Режиссер Федор Петрухин скончался в возрасте 72 лет

Панда Катюша расцарапала руку и живот работнику Московского зоопарка

Скандал вокруг "СМ-Клиники": что известно о случаях смерти пациентов

Билеты «Национальной Лотереи» появились в супермаркетах торговой сети "Перекресток"

World News in Kyrgyz
Ria.city


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Январь
2023

Новости за 16.01.2023

Azattyk.org 

Бишкекте кармалган казакстандык активисттер бошотулду

Бишкектин Октябрь райондук соту казакстандык активисттер Асхат Жексебаев менен Диана Баймагамбетованын ишин токтотуп, аларды сот залынан бошотту. Бул тууралуу башка бир казак активист Дидар Каиров Фейсбуктагы баракчасына жазып, сот залынан видео жарыялады. Жексебаев менен Баймагамбетова 2022-жылдын ноябрь айында Бишкекте кармалган. Казакстандык активист Жанара Ахмет алар Бишкек аркылуу чет өлкөгө кетээрде Кыргызстандын атайын кызматы "Манас" аба майданынан кармаганын билдирип чыккан. Улуттук... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыргызстандын экономикасы 7% өстү

Былтыр Кыргызстандын ички дүң продуктусу 919 млрд сомдон ашып, 2021-жылга салыштырмалуу 7% өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин былтыркы жылдын январь-декабрь айларынын алгачкы жыйынтыктарын чыгарган маалыматында айтылат. Экономиканын өсүү темпи негизинен товардык өндүрүш жана тейлөө кызматтарындагы жылыштар менен камсыздалды. Өндүрүш тармагы 12%, курулуш 8% жана айыл чарба тармагы 7% өстү. Кызмат көрсөтүү былтыр мурдагы жылга караганда 5%га көп чыккан. Кыргызстандын ички дүң продуктусу... Читать дальше...

Azattyk.org 

Италиялык белгилүү актриса Жина Лоллобрижида 95 жашында көз жумду

Италиялык актриса Жина Лоллобрижида 95 жашында көз жумганын эл аралык басылмалар кабарлашты. Актрисанын өлүмүнүн чоо-жайы айтылган жок. 60тан ашык тасмада роль жараткан Лоллобрижиданын эң белгилүү ролдору 1956-жылы тартылган "Нотр-Дам соборундагы" Эсмеральда жана 1952-жылы чыккан "Фанфан-Жоогазын" мелодрамасындагы Аделина. Актриса эки жолу "Алтын глобус" сыйлыгын алган. 1961-жылы "Эң популярдуу чет элдик актриса" сыйлыгына татыган. 1995-жылы дүйнөлүк кинематографияга кошкон өзгөчө салымы үчүн атайын сыйлыкка ээ болгон. Читать дальше...

Azattyk.org 

Пакистанда укук коргоочу Абдул Латиф Афридини сотто атып кетишти

Пакистанда юрист, укук коргоочу жана улутчул саясатчы Абдул Латиф Африди киши колдуу болуп көз жумду. Саламаттыкты сактоо кызматкерлери ал Пешавардагы куралдуу кол салууда каза болгонун маалымдады. "Леди Рединг" ооруканасынын басма сөз катчысы Мохаммад Асим Машалдын айтымында, 80 жаштагы Афридини 16-январда чак түштө Пешавардын Жогорку сотунун имаратында атып кетишти. Куткаруу агенттигинин кызматкерлери аны ооруканага алып баратанда көз жумган. Пешавар полициясынын офицери Кашиф Афтаб кол салууга... Читать дальше...

Azattyk.org 

Энергокризис: Мирзиёев Ташкенттин мэрин садага чапты

Майлуу-Сууда от казандардын бири ишке кирип, жылуулук маал-маалы менен бериле баштады. Өзбекстанда энергетикалык кризистен улам Ташкенттин мэри кызматтан алынды. Днепр шаарында орус армиясынын ракеталык чабуулунан 40тай киши мерт болуп, ондогон киши жараат алды. 30дай адам дайынсыз.

Azattyk.org 

Депутаттар кылмышка аралашкан спортчуларды наамынан ажыратууну сунуш кылды

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 16-январь күнкү кезектеги жыйынында “Дене тарбия жана спорт жөнүндөгү” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда каралды. Бир катар депутаттар спортчулардын ар кандай кылмышка түз же кыйыр түрдө аралашып калып жатканын белгилешип, бир катар сунуш-пикирлерин беришти. Алар Оштогу үрөй учурган кылмышка да токтолушту. Депутат Айбек Маткеримов спортчуларды мелдештерге катыштырууда саясатчылар демөөрчүлүк кылып, кайра... Читать дальше...

Azattyk.org 

Улуттук банк “Аманбанкка” киргизилген убактылуу администрация режимин узартты

Улуттук банк “Аманбанк” коммерциялык банкына киргизилген убактылуу администрация режимин дагы алты айга узартты. Мындай режим банкка былтыр 15-июлдан баштап, алты айга киргизилген болчу. Банкка убактылуу администратор болуп бекиген Рустам Абдулдабеков өз милдетин аткара берет. Өлкөнүн башкы банкы коммерциялык банкка мындай режимди киргизүүнүн жана узартуунун себептерин түшүндүргөн жок. "Аманбанктын" өкүлдөрү да буга байланыштуу комментарий бере элек.  Убактылуу администрация – банктын ишин башкаруудагы атайын режим. Читать дальше...

Azattyk.org 

Эки миңдей кишиге Кыргызстандын жарандыгы берилди

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жана жарандыктан чыгуу жөнүндө жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу президенттик администрация кабарлады. Беш жарлыкка ылайык, 1920 жаранга (1479и чоңдор жана 441и балдар), алардын көбү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздарга Кыргызстандын паспорту берилди. Мындан сырткары бир жарлыктын алкагында 205 адам (анын ичинен 187и чоңдор, 18и балдар) Кыргызстандын жарандыгынан чыгарылды. Президент Садыр Жапаров былтыр үч ирет... Читать дальше...

Azattyk.org 

Өзбекстанда от казандагы жарылуудан төрт кишинин өмүрү кыйылды

Өзбекстандын Термиз мамлекеттик университетине караштуу лицейдин от казаны жарылып, эки кишинин өмүрү кыйылды. Экөө тең окуу жайдын кызматкерлери эле. Окуя 16-январда болгонун Сурхандарыя облустук акимчилиги кабарлады. Жарылууга от казанга сырттан келген түтүктөгү суу тоңуп калып, буу көбөйүп кеткени себеп болгону айтылды. Прокуратура кылмыш ишин козгоп, иликтөө жүргүзүп жатат. Бир күн мурун Сырдарыя облусунун Ховос районундагы эки кабаттуу үйдө да ушундай жарылуу болуп, эки киши жарыкчылык менен кош айтышкан. Читать дальше...

Azattyk.org 

Бийлик "караларды" кантип ооздуктайт?

Коомдун үрөйүн учуруп, өлүм менен аяктаган Оштогу криминалдык таасир талаштан кийин Ички иштер министрлиги Бишкекте атайын маалымат жыйынын өткөрүп, кылмыш дүйнөсүнө каршы күрөш күчөп жатканын билдирди. ИИМ жакын арада жаңы мыйзам долбоору талкууга коюларын да жарыялады. "Күч жетиштүү. Күрөштү күчөтөбүз" 16-январда ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев ​Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдиргендей, бүгүнкү күндө 1199 адам уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары милициянын каттоосунда турат. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыргызстандан накталай долларды алып чыгууга чектөө киргизилди

Кыргызстандан чет өлкөлүк накталай валютаны алып чыгууга убактылуу тыюу салынды. Мындай чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгону 16-январда өкмөттүн сайтына жарыяланды. Буга өлкөдө каржы-экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу, ички валюта рыногундагы кырдаалды турукташтыруу, ошондой эле улуттук кызыкчылыктарды коргоо себеп болгону жазылган. Чечимге ылайык, чет өлкөлүк жарандарга 5 миңден, кыргызстандык жарандарга 10 миңден көп АКШ долларын алып чыгууга тыюу салынды. Читать дальше...




Azattyk.org 

2022-жылдын жыйынтыгы: Инфляция 14,7% түздү

Кыргызстандын Улуттук статистика комитети узаган жылдын жыйынтыктары жөнүндө маалыматтарын жарыялады. Анда белгиленгендей, 2021-жылдын декабрь айынан 2022-жылдын декабрь айына чейин өлкөдө керектөө баалары жана тарифтери 14,7% көтөрүлдү. Мунун ичинен азык-түлүк товарлары 17,1%, азык-түлүк эмес товарлар 12,7% кымбаттаган. Кызмат көрсөтүүлөрдүн өзүнүн тарифтери 9,1% өскөн. Улуттук статистика комитети Кыргызстан мүчөлүк кылган Евразия экономикалык биримдигиндеги инфляцияларды салыштыруу менен өлкө анда экинчи орунда турарын тактады. Читать дальше...

Azattyk.org 

Непалда кулаган учактагы төрт адамдын дайыны чыкпай жатат

Непалда 15-январдагы авиакырсыкта бери дегенде 68 киши набыт кеткени, дагы төрт адамдын дайыны чыкпай жатканы расмий кабарланды. Издөө иштери 16-январда да уланды. Непалдын жарандык авиация башкармалыгы кырсыкка эмне себеп болгону азырынча белгисиз экенин билдирди. Жекшемби күнү Покхара курорттук шаарындагы жаңы ачылган аэропортко 72 киши менен бараткан учак конуп жатканда капчыгайга кулаган. Yeti Airlines компаниясына таандык эки моторлуу учагындагы жүргүнчүлөрдүн  15и чет элдиктер, төртөө экипаж мүчөсү болгон.

Azattyk.org 

Жазуучулар союзу "Жылдын мыкты китеби" сыйлыгын тапшырды

Кыргызстандын Жазуучулар союзу бүгүн 16-январда "Жылдын мыкты китеби" сыйлыгын тапшырды. Бишкекте өткөн атайын салтанатта мыкты деп табылган авторлорго диплом менен атайын статуэтка тапшырылды. Атайын комиссиянын чечими менен 2022-жылы чыккан китептердин ичинен үч жанрда үч автордун китеби татыктуу деп табылган. Проза жанрында Топчугүл Шайдуллаеванын "Балакана", поэзия жанрында Кубат Оторбаевдин "Гүлдөр күтөт" жана балдар адабияты боюнча Байтемир Асаналиевдин "Балдан ширин балалык" китептери мыкты аталды. Читать дальше...

Azattyk.org 

Өспүрүм кыздын зордукталышы: Өкүмдүн жумшарган себеби айтылды

13 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча айыпталгандардын жазасы эмне үчүн жеңилдетилгени тууралуу маалымат берилди. 16-январда шаардык соттун судьясы Мирад Динеев журналисттерге чечим тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, айыпталып жаткандар кылмышка 2021-жылы сентябрь айында барган. Ал кезде Кыргызстанда 2017-жылдагы Кылмыш-жаза кодекси иштеп жаткан. Бирок тергөөчүлөр аларга айыпты 2021-жылдын декабрында күчүнө кирген жаңы Кылмыш-жаза кодекси менен коюп, Свердлов райондук соту өкүмүн ошонун негизинде чыгарган. Читать дальше...

Azattyk.org 

5 миң катталуучусу бар соцбаракчаларды ЖМК катары каттоо сунушталды

Кыргызстандын президенттик администрациясы “Жалпыга маалымдоо каражаттары” жөнүндө мыйзам долбоорунун кайрадан иштелип чыккан жаңы версиясын сунуштады. Мекеме атайын жумушчу топтун мүчөлөрүнүн сунуштарын жана эскертмелерин эске алгандан кийинки документтин долбоорун аталган топтун мүчөлөрүнө жөнөттү. Жаңы версияда көрүнүп тургандай, массалык коммуникациялар, маалыматтык технологиялар жана байланыш тармагын көзөмөлдөгөн мамлекеттик орган интернет басылмалардын жана блогерлердин реестрин түзөт. Ага... Читать дальше...

Azattyk.org 

Италияда мафиянын 30 жылдан бери издөөдө жүргөн башчысы кармалды

Италияда кылмыштуу топтун 30 жылдан бери издөөдө жүргөн башчысы Маттео Мессина Денаро кармалды. Полиция ал камакка алынганын 16-январда билдирди. Сицилиянын борбор шаары Палермодо колго түшкөн Мессина Денаро Cosa Nostra мафиясынын башчысы экени айтылып келген. 1992-жылы антимафияга каршы прокурорлор Жованни Фалькон менен Паоло Борселлинонун өлүмүнө күнөөлөнүп, сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган. Ал Флоренцияда, Римде жана Миланда болгон жардырууларга катышкан деген негизде өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн экени айтылууда.

Azattyk.org 

Аба ырайы: Күн бир аз жылыйт

17-январда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн жана эртең менен Чүй жана Ош облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -15…-20, күндүз -6…-11; Талас жергесинде түнкүсүн -16…-21, күндүз -3…-8; Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн -10…-15, күндүз 0…-5; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз -4…+1; Нарын облусунда түнкүсүн -27…-32... Читать дальше...

Azattyk.org 

Алматы базарынын мурдагы жетекчилерине эл аралык издөө жарыяланды

Алматынын четиндеги "Алтын Орда" базарынын мурдагы жетекчилерине эл аралык издөө жарыяланды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар Алматы облустук полиция департаментине таянып кабарлашты. "Казинформ" агенттиги Данияр Апдигапаров, Жумадин Патов, Канат Жакаев жана Айдос Нуркалиев изделип жатканын жазды. Алар өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка барган деп шектелүүдө.   2022-жылы жазында интернетке Данияр Абдигапаровдун президент Касым-Жомарт Токаевге жолдогон видеокайрылуусу жарыяланган. Анда ал базарды... Читать дальше...

Azattyk.org 

Энергетикалык кризистен улам Ташкенттин мэри кызматтан алынды

Өзбекстандын баш калаасы Ташкент шаарынын мэри Жахангир Артыкхожаев аяздагы энергетикалык кризистен улам кызматтан алынды. 16-январда президент Шавкат Мирзиёев ызгаарда калкты электр энергиясы менен камсыздоо боюнча өткөргөн жыйында Ташкенттин бардык жетекчилерин учурдагы кырдаалга даяр эместиги үчүн катуу сындады. "Ташкенттин акимин иштен алдым. Куру сөз, жалган маалыматтан нары өтө албаганы үчүн, ынсапсыздын буту жерден көтөрүлүп калганы үчүн бошоттум", - деди президент. Ошондой эле баш калаанын... Читать дальше...

Azattyk.org 

Майлуу-Сууда бала бакчалар жабылып, мектептер онлайн окууга өттү

Жылуулук жана таза суу менен камсыздоо үзгүлтүккө учураганына байланыштуу Майлуу-Суу шаарындагы мектептер онлайн окууга өтүп, бала бакчалар убактылуу жабылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы 16-январда билдирди. Мындай чечим шаардагы жылуулук жана таза суу менен камсыз кылуу иштери аяктаганга чейин күчүндө болот. Майлуу-Сууда 12-январда катуу сууктун айынан суу түтүктөрү тоңуп, жылуулук берүү жана суу менен камсыз кылуу үзгүлтүккө учураган. Шаардын бийлиги... Читать дальше...

Azattyk.org 

Днепр: Чилдеде жүздөгөн киши башкалкасыз калды

Днепрде Орусиянын соккусунан кийин бир тарабы кыйраган көп кабаттуу үйдүн жашоочуларын куткаруу иштери уланууда. Ага 550дөн ашык киши тартылган. Соңку маалымат боюнча каза тапкандар 30дан ашты. Турак жайда 72 батир талкаланып, 230дан ашыгына зыян келтирилди. Бул үйдө жалпы 1700дөй киши жашаган.

Azattyk.org 

ТИМ: Казакстанда көзөмөлсүз калган беш кыргызстандык бала былтыр мекенине кайтарылган

Былтыр Казакстандын аймагында көзөмөлсүз калган кыргызстандык беш бала мекенине кайтарылганын Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди. Мындан тышкары, мекеменин маалыматына караганда, 2022-жылы Алматы шаарындагы Башкы консулдук кыргыз диаспорасынын жана казак мамлекеттик органдарынын көмөгү менен бул өлкөнүн аймагында оор абалда калганы үчүн жардам сурап кайрылган 30 кыргыз жараны өлкөгө кайтарылган. Айрымдары документи жок жана Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүнө өз алдынча... Читать дальше...

Azattyk.org 

Сасык тумоо соңку аптага салыштырганда көбүрөөк катталды

Кыргызстанда сасык тумоо кайрадан көбөйө баштаганын бүгүн 16-январда Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти. Мекеменин маалыматына караганда, 9-15-январда тумоологон 8366 бейтап катталды. Бул ага чейинки бир аптадагы көрсөткүчкө салыштырганда 0,7% көп. Быйылкы эпидемиологиялык сезондо сасык тумоонун А түрү катталууда. Ал эми COVID-19 менен соңку бир аптада эки бейтап катталганы маалымдалды. Күз-кыш убагындагы соңку сасык тумоо... Читать дальше...

Azattyk.org 

Бекешев кош бойлуу жана улгайган аялдарга камактан башка бөгөт чара колдонууну сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев кош бойлуу жана улгайган аялдарга карата камакка алуу бөгөт чарасын колдонууга тыюу салууну сунуштоодо. Бекешев демилгечи болгон мыйзам долбоору 13-январда коомдук талкууга коюлду. Анда тергөө абактарынын абалын эске алганда, улгайган адамдарга жана кош бойлуу аялдарга карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасын тандоо кыйноого тете болору жазылган. "Тергөө изоляторлорунда кармоонун шарттары эл аралык стандарттарга жооп бербейт. Мындай жерде кармоо алардын... Читать дальше...


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Ru24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Ru24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Ru24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Билеты «Национальной Лотереи» появились в супермаркетах торговой сети "Перекресток"

Скандал вокруг "СМ-Клиники": что известно о случаях смерти пациентов

Дело возбудили из-за пропаганды ЛГБТ в книжном магазине в Нижнем Новгороде

Синоптик Позднякова предупредила о сильном ветре в столице 19 апреля

Музыкальные новости

ЧИТАЙТЕ ОПТИМАЛЬНЫЙ ПЛАН МИРА МЕЖДУ РОССИЕЙ, НАТО И УКРАИНОЙ.

На первичный-вторичный рассчитайсь // Спрос на элитное жилье Москвы и Санкт-Петербурга разошелся по рынкам

"Не имел права оперировать": Делом московского нейрохирурга заинтересовался Бастрыкин

В АО "Желдорреммаш" введен единый Стандарт системы неразрушающего контроля на производстве

Новости России

Немецкий миллиардер, который без вести пропал в 2018-м, нашелся в России

ФРГ не ответила на требование признать геноцидом преступления нацистов в СССР

Со следующей недели в Московской области начнут отключать отопление

МИД РФ: Ждем, что Армения объяснит сообщения о её военно-политических договоренностях с Западом

Экология в России и мире

Врач -стоматолог Владимир Лосев: особенности и нюансы лечения зубов у пожилых

«Мифы и реальность: что нужно знать о донорстве»

Полное руководство по онлайн-покупкам на рынке ‘Садовод’: советы, рекомендации и секреты экономии

Наследие «Игр будущего»

Спорт в России и мире

Александрова проиграла Жабер в первом круге турнира WTA в Штутгарте

Елена Рыбакина поднялась в мировом рейтинге

Шнайдер проиграла Бадосе на старте турнира WTA в Штутгарте

Рыбакина: знаю, что меня поддерживают в России, но болельщиков из Казахстана намного больше

Moscow.media

Продолжается ремонт трассы Бахчисарай – Ялта в Крыму

Автомобили новой марки MG появились в России. Что это за машины?

Краски севера III

Остров Октябрьской Революции. Кемь.











Топ новостей на этот час

Rss.plus






МИД РФ: Ждем, что Армения объяснит сообщения о её военно-политических договоренностях с Западом

Со следующей недели в Московской области начнут отключать отопление

ФРГ не ответила на требование признать геноцидом преступления нацистов в СССР

BMW, на котором скрылся убийца байкера с братом, нашли брошенным в Москве