Европа Биримдиги Meta жана TikTok компанияларына социалдык түйүндөрүндө ХАМАСка байланыштуу тарап жаткан жалган маалыматтар боюнча жооп берүүнү талап кылганын, буга бир апталык убакыт бергенин 19-октябрда Би-Би-Си жазды. Анда айтылгандай, Израил менен ХАМАСтын ортосундагы согуш тууралуу алардын платформаларында жайылып жаткан жалган маалымат жана ага бөгөт коюуга көрүлүп жаткан чаралар боюнча маалымат берүү талабы коюлду. Соңку кезде социалдык түйүндөрдө бул согуш тууралуу жалган маалымат, фейк фото жана видео өтө көп тарап... Читать дальше...
Жогорку Кеңештин депутаты Арсланбек Малиев “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоорунун авторлугунан чыкканын бир катар басылмалар жазып чыкты. Малиев башынан эле бул долбоорго автор болбогонун “Азаттыкка” 20-октябрда билдирди. “Мен ал тизмеде болгон эмесмин”, - деп кыска комментарий берди депутат. Малиевдин жардамчысы Гүлжамал Атакулова Малиев “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча документтерге башынан бери эле кол койбогонун “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтымында... Читать дальше...
Кытай “Бир алкак – бир жол” демилгесинин он жылдыгын белгиледи. Кыргызстан Кытай стратегиялык өнөктөш экенин белгилеп келет. Эки мамлекеттин биргелешкен ири долбоорлору да бар. Биз кыргыз-кытай мамлекеттеринин алакасы, "Бир алкак - бир жол" демилгесинин Кыргызстанга пайдасы жана мунун келечеги тууралуу Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси Темир Сариев менен маектештик. - Темир мырза, сиз Кытайдын борбору Бээжинде өткөн “Бир алкак - бир жол” демилгесинин он жылдыгына карата уюштурулган форумга катыштыңыз. Читать дальше...
Ысык-Ата районунун Ивановка айылынын 21 жаштагы тургуну Н. Ш. жашы жете элек, 2008-жылы туулган кызга үйлөнүүгө аракет кылганы, айылдын имамы - 52 жаштагы Р. А аларга нике кыйганы үчүн кармалды. Чүй облустук ички иштер башкармалыгы (ОИИБ) маалымдагандай, бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 178-беренеси (Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу) менен кылмыш иши козголду. Кармалгандар райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Быйыл августта... Читать дальше...
Кыргызстандын Эл аралык резервде сакталып турган алтын кору 51 тоннадан ашык. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги “Альянс”, “Ынтымак”, “Бүтүн Кыргызстан” , “Ыйман Нуру” фракцияларынын жыйынында Улуттук банктын төрагасынын орун басары Манас Жакыпов билдирди. Ал алтын Улуттук банктын эсебинде экенин, аны кыргыз өкмөтү колдоно албай турганын айтты. Депутат Балбак Түлөбаев резервдеги алтынды өкмөт иштете албай жатканына нааразылыгын билдирди. “Эмне үчүн биз колдо турган алтын менен Кытайдын карызын төлөп коюуга шарт болуп турса, төлөбөй жатабыз? Читать дальше...
Ысык-Көл облусунда жалпы 176 дарыгердин орду бош турат. Айрыкча дарыгерлердин жетишсиздиги Каракол шаарындагы төрөт үйүндө маселе жаратууда. Бул тууралуу облустук оорукананын директору Чыңгыз Урманбетов "Азаттыкка" билдирди. "Мисалы төрөт үйүндө жалпы 22 дарыгер иштеши керек болсо, азыр болгону сегиз адам иштеп жатат. Шаардык төрөт үйгө Түп, Ак-Суу райондорунан Жети-Өгүз айылдарынан бош бойлуу келиндер келет. Себеби ал жактарда ооруканада дарыгер жок. Биз министр Алымкадыр Бейшеналиевге кат менен кайрылганбыз. Читать дальше...
Жогорку Кеңештин "Элдик" депутаттык тобу "Альянс", "Ынтымак", "Бүтүн Кыргызстан" жана "Ыйман Нуру" фракциялары менен чогуу бүгүн, 20-октябрда Кыргызстандын 2024-жылга республикалык бюджетинин долбоорун карап жатат. Жыйында депутат Султанбай Айжигитов Кыргызстанда инфляция катуу темпте жогорулап баратканын айтты. Ал мунун бир себеби катары коммерциялык банктардагы насыялардын үстөк пайызы өтө кымбат болуп жатканын белгиледи. "Бүгүнкү күнү дээрлик ар бир үйдө насыя алгандар бар. Насыянын үстөгү кеминде 30-33%. Читать дальше...
19-октябрда Бишкектеги "Тез жардам" борборунун алты кызматкери маяна аз болуп жатканын айтып, нааразылык акциясын өткөрдү. Өкмөт айлык акы кошулуп жатканын айтканы менен, соңку эки жылдан бери баа тынымсыз өсүп жатат. Ушу тапта мугалимдер дагы эмгек акы кыскарып жатканын айтууда. Буга чейин дарыгерлер менен мугалимдердин маянасы Жогорку Кеңеште да сөзгө алынган. Дарыгерлердин нааразылыгы 19-октябрда Саламаттык сактоо министрлигинин алдына Бишкектеги "Тез жардам" борборунун алты кызматкери жетекчиликке нааразылык билдирип... Читать дальше...
Казакстандын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кызматкерлери Чымкенттеги кыш заводунда мыйзамсыз эксплуатацияланып жүргөн 60тан ашуун өзбек жаранын бошотту. Казакстандын Ички иштер министрлигинин Polisia.kz. сайтына жазылган маалыматтарга караганда, полицияга Актөбөнүн тургуну, бир тууганы - Өзбекстандын жараны Чымкенттеги кыш заводунда кулчулукта жүрүп, Алматыга качып барган кезде белгисиз бирөөлөр кармап кеткенин айтып кайрылган. Бул кайрылуудан кийин Алматы уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү... Читать дальше...
Сейсмология институтунун маалыматына караганда, 19-октябрь күнү, саат 21:16да Нарын облусунун аймагында очогундагы күчү үч баллды түзгөн жер титирөө катталды. Силкинүү Кочкор районунун Кочкор, Большевик, Кара-Суу, Кара-Тоо айылдарында - үч балл, Терек, Ак-Жар, Арсы, Семиз-Бел, Кара-Саз, Кара-Күнгөй айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. 1-октябрда Ысык-Көлдө күчү очогунда 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Кыргызстанда 12 район сейсмикалык кооптуу зонада жайгашкан. Читать дальше...
АКШнын Сириянын түштүгүндөгү террорчуларга каршы атайын аскерлердин машыгуучу базасы дрон чабуулуна кабылды. Associated Press расмий булактарына кайрылып билдиргендей, бир дрон жок кылынган, экинчисинен базанын кызматкери жеңил жараат алды. Газа тилкесиндеги ооруканада жүздөгөн адамдардын набыт болгонуна нааразылык күчөгөндөн берки күндөрү мындай чабуулдар АКШнын жана анын союздаштарынын Ирактагы обьектилерине да жасалды. Al-Tanf гарнизону Сириянын түштүк-чыгышында, ирандык согушкерлер "Хезболла"... Читать дальше...
Каракыз соңку үч жылда тогуз жолу ат чабышка түшүп, сегиз жолу алдына күлүк чыгарган жок. Азыркы маалда кыргыз-казакта Каракызды ашып өтчү тулпар чыга элек. Кочкордогу ат чабышта 40 күлүк 30 чакырымга чуркады. Каракыз чемпион макамын берген жок. “Азаттык” төрт туягы туйлаган күлүк тууралуу баяндайт.