Кыргыз өкмөтү чет өлкөлүктөрдүн, анын ичинде орус жарандарынын Кыргызстанда жүрүү тартибин катаалдатты. Айрымдар муну орус бийлигин сындап, Ала-Тоого качып келген орусиялыктарга багытталган болушу мүмкүн деп боолгошууда. Жөөт армиясы ХАМАСка тиешелүү делген "жүздөн ашуун жерге сокку урганын" билдирди. Бир миллиондон ашуун киши өз үй-жайын таштап качууга мажбур болду. Чүйдө 15 жаштагы кызга үйлөнүүгө аракет кылган жаран жана аларга нике кыйган имам кармалды.
15 жылдан бери дайынсыз болгон кыргызстандык жубайлар Казакстандын Жамбыл облусунан табылды. Аларга Кыргызстандын Алматыдагы Башкы консулдугу убактылуу паспорт берип, мекенине жөнөттү. Бул үй-бүлө коңшу өлкөдө тоодо бирөөнүн малын багып, документтери жоктугунан эч жакка чыга албай жүрө берген. Аларды бир туугандары издеп жүрүп тапкан.
20-октябрга карган түнү Израил армиясы - ЦАХАЛ Газаны бомбалап, ХАМАСка тиешелүү делген "жүздөн ашуун жерге" сокку урганын билдирди. Израилдин бийлиги буга чейин "аймактагы элди коопсуз жерге чыгып кеткиле" деп эскерткен эле. Мунун фонунда бир миллиондон ашуун киши өз үй-жайын таштап, Газанын түндүк тарабына жер которууга мажбур болду. Ушул тапта согуш баскан аймакка жардам кирбей, гуманитардык кырдаал курчуду.
Казакстандын Алматы шаарында жашаган каракалпак диаспорасынын өкүлү Акылбек Муратбай Өзбекстандагы туугандарына милиция кысым көрсөтүп жатканын билдирип чыкты. Муну ал адам укуктарына арналган Польшадагы конференцияда Ташкенттин Каракалпакстан автоном республикасы боюнча саясатын сындаганы менен байланыштырат. Өзбек элчилиги Муратбайдын кысым кабылганы тууралуу билдирүүсүн четке какты.
Бишкекте уул-кызы менен чогуу өлтүрүлгөн аялдын жакындары соттук териштирүү создугуп, айыпталуучу күнөөнү мойнуна алган баштапкы көрсөтмөсүнөн баш тартып жатканын айтып чыкты. Маркумдун 82 жаштагы апасы бийлик өкүлдөрүнө кайрылып, ишти калыс карап, адилет чечим чыгарып берүүнү өтүндү. Айыпталуучунун жактоочусу сот мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте өтүп жатканын айтууда. Быйыл февралда 51 жаштагы аял, анын 17 жаштагы кызы жана жети жаштагы уулу өз үйүндө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Кылмышка шектүү катары 36 жаштагы Чынтемир Аширалиев кармалган. Читать дальше...
Кыргызстан Израилдеги жана Ливандагы жарандарын бул өлкөлөрдүн аймагынан чыгып кетүүгө чакырды. Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) 20-октябрда жарыяланган маалыматында бул «өтө зарылдык» экени айтылды. Анда Жакынкы Чыгыштагы туруксуз аскердик-саясий кырдаалга жана конфликттин курчушуна байланыштуу Ливандан чыгып кетүү жана бул аймакка барбай коё туруу керек экени, Израилдеги кыргызстандыктар да өлкөдөн авиакаттам менен чыгып кетиши зарылдыгы белгиленди. Аймакта кырдаал курчуган алгачкы күндөрү... Читать дальше...
Кумтөр алтын кенинен быйыл тогуз айда Кыргызстан 20 млрд 489 млн сом пайда көрдү. Бул тууралуу бүгүн 20-октябрда Жогорку Кеңеште “Ата-Журт Кыргызстан”, “Ишеним” фракцияларынын жана “Мекенчил” депутаттык тобунун биргелешкен жыйынында келерки жылдын бюджети каралып жатканда каржы министри Алмаз Бакетаев билдирди. Анын ичинен, министрдин айтымында, жыл башынан берки дүң киреше 7 млрд 317 млн сом болду. 132 млн сом (дүң кирешеден 4%) “Кумтөр” ишканасынын материалдык-сырье базасын өнүктүүүгө, 537... Читать дальше...
Расмий Ташкент орус бийлигине эмгек мигранттардын балдары үчүн өзбек диаспоранын эсебинен жеке бала бакчаларды жана мектептерди ачууну сунуштады. Бул тууралуу ТАСС агенттиги Өзбекстандын президентинин кеңешчиси Кахрамон Куранбаевге таянып жазды. Бул мектептерде жана бала бакчаларда билим берүү орус мыйзамдарынын алкагында жүргүзүлөрү боолголонууда. Куранбаев белгилегендей, Ташкенттин суранычы эмгек мигранттары балдарын мектепке бере албай, кыйналып жаткандыгына байланыштуу. Буга чейин Орусияда... Читать дальше...
Кыргыз бийлиги криминалга каршы күрөштү улантып, ага катышы бар мамлекеттик кызматкерлерди тазалай баштаганын жарыялады. Ушул аптада кримтөбөл Камчы Көлбаев жана Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен байланышта болгон элүүгө жакын бажы кызматкери иштен бошотулду.
Өкмөт менен "Социалдык келишим" түзгөн үй-бүлөлөргө 2023-жылы 1 млрд сом бөлүнгөн. Келерки жылы анын суммасын эки эсеге - 2,1 млрд сомго көбөйтүү караштырылууда. Бул тууралуу финансы министри Алмаз Бакетаев бүгүн, 20-октябрда Жогорку Кеңештин "Ата-Журт Кыргызстан", "Ишеним" фракциялары жана "Мекенчил" депутаттык тобунун келерки жылдын бюджетин талкуулаган отурумунда билдирди. Бакетаевдин сөзүнө караганда, өкмөт менен келишим түзгөн аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө бир жолу берилүүчү 199 миң сомдук... Читать дальше...
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын бүгүн, 20-октябрда берген маалыматына караганда, иликтөөчү журналист Сайпидин Султаналиевди автоунаасы менен сүзүп кеткен деп шектелген айдоочу атайын жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин натыйжасында кармалды. ЖКККББнын Бишкек шаардык бөлүмүнүн кызматкерлери аны Бишкек шаардык милициясынын тергөө кызматына өткөрүп беришти. 17-октябрда болжол менен саат 17:30 чамасында "Арча Медиа" (Next TV) басылмасынын жана "Соболум бар" долбоорунун автору... Читать дальше...
Орусиянын соту тергөөчүлөрдүн өтүнүчүн канааттандырып, "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун журналисти Алсу Курмашеванын камактагы мөөнөтүн 72 саатка, тактап айтканда, 23-октябрга чейин узартуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Казан шаарынын Совет райондук сотунун маалымат кызматы 20-октябрда билдирди. Курмашева 18-октябрда "чет элдик агент" катары каттоодон өтүүдөн баш тартканы үчүн кармалганы кабарланган. Орусияда мындай айып үчүн беш жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Радионун татар-башкыр кызматынын редактору... Читать дальше...
Олжобай Шакир - жазуучу, публицист жана коомдук ишмер, жарандык активист. Учурда УКМКнын тергөө абагында отурат. Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) менен кылмыш иши козголгон. Ал өзүнө тагылган айыпты четке каккан. Олжобай Шакир абактан жазган бул катын адвокаты аркылуу берип жиберген. Бүгүн тренажер залында болдук. Өзүмдү тилдедим. Катуу тилдедим. Сөктүм. Булчуңдарым эшилген аркандай чыйралып калыптыр. Күзгүгө жакын барып карасам, чыйрак эшилген жоон аркандын өзү. Читать дальше...
Жума күнү (20-октябрда) Ош мамлекеттик университетинде мээнеткеч тарыхчы жана педагог, тарых илимдеринин кандидаты, доцент Жумали Адилбаевдин 75 жылдыгына арналган илимий жыйын онлайн тартибинде өттү. Жыйын маалында анын атасы, жаш кезинде сталиндик репрессияга кабылган Адилбай Калча уулу тууралуу да эскерген сөздөр болду. Адилбай атанын тагдыры жана анын тарыхчы уулу Жумали тууралуу тарыхчынын блогу. Калча атанын тагдыры Кыргыздын адыгине уруусунун жору уругунан чыккан Калча Жапаркул уулу... Читать дальше...
«Ата-Бейит» улуттук тарыхый мемориалдык комплексин кароого мамлекеттен өтө аз акча бөлүнгөндүктөн жумушчулук кызматка майып жана пенсионер адамдар тартылып жатканын мекеменин жетекчиси Болот Абдрахманов билдирди. 19-октябрда Жогорку Кеңеште репрессия курмандыктарын актоо тууралуу мыйзам долбоору талкууланып жатканда ал комплекс улуттук деген макамга ээ экенин, бирок улам бир мекемеге өткөрүлүп келатканын, соңку беш жылда маданият министрлигинде, ага чейин Улуттук гвардия, Бишкек мэриясы, айыл өкмөтү карамагында болгонун айтты. Читать дальше...
Жогорку Кеңештин "Элдик" депутаттык тобу "Альянс", "Ынтымак", "Бүтүн Кыргызстан" жана "Ыйман Нуру" фракциялары менен чогуу бүгүн, 20-октябрда Кыргызстандын 2024-жылга республикалык бюджетинин долбоорун карап жатат. Жыйын учурда депутат Эмил Жамгырчиев Кыргызстанда аутизмден жабыркаган балдардын саны, аларга Саламаттык сактоо министрлигинен, Билим берүү жана илим министрлигинен бөлүнүүчү каражатка кызыкты. Саламаттык сактоо министринин жыйынга катышып отурган орун басары Медербек Исмаилов аутизмден... Читать дальше...
Израил армиясы 20-октябрда Газа тилкесин бомбалоону улантты. Аба соккулар негизинен аман калуунун айласын көрүп, түндүктөн агылган жүз миңдеген палестиндер баш калкалап жаткан түштүктөгү Хан-Юнис шаарына урулду. Израил армиясы Газа тилкесиндеги ХАМАС радикал тобуна тиешеси бар 100дөй обьектти бутага алганын билдирди. Ошол эле маалда Израил армиясы Ливан чек арасына жакын жайгашкан ири Кирьят-Шмон шаарынын тургундарын жапырт эвакуациялоону баштады. Байкоочулардын эсебинде, бул жакын арада ЦАХАЛ жердеги операцияларын баштайт дегендин белгиси.
Орусиянын соту 20-октябрда тергөөчүлөрдүн Татарстанда кармалган "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун журналисти Алсу Курмашеваны камакка алуу өтүнүчүн карап, чечим чыгарат. Бул тууралуу Казан шаарынын Совет райондук сотунун маалымат кызматы билдирди. Курмашева 18-октябрда "чет элдик агент" катары каттоодон өтүүдөн баш тартканы үчүн кармалганы кабарланган. Орусияда мындай айып үчүн беш жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Радионун татар-башкыр кызматынын редактору, Прагада жашаган Алсу Курмашева... Читать дальше...
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан Кыргызстанда тыюу салынган “Хизб ут-Тахрир-ал-Ислами” диний экстремисттик уюмунун Базар-Коргондогу активдүү мүчөлөрү К.М.И., И.М.М., Н.М.К. жана Х.Я.A. кармалды. Кармалгандар “Хизб ут-Тахрир-ал-Ислами” уюмунун экстремисттик идеологиясын жарыялоо жана жайылтуу, катарына жаңы адамдарды азгыруу менен алектенген. Алардын жашаган жеринде жүргүзүлгөн тинтүү учурунда “Хизб ут-Тахрир-ал-Ислами” уюмуна тиешелүү диний-экстремисттик адабияттар жана баракчалар табылган. Читать дальше...
Ботаникалык бактын аймагындагы жер тилкеси жеке колго өтүп кеткени үчүн “Кадастр” мекемесинин Бишкектеги бөлүмүнүн мурдагы башчысы жана анын орун басары кармалды. Бул тууралуу бүгүн 20-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, алар материалдык пайда табуу максатында башка да тийиштүү мамлекеттик органдар менен жең ичинен сүйлөшүп алып, коррупциялык схема түзүп алышкан деп шектелүүдө. Ошонун натыйжасында, атайын кызмат белгилегендей... Читать дальше...
Сейсмология институтунун маалыматында, 20-октябрь күнү саат 13:35те Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында, очогундагы күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Силкинүүнүн күчү Кант жана Бишкек шаарларында 4 балл сезилди. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Алматы шаарынан 176 чакырым аралыкта кыргыз-казак чек арасында очогундагы күчү 4,9 баллга жеткенин маалымдады. Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 19-октябрда... Читать дальше...
Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөгө зор салымын кошуп, репрессияга кабылгандарды актоо ишине бүгүнкү күндө өкмөттөн тийиштүү каражат бөлүнбөй турганы Жогорку Кеңеште айтылды. 19-октябрда парламенттин жалпы жыйынында “Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө” жана “Улуттук архив фонду жөнүндө” мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору талкууланып, биринчи окууда кабыл алынды. Читать дальше...
Жогорку Кеңештин депутаты Аманкан Кенжебаев Сокулук районундагы Военно-Антоновка айылындагы мектептин курулушу 13 жылдан бери бүтпөй турганын айтып чыкты. Депутат бул тууралуу 20-октябрда парламенттеги Альянс”, “Ынтымак”, “Бүтүн Кыргызстан” , “Ыйман Нуру” фракцияларынын жыйынында көтөрүп, Министрлер кабинетине суроо салды. “Бул мектептин курулуш үчүн 176 млн. сом салганбыз. 13 жылдан бери курулушу бүтпөй турат. 80% бүткөн мектептин дубалдары урап түшүп жатат. Кыйкырган кишинин эле имаратын салып... Читать дальше...
Мурдагы күйөөсү кулак-мурдун кесип салган Асел Ногойбаева ооруканадан үйүнө чыгып келди. Үрөй учуруп, коомчулукту нес кылган ошол окуядан 20 күндөн кийин гана Асел эми өзүнө келип, зомбулукка туш болгон учурларды айтып берүүгө макул болду.
Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 21-октябрда түнкүсүн өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 18…23; Талас өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 17…22; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 7...12, күндүз 20...25; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 2…7... Читать дальше...