Мы в Telegram
Добавить новость

Актера Жерара Депардье обвинили в сексуальном насилии

РКН: «Википедия» по-прежнему не удалила 187 противоправных материалов

Певица Анна Семенович постройнела почти на килограмм во время болезни

В РФ утвердили правила получения статуса для художников-ювелиров



World News in Kyrgyz
Ria.city


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Октябрь
2023

Новости за 18.10.2023

Azattyk.org 

Орусиялык активист Лев Скорякин Кыргызстанда уурдалганы кабарланды

Орусиядагы "Солчул блок" кыймылынын активисти Лев Скорякинди Бишкекте белгисиз адамдар уурдап кетишти. Бул тууралуу "Новая газета Европа" басылмасы укук коргоочуларга таянып жазды. Агенттик алардын ысымдарын коопсуздуктан улам жарыялаган эмес. Маалыматка караганда, 17-октябрга караган түнү Скорякин жашаган жайга эки автоунаа менен он киши келген. Алар өзүлөрүн милициянын өкүлдөрү катары тааныштырып, активистти белгисиз тарапка алып кетишкен. Ушул маалда Скорякин кайда экени белгисиз. Скорякинге... Читать дальше...

Azattyk.org 

Мадумаровдун соту 30-октябрда уланат

18-октябрда Жогорку Кеңештеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровго козголгон кылмыш иши боюнча алдын ала соттук угуу Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда жабык өттү. Процесске анын адвокаттары гана киргизилди. Мадумаровго козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко өткөнү 10-октябрда белгилүү болгон. Кийинки отурум 30-октябрга белгиленди. Саясатчынын адвокаттарынын бири Юлия Богданова буга чейин ишке “жашыруун” деген гриф коюлгандыктан, эч кандай маалымат алууга мүмкүн болбой... Читать дальше...

Azattyk.org 

Евробиримдик: "Чет элдик өкүл" мыйзамы эркиндикти чектейт

Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү Жогорку Кеңештин айрым депутаттары сунуштап жаткан "Чет элдик өкүл жөнүндө" мыйзам долбоору өлкөдө сөз эркиндигин жана жарандык жигердүүлүктү чектейт деген тынчсыздануусун билдирди. Өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы кабарлагандай, Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү 17-октябрда аталган мыйзам боюнча өткөн парламенттик угууда Венеция комиссиясы жана Кыргызстандын жарандык коомунун көпчүлүк бөлүгү тарабынан айтылган орундуу тынчсызданууларга жана сунуштарга кошулат. Читать дальше...

Azattyk.org 

Казакстандын президенти Токаев Шинжаңга барды

Кытайда расмий сапар менен жүргөн Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 18-октябрда Шинжаңга барды. Бул анын өлкө башына келген 2019-жылдан берки Шинжаң-Уйгур автоном районуна жасаган алгачкы сапары. Президенттин администрациясы билдиргендей, Токаев Кытайдын Коммунистик партиясынын комитетинин катчысы Ма Синжуйга жолугуп, «аймактык кооперациянын актуалдуу суроолорун» талкуулашат. Ак ордонун маалыматында Шинжаңдагы казактардын маселеси көтөрүлөрү тууралуу эч нерсе жазылган эмес. 2017-жылдан бери Шинжаңда жүз миңдеген казак... Читать дальше...

Azattyk.org 

"Англиядан убакыттын, эмгектин, жашоонун баркын билдим"

Британияга сезондук иштерге барган эмгек мирганттары жылдан жылга көбөйүүдө. Келишимдин негизинде быйыл 2 миңдей кыргызстандык айыл чарба жумуштарына жөнөтүлгөн. Оштогу жарандык активист Мирбек Маматкасымга “Азаттыктын” кабарчысы Лондондун борборунан кезигип, Англиядагы иш тажрыйбасын сурады.

Azattyk.org 

"Бир алкак - бир жол" Кытайдын азгырган жана чочуткан долбоору

Ушул күндөрү Кытайдын борбору Бээжин шаарында “Бир алкак - бир жол” долбоорунун үчүнчү форуму өтүүдө. Бул форум “Бир алкак - бир жолдун” мааракелик 10 жылдыгына туш келди. Ага бир катар мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын башчылары катышууда. Кытай Кыргызстандын ири соода өнөктөштөрүнүн бири. Эки мамлекеттин биргелешкен бир катар долбоорлору бар. Бул форумга Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров барбай турганын Тышкы иштер министрлиги билдирген. Бээжиндеги форум 17-18-октябрда Бээжинде... Читать дальше...

Azattyk.org 

Ереван быйыл Баку менен тынчтык келишимине кол коюну көздөйт

Жогорку Кеңештеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери, камактагы Адахан Мадумаровго козголгон кылмыш иши боюнча баштапкы соттук угуу өттү. Газадагы “Ал-Ахли” ооруканасындагы кандуу калабада жүздөгөн кишинин өмүрү кыйылганын саламаттык сактоо мекемеси билдирди. Израил армиясы окуяга тиешеси жоктугун жарыялап, аны "Ислам жихады" радикал тобунан көрдү. УКМК атайын операцияда өлтүрүлгөн кримтөбөл Камчы Көлбаев жана экс-бажычы Райымбек Матраимов менен байланышта болгон 50дөй бажы кызматкери иштен бошотулганын маалымдады.

Azattyk.org 

Грузия парламенти президентке импичмент жарыялай албай калды

Грузиянын парламенти президент Саломе Зурабишвилини кызматтан кетире албай калды. Импичмент үчүн 86 депутат добуш берди. Ал эми президентти кызматтан кетирүү үчүн 100 добуш керек эле. Бийликтеги «Грузин кыялы» менен «Элдин күчү» партияларынан турган коалициялык көпчүлүк 85 гана депутаттан турат. Буга чейин оппозициядагы дээрлик баардык депутаттар импичментти колдобой турганын билдиришкен. 16-октябрда Грузиянын Конституциялык соту "президент Европага өкмөттүн уруксаты жок баруу менен Баш мыйзамды бузган" деп тапты. Читать дальше...

Azattyk.org 

Египет Газадан качкандарды кабыл алуудан расмий баш тартты

18-октябрда Египеттин президенти Абдел Фаттах ас-Сиси анын өлкөсү Газа тилкесинен мажбурлап чыгарылган палестин качкындарын кабыл албай турганын расмий жарыялады. Мындай билдирүүнү ал Германиянын канцлери Олаф Шольц менен чогуу курган маалымат жыйынында жасады. Ас-Сисинин эсебинде качкындар менен бирге Египетке радикал исламчылар да кирип кетиши мүмкүн. Ал качкындарды Израилдин түштүгүндөгү Негев чөлүнө жайгаштырууну сунуштады. Ас-Сиси ошондой эле Газадан качкандарды кабыл алса, ага каршы миңдеген египеттиктер көчөгө чыгарын жүйө кылды. Читать дальше...




Azattyk.org 

Ташкент Кош-Төбө каналына байланыштуу Ооганстанга өкмөттүк делегациясын жөнөтөт

Ооганстанда талибдердин өкмөтү куруп жаткан Кош-Төбө каналынын курулушу тууралуу сүйлөшүү үчүн Өзбекстандын өкмөттүк делегациясы Кабулга барат. Бул тууралуу Gazeta.uz басылмасы Сурхандарья облусунун башчысы Улукбек Касымовго шилтеме жасап кабарлады. Талибдер башында турган Ооганстандын өкмөтү 11-октябрда талаштуу Кош-Төбө каналынын узундугу 108 чакырымды түзгөн биринчи тилкесинин курулушу аяктап, экинчиси башталганын жарыялаган. Балх провинциясында өткөн салтанаттуу аземде тышкы иштер министринин... Читать дальше...

Azattyk.org 

Улуттук банк доллардын кымбатташы боюнча түшүндүрмө берди

Улуттук банк 18-октябрда Кыргызстандагы валюта базарындагы кырдаалга байланыштуу түшүндүрмө берди. Башкы банктын сайтына жарыяланган маалыматка ылайык, өлкөдө валюта базарында кырдаал туруктуу. Ички базар Кыргызстандын экономикалык өнүгүү тенденцияларына жана тышкы экономикалык жагдайларга байланыштуу өнүгүүдө. Акыркы убактарда өлкөнүн ички акча базарында чет элдик валютага суроо-талап өскөнү байкалып, бул валютаны алмаштыруу курсунун кескин өзгөрүүсүнө алып келди. Улуттук банк бул тенденция... Читать дальше...

Azattyk.org 

Мамдума Өзөктүк сыноолорго тыюу салган келишимдин ратификациясын жокко чыгарууну жактырды

Орусиянын Мамлекеттик Думасы экинчи жана үчүнчү окууда дароо Өзөктүк сыноолорго тыюу салган келишимдин ратификациясын жокко чыгарган мыйзам долбоорду 18-октябрда жактырды. 17-октябрда депутаттар биринчи окууда жактырышкан. Мамдуманын спикери Вячеслав Володиндин тапшырмасы менен иштелип чыккан документ парламентке 13-октябрда киргизилген. Ратификацияны артка кайтаруу демилгесин октябрдын башында Орусиянын президенти Владимир Путин көтөргөн. "Валдай" клубунун жыйынында ал Орусиянын өзөктүк доктринасын өзгөртүү зарылчылыгы жок экенин... Читать дальше...

Azattyk.org 

Газа: Ооруканадагы калабага ким жооптуу?

17-октябрдын кечинде Газадагы “Ал-Ахли” ооруканасында болгон кандуу калабада жүздөгөн кишинин өмүрү кыйылганын аймактын саламаттык сактоо мекемеси билдирди. Израил армиясы бул окуяга тиешеси жок экенин жарыялап, аны "Ислам жихады" радикал тобунан көрдү. Эл аралык коомчулук кандуу каргашаны айыптоодо, Кыргызстан гуманитардык укук бузууларды тезинен иликтөөгө чакырды.

Azattyk.org 

Алматыдагы консулдук: 15 жыл дайынсыз жүргөн жубайлар Кыргызстанга жөнөтүлөт

Кыргызстандын Алматы шаарындагы консулдугу 15 жылдан бери Казакстанда дайынсыз жүргөн Бакыт Рыскелдиев менен анын жубайы Элмира Токтосунованы Кыргызстанга жөнөтүү маселеси каралып жатканын билдирди. Башкы консул Назарали Арипов 16-октябрда “Азаттыкка” билдиргендей, учурда алар Алматы шаарында. “Азыр алар бул жакка келишти. Биз керектүү маалыматтарды алуу үчүн Чолпон-Ата шаарындагы калкты тейлөө борборуна өтүнүч жибердик. Жообу келери менен документ маселеси чечилип, Кыргызстанга кетишет”, - деди Арипов. Читать дальше...

Azattyk.org 

Москвада балдарын мектепке киргизе албай кыйналган мигранттар

Орусияда эмгек миграциясында жүргөн айрым кыргызстандык үй-бүлөлөр балдарын мектепке киргизүүдөн кыйналганына даттанууда. Сентябрдан бери убара тарткан ата-энелер айрым мектептерден "орун жок" деген жооп укканын билдиришти. Кыргызстандын Москвадагы элчилиги ушундай көйгөй менен кайрылгандар бар экенин, бирок баланы мектепке киргизүү үчүн эртерээк аракет кылуу зарылдыгын эскертүүдө. Элчилик соңку кезде балдарын ала кетип, мектепке бергендер көбөйгөнүн белгиледи. "Эки баламды мектепке киргизе алган жокмун" Он жылдан бери Москвада жашап... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыргыз-тажик чек арасынын дагы 13,98 чакырымы макулдашылды

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын дагы 13,98 чакырымы макулдашылды. Бул макулдашуу  12-18-октябрь күндөрү Тажикстандын Бустон шаарында кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстандын жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун жолугушуусунда кабыл алынган. Анын жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду. Бул тууралуу Министрлер кабинети билдирди. Тараптар эми калган тилкелер боюнча сүйлөшүүнү Кыргызстанда өтө турган жолугушууда улантышмакчы. Читать дальше...

Azattyk.org 

Үч адамдын өлүмүнө шектүү баштапкы көрсөтмөсүнөн баш тартууда

Бишкекте уул-кызы менен чогуу өлтүрүлгөн аял боюнча соттук териштирүү создугуп, айыпталуучу күнөөнү моюнуна алган баштапкы көрсөтмөсүнөн баш тартып жатканын бүгүн 18-октябрда Жогорку Кеңештин айым депутаттар форумунун кезексиз жыйынында маркумдун апасы билдирди. Парламенттин басма сөз кызматы маалымдагандай, 82 жаштагы Үрү Дүйшөбаева депутат айымдарга адилеттик издеп кайрылып, жардам сурады жана үч кишинин өлтүрүлүшү боюнча соттук отурум 9 айдан бери созулуп, чечим чыкпай жатканына нааразылыгын билдирди. Читать дальше...

Azattyk.org 

Газа ооруканасындагы каргашадан кийин бир катар мамлекеттерде нааразылык акциялары өттү

Газа тилкесиндеги ооруканада жүздөгөн адамдын өмүрүн алган 17-октябрдын кечиндеги каргашадан кийин Жакынкы Чыгыш мамлекеттеринде ири нааразылык акциялары тутанды. Окуя үчүн ХАМАС көзөмөлдөгөн Газанын Саламаттык сактоо министрлиги Израил армиясын күнөөлөдү. ЦАХАЛ дооматтарды четке кагып, аны “Ислам жихады” радикал уюмунан көрдү. Ливанда жүздөгөн демонстранттар Израил менен Америкага каршы ураан чакырып жатышты. Алар АКШ элчилигинин жанындагы имаратты өрттөп салышты. Полиция жаалданган топту таркатуу үчүн жаш чыгарчу газ чачты. Читать дальше...

Azattyk.org 

Тажик оппозициясынын өкүлү бийлик жакындарына басым жасоону улантып жатканын билдирди

Тажик оппозициясынын өкүлү Фарход Одинаев бийлик энесинен үйүндөгү электр жарыгын өчүрүп салганын билдирди. Соңку бир ай ичинде режимди сындагандардын жакындарына басым жасалган башка учурлар да болгон. Одинаев "Озоди" радиосуна билдиргендей, Гиссар шаарындагы электр энергиясы менен камсыздоочу компаниянын жумушчулары электр жарыгынын өчүрүлүшүнүн себебин түшүндүрө алышкан эмес. 47 жаштагы Фарход Одинаев Европадагы тажикстандыктардын укуктарын коргоо менен алектенип келет. Ал сентябрдын соңунда... Читать дальше...

Azattyk.org 

Таласта зомбулукка каршы жөө жүрүш өттү

Талас шаарында 18-октябрда зомбулукка каршы тынч жөө жүрүш өттү. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы маалымдады. Анда мектеп окуучулары шаар аралап, “Биз кылмыштуулукка каршыбыз”, “Зордук-зомбулуксуз жашоо” деген баракчаларды кармап басышкан. Жүрүшкө шаар жетекчилиги, билим берүү бөлүмүнүн жана шаардык милициянын кызматкерлери катышкан. Иш-чара соңунда милиция кызматкерлери зомбулук болгон учурларда кайдыгер карабай, милицияга билдирип, коом менен чогуу күрөшүү керектигин жана... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыргыз-кытай маданий борборлору маселеси парламентте суроо жаратты

Кытайда кыргыз, ал эми Кыргызстанда кытай маданий борборун ачуу боюнча мыйзам долбоору бүгүн 18-октябрда Жогорку Кеңеште суроо жаратты. Депутат Гуля Кожокулова Бээжинде кыргыз маданий борборун ачууга эмне үчүн жеке жактардын демөөрчүлүк жардамы тартылып жатканына кызыкты: “Өкмөт аралык келишимге кол коюлуп, баары мамлекеттик деңгээлде жасалып жатыптыр. А маданий борборду ачууга жеке жак тартылып жатканын кандай түшүнсөк болот? Себеби биз аталган келишимди ратификациялоо тууралуу мыйзамдын долбоорун талкуулап жатабыз да”. Читать дальше...

Azattyk.org 

Көмүрдүн баасына убактылуу мамлекеттик көзөмөл киргизилди

Экономика жана коммерция министрлиги Кыргызстанда көмүрдүн баасына үч айлык мөөнөткө убактылуу мамлекеттик көзөмөл киргизилгенин билдирди. "Көмүрдүн кымбаттап кетүүсүнүн алдын алуу, элди жеткиликтүү баада камсыз кылуу максатында Экономика жана коммерция министрлиги көмүр баасына 90 күндүк мамлекеттик көзөмөл киргизүүнү буйрук кылды", - деп жазылган маалыматта. Экономика жана коммерция министрлигинин 18-октябрда чыгарылган буйругу 25-октябрдан тартып күчүнө кирет. Ага ылайык, Монополияны жөнгө... Читать дальше...


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Получить разрешение на использование объектов животного мира стало проще в Подмосковье

К московскому общежитию РУДН приехали 5 пожарных машин после сообщения о взрыве

Таджикские гастарбайтеры с семьями требуют впустить их в Россию!

«Уральская молния». Фетисов о легендарной конькобежке Лидии Скобликовой

Музыкальные новости

6 городов России, где можно увидеть белые ночи кроме Санкт-Петербурга

Киркоров потратил 200 млн рублей на ремонт и золотые унитазы

Bloomberg: Вашингтон изучает вопрос запрета на импорт российского урана

Электрокроссовер Voyah Free получил новую версию для России. Ее представили в Москве

Новости России

Всего 1,18 млн рублей за новую Lada Vesta. В Белоруссии стартовали продажи Lada Vesta Black Line

Пятерых человек арестовали за грубые нарушения ПДД на Малой Бронной в Москве

Ряд категорий россиян освободили от комиссий при оплате коммуналки

«Комплексное повышение эффективности». Севастополь в числе «Умных городов» России

Экология в России и мире

Героическое участие армян в СВО. Часть третья

Продвижение Музыки. Раскрутка Музыки. Продвижение Песни. Раскрутка Песни.

Оксана Федорова представит премьеру фильма «Петербург Шаляпина и Рахманинова» на выставке-форуме «Россия»

Продвижение новой музыки и ваших хитов на радио и в интернете

Спорт в России и мире

Мирра Андреева обыграла Вондроушову в третьем круге турнира WTA в Мадриде

16-летняя теннисистка Андреева обновила рекорд турниров WTA-1000

Россиянка Полина Михайлова стала чемпионкой Франции по настольному теннису

Медведев обыграл Бублика и вышел в четвертьфинал "Мастерса" в Мадриде

Moscow.media

В Балакове "десятка" сбила двух женщин и девушку

Мрамор XXX. Пан и нимфа

В Евпатории появится уютный жилой квартал “Кубики”

Сотрудники спецподразделений столичного главка Росгвардии окончили обучение в Центре профподготовки в Подмосковье











Топ новостей на этот час

Rss.plus






«Уральская молния». Фетисов о легендарной конькобежке Лидии Скобликовой

Американский истребитель F-16 потерпел крушение в Нью-Мексико

Таджикские гастарбайтеры с семьями требуют впустить их в Россию!

Переезд с комфортом. Реновация в столице идёт полным ходом