Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылындагы атышууда медресе курчоого алынганы тууралуу маалыматты четке какты. Муфтияттын басма сөз кызматы окуя Дмитриевка айылындагы “Зулкарнайн” кыздар медресеси менен айыл өкмөттүн ортосундагы имараттарда болгонун, медресенин студенттери коопсуз жайга көчүрүлгөнүн билдирди. Ички иштер министрлиги (ИИМ) Чүйдүн Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылында 17-майда террорчулукка шек саналган куралчан адам жок кылынганын маалымдады. Читать дальше...
Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Чүйдүн Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылындагы окуя боюнча “Азаттыкка” комментарий берип абал туруктуу экенин айтты. Ал Кыргызстанда ар кандай уюмдардын мүчөлөрү бар экенин билдирип, укук коргоо органдары алар менен күрөшүп жатанын кошумчалады. “Ички иштер министрлиги менен атайын кызмат өздөрүнүн ишин кылып атат. Жалпы өлкөдө абал тынч”. Ички иштер министрлиги (ИИМ) Чүйдүн Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылында 17-майда террорчулукка шек саналган куралчан адам жок кылынганын билдирди. Читать дальше...
Ички иштер министрлиги (ИИМ) Чүйдүн Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылында 17-майда террорчулукка шек саналган куралчан адам жок кылынганын билдирди. Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Чүйдүн Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылындагы окуя боюнча “Азаттыкка” комментарий берип абал туруктуу экенин айтты. Ал Кыргызстанда ар кандай уюмдардын мүчөлөрү бар экенин билдирип, укук коргоо органдары алар менен күрөшүп жатанын кошумчалады. “Ички иштер министрлиги менен атайын кызмат өздөрүнүн ишин кылып атат. Читать дальше...
17-майда Чүйдүн Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылында атышуудан эки укук коргоо кызматкери жаракат алды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, бирөөнүн жаракаты жеңил болгондуктан үйүндө дарыланат. Жамбашына ок тийген экинчи кызматкер “Тез жардам” менен Улуттук госпиталга алынып келатат. Ички иштер министрлиги (ИИМ) Дмитриевка айылында 17-майда террорго шек саналган куралчан адам жок кылынганын билдирди. Министрлик... Читать дальше...
Ички иштер министрлиги (ИИМ) Чүйдүн Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылында 17-майда террорго шек саналган куралчан адам жок кылынганын билдирди. Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматында, министрлик менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) атайын бөлүктөрүнүн кызматкерлери террорго шек саналган адамды кармоо операциясын өткөрүштү. Аны кармоо учурунда шектүү куралдуу каршылык көрсөткөн. Окуя болгон жерге ИИМдин жана УКМКнын жетекчилери барды. Ушул тапта тергөө ыкчам тобу иштеп жатат. Читать дальше...
Эл аралык Amnesty International (AI) уюму 2022-жылы дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө баш-аягы 883 адам өлүм жазасына тартылганын билдирди. 16-майда жарыяланган докладда маалымат жашыруун болгону үчүн мунун ичине Кытайда өлүм жазасына кесилген “миңдеген” киши кошулбаганы айтылат. Amnesty International Сауд Арабияcында былтыр бир күндө эле 81 киши өлүм жазасына тартылганын кошумчалады. Уюмдун маалыматына ылайык, 2022-жылы Иранда 576, Сауд Арабияcында 196, Египетте 24 жана Америка Кошмо Штаттарында 18 киши өлүм жазасына тартылган. Читать дальше...
17-майда Чүйдүн Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылында атышуу болду. Милиция кызматкерлери Кант шаарынын чыгыш тарабынан Дмитриевка айылына кире турган автожолду жапканы кабарланды. Бир катар сайттар укук коргоо кызматкерлери тоноого шек саналып издөөдө жүргөн адамдарды кармоо учурунда үйлөрдүн биринде атышуу болгонун жазышууда. Социалдык тармактарга тараган видеолордо атышуулардын үнүн угууга болот. Ички иштер министрлиги (ИИМ) менен Чүй облустук милициясы окуя боюнча азырынча маалымат бере элек. Читать дальше...