Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 20-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда бир аз кар жаашы ыктымал, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 18…23;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 18…23;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 4...9, күндүз 19...24;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 13…18;
Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3, күндуз 15…20 градус жылыйт.
Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 7…9, күндүз 21…23 градус жылуу болот.