан-жалгыз электрстанциясы токтоп калды. Израилден электрэнергия берүү ХАМАС радикал тобунун 7-октябрдагы кол салуусунан кийин үзгүлтүккө учураган. Газада электржарыгы дизел-генераторлордун жардамы менен гана берилүүдө, бирок ал запастар канча убакытка жетери белгисиз. Улуттар Уюмунун пикиринде, мындай абал гуманитардык кризиске алып келиши ыктымал. ХАМАСтын күчтөрү Израилдин түштүк жана борбордук бөлүктөрүн аткылоону улантууда. Жөөт армиясы жооп кайтырып... Читать дальше...

Azattyk.org 

Сиирт шеринеси: Чөлкөмдүн эгеменчил кыймылынын жана ооган кыргыз көчүнүн тарыхы баяндалды

Сиирт университетинде Түркия Республикасынын 100 жылдыгына жана Рахманкул хан жетектеген ооган кыргыздарынын Ван аймагына көчүнүн 41 жылдыгына арналган эл аралык илимий жыйын 6-октябрда жыйынтыкталды. Тарыхчынын блогу.   Кызыктуу илимий шерине 2023-жылдын 4–6-октябрында Түркиянын Сиирт шаарындагы Сиирт университетинде эгемен Түркия жумуриятынын 100 жылдыгына жана ооган кыргыздарынын тобунун Пакистандан Түркияга көчүп келишинин 41 жылдыгына арналган “Түркия жана түрк дүйнөсү” аттуу коомдук илимдер боюнча эл аралык симпозиум өткөрүлдү. Читать дальше...

Azattyk.org 

Израил - ХАМАС: Согуштун курмандыктары 2000ден ашты

Израил менен ХАМАС тобунун ортосундагы урушта набыт болгондордун саны 2000ден ашты. Алардын 1200ү Израилдин, 900дөн көбү Газа тилкесинин тургундары. Эл аралык басылмалардын эсебинде жарадарлардын жалпы саны 10 миңге жакындап баратат. Жүздөн ашуун адам ХАМАСтын туткунунда турат.

Azattyk.org 

Көлбаевдин иши боюнча эки киши кармалды

Израил менен ХАМАС тобунун согушунда набыт болгондор 2000ден ашты. БУУнун соңку маалыматына караганда, Газанын 263 миңдей тургуну жер которууга мажбур болду. Грек-рим күрөшү боюнча федерациянын вице-президенти Ахрор Иминов кармалды. Атайын кызмат ушул аптада Көлбаевге байланышы бар делген бир нече жаранды кармады. Кыргызстандын Министрлер кабинети Кытайдын жарандарына - Гонконг жана Макаонун тургундарына визасыз кирүүгө уруксат берди.

Azattyk.org 

Минск журналист Лосикти камоо менен эл аралык мыйзамды бузган деп табылды

БУУнун Негизсиз кармоолор боюнча жумушчу тобу Беларус бийлиги журналист Игорь Лосикти камоо менен адам укуктары жаатындагы эл аралык мыйзамдарды бузган деп тапты. Топ “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун журналисти “кесиптик ишмердигине, өз оюн билдирүү укугун ишке ашырууга байланыштуу” гана кармалган деген тыянакка келди. АКШда жайгашкан Freedom Now укук коргоо уюму 10-октябрда билдиргендей, мындай жыйынтык "Dechert LLP" эл аралык юридикалык фирмасы менен бирге жазылган петицияга жооп катары жасалган. Читать дальше...

Azattyk.org 

"Мегаком" компаниясын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы сатып алды

“Альфа Телеком” ишканасы (мурдагы "Мегаком", азыркы "MЕГА" мобилдик байланыш компаниясын) 11-октябрдагы аукциондун жыйынтыгында 14 млрд 800 млн сомго сатылды. Компаниянын 100% акциясын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы сатып алды. Бул тууралуу маалымат http://auctionetp.gov.kg сайтына жарыяланды. Буга чейин "Мегакомду" сатуу боюнча электрондук аукцион бир нече жолу жылып келген. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду муну аукционго катышууга арыз түшпөгөнү менен түшүндүргөн. “Мегакомго” ээлик кылган “Альфа... Читать дальше...

Azattyk.org 

Шаардык сот камактагы төрт өспүрүмдүн иши боюнча маалымат берди

Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы 11-октябрда акыйкатчы Жамила Жаманбаеванын төрт өспүрүм тергөө абагында камакта отурганы тууралуу билдирүүсүнө жооп берди. Мекеменин маалыматына караганда, ал балдар адам өлүмү менен коштолгон окуядан улам Свердлов райондук сотунун 31-августтагы чечими менен камакка алынган. Окуя 24-августта болгону, төрт өспүрүмдүн кол салуусунан бир адамдын өмүрү кыйылганы, алар бул кылмышты акчасын тартып алуу максатында алдын ала сүйлөшүп алып жасашканы, райондук соттун... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыргыз-орус өнөр жай кооперациясы боюнча 3,5 млрд долларлык келишимдерге кол коюлат

Бүгүн 11-октябрда Жалал-Абад шаарында өтүп жаткан “Кыргызстан менен Орусиянын өнөр жай кооперациясынын жаңы горизонттору” конференциясынын жыйынтыгында жалпы суммасы 3,5 миллиард долларлык келишимдерге кол коюлганы жатканын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. Конференциянын пленардык жыйынында сүйлөгөн сөзүндө кыргыз өкмөтүнүн башчысы Орусия Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрүнүн бири экенин, кыргыз тарап орусиялык жеке бизнес мамлекеттик өнүктүрүү институттары менен биргеликте... Читать дальше...

Azattyk.org 

Газадагы кырдаал: эки тараптан каза болгондор эки миңден ашты

Израил менен ХАМАС тобунун ортосундагы урушта набыт болгондордун саны 2000ден ашты. Алардын 1200ү Израилдин, 900дөн көбү Газа тилкесинин тургундары. Эл аралык басылмалардын эсебинде жарадарлардын жалпы саны он миңге жакындап баратат. Жүздөн ашуун адам ХАМАСтын туткунунда калууда. Карапайым эл тарткан азап Бириккен Улуттар Уюмунун эсебинде 260 миңден ашуун палестиналык – Газа тилкесинин калкынын ондон биринен көбүрөөгү үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болду. Буга чейин Израил өкмөтү Газа тилкесин толук блокадага алганын... Читать дальше...

Azattyk.org 

УКМК "Көлбаевдин өнөктөшү Боотаев кармалганын" маалымдады

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) "Каганат Resort" эс алуу борборунун тең негиздөөчүсү жана "Аврора Групп" ишканасынын ээси Азрет Боотаев 4-октябрда кармалганын 11-октябрда билдирди.  Мекеменин басма сөз кызматы ишкер Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренеси (Кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо)) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалып, камакка алынганын кошумчалады. Маалыматта Азрет Боотаев К.Асанбектин (Көлбаев) бизнес өнөктөшү катары иш алып барганы жазылган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Эстония Финляндия менен туташтырган газ куурунун бузулушун иликтөөдө

Эстония менен Финляндияны байланыштырган газ кууруна күч колдонуу менен атайлап зыян келтирилген. Бул тууралуу Эстониянын коргоо министри Ханно Певкур 11-октябрда билдирди. Министр кандай күч колдонулганы такталып жатканын кошумчалады. Бир күн мурда Финляндиянын премьер-министри Саули Ниинистө газ кууру бутага алынганын айткан. НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг маанилүү инфраструктурага сокку урулган болсо, альянс чечкиндүү жооп кайтарарын эскертти. Маселе 11-октябрда аскердик блоктун коргоо министрлеринин жыйынында талкууланмакчы. Читать дальше...




Azattyk.org 

Жаңы мыйзам көр сатуу көрүнүшүн тыябы?

Өткөн аптада Жогорку Кеңеште “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндөгү” мыйзам долбоору биринчи окуудан өттү. Демилгечилер мыйзам кабыл алынса, маркумду акыркы сапарга узатуудагы чыгымдар, убарагерчилик азайып, коррупцияга бөгөт коюлат деп ишендирүүдө. Маркумду жерге берүүдөгү убарагерчилик жана көптөгөн көйгөйлөр Кыргызстандын баш калаасы Бишкекте өзгөчө курч. Муну тартипке салган мыйзам жок экени көптөн бери айтылып келет. Депутат Марлен Маматалиев сунуштаган “Маркумду узатуу жана... Читать дальше...

Azattyk.org 

Акыйкатчы тергөө абагына камалган төрт өспүрүмдү бошотууга чакырды

Бишкекте ээнбаштыкка айыпталып жаткан төрт өспүрүмдүн камакка алынышына байланыштуу бүгүн 11-октябрда акыйкатчы Жамила Жаманбаева тынчсыздануусун билдирип, сот жана прокуратура органдарын балдардын укугун сактоого, аларды тергөө абагынан бошотууга үндөдү. Кылмыш-жаза кодексинин “Ээнбаштык” беренеси менен анча оор эмес кылмышка айыпталып жаткан 14-16 жаштагы төрт өспүрүмдү Бишкектин Свердлов райондук соту 26-ноябрга чейин камакка алуу чечимин чыгарганы белгилүү болду. Бирок, омбудсмен кеңсесинин маалыматына караганда... Читать дальше...

Azattyk.org 

Акылбек Жапаров жубайы 1 млрд 2 млн сом салык төлөгөнүн билдирди

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Фейсбуктагы баракчасына Кыргызстанда мындан ары криминал деген түшүнүк болбой турганын, өлкө өсүп-өнүгөрүн билдирди. "Чет өлкөдөн келген инвесторлор, карапайым калкыбыз, жөнөкөй бизнесмендерибиз үчүн Кыргызстан бейиштин төрүндөй эле болот. Демократия, сөз эркиндиги мындан да өркүндөйт. Криминал деген түшүнүк болбойт. Ар бир айылдагы мен "карамын" дегендерди эл өзүңөр жана жергиликтүү милиция жогорку бийликке жеткирип турсаңар болду. Калганы биздин ишибиз"... Читать дальше...

Azattyk.org 

Москванын метросунда эки поезд кагылышты

Москвада "Печатники" метро станциясында эки поезд кагылышты. Төрт киши, арасында машинист жабыркаганы кабарланды. Орус башкалаасынны мэри Сергей Собянин жүргүнчүлөр арасында "олуттуу жараат алгандар жок" экенин билдирди. Бир жүргүнчү медициналык жардам алды. "112" деген Телеграм-каналы кырсык болгон жерге 20 Тез жардам машинасы жөнөгөнүн маалымдады. Москванын Транспорт департаменти билдиргендей, "депого бараткан жүргүнчү ташыбаган поезд станцияда турган поездди сүзүп алган". "Люблино" жана... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кантта Орусиянын абадан коргонуу системасы үчүн беш гектар жер бөлүнөт

Канттагы орусиялык авиабазанын жанына абадан коргонуу бөлүкчөлөрүн да жайгаштырууга жол ачкан мыйзам 11-октябрда Жогорку Кеңеште дароо үч окууда бир добуштан колдоого алынды. Депутаттар ратификациялаган келишимге былтыр 16-августта Москвада кол коюлган. Ал «Кыргызстандын жана Орусиянын абадан кол салуудан коргонуунун бириккен аймактык системасын түзүү жөнүндө» деп аталат. «Бул документтин алкагында Орусия Кант шаарынын аймагындагы орусиялык авиациялык базанын районунда абадан кол салуудан коргонуу бөлүкчөлөрүн жайгаштырууну пландаштырууда. Читать дальше...

Azattyk.org 

Аба ырайы: тоолуу аймактарда жаан жаайт

12-октябрда түнкүсүн Кыргызстанда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Талас облусунун айрым жерлеринде, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаайт, бийик тоолуу райондордо карга айланат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27; Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -4…+1, күндүз 14…19; Талас өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 20…25; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 8…13... Читать дальше...

Azattyk.org 

Европарламент Өзбекстан боюнча резолюция кабыл алды 

Европарламент тышкы иштер комитетинин Өзбекстан боюнча даярдаган докладын карап, резолюция кабыл алды. Докладда былтыр Каракалпакстанда болгон кандуу окуялар сөз болуп, бери дегенде 21 киши мерт кеткени, 270тен ашууну жараат алганы, «кармалгандардын ырайымсыз мамилеге, кыйноолорго туш болгонун айтып бергени, курал-жарак негизсиз колдонулганы, тынч демонстранттарга каршы ашыкча чара көрүлгөнү» белгиленген. Өзбекстандын бийлиги өлкөдө жарандык коомдун 10 миңден ашык уюму иш алып барганын айтып келет. Читать дальше...

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин 12-октябрдагы сессиясы кийинки аптага жылды

Жогорку Кеңеш 12-октябрдагы Орусия президентинин Кыргызстанга расмий сапары жана 13-октябрда Бишкекте өтүүчү КМШнын мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына байланыштуу бейшембидеги жалпы отурумун кийинки жумага жылдырды. Буга депутат Жаныбек Кыдыкбаевдин сунушу негиз берди. "Эртең саммит, жолдор жабылат, өкмөттүн биздин жыйынга келип, суроолорго жооп берчү мүчөлөрү да бошобойт баары бир. Ошондуктан, эртеңки жыйынды келерки жумага жылдырып турсак", - деди Кыдыкбаев. Сунушту 66 депутат колдоп, 12-октябрдагы жалпы отурум жылды. Читать дальше...

Azattyk.org 

"Жаңгак өтпөйт, картөшкө арзан". Дыйкандын акталбаган чыгымы

Кыргызстанда акчанын күчү кетип жаткан чакта айрым жашылча-жемиштердин баасы кескин арзандап, дыйкандар мээнети акталбай калганына даттанууда. Ошол эле маалда дан эгиндеринин түшүмү жылдагыдан кыйла аз болду. Быйыл өлкөдөгү азык-түлүк коопсуздугу кандай? Кыргызстандын көпчүлүк аймактарындагы дыйкандар калемпир, помидор, картөшкө өңдүү жашылча-жемиштердин баасы кескин түшүп кеткенин кабарлап жатат. Мындан улам дыйкандар чыгымы акталбай, мээнети талаага кеткенин айтышууда. “Дыйкандын чыгымы... Читать дальше...

Azattyk.org 

Чет жактагы мигранттардын Кыргызстанга акча которуусу азайды

2023-жылдын январь-августунда чет жакта иштеген кыргызстандыктар мекенине 1 млрд 263 млн АКШ долларын которду. Бул тууралуу Улуттук банктын акча которууларга байланыштуу баяндамасында жазылган. Бул мурдагы жылдардын тиешелүү айларына караганда аз. Сегиз айлык эсептерди алсак, жеке жарандар 2020-жылы 1 млрд 465 млн долларды, 2021-жылы 1 млрд 736 млн долларды жана 2022-жылы 1 млрд 919 млн долларды Кыргызстанга жөнөтүшкөн. Быйылкы жылдын сегиз айындагы 1 млрд 263 млн доллардын 1 млрд 145 млн доллары Орусиядан келген. Читать дальше...

Azattyk.org 

Казакстан жер титирөөдөн жабыркаган Ооганстанга жардам жөнөттү

Казакстандын Чукул кырдаалдар министрлиги жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу үчүн Ооганстанга гуманитардык жардам жөнөтүлгөнүн билдирди. Маалыматка караганда, Улуттук гвардиянын учагы дары-дармек, чатырларды жетирип кетти. Азык-түлүк, кийим-кече, жууркан-төшөктөрдү темир жол менен алып барышат. Буга чейин Ооганстанга казакстандык 45 куткаруучу жана медицина кызматкери кеткени кабарланган. 10-октябрда Өзбекстан ооган элине 100 тонна жардам – ун, буудай, май, кесме, эт азыктарын, күрүч, шекер, чатыр... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыргызстан Кытайдагы Гонконг жана Макаонун тургундарына визасыз кирүүгө уруксат берет

Кыргызстандын Министрлер кабинети Кытайдын жарандарына - Гонконг жана Макаонун тургундарына визасыз кирүүгө уруксат берүүнү чечти. Чечим эки өлкөнүн ынтымагын жана дипломатиясын бекемдөө максатында кабыл алынганын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 11-октябрда "Кыргызстан - Кытай" достук коомунун "Бир кур, бир жол" демилгесинин 10 жылдыгына карата уюштурулган иш-чарада билдирди. Маалымат өкмөттүн сайтына 11-октябрда жарыяланды. Анда АКШ, Британия, Евробиримдиктин өлкөлөрүнө... Читать дальше...

Azattyk.org 

Өрт кырсыгынан эки жылда элүүдөй өмүр кыйылды

Быйыл жыл башынан бери Кыргызстанда 2,5 миңдей өрт кырсыгы катталып, 24 адамдын өмүрү кыйылды. Бул тууралуу 11-октябрда Жогорку Кеңеште “Өрт коопсуздугу жөнүндө” мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөр талкууланып жатканда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрт өчүрүү, алдын алуу башкармалыгынын башчысы Акылбек Расулов билдирди: “Акыркы эки жылда өрттүн кесепетинен 49 адам каза болду, анын 24ү быйылкы жылдын тогуз айында. Быйыл тогуз айда 2579 өрт кырсыгы катталды, анын чыгымы 9 миллиард сомго чукул сумманы түздү. Читать дальше...


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Вакантная задолженность. Кто будет выбивать долги вместо коллекторов

RT: Beribit составляет список возврата денег клиентам по неизвестным принципам

Получить разрешение на использование объектов животного мира стало проще в Подмосковье

Мы вас не больно зарежем!

Музыкальные новости

ТАСС: МИД России опубликовал корректную версию разговора Лаврова и Мухриддина

Овчинников: «Зенит» психологически не готов драться за титул РПЛ

В Ульяновской области объявили победителей зонального этапа фестиваля-конкурса «Культура – это мы»

Предприниматели из Химок станут участниками проекта «Мой Бизнес»

Новости России

"У него бомба!": Пассажиры на Боровицкой испугались мужчину с рюкзаком

RT: Beribit составляет список возврата денег клиентам по неизвестным принципам

Получивший российский паспорт хоккеист Лайпсик покинул петербургский СКА

Таджики недовольны "нарушением прав" Россией: Душанбе до сих пор ничего не понял

Экология в России и мире

Новые коллекции Gods Passion и Kolchuga

Продвижение новой музыки и ваших хитов на радио и в интернете

Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)

6 городов России, где можно увидеть белые ночи кроме Санкт-Петербурга

Спорт в России и мире

Прямая трансляция матчей Рыбакиной и Путинцевой за выход в 1/8 финала турнира в Мадриде

Россиянка Андреева стала рекордсменкой на турнирах WTA-1000

Медведев сыграет с Бубликом в Мадриде 

Андреева обыграла Паолини и вышла в 1/4 финала турнира WTA в Мадриде

Moscow.media

Google вложит 2 миллиарда долларов в дата-центр в Индиане

«1418»: выставка секции «Арт-фото» ТСХР в зале «Лаврушинский`15»

МИД Таджикистана вручил протестную ноту российскому послу

Европейские правозащитники подали очередную жалобу на ChatGPT











Топ новостей на этот час

Rss.plus






1 мая: какой сегодня праздник, что было в этот день

Лесной пожар ликвидировали в Луховицах

Получивший российский паспорт хоккеист Лайпсик покинул петербургский СКА

Авиалайнер из Москвы 1 мая прилетает в аэропорт Владивосток на 20 минут раньше