Мы в Telegram
Добавить новость

В УФПС по НАО рассказали, кто чаще всего шлет посылки сам себе

Москвичей 29 апреля ожидает малая облачность и до 20 градусов тепла

«Лепестковое растепление» позволило южным птицам переселяться в Арктику

Кулинарный блогер Эрбис объяснила, какие блюда можно улучшить с помощью сахара



World News in Kyrgyz
Ria.city


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Октябрь
2023

Новости за 24.10.2023

Azattyk.org 

Иранда хижаб үчүн кармалган Армита Гераванддын "мээси өлгөнү" кабарланды

Тегеранда хижаб кийүү эрежесин бузган деп адеп-ахлак полициясы кармагандан кийин комага түшкөн 16 жаштагы Армита Гераванддын "мээси өлгөнүн" ирандык медиага шилтеме менен АКШнын CNN телеканалы маалымдады. Tasnim кабар агенттиги Гераванд жаткан оорукананын дарыгерлери өспүрүмдүн өмүрүн сактап калууга аракеттеништи, бирок "анын мээси өлгөнүн аныкташты" деп жазды. Ирандагы укук коргоочулар кызды быйыл 1-октябрда Тегеранда метро станциясынын жанынан хижабсыз жүрөт деп кармап кетишкенин билдиришкен. Читать дальше...

Azattyk.org 

Ноокат: Маданият үйүнүн жери кимге кеткен?

Ош облусунун Ноокат райондук Маданият үйүнүн жетекчилиги жеке жактарга сатылып кеткен 57 сотых жерин кайтаруу үчүн төрт жылдан бери соттошууда. Маданият үйүнүн айланасындагы бак-дарак кыйылып, жери четинен сатыкка кетип жатканы маалым болду.

Azattyk.org 

Кыргызстанда кызылча жуккан балдар көбөйдү

ХАМАС радикал кыймылы барымтадагы эки улгайган аялды бошотту. Буга чейин аталган топтун туткунунда 200дөн ашык израилдик бар экени кабарланган. Жыл башынан бери Сириядан Кыргызстанга 49 аял, 105 жашы жете элек бала кайтарылды. Алар бир нече айлык реабилитациядан кийин үйлөрүнө жиберилди. Нарында соодагерлер патент системасын калтырууну талап кылууда. Бүгүн шаардын борборунда базарда соода кылган ишкерлер акцияга чыкты.

Azattyk.org 

ДССУ Газанын ооруканаларына жардам жеткирүү үчүн ок атпоого чакырды

Израил менен ХАМАС радикал тобунун 18 күндөн бери уланып келаткан согушу эки тараптан 7 миң 200дөн ашуун кишинин өмүрүн кыйды. Бул тууралуу шейшембиде "Рейтерс" агенттиги маалымдады. Газа тилкесинде жана Иордан дарыясынын батыш жээгинде 5 миң 886 палестиналык каза тапканын Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. Маркумдардын 5 миң 791и Газанын, калган 95и батыш жээктин тургундары. Анклавда 16 миң 297 киши жарадар болду. Израилдин Саламаттыкты сактоо министрлиги 18-октябрда жаңжалда 1 миң 400 израилдик набыт болгонун кабарлаган.

Azattyk.org 

ХАМАС барымтадагы эки улгайган аялды бошотту

Израил армиясы - ЦАХАЛ шейшембиге караган түнү Газа тилкесинде экстремисттердин 400дөн ашуун жайына сокку урганын билдирди. Газанын бийлиги эки аптадан бери уланып жаткан аба чабуулдарынан 5000дей адамдын өмүрү кыйылганын билдирди.

Azattyk.org 

"Тозоктон өттүк". ХАМАСтын барымтасынан бошотулган аялдын окуясы

ХАМАС радикал кыймылы барымтадагы эки улгайган аялды бошотту. Буга чейин аталган топтун туткунунда 200дөн ашуун киши бар экени кабарланган. Израил армиясы - ЦАХАЛ 24-октябрга караган түнү Газа секторундагы экстремисттердин 400дөн ашуун жайына сокку урганын билдирди. Газанын бийлиги эки жарым жумадан бери уланып жаткан аба чабуулдардан 5000дей адамдын өмүрү кыйылганын кабарлады ХАМАС куралдуу тобунун барымтасынан бошотулган 85 жаштагы израилдик аял Йохевед Лифшиц согушкерлер аны туткунга алган алгачкы күндөрү ур-токмокко алышканын айтты. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кумтөр иши: Токтогулов менен Фронтбек кызына сот чечими чыкканы маалым болду

Бишкектин Октябрь райондук соту “Кумтөр” иши боюнча коррупцияга шектелип кармалган ишкананын ошол кездеги жабдуу боюнча адиси Айша-Гүл Фронтбек кызы Жаналиева менен каржы башкармалыгынын директору Рыспек Токтогуловго чечим чыгарганы эми белгилүү болду. 4-майда сот Токтогуловду Кылмыш-жаза кодексинин 247-беренеси (Ачык тооруктарды, аукциондорду же мамлекеттик сатып алууларды (сатып алууларды) өткөрүүнүн тартибин бузуу) боюнча күнөөлүү деп табылып, ага 200 миң сом айып салынган. 10-июлда Октябрь... Читать дальше...

Azattyk.org 

Бишкекте кыргыз-кытай өкмөттүк делегациялары жолугушууда

24-октябрда Кытайдын премьер-министри Ли Цяндын Бишкектеги расмий сапары башталды. Кыргызстандын Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров менен Ли Цян баштаган делегациялардын жолугушуусу өттү. Жапаров эки мамлекеттин мамилеси быйыл “тарыхта болуп көрбөгөндөй жогорку деңгээлге жеткенин” белгиледи. Ли Цян бул сапар эки тараптуу кызматташтыкты жана коңшулук мамилени бекемдей турганын айтты. Өкмөттүн маалыматында жолугушууда кыргыз-кытай кызматташтыгынын түркүн багыттары талкууланганы айтылат. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кытайдын коргоо министри Ли Шанфу кызматтан алынды

Кытайдын коргоо министри, генерал Ли Шанфу кызматынан алынып, Мамлекеттик кеңештин катарынан чыгарылды. Кытайлык маалымат каражаттары шейшембиде кабарлагандай, андай чечимди Эл өкүлдөрүнүн бүткул кытайлык курултайдын комитети кабыл алды. Министрди кызматтан алуунун себеби айтылган жок. Анын ордуна ким келери да белгисиз. Ли Шанфу августтун аягынан бери элдин алдына чыкпай калган. Ага чейин Орусия жана Беларуска барып кеткен. Батыштагы медиа анын кызматтан четтетилгенин, паракорлукка байланыштуу... Читать дальше...

Azattyk.org 

Бишкек ЖЭБи менен "Бишкек жылуулук тармагы" бириктирилет

Бишкек жылуулук борбору менен “Бишкек жылуулук тармагы” биригип, жаңы мамлекеттик ишкана түзүлөт. Энергетика министринин орун басары Таалайбек Байгазиев “Биринчи радионун” эфиринде билдиргендей, эки ишкана “Электр станциялары” ачык акционердик коомунун курамынан чыгарылып, Энергетика министрлигинин алдында жаңы түзүлгөн ишканага биригет. “Бул ишкана толук кандуу каржыланып, оңдоо иштери жүрүп турушу үчүн ага түз субсидиялар берилет”, - деди Байгазиев. Жаңы түзүлгөн ишкана Бишкек шаарынын жылуулук электр системаларынын борбору деп аталат. Читать дальше...




Azattyk.org 

Мектептердеги күзгү каникул 6-12-ноябрь күндөрү болот

Кыргызстанда мектептерде быйылкы күзгү каникул 6-ноябрда башталып, 12-ноябрда аяктайт. Ал эми окуу 13-ноябрдан тартып башталат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлиги кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, быйыл өлкөдө 150 миңдей бала 1-класска барды. 42 жаңы мектеп пайдаланууга берилди. Жалпы 2350 мектепте 1,5 миллиондой окуучу билим алууда. Мугалимдердин саны 74 миңге жакын.

Azattyk.org 

Жалал-Абад шаардык мэриясынын чек лотереясын уткандар аныкталды

Мамлекеттик салык кызматынын чек лотереясы аймактар арасында алгачкылардан болуп Жалал-Абад шаарында өзүнчө уюштурулду. Аны өткөрүүгө жергиликтүү бюджеттен бир миллион сом  бөлүнгөн. Баш байгеге 100 миң сом акча коюлган жана аны шаардын Нураида Айтбаева аттуу тургуну жеңип алды. Мындан сырткары дагы 128 жаран 5 миң сомдон, 50 миң сомго чейинки байгелерге ээ болду. Жеңүүчүлөрдү атайын түзүлгөн комиссия текшерип, анын жыйынтыгы менен сыйлыктардын сертификаттары тапшырылат. "Чек талап кылып, байге... Читать дальше...

Azattyk.org 

Нарында соодагерлер патент системасын калтырууну талап кылууда

24-октябрда Нарын шаарынын борборунда базарда соода кылган ишкерлер салыктык талаптарга каршы акцияга чыгышты. Социалдык тармакка чыккан видеодон акцияга жүздөй ишкер чыкканын көрүүгө болот. Алар Салык кызматы патент системасын калтырууну жана ККМ-аппараттарды жокко чыгарууну талап кылышты. “Патент системасын, азыркы системасын калтырсын. Бизге ошол эле ыңгайлуу болчу,” – деди акцияга чыккандардын бири Умбеталы Базаркулов. Президенттин Нарын облусундагы өкүлү Алтынбек Эргешов нааразылыкка чыккандар менен жолугуп... Читать дальше...

Azattyk.org 

Ферганада чек арачылар аткан октон жергиликтүү эки тургун каза болду

Өзбекстанда чек арачылар жаңжал учурунда эки жергиликтүү тургунду атып салышты. Маркумдардын жакындары ок чыгаргандар кызматынан аша пайдаланган деп, аларды жоопко тартууну талап кылууда. Бул тууралуу 23-октябрда "Озодлик" радиосу жазды. Окуя 16-октябрда Кыргызстан менен чек арага жакын жердеги «Бустон» айылында болгон. Күбөлөрдүн айтымында, жергиликтүү үч киши коноктон кайтып келатканда, чек арачылар алар аткезчилик товарды алып баратат деп шек санап токтоткон. Натыйжада чек арачылар ок ачканда... Читать дальше...

Azattyk.org 

Төө-Ашууда жүк ташыган машиналарга киргизилген чектөө алынды

Бишкек - Ош кан жолунун 81-чакырымында (Сосновка - Төө-Ашуу) жүк ташыган машиналардын каттамына киргизилген чектөө алынды. "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасы жол тазаланып, инерттик материалдар себилгенин билдирди. Буга чейин аталган ишкана кырсыктардын алдын алып, жолдогу тыгынга себеп болбошу үчүн ашуу ашкан айдоочуларды жайкы дөңгөлөктөрүн кышкыга ооштуруп алып жолго чыгууга чакырган. Буга чейин "Кыргызавтожол" Суусамыр - Талас - Тараз унаа жолунун Өтмөк ашуусунда каттамга чектөө жоктугун, жолчулардын күзөтү уюштурулганын кабарлаган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Аксы: Мал уурдоону ким тыят?

Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кош-Дөбө айыл аймагында мал уурулук күч алганын жергиликтүүлөр айтып даттанды. Мундуз, Токтогул айылдарында бир айда 30 баштан ашуун мал-жандык жоголгон. Айылдыктар уурунун артынан түшүп таап, милицияга өткөрүп берген.

Azattyk.org 

Улуттук банк валюта базарында абал туруктуу экенин билдирди

Кыргызстанда валюта рыногундагы абал салыштырмалуу туруктуу. Бул тууралуу Улуттук банктын өкүлү Аида Карабаева 24-октябрда маалымат жыйында билдирди. Ал белгилегендей, Улуттук банк валюта рыногундагы кырдаалга, ага таасир эткен ички, тышкы факторлорго байкоо салып турат. Ал акыркы учурда долларга карата талап өсүп жатканын, бул сезондук көрүнүш экенин айтты. Улуттук банк валюта курсунун кескин өзгөрүүсүн алдын алуу үчүн чараларды көрө турганын кошумчалады. Мекеме доллардын кымбатташына байланыштуу... Читать дальше...

Azattyk.org 

Израил Газада ХАМАСтын 400дөн ашуун жайына сокку урду

Израилдин армиясы – ЦАХАЛ жоочулардын барымтасындагы эки туткундун бошотулушуна карабай Газаны мурдагыдай эле бомбалай берерин билдирди. Башкы штабдын командачысы Херци Ха-Леви ХАМАС толугу менен зыянсыздандырылууга тийиш деп эскертти. ЦАХАЛдын шейшемби күну эртең менен тараткан маалыматына ылайык, радикал топтун Газа секторундагы 400дөн ашуун жайына сокку урулду, натыйжада бир топ жоочу жана бир нече кол башчылары набыт болду. Израиль армиясы шиийлердин иранчыл «Хезболла» тобунун Ливандагы объектилерин да бутага алды. Читать дальше...

Azattyk.org 

Ыш, көмүр, тамак-аш. Өпкө оорулары эмнеге көп?

Бишкекте дем алуу органдарынын оорулары жана аллергия боюнча кезектеги улуттук конгресси өттү. Он жылдан ашык убакыттан бери такай өтүп келе жаткан иш-чарага Европа өлкөлөрүнөн келген адистер  катышты. Анда өпкө ооруларына абанын булганышынын таасири тууралуу изилдөөлөр көрсөтүлүп, Кыргызстандагы жагдай тууралуу сөз болду. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, Кыргызстан Борбор Азия жана Европа аймагында өпкө ооруларынан каза тапкандар көрсөткүчү боюнча алдыңкы орунда турат. Читать дальше...

Azattyk.org 

Францияда чечен, ингуш тектүү өспүрүмдөр теракт пландоого шек саналып кармалды

Францияда Израилдин Бельгиядагы элчилигине кол салууну пландаган деген шек менен 15-16 жаштагы төрт өспүрүм кармалды. Алардын үчөө ингушетиялык жана чеченстандыктар. Бул тууралуу франциялык Le Parisien басылмасы жазды. Журналисттердин маалыматына караганда, ага чейин полицияга Тур шаарындагы коллеждин директору арызданган. Ал чеченстандык эки бала паркта жардыргыч заттарды сынап, ашынган ураандарды чакырып, башка окуучулар менен мугалимдердин жүрөк үшүн алганын айткан. Алар Сирияга барып, жихадчылардын тарабында согушууга үндөшкөн. Читать дальше...

Azattyk.org 

Италия кыргызстандык 100 чабанды ишке чакырат

Италия Сардиния аралындагы дыйкан чарбаларында иштөө үчүн кыргызстандык 100 чабанды алып келүүнү пландап жатканы тууралуу маалымат сентябрдын ортосунда тараган. Долбоор 1.5 миллиондон ашуун фермердин башын бириктирген Coldiretti айыл чарба ассоциациясынын катышуусу менен ишке ашырылмакчы. Биздин маектешибиз, ассоциациянын Сардиниядагы регионалдык директору Лука Саба.

Azattyk.org 

Ошто кыйноо иши боюнча облустук сотко арыз берилди

Ошто милициянын кыйноосуна кабылган кишинин иши боюнча облустук сотко арыз берилгенин «Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо кыймылынан “Азаттыкка” 24-октябрда билдиришти. Маалыматта айтылгандай, жергиликтүү тургундун мээси чайкалганы, баш сөөгү жабыркаганы тууралуу далилдерге карабастан шаардык сот адвокаттын өтүнүчүн “мөөнөт өтүп кетти” деген негизде канааттандыруудан баш тарткан. Укук коргоо уюму билдиргендей, окуя 2021-жылдын май айында болгон. Милициянын ур-токмогуна кабылган киши Улуттук коопсуздук... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыргызстан КМШда эң аз пенсия төлөнгөн экинчи өлкө экени маалымдалды

КМШ (көз каранды эмес мамлекеттер шериктештиги) арасында Кыргызстан эң аз пенсия төлөгөн өлкөлөрдүн катарында экени Улуттук статистика комитетинин баяндамасында айтылды. Маалыматта белгиленгендей, Социалдык фонддун жана башка мекемелердин пенсия органдарында каттоодо турган пенсия алуучулардын жалпы саны бүгүнкү күндө 790 миңдей адамды түзүүдө. КМШ өлкөлөрү ичинен эң көп орточо пенсия Орусияда (243 доллар) жана Казакстанда (219 доллар), ал эми эң азы Тажикстанда (32 доллар). Тажикстандан бир... Читать дальше...

Azattyk.org 

Милиция чет өлкөлүк студенттер аралашкан окуялар көбөйгөнүн билдирди

Бишкекте чет өлкөлүк студенттер тартип бузган же алардын өзүлөрүнө каршы мыйзамсыз иш-аракет жасалган окуялар көп катталып жатканын 24-октябрда шаардык милиция билдирди. Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, Медицина академиясынын жыйындар залында алар үчүн милиция кызматкерлери менен жолугушуу уюштурулуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Жолугушууга окуу жайдын администрациясы жана 600дөн ашуун чет өлкөлүк студент катышканы, аларга мыйзам талаптары, тартип бузуунун кесепеттери тууралуу маалымат берилди. Читать дальше...


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

«Для начала — молочные белки»: как завершить Великий пост без вреда для организма

Студент-повар Можайского техникума открыл свое кафе

В СКА рассказали, почему не стали продолжать сотрудничество со «СКА-Карелией» в МХЛ

Кто сдал КГБ Степана Латыпова? Под доносами — имя его коллеги-арбориста из Москвы

Музыкальные новости

Пашинян подготовил "подарок" Путину к его инаугурации. Запад будет доволен

Пожарную технику на базе «КАМАЗа» представили на ВДНХ

ЦСКА уступил "Балтике" в 26-м туре чемпионата России

Apple возобновляет переговоры с OpenAI о внедрении функций ИИ в iPhone

Новости России

Матери погибшего при теракте в «Крокусе» инвалида назначили выплату

Рассчитана стоимость владения одной из главных альтернатив Hyundai Creta

Парту Героя в честь ветерана СВО открыли в Химках

Вечером 30 апреля в Москве местами пройдут дожди

Экология в России и мире

В российских регионах в 2024 году начнут работу магазины «Петербургского дизайна»

Что будет, если есть яйца каждый день: 15 научных фактов

Природа России 81

Эти образы сделают вас вас молодой и стильной

Спорт в России и мире

16-летняя теннисистка Андреева обновила рекорд турниров WTA-1000

Потапова и Павлюченкова вышли в полуфинал турнира WTA в Мадриде в парном разряде

Названы победительницы матчей Рыбакиной и Путинцевой за четвертьфинал турнира в Мадриде

Рублёв: быстрая победа над Грикспором связана с тем, что хотел быстрее уйти с корта

Moscow.media

Уверенность в каждом дне вместе с автомобилем HAVAL

Ученые обнаружили ранний признак рассеянного склероза

Google вложит 2 миллиарда долларов в дата-центр в Индиане

Автомобили Kaiyi — с комфортом в любое путешествие











Топ новостей на этот час

Rss.plus






Студент-повар Можайского техникума открыл свое кафе

Матери погибшего при теракте в «Крокусе» инвалида назначили выплату

В СКА рассказали, почему не стали продолжать сотрудничество со «СКА-Карелией» в МХЛ

«Волонтеры Победы» и «Единая Россия» поздравили ветеранов с наступающим Днем Победы