Газа тилкесинин Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, 17-октябрда шаардык ооруканага жасалган Израил армиясынын соккусунан 500дөй адамдын өмүрү кыйылды. Израил армиясы ооруканага жасалган чабуулга тиешеси жок экенин билдирип, палестин жоочуларынан көрдү. Согуш маалында тараптардын билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес. MedGlobal эл аралык кайрымдуулук уюмунун башчысы Захер Сахлул чабуулду медициналык мекемеге жасалган "акылга сыйбас кол салуу" деп атап, аны "аскердик кылмышка" теңеди. Читать дальше...
Израил ХАМАС радикал тобунун жоочуларын бутага алуу үчүн Газанын калк жашаган райондоруна сокку урууну улантууда. Гуманитардык уюмдар Израилдин блокадасынан улам тилкеде жашоо үчүн зарыл инфраструктура кыйраганын эскертүүдө. Израил мындай кадамга ХАМАСтын кандуу кол салуусунан кийин барган.
17-октябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинде “Чет элдик өкүл” деп аталган талаштуу мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өттү. Бириккен Улуттар Уюму баштаган бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар Кыргызстандын бийлигин бул долбоорду кабыл албоого чакырууда. "Азаттыктын" студиясында "Интербилим" укук коргоо уюмунун Оштогу жетекчиси Гүлгаакы Мамасалиева, "Лейлек-Инсан" коомдук фондунун төрайымы... Читать дальше...
Былтыр Баткендеги кыргыз-тажик чек ара чырында жараат алган мурдагы аскер кызматкери Курманбек Абдыкеримов президент Жапаровго жана УКМКнын жетекчилигине кайрылуу жолдоду. Баткендеги окуяда "Достук" чек ара бекетинде Исламидин Кубанычбек уулу да сол колунан жарадар болгон.
"Чет элдик өкүл" мыйзамын талкуулаган парламенттик угуу талаш-тартыш менен коштолду. Кыргызстан менен Тажикстандын атайын кызматтарынын жетекчилери Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов жолукту. Израил ХАМАС радикал тобунун жоочуларын бутага алуу үчүн Газанын калктуу райондоруна сокку уруп жатат.
Ички иштер министрлигине (ИИМ) караштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы (ЖКККБ) 17-октябрда жыл башынан берки тогуз айдын жыйынтыгын чыгарды. Башкармалыктын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, январь-сентябрь айларында жол кыймылынын эрежесин бузган 746 673 айдоочу аныкталды. Жыйынтыгында мамлекеттик бюджетке 96 млн 92 240 сом түшүрүлдү. Бул былтыркы тогуз айлык көрсөткүчтөн 60 млн 212 170 сомго көп. ЖКККБнын маалыматына караганда, мас болуп автоунаа айдаган айдоочулардын саны былтыркыдан 13% азайды. Читать дальше...
Израилдеги 40тан ашуун Кыргызстандын жараны эвакуациялык рейстер менен чыгып кетүүгө даяр экенин Кыргызстандын Түркиядагы жана Израилдеги элчиси Руслан Казакбаев "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, Израилдеги жарандарга чартердик аба каттамдары аркылуу чыгып кетүү сунушталган. Маалыматка караганда, жаңжал башталгандан бери Израилден Кыргызстандын төрт жараны чыгып кеткен. Дагы төрт кыргызстандык Иордания жана Грузия аркылуу Бишкекке кетүүгө камынып жатат. Казакбаев кошумчалагандай, элчилик Израилдин компетенттүү органдары... Читать дальше...
Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян Ереван жыл соңуна чейин Баку менен тынчтык келишимине кол коюп, алакасын жөндөөгө даяр экенин 17-октябрда Страсбургдагы Европа парламентинде сүйлөп жатып билдирди. Пашинян Еревандын формалдуу өнөктөштөрү Армениянын жана Тоолуу Карабактагы армяндардын коопсуздугун камсыздоодо жардам бербегенин кошумчалады. "Биздин союздаштар жардам бербегени аз келгенсип, Армениядагы бийликти алмаштыруу, демократиялык өкмөттү кулатуу боюнча ачык билдирүүлөрдү да жасап жатышты", - деди ал. Читать дальше...
Өзгөчө кырдаалдар министрлигине (ӨКМ) МИ-8 тик учагын бүгүн, 17-октябрда президент Садыр Жапаров тапшырды. Тик учак адам өмүрүн сактап калуу жана куткаруучулардын тез жардам көрсөтүүсүн камсыздоону максат кылат. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбуктагы баракчасына жазды. Тик учак бейтаптарды ташууга ыңгайлашкан. 12 замбил жана тиешелүү медициналык жабдууларды орнотууга түйүндөр жайгаштырылган. Ал аба ырайынын татаал шарттарында аэродромдон жана даярдыгы жок аянттан абага көтөрүлүп жана коно алат. Читать дальше...
“Чет өлкөлүк өкүл” мыйзамынын кабыл алынышы Кыргызстанда адам укуктарын коргоого эле эмес, экономикалык, социалдык багытта дагы кедергисин тийгизет. Бул тууралуу эксперттер 17-октябрдагы мыйзам долбооруна байланыштуу өткөн парламенттик угууда айтышты. Нарматова кайталаган аргумент 17-октябрда өткөн парламенттик угууга негизги демилгечи болгон Надира Нарматова гана келди. Калган жыйырмадай демилгечи катышкан жок. Нарматова буга чейинки аргументтерин кайталап, “чет өлкөлүк уюмдар саясатка аралашып” жатканын айтты. Читать дальше...
Ирандын бийлиги бала бакчаларда жана мектептин башталгыч класстарында тарбияланган балдарга араб тили баштаган бир катар чет тилдерин окутууга тыюу салды. Бул тууралуу 17-октябрда мамлекеттик маалымат каражаттары жазды. "Бала бакчаларда жана мектептин башталгыч класстарында чет тилдерин окутууга тыюу салынат, анткени дал ушул курагында баланын иденттүүлүүгү калыптанат", - деген билим берүү министри Масуд Теграни-Фаржад. Иран Ислам республикасында англис тилин башталгыч класстарда окутууга 2018-жылы эле тыюу салынган. Читать дальше...
Рейтер агеттиги кабарлагандай, Түркия Батыш өлкөлөрүндө террордук кыймыл катары таанылган ХАМАСтын өкүлдөрү менен барымтадагы чет өлкөлүктөрдү, карапайым тургундарды жана балдарды бошотуу боюнча сүйлөшүү жүргүзүүдө. Бул тууралуу 17-октябрда Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан билдирди. Анын айтымында, Анкарага "бир катар мамлекеттер кайрылып", ХАМАСтын туткунунда калган өз жарандарын бошотууга көмөктөшүүнү суранган. Буга чейин куралдуу топтун жетекчилиги барымтадагы чет өлкөлүктөр жөн гана "конок" экенин... Читать дальше...
Билим берүү жана илим министрлиги маалымдагандай, Кыргызстандагы кесиптик лицейлердин жана коллеждердин директорлоруна сынактын биринчи айлампасы аяктады. Андан сынакка катышкан 138 талапкердин бешөө гана жогорку упайга ээ болду. Билим берүү мекемелеринин жетекчилерин кайра дайындоо эрежесинин талаптарына ылайык, жетекчилери тиешелүү упай албаган мекемелерге кийинчерээк дагы сынак жарыяланат. Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына жана Билим берүү, илим министрлигинин жаңы жобосуна ылайык,... Читать дальше...
Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили "Мен эч жакка кетпейм. Кызматтан кетпейм, кетпейм", - деп билдирди 17-октябрда. Мунун алдында бийликтеги "Грузин кыялы" партиясынын лидери Ираклий Кобахидзе Зурабишвили Конституциялык соттун чечиминен кийин өз ыктыяры менен кызматтан кетиши керектигин айткан. "Бүгүн өлкөнүн Европадагы келечеги жана демократия бир таш менен өлтүрүлдү. Бийлик бутактарынын ортосунда баланс болбогон өлкө демократиялуу деп саналбайт", - деди Зурабишвили. 16-октябрда Грузиянын... Читать дальше...
Мамлекеттик Думанын депутаттары биринчи окууда Өзөктүк сыноолорго тыюу салуу келишиминин ратификациясын артка кайтаруу чечими жөнүндө мыйзам долбоорун жактырышты. Бул тууралуу Парламенттин төмөнкү палатасынын Телеграм-каналында жазылды. Документ Мамдуманын кароосуна 13-октябрда киргизилген. Аны Думанын тиешелүү комитети спикер Вячеслав Володиндин тапшырмасы менен иштеп чыккан. Ратификацияны артка кайтаруу демилгесин октябрдын башында Орусиянын президенти Владимир Путин көтөргөн. "Валдай"... Читать дальше...
Карачи–Кашгар–Бишкек (Каракорум шоссеси) транспорттук коридору жыл бою иштей турган тартипке өтүп жатканын бүгүн 17-октябрда Пакистандын Улуттук логистика борборунун (NLC) башкы директору Фаррух Шахзад Рао Бишкекте кыргыз өкмөтүнүн башчысынын орун басары Эдил Байсалов менен жолугушууда билдирди. Анын айтымында, жакынкы күндөрү транзиттик жүк жүктөлгөн алгачкы автоколонна Бишкекке келери пландалууда. Жолугушууда NLCнын Кыргызстан менен кызматташтыгын кеңейтүү маселеси талкууланды. Эдил Байсалов... Читать дальше...
Орусияда түрмөдө отурган оппозициячыл активист Алексей Навальныйдын адвокаттарынын бири Александр Федулов өлкөдөн чыгып кетти. Бул тууралуу ал Инстаграм аркылуу 16-октябрдын кечинде билдирди. "Кырдаал кызыктай болуп калды. Навальныйды коргогон кесиптештерибиздин камалышы эркиндиктеги адвокаттардын ишине олуттуу өзгөрүүлөрдү киргизди. Мына ушундан улам Орусиядан чыгып кетүүгө аргасыздык жаралды", - деп жазды ал. 13-октябрда Навальныйдын үч адвокаты - Вадим Кобзев, Алексей Липцер жана Игорь Сергунин эки айга камакка алынган. Читать дальше...
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Таш-Көмүр шаарынын 75 жаштагы тургуну Салия Таштанованы жана Кочкор-Ата шаарынын 44 жаштагы тургуну Чыныгүл Шеркулованы 6-октябрда кармаганы, Жалал-Абад облустук соту аларды 4-ноябрга чейин камакка алганы белгилүү болду. Атайын кызмат аларга "бийликти күч менен басып алууга чакырык жасаган" деген айып койгон. Бирок расмий маалымат берген жок. Алардын кармалышы боюнча активисттер социалдык тармактарга жазып, "пикирин ачык айтканы үчүн иш козгоду" деп нааразылык билдирүүдө. Читать дальше...
Казакстандын Тышкы иштер министрлиги 17-октябрда тараткан билдирүүгө ылайык, Астана ХАМАС радикал тобунун Израилдин карапайым тургундарына жасаган кол салуусун, аларды барымтага алуусун айыптап, Израилди Газа тилкесиндеги жайкын адамдардын өлүмүнө алып келген пропорционалдуу эмес күч колдонуудан карманууга чакырды. «Бул кырдаалда эл аралык укук нормаларын, палестин элинин мыйзамдуу укуктары каралган БУУнун Коопсуздук кеңешинин тиешелүү резолюцияларын сактоо абдан маанилүү. Зомбулуктан зомбулук... Читать дальше...
Кыргызстан менен Тажикстандын атайын кызматтарынын жетекчилери Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов чек ара маселелерин талкуулады. Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү жолугушуу коңшу мамллекеттин Бустон шаарында 16-октябрда өткөнүн кабарлады. Анда чек араны аныктап, тактоо боюнча жумушчу топторго конкреттүү тапшырмалар берилгени айтылат. Мунун алдында өткөн кезектеги жолугушууда чек ара тилкесинин 43,32 чакырымын макулдашканы белгилүү болгон эле. Расмий маалыматка ылайык, Камчыбек... Читать дальше...
Израил-Палестин жаңжалынын татаал жана терең таржымалы Израиль мамлекети пайда болгон 1948-жылга чейинки доорго - Осмон империясына, британ оторчулугуна барып такалат. Израилдиктер да, палестиналыктар да Иордан дарыясы менен Жер ортолук деңиз ортосундагы аймакты өзүнүкү деп эсептейт. Акыркы 75 жыл согуш, козголоң, айрым учурларда мунаса табуу үмүтү менен коштолуп келди.
Президент Садыр Жапаров Кытайдын борбору Бээжинде өтө турган “Бир алкак, бир жол” эл аралык кызматташтык форумуна катышпайт. Бул тууралуу маалыматты Кыргызстандын Тышкы иштер министрилигинин басма сөз кызматы 17-октябрда “Азаттыкка” билдирди. Буга быйыл октябрда өтүүчү КМШ саммити, ШКУга мүчө-мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйыны, Кытайдын премьер-министри Ли Цяндын Кыргызстанга расмий сапары жана Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны сыяктуу бир катар иш-чаралар себеп болгону айтылат. Читать дальше...
Баткендин Тажикстан менен чектеш айылдарында аялдарга ишкерлик кылууну үйрөткөн долбоор иштеп жатат. Ушул тапта тандалып алынган 30 кыз-келин бизнестин сырлары боюнча окуудан өтүп, чакан иштерин баштап жатат. Алардын алды жумуш орундарын түзө баштады.
2023-жылдын башынан бери Кумтөр алтын кенинде 14 тонна алтын казылып алынды. Бул тууралуу бүгүн, 17-октябрда Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу комитетинде "Кумтөр голд компани" ишканасынын президенти Алмаз Барыктабасов билдирди. Анын айтуусунда былтыркы жылы 986 млн доллар жалпы киреше алынган, анын 371 млн доллары - таза киреше. Мунун ичинен 140 млн (25%) мамлекеттик бюджетке дивиденд катары төлөнгөн. "Мурда "Центерра" бардык иштеген жылдары - 20 жылда Кыргызстандын бюджетине 100 млн доллар төлөп берген.