Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 20-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда бир аз кар жаашы ыктымал, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 18…23; Талас өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 18…23; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 4...9, күндүз 19...24; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 13…18; Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3... Читать дальше...
Кыргызстанда жаштар арасында гепатиттин оор түрлөрүнүн бири жана кургак учук илдети көп катталып жатканын Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исатбек кызы билдирди. 18-октябрда ал Жогорку Кеңеште сөз сүйлөп, жеке косметологиялык кабинеттер көбөйгөнүн, бирок алардын басымдуу бөлүгүндө санитардык-гигиеналык, медициналык жана лицензиялык талаптар сакталбагандыктан түрдүү жугуштуу оор илдеттер жайылып жатканын белгиледи: «Жакында студенттик бейтапкананын директору менин жеке кабыл алуумда болгондо жаштар... Читать дальше...
Кумтөрдүн улутташтырылышы менен өлкөдө саясий коррупцияны жоюу башталды. Бул тууралуу бүгүн 19-октябрда Бишкекте «Кумтөр голд компани» ишканасынын 30 жылдыгына арналган иш-чарада президент Садыр Жапаров билдирди: “Мурда саналуу чиновниктер өздөрүнүн тар кызыкчылыгы үчүн Кумтөрдүн жетекчилигин канатына калкалап, натыйжада коррупциялык система түзүлүп калган эле. Кыргызстандын түбүнө жеткени калган ал системага бийликтин бутактары, өкмөттүк структуралар да аралашып алган болчу. Азыр анын баары жоюлуп... Читать дальше...
Бишкекте бомба коюлганы тууралуу маалыматтар милицияга кайрадан түшө баштады. Калаанын ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы 19-октябрда билдиргендей, Жогорку соттун, Ленин райондук сотунун, Санариптик өнүктүрүү министрлигинин имараттарында жана «Азия Молл» соода борборунда бомба бар экени жөнүндө маалымат түштү. Тергөө-ыкчам топтору дароо жетип барып, тегерегин тосуп, ичиндеги адамдарды эвакуациялап, тийиштүү иш-аракеттерди көрүүдө. Кечээ 18-октябрда №61 мектепке бомба коюлганы айтылып, ал маалымат такталган эмес. Читать дальше...
Эсептөө палатасы Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу, "Кумтөрдөн" каржыланган Жаратылышты өнүктүрүү фондунда 810 миллион сомдон ашык каржылык мыйзам бузуу аныкталганын билдирди. Мунун алдында бул фонддогу коррупциядан улам кармалган мурдагы жаратылыш ресурстары министри Динара Кутманованын уулу Түркиядан Кыргызстанга жеткирилген. Экс-министр өзү июль айынан бери Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагында отурат. Эсептөө палатасы Жаратылышты өнүктүрүү... Читать дальше...
“Эркин Европа/Азаттык” радиосу Орусияда кабарчысы кармалганын айыптоодо. Төрт айдан ашуун убакыттан бери Казан шаарынан Прагадагы үй-бүлөсүнө жете албай жаткан журналист, радионун татар-башкыр кызматынын редактору Алсу Курмашева 18-октябрда кармалганы, ага чет элдик агент катары каттоодон баш тартканы үчүн жаңы айып тагылганы маалымдалды. Мындай айыптын жаза чарасы – беш жылга чейин эркинен ажыратуу. «Алсу – биз баарыбыз урматтаган кесиптешибиз, үй-бүлөсүндө ал үлгүлүү чыныгы жубай жана эки баланын мээримдүү энеси. Читать дальше...
15 жыл дайынсыз жүргөн кыргызстандык жубайларга убактылуу паспорт берилди. Алар 19-октябрга караган түнү Кыргызстанга келгенин "Азаттыкка" бир тууганы Элмира Рыскелдиева билдирди. “Кыргызстандын Алматыдагы консулдугуна рахмат. Агам чек арадан өтүп келатып “Кыргызстан” деп кыйкырып, баарыбызды ыйлатты. Азыр жаныбызда. Эми апасы, бир туугандарынын жанында болот”,- деди Рыскелдиева. Буга чейин “Азаттыкка” 15 жылдан бери дайынсыз болуп келген жубайлар Казакстандын Жамбыл облусунда табылганы тууралуу макала жарыяланган. Читать дальше...