2-январда бразилиялык футбол легендасы Пеле акыркы сапарга узатылды. Спорт жылдызынын зыйнаты Сантустагы "Вила Белмиро" стадионунда уюштурулду. Аны менен коштошууга миңдеген кишилер келди. Үч жолку дүйнө чемпиону Пеле 82 жашында 29-декабрда көз жумган. Ал ноябрдан бери Сан-Паулу шаарындагы ооруканалардын биринде дарыланып жаткан эле. Эдсон Арантис ду Насименту Пеле – футбол тарыхында дүйнө биринчилигин үч жолу (1958, 1962 жана 1970) уткан жалгыз оюнчу. Алгачкы жолу чемпион аталганда 18 жашта болчу. Читать дальше...
Ооруканада чарчап калган ымыркайдын өлүмүгө байланыштуу Бишкекте алты дарыгер кармалып, “кесиптик милдетин талаптагыдай эмес аткаруу” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Орусиянын Ички иштер министрлиги "Вагнердин" машыгуу лагеринен качкандарга издөө жарыялады. Алар буга чейин Орусиянын абактарында жаза өтөп жаткандар экени маалым болду. 1-январдан тарта Хорватия Шенген аймагына кошулду. Бул өлкөдө эми Еврошаркеттин бирдиктүү валютасы евро жүгүртүлөт.
Жер шарынын тургундары 2023-жылды коронавирус пандемиясынан улам киргизилген чектөөлөр алынган шартта тосуп алды. Австралиядан баштап Жакынкы Чыгыштагы, Европадагы, жана кош Америкадагы жаңы жылдык майрамдын элестерин сүрөт баяндан көрүңүз.
Ташкенттен Алматыга бараткан Air Astana авиакомпаниясынын учагы турбуленттик тилкеге кабылып, жети жүргүнчү жабыркады. 2-январдагы бул окуя тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди. Каттам Ташкенттен жергиликтүү убакыт менен 14:35те учуп, 16:45те Алматыга конгон. Экипаж жабыркаган жүргүнчүлөргө биринчи медициналык көмөк көрсөткөндөн кийин "Тез жардам" кызматы алып кеткен. Авиакомпания бул окуяга өкүнүчүн билдирип, жабыркагандарга бардык жардам көрсөтүлөрүн маалымдады. Окуяга байланыштуу... Читать дальше...
Ооганстанда эл аралык коомчулук тааныбаган талибдердин өкмөтү Исламабадды "эки тараптуу мамилеге коркунуч келтирүүдө" деп айыптады. Мындай билдирүү Пакистандын ички иштер министри Рана Санаулла талибдерди согушчан "Техрик-и-Талибан" тобуна каршы "жетиштүү чара көрбөй жатат" деп айткандан кийин жасалды. Пакистан "Техрик-и-Талибанды" террордук деп эсептейт. Маалымат каражаттары Санауллага таянуу менен Исламабад Ооганстандын ичиндеги бул топко каршы бир тараптуу чара көрүүгө аргасыз болушу мүмкүндүгүн жазууда. Читать дальше...
Эр-Риядда падыша Абдулазиз атындагы салттуу Төө фестивалы уланууда. Сауд Арабияда көп жылдардан бери уюштурулуп келаткан ири фестивалга быйыл 3000 адам 40 миңден ашык төөлөрдү алып келгенин "Ал-Арабия" телеканалы кабарлады. Сауд Арабия падышалыгы колдогон фестиваль - өлкөнүн маданий, экономикалык, спорттук жана оюн-зоок иш-чарасы болуп саналат. Төөлөрдүн катышуусунда 70тен ашуун мелдештердин жалпы байге фонду 66 миллион доллардай. 29-ноябрда башталган фестиваль 45 күнгө уланат. Анын алкагындагы... Читать дальше...
Кытай Айдын эң көп ресурстарга бай аймактарын ээлөөгө жана АКШны алардан алыс кармоого аракет кылышы мүмкүн. Мындай кооптонууну АКШнын Аэронавтика жана космосту изилдөө боюнча улуттук башкармалыгынын (NASA) жетекчиси Билл Нельсон Politico журналына айтты. "Биз космостук жарышта экенибиз чындык. Илимий изилдөөгө жамынып, Айдын айрым участкаларын ээлеп албашы үчүн сак болушубуз керек",- деген Нельсон Бээжин кийин башкаларды жакын жолотпой коюшу ыктымалдыгын билдирген. 2030-жылы Бээжин Айдагы жашоону көздөгөн учууларды пландаштырууда. Читать дальше...
Израил Дамасктын түштүгүнө кол салганы, мындан улам эл аралык аэропорт иштебей калганы тууралуу 2-январда Сириянын куралдуу күчтөрүнө шилтеме берүү менен Жакынкы Чыгыш жана Батыш маалымат каражаттары жазды. Эки аскер каза болуп, экөө жараат алганы кабарланууда. Улуу Британияда жайгашкан Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы израилдик учактар ливандык "Хезболла" радикал тобунун жана Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусунун объектилерине чабуул жасаганын билдирди. Сирия тараптын айтымында... Читать дальше...
Жарым-жартылай таанылган Косовонун премьер-министри Албин Курти Сербия менен этникалык чыңалуу дагы бир жолу тутангандан кийин НАТОну Косоводогу тынчтык орнотуучу күчтөрүн көбөйтүүгө чакырды. Анын интервьюсу Германиянын Die Welt гезитине 1-январда жарыяланды. "Биздин өлкөдө НАТОнун аскерлеринин жана аскердик техникасынын олуттуу көбөйүшү Косоводо жана бүтүндөй Батыш Балкан аймагында коопсуздукту жана тынчтыкты жакшыртмак", - деди Курти. НАТО жетектеген коргоо күчтөрү 1999-жылы аяктаган чөлкөмдөгү... Читать дальше...
Франциялык эки изилдөөчү – Ноэми Кадо жана Софи Имрен Кыргызстандын адабият, маданият, сүрөт өнөрүнө кызыгып, Бишкектеги музей, архивдерге барып изилдөө жүргүзүп, быйыл 80 жылдыгы белгиленген Эл жазуучусу Кубатбек Жусубалиевдин чыгармачылыгы менен жакындан таанышып жүргөн экен.
Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 3-5-январь күндөрү аба ырайы туруксуз болуп, тоолуу райондордо, Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу жолунун 55-107-чакырымында, Чапчыма ашуусунда жана Красная-Горка-Акташ жолунун 1-4 чакырымдарында кар көчкү түшүүсү мүмкүн. Жолдор тайгак болот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы керек. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…-9, күндүз 3…8; Талас өрөөнүндө түнкүсүн -6…-11, күндүз 0…+5; Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн -3…-8, күндүз 1…6; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10... Читать дальше...
Бишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгы (РИИБ) дарыгерлердин кармалышы боюнча маалымат таратты. Анда былтыр 14-декабрда саат 9:13тө шаардык милицияга Бишкектин борбордук өлүкканасынан маалымат түшүп, чарчап калган ымыркайдын сөөгү келгени кабарланган. Бул факты Ленин РИИБиге катталып, тергөө иштери башталган. Милициядан билдиришкендей, ымыркайдын ашказаны жакшы иштебей жатканы үчүн аны 13-декабрда эрте менен саат жетилер чамасында Бишкектеги ооруканалардын бирине алып барышкан. Ошол эле... Читать дальше...