Кыргызстандын Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кыргыз-тажик чек арасы боюнча 2-октябрда Баткенде өткөн жолугушуу тууралуу маалымат берди. Анда чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын кезектеги биргелешкен жыйыны өткөнү, аларды эки мамлекеттин Улуттук коопсуздук комитеттеринин башчылары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов жетектегени жазылган. Алар мамлекеттик чек ара сызыгы (тилкеси) өткөн жерди баяндап жазып чыгууну улантуу тууралуу тапшырма бергени маалыматта айтылат. Читать дальше...
Жалал-Абаддын тургуну Асель Сапарбаеваны шаардыктар ал өзгөчө технология менен бышырган нан аркылуу таанып калышты. Ал нанды муздак сууга жууруп, камыртурушка ачытып, бышырат. Жалгыз бой эне колу бошой калганда мейманканада ашпозчу болуп, такси да айдап, үч баласын чоңойтуп жатат. Келечекте чакан ишкердигин кеңейтсем деген тилеги бар.
Жалал-Абаддын тургуну Асель Сапарбаеваны шаардыктар ал өзгөчө технология менен бышырган нан аркылуу таанып калышты. Ал нанды муздак сууга жууруп, камыртурушка ачытып, бышырат. Жалгыз бой эне колу бошой калганда мейманкада ашпозчу болуп, такси да айдап, үч баласын чоңойтуп жатат. Келечекте чакан ишкердигин кеңейтсем деген тилеги бар.
“Демилгелүү ишкер айымдар” коомдук фонду Кара-Суу районунда жана Ош шаарында үй бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен, убагында билим ала албай калган аялдардын кесип үйрөтүүчү курстарга кирип, билим алуусуна көмөктөшөт. Аялдардын кесипке ээ болуп, балдарын багып кетүүсүнө жол көрсөтүшөт.
Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Саймумин Ятимов баштаган делегациялар 2-октябрда Баткенде жолугушту. Бул тууралуу маалыматты “Азаттыктын” жергиликтүү бийликтеги булактары ырастады. Ташиев менен Ятимов өз өлкөлөрүнүн Чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча комиссияларын да жетектешет. Мунун алдында президенттин маалымат саясаты бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси, Ташиевге жакын... Читать дальше...
Азербайжан бийлигинин өкүлдөрү менен Тоолуу Карабак аймагынын де-факто лидерлери 2-октябрда жикчил аймактын борбору Степанакертте жолугушат. Бул тууралуу азери жана орусиялыкмаалымат каражаттары жазышты. Бул этностук армяндардын«реинтеграциясы» тууралуу сүйлөшүүлөрүнүн төртүнчүсү айлампасы болуп калат. Ушул эле күнү Армениянын Коргоо министрлиги азери тарап армян аскерлерине тамак-аш алып бараткан автоунааны аткылаганын, жабыркагандар бар экенин билдирди. Азербайжан бул дооматты четке какты. Сүйлөшүүлөрдүн... Читать дальше...
2023-жылдын январь-август айларында Кыргызстандын бюджетине майнингден 55 млн 838 миң сом салык түштү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин бюджеттин сегиз айда аткарылышы тууралуу отчётунда маалымдалат. Бул багыттагы салыктын баары республикалык бюджетке гана түшкөн, жергиликтүү бюджеттерге берилген эмес. Жылдын алгачкы сегиз айында республикалык бюджеттин кирешеси жалпы 231 млрд 192 млн 578 миң сомду түзгөн. Мунун 165 млрд 328 млн сомдон ашыгыраагы салыктык киреше катары көрсөтүлгөн. Июлдун аягында “Азаттык” “Энергокризис... Читать дальше...
Бычакталып ооруканада жаткан Асель Ногойбаева мурдагы күйөөсүнүн зөөкүрлүгү туурасында укук коргоо органдарына бир канча жолу кайрылып, эч кандай чара көрүлбөгөнүн айтып чыкты. Берлинде тажик президенти Эмомали Рахмондун режимине каршы акцияга чыгып, анын автокербенине жумуртка ыргыткан оппозиция активисттеринин Тажикстандагы туугандары камалды. Орусиянын Амур облусунда мигранттарга каршы рейддер жүрдү. Жыйынтыгында тогуз мигрант депортацияланып, сегиз мигрант өз ыктыяры менен чыгып кетмей болду.
2-октябрь саат 19:00гө карата Бишкек шаарында тез татым түйүндөрүндө шаурмага ууланып ооруканага кайрылгандар 64кө жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы “Азаттыкка” билдирди. Уулангандардын 34ү ооруканага жаткырылды. Алардын экөө балдар экени мурдараак кабарланган. Ооруканага түшкөндөрдүн абалы салыштырмалуу канааттандырарлык деп бааланууда. Калгандары медициналык жардам алгандан кийин амбулатордук дарыланууга жиберилген. 1-октябрда Бишкектеги Чүй жана Сүйүнбаев... Читать дальше...
Тажик бийлиги өткөн аптада болгон Берлиндеги саммитте нааразылык акциясына чыккан жарандардын жакындарын камакка ала баштады. Оппозициялык "Тажикстандын улуттук альянсы" бул кармоолорду айыптап, аны "эл аралык кылмыш" деп сыпаттады. Расмий Дүйшөмбү окуя боюнча комментарий бере элек.
Өзбекстанда өкмөт йод жетишсиздигине каршы күрөш жүргүзүп жаткан кезде ондогон балдар уулануу белгилери менен ооруканаларга жаткырылды. Бул саламаттык сактоо тармагындагы бир жыл ичинде өлкөнү дүрбөткөн экинчи учур. Кышында Өзбекстанда 65 бала чет өлкөдөн ташылып келген сироптон каза тапкан. Бирок бул жолу өкмөттүн жоопкерчилиги кыйла айкын байкалууда. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин тун кызы жана башкы жардамчысы Саида Мирзиёева борбордон алыс ооруканада жаткан балдардан кабар алуу... Читать дальше...
Европада жашаган тажик оппозициясынын өкүлдөрү Берлинде нааразылык акциясын өткөргөндөн кийин мекениндеги туугандары бийликтен кысым көрүп жатканы белгилүү болду. 30-сентябрда жана 1-октябрда алардын Тажикстандагы үй-бүлө мүчөлөрү камалганы кабарланды. 29-сентябрда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Берлинге Германия-Борбор Азия саммитине келген учурда Европада жашаган тажикстандык активисттер акцияга чыгышкан. "Биздин аталарыбыз чыдаган болчу. Менин муунум чыдап келди. Жаңы муун чыдап жатат. Читать дальше...
Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Анталия шаарында мурдагы күйөөсү, Түркиянын жараны сабаган кыргызстандык келин тууралуу маалымат берди. Ага ылайык, жубайлар 2022-жылы декабрда ажырашкан. Соттун чечими менен ортодогу бала энеси менен калган. Келин соңку учурда сот аркылуу алимент өндүрүп алууга аракет кылып жүргөн. "Ушул жылдын май айында Башкы консулдук Э.Э. аттуу кыргызстандык келиндин маселелерин чечүү үчүн аны адвокат менен жолуктурган. Келиндин баласы (Түркиянын жараны) менен Кыргызстанга баруу маселесинде керектүү кеңеш берилген. Читать дальше...
Медицина жана физиология жаатындагы Нобель сыйлыгы быйыл венгриялык окумуштуу Каталин Карико жана америкалык илимпоз Дрю Вайсманга берилди. Сыйлык аларга РНКнын (рибонуклеин кислоталары) негизинде вакцинанын жаңы түрүн ойлоп тапканы үчүн ыйгарылды. Коронавируска каршы вакцина бул окумуштуулар ойлоп тапкан жол менен чыгарылган. "Дүйнө COVID-19 пандемиясын башынан өткөрүп, дагы башка эпидемиялар күтүп турган мезгилде, алардын эмгеги баа жеткис", - деп жазылат Нобель комитети тараткан билдирүүдө. Читать дальше...
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Бишкекте тамак-ашка жапырт ууланган окуядан улам шаардагы тез татым түйүндөрүнүн баарын текшерүүнү тапшырды. Маалыматты аталган министрликтин басма сөз кызматы ырастады. Мунун алдында шаарда шаурмадан уулангандардын саны 43кө жеткени белгилүү болгон. Учурда алардын 23ү ооруканада жатат, арасында эки бала бар. Бейтапканага түшкөндөрдүн абалы салыштырмалуу канааттандырарлык деп бааланууда. Калган 20 адам медициналык жардам алгандан кийин амбулатордук дарыланууга жиберилди. Читать дальше...
Бишкек шаарынын Свердлов районунун Широкая көчөсүнүн №5 дарегинде дөңгөлөктөрдөн чыккан өрттү өчүрүү уланып жатат, саат 16да жалын басаңдай баштаганы кабарланды. Бул ишке өрт өчүрүү кызматтарынан беш күжүрмөн топ тартылганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлады. Мындан сырткары өрт чыккан жерде 40тай милиция кызматкери, электр тармагындагы адистерден бир бригада иштеп жатат. Аларга Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун адистери жардам берүүдө. Буга кошумча Бишкек шаардык суу чарба кызматынан эки суу ташыган машина тартылган. Читать дальше...
Ош шаардык милициясынын имаратынын алдында ыйлап отурган кыздын видеосу 2-октябрда социалдык тармактарга тараган. Видеодо кыз 17 жашта экенин, таксист ага тийишкенин айткан. Милицияга ыдык көргөнү тууралуу айтуудан тартынып, таксиде телефонун уурдатып жибергени тууралуу арыз жазганын кошумчалаган. Милиция кызматкерлери телефону анын өзүндө экенин көрүп, арызын кабыл албай койгонуна нааразылык билдирген. Видеону жарыялагандар окуя түнкү саат 3төр чамасында болгонун жазган. Шаардык милициянын... Читать дальше...
АКШнын эл аралык өнүгүү агенттиги (ЮСАИД) Кыргызстандагы китепканаларга балдар үчүн басылган 68 680 китеп таратат. Аталган уюмдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү тараткан маалыматка ылайык, бул "Окуу керемет!" долбоорунун негизинде ишке ашып жатат. "Жаңы китептер ЮСАИДдин "Окуу керемет!" долбоорунун негизинде түрлүү жанрлардагы 1,5 миңдей китеп жазган 80 жергиликтүү автордун жана 35 иллюстратордун биргелешкен эмгегинин жемиши. Китептер үй-бүлө жана достук, сый-урмат, көп түрдүүлүктү таануу сыяктуу баалуулуктарды камтыйт... Читать дальше...
29-сентябрда Берлиндеги акцияга чыккан тажик оппозициясынын чет жактагы өкүлдөрү алардын Тажикстандагы туугандарын коопсуздук органдарынын өкүлдөрү кармап, суракка алганын билдиришти. Бул тууралуу "Озоди" радиосу жазды. Оппозиция активисттери Германия+Борбор Азия саммити өтүп жаткан маалда акцияга чыгып, Эмомали Рахмондун режимине каршы ураандарды чакырышып, анын автокербенине жумуртка ыргытышкан. Европада жашаган активист Шарофиддин Гадоев "Озоди" радиосуна билдиргендей, 1-октябрдын таңында... Читать дальше...
Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти коомдук транспорт үчүн тилкени туура эмес жерден кесип өткөн унааларга айып пул салынарын эскертти. Бул тууралуу маалымат мэриянын сайтына жарыяланды. Анда белгиленгендей, бөлүнгөн тилкелерде коомдук транспорттон башка автотранспорттордун киришине тыюу салган тиешелүү жол белгилери орнотулган. Линиядан башка жакка бурулуу үчүн да тиешелүү жерлер мерчемделген. Аны бузуп, туура эмес жерден линияга киргендерге да административдик чаралар каралган. Читать дальше...
Арменияда бир катар коомдук жана саясий күчтөр бийликтен Жамааттык коопсуздук келишим уюмунан (ЖККУ), Евразия экономикалык биримдигинен (ЕАЭБ) жана Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинен чыгып, Евробиримдикке мүчөлүккө арыз тапшырууну талап кылышты. Мындай билдирүү 1-октябрда Ереванда өткөн Көз карандысыздык форумунда кабыл алынганын "Азаттыктын" армян кызматы жазды. Форумдун катышуучулары армян бийлигинин Эл аралык кылмыш сотунун Рим статутун ратификациялоого болгон даярдыгын кубаттап, аны токтоосуз ишке ашырууга үндөштү. Читать дальше...
Польшанын баш калаасы Варшавада 1-октябрда оппозициянын тарапташтарынын "Миллион жүрөктүн маршы" деп аталган акция өттү. Шаар бийлигинин эсебинде, демонстрацияга миллионго жакын адам чогулду. "Жарандык платформа" оппозициячыл кыймылы уюштурган митингдин катышуучулары ак-кызыл желектерди көтөрүп, Варшаванын борбордук аянтын жана көчөлөрдү ээлешти. "Мен жүз миңдеген жылмайган жүздөрдү көргөндө мекенибиздин тарыхында өзгөрүү күндөрү жакындап калганын сезип турам", - деди "Жарандык платформанын" башчысы Дональд Туск. Читать дальше...
Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков Бишкек шаардык соту менен Бишкектин Ленин райондук сотунун судьялары кармалган окуя тууралуу комментарий берди. Ал "Кабар" улуттук маалымат агенттигиндеги маегинде судьяларды коррупциядан оолак болууну эки ирет эскерткенин, сот тармагы "ыплас, кылмышкер судьялардан" арылышы керектигин билдирди. "Мен ушул жылдын 26-августунда кайталап, экинчи жолу сотторго "таза болгула, адилеттүү, акыйкат чечим чыгаргыла" деп эскертүү бергем. Буга коомчулукта туура эмес пикир айткандар болду. Читать дальше...
Сокулук районунун Селекция айылында күйөөсү бычактаган Асел Ногойбаевага убагында медициналык жардам көрсөтүлбөгөнүн анын юристи Индира Саутова 2-октябрда маалымат жыйында билдирди. "Окуя таңкы саат 7:30-8:00 чамасында болсо, милиция кызматкерлери жарадар келинди ооруканага 10до жеткирип, ага биринчи жардам көрсөтүлгөн. Бул убакыт ичинде Асел каза болуп калышы толук мүмкүн эле. Тез жардам чакырса нөөмөт алмашып жатканын айтып, Сокулукка алып баргыла дешкен. Мындан улам “Тез жардам” кызматкерлеринин... Читать дальше...
Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков Бишкекке жакын Селекция айылында мурдагы күйөөсү бычактап, кулак-мурдун кескен Асел Ногойбаеванын окуясы тууралуу комментарий берди. Ал "Кабар" улуттук маалымат агенттигине курган маегинде кылмышка шектүүгө буга чейин зордуктоо беренеси менен эки кылмыш иши козголгонун, биринчи иш жабырлануучунун арызы менен кыскарып, экинчи иште судья аны пробациянын негизинде бошотконун белгиледи. Базарбеков ал судьянын жоопкерчилиги каралышы керектигин айтты. Ошондой... Читать дальше...