Кыргызстандагы 25тен ашуун медиа уюм, жалпыга маалымдоо каражаты жана журналисттер Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигин “Азаттыкка” каршы доо арызын соттон чакыртып алууну талап кылды. Медиа коомчулуктун кайрылуусу Кыргызстандагы 25тен ашуун медиа уюм, жалпыга маалымдоо каражаты жана журналисттердин 24-январда жарыяланган билдирүүсүндө Маданият министрлиги ушу тапта “Азаттык Медианын” доо арызы боюнча жүрүп жаткан соттук териштирүүдө жоопкер экенин, бирок ал соттун чечими... Читать дальше...
24-январдан тарта Кыргызстанда ажылыкка каттоо башталды. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы маалымат жыйында билдиргендей, жалпы 7 миң адам катталат. Муфтийдин орун басары Абибилла Кадырбердиев каттоо эки этап менен өтөрүн, 24-январдан 14-февралга чейин 2019, 2020 жана 2022-жылы каттоого туруп, бирок кезеги жетпей калгандар кайра катталарын билдирди. Алардын жалпы саны - 4313 адам. "Алар жыйырма күндүн ичинде алгач "РСК банкка" 1000 АКШ долларын төлөп, ажылыкка каттоо боюнча жергиликтүү бөлүмдөргө барып каттоого турушу керек. Читать дальше...
АКШнын Калифорния штатынын Хаф Мун Бей шаарында 23-январдагы кол салууда жети киши каза болуп, бирөө оор жараат алды. Бул - штаттагы акыркы үч күндө болгон экинчи жапырт кол салуу. 67 жаштагы шектүү Чунли Чжао аттуу жергиликтүү тургун окуядан эки сааттан кийин кармалган. Анын полиция бөлүмүнүн алдына токтотулган автоунаасынан тапанча табылган. Ал козу карын фермасынын жанында төрт кишини, андан үч чакырымдай алыстагы гараждын жанында үч кишини атып өлтүргөн. Баштапкы маалыматтарга караганда, шектүү чарбада иштейт. Читать дальше...
Кумтөр боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия кендин өзүнө март айында барып келүүнү пландап жатканын бүгүн 24-январда “Азаттык” радиосуна комиссиянын мүчөсү Исхак Масалиев билдирди. Депутаттын айтымында, комиссиянын иш мөөнөтү 28-мартка чейин узартылды, төрагасы болуп өткөн аптада депутат Арсланбек Малиев шайланды: “Ишти улантабыз. Жакында буюрса барып келели деп жатабыз ишканага. Кагаздарды жөнөтүп, жоопторду алып, топтоп жатабыз. Кызыктырган суроолорду берип, жооп алып, анан бир жыйынтыкка келебиз”. Читать дальше...
Бишкекте күрөш боюнча Кыргызстандын чемпионаты жыйынтыкталды. 21-январда башталган мелдеште алгач грек-рим күрөшүнөн чемпиондор белгилүү болду. Бул чемпионат кыргыз спортуна жаңы ысымдарды таанытты. Жаңы чемпиондор Грек-рим күрөшү боюнча өлкө биринчилигине өлкө аймагынан 178 балбан катышты. Чемпионаттын биринчи күнүндө беш салмакта финалдык таймаштар өттү. Эң жеңил 55 килограммга чейинки салмакта Сардарбек Конушбаев чемпион болду. Кыргызстандын ички чемпионатына атактуу балбандар, дүйнө чемпиондору... Читать дальше...
2022-жылы Кыргызстанда зордуктоого кабылган балдар боюнча 52 кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу бүгүн 24-январда Жогорку Кеңештин комитетинде педофилдерге каршы мыйзам долбоору талкууланып жатканда Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева билдирди. Ал иштердин бирөө, Коңкубаеванын айтымында, тараптар элдешип алганы үчүн кыскарган, үч иш кылмышты жасаган адам аныкталбаганына байланыштуу токтоп турат, 34ү сотко кеткен, тогузу тергелип жатат. 2021-жылы бул берене боюнча 49 иш, 2020-жылы 17 иш... Читать дальше...
“Кумтөр Голд Компани” ишканасы бул мекеменин мурдагы жетекчиси Тенгиз Бөлтүрүктүн атынан жарыяланган ачык катка жооп берди. Ишкана 24-январда “Азаттык” радиосуна жөнөткөн комментарийде Бөлтүрүк бул компанияны бир жылдан ашуун башкарып турганы, ага долбоорлорун жана пландарын ишке ашырууга бардык шарт түзүлүп берилгени, бирок “катуу билдирүүлөрүнөн жана жумушка өтө жогору маянага тыштан шектүү адамдарды тартканынан башка эч кандай реалдуу кадамдар жасалбаганы” жазылган. Компания “алигүнчө анын... Читать дальше...
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанда мамлекеттик сапар менен 26-27-январь күндөрү болорун бүгүн 24-январда президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. Эки өлкөнүн президенттери кызматташтык маселелерин талкуулап, жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлары, сапарды утурлай кыргыз-өзбек бизнес форуму өтөрү кабарланды. Мирзиёев Кыргызстанда былтыр 10-декабрда келери айтылып, бирок сапар болбой калган. Кыргыз тарап ал жыл аягына чейин келерин кабарлаган. Читать дальше...
Баланы зордуктаган кылмышкерди хирургиялык кастрациялоо тууралуу мыйзам долбоору бүгүн 24-январда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана парламенттин регламенти комитетинде биринчи окууда каралып, жактырылды. Мыйзам долбоорун иштеп чыккан депутат Улан Бакасов кылмыш жообуна тартуу боюнча айрым кодекстерге өзгөртүү киргизүү керек экенин айтты: “Дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, химиялык кастрация педофилдерге каршы эң жакшы тандоо эмес. Дары-дармек ар дайым эле иштей бербейт. Читать дальше...
Бишкекте күрөш боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтүүдө. 21-январь күнү башталган мелдеште алгач грек-рим күрөшүнөн чемпиондор белгилүү болду. Бул чемпионат кыргыз спортуна жаңы ысымдарды таанытмакчы.
Кыргызстандагы 25тен ашуун медиа уюм, жалпыга маалымдоо каражаты жана журналисттер Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигин “Азаттыкка” каршы доо арызын соттон чакыртып алууну талап кылды. 24-январда жарыяланган билдирүүсүндө алар министрлик ушу тапта “Азаттык Медианын” доо арызы боюнча жүрүп жаткан соттук териштирүүдө жоопкер экенин, бирок ал соттун чечими чыга электе эле “Азаттык Медианын” жалпыга маалымдоо каражаты катары ишин токтотууну суранып сотко кайрылып жатканы мыйзамга каршы келерин белгилешти. Читать дальше...
2023-жылы аз камсыз болгон 10 миң үй-бүлөгө 100 миң сомдон кайтарымсыз каражат берилип, өз алдынча киреше булагы менен камсыздалат. Кыргыз өкмөтү былтыр 2800 үй-бүлөгө берилген тажрыйба натыйжалуу болгонун билдирүүдө. Ал эми ишкерлер менен эксперттер алгач жарандардын финансылык сабаттуулугун жакшыртпаса, каражат максатсыз коромжу болорун айтууда. "Жөлөк пул же жүз миң сом" Бишкек шаарынын тургуну Алмаз 2022-жылы мамлекет жарыялаган "Социалдык келишим" программасынан 100 миң сом кайтарымсыз каражат алып... Читать дальше...
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин “Азаттык Медианын” жалпыга маалымдоо каражаты катары ишмердигин токтотуу өтүнүчү тууралуу арызы 9-февралда саат 9:30да Ленин райондук сотунда каралат. Бишкек шаардык соту отурумдун мөөнөтү боюнча 24-январда тактоо киргизди. Мындан бир күн мурда соттук отурум 8-февралда каралары кабарланган эле. Министрлик сотко арызданганы 23-январда белгилүү болгон. Доо арызында мекеме кыргыз-тажик чек арасындагы окуя тууралуу жарыяланган видеоматериал... Читать дальше...
Министрлер кабинети Бишкек шаарындагы Мамбет Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборун дотациядан чыгарып, өзүн-өзү каржылоого өткөрүүнү сунуштады. Бул тууралуу токтомдун долбоору 23-январда өкмөттүн сайтына жарыяланды. Документке ылайык, өкмөт хирургиялык борборго кошумча кызматтарды көрсөткөнгө, тарифин өзү аныктап түшкөн акчаны өзүнүн башкаруусуна уруксат берүүнү сунуштаган. Анда мекеме каражатты кызматкерлеринин маянасын жогорулатууга, ар кандай жабдыктарды же дары-дармектерди сатып алууга жумшай алат. Читать дальше...