1-январда Ооганстандын борбору Кабулдун аскердик аба майданынын сыртында жардыруу болду. Андан мерт болгондор жана жаракат алгандар бар экенин "Талибан" өкмөтүнүн Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Абдул Нафи Таков билдирди. Ал курмандыктардын санын жана жардыруунун артында ким турушу мүмкүндүгүн тактаган жок. Иликтөө жүрүп жатканын гана белгиледи. Соңку мезгилде Ооганстанда "Ислам мамлекети" террордук тобунун кандуу чабуулдары күчөдү. Бул топ бир нече жуманын ичинде Кабулдагы бир катар негизги жайларды бутага алды. Читать дальше...
1-январдан тарта Хорватия Шенген аймагына кошулуп, улуттук валютасы кунанын ордуна Еврошаркеттин бирдиктүү валютасы болгон еврону колдоно баштады. 10 жыл мурда Европа Биримдигине мүчө болгон Хорватия еврону колдонууга өткөн уюмдун 20-мүчөсү болуп калды. Планга ылайык, Хорватия 14-январга чейин еврого толук өтүшү керек. Ага чейин хорваттар кунаны да колдоно алышат. Жекшембиде Хорватиядагы банкоматтардын жарымынан көбү өчүрүлдү. Эми аларга жаңы банкноттор жүктөлөт. Жарандардын эркин каттамына... Читать дальше...
2-январда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында күн ачык, күндүз Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -8…-3, күндүз 3…8; Талас өрөөнүндө түнкүсүн -10…-5, күндүз 0…+5; Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн -2…-7, күндүз 3…8; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз -1…+4; Нарындын өрөөндөрүндө түнкүсүн -15…-20, күндүз -4…-9; Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -22…-27... Читать дальше...
Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Kaktus.media басылмасынын мамлекет башчынын куттуктоосу боюнча жарыялаган кабарына жооп берди. Султанбаев басылма чыгарган маалымат туура эмес экенин айтып, жоопкерчиликке чакырган. “Маалыматты тактабай туруп, ишенимдүү калп айтып, коомчулуктун башын айлантып жатасыздар. Силердин жалган маалыматка жарандардын бир бөлүгү ишенип алышы мүмкүн. Кыргызстан сөз эркиндиги бар өлкө. Тилекке каршы айрымдар ал эркиндикти кыянаттык менен пайдаланып... Читать дальше...
31-декабрдан 1-январга караган түнү өлкө боюнча жалпысынан 298 ымыркай жарык дүйнөгө келди, арасында эгиздер бар. Анын 165и эркек болсо, 133ү кыз. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Түнкү саат 12:00дө Ош шаарында эркек, 00:15те Чүй облусунун Ысык-Ата районунда эркек, 00:10до Сокулук районунда кыз төрөлдү. Талас облусу менен Жалал-Абаддын Сузак районунда (түнкү саат 12:05) уул балдар төрөлгөн. Бишкек шаарында 46 бала жарыкка келди. (TSh)
Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов мэрияга караштуу кызматтарды ар кандай кландар башкарган система бар экенин айтып чыкты. Жетигенов "Ынтымак" телеканалына курган маегинде кадр саясаты жөнүндө суроолорго жооп берип жатып, кландар башкарган системаны жоюуга аракет кыларын билдирди. “Мэриянын кызматтарында биринчи вице-мэрден баштап, ар бир жетекчинин артында кландар бар экен. Жети-сегиз клан бар. Бирөөнө тийсең ызылдап чыгат. Андай деген болбойт. Татыктуу иштесин. Мен Оштогу кландарды жое албайм... Читать дальше...
"Азаттык" 2022-жылы социалдык медиадагы бардык платформаларында Кыргызстандагы, чөлкөмдөгү жана дүйнөдөгү орошон окуяларды, жашоонун ар кыл өңүттөрүн чагылдырып, журналисттер элди такталган жана балансталган маалымат менен камсыздап турду. Назарыңызга топ жарып, миллиондорго жеткен видеолорун сунуштайбыз.
Пенде баласынын ичинде канча сыр кайнап жатканын билиш кыйын. Ошо билинбегени деле жакшы. Кыргыз эл жазуучусу Казат Акматовдун “Коштоочу” аңгемесиндеги негизги көркөм ой ушундай. Сыртынан баары жөнөкөйдөй көрүнгөн... Шаардан келген өкүл Шаардан, болгондо да “главкадан” келген жооптуу өкүлдүн алдында колхоз башкармасы өзүн ыңгайсыз сезип, актангансып отурду. Алышкан оору жабышып албаса малчылардын тоюна аны өзү ээрчитип бармак экен. Оңойбу анан, социализм заманында малчылардын тою олуттуу иш-чаралардын катарына кирчү... Читать дальше...
Баткен облусунда үч айыл аймактын жана 10 айылдын аталышын өзгөртүү боюнча мыйзам 1-январдан тартып күчүнө кирди. Ага президент 16-ноябрда кол койгон. Баткендеги 13 айылдын аталышын өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш быйыл 20-октябрда кабыл алган. Айыл аймактардын аталышын алмаштыруу боюнча чечимдер ошол айылдардын тургундарынын чогулуштарында кабыл алынып, жергиликтүү бийликтин чечимдери менен бекемделген, андан кийин Жогорку Кеңеш бекиткен. Президент кол койгон мыйзамга ылайык... Читать дальше...
Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев 31-декабрда Фейсбуктагы баракчасы аркылуу Кыргызстандын аймагынан сыртка чыкпаганын маалымдады. Жамгырчиев атасы ооруп жаткандыктан парламент спикерине маянасы сакталбаган эмгек өргүүсүнө чыгуу жөнүндө арыз бергенин билдирди. Атасына операция жасатуу үчүн чет өлкөгө аны менен кошо чыга албаганын, учурда Нарын облусунда экенин маалымдаган. Эл өкүлү чек арадан мыйзамсыз өтпөгөнүн кошумчалаган. Тааныштары менен байланышка чыга албай калганын сыркоолоп калганы менен түшүндүрдү. Читать дальше...
Улуттук статистика комитетинин 2021-жылдагы маалыматына караганда, Кыргызстандагы жогорку окуу жайларда КМШ мамлекеттеринин ичинен Өзбекстандан келген студенттер (51 605 студент) көп окуйт. Казакстандан 1985, Орусиядан 1672, Тажикстандан 1595 студент билим алууда. КМШ мамлекеттеринен сырткары Индиядан келген 14 миңден ашык студент бар. Андан кийинки орунда Пакистан (7498), Ооганстан (274) турат. Билим берүү жана илим министрлиги буга чейин билдиргендей, Кыргызстандын жогорку окуу жайларында 232 миң студент окуп жатат. Читать дальше...
Экономика жана коммерция министрлиги машинелердин катализаторлорунда камтылган металлдарды, калдыктарды өлкө аймагынан ташып чыгууга тыюу салуу токтом долбоорун коомдук талкууга алып чыкты. “Мурда пайдаланылган катализаторлорду, катализаторлордо камтылган баалуу металлдардын шлактарын, күлдөрүн жана калдыктарын Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууга (экспорттук) тыюу салуу жөнүндө” токтом долбоорунун негиздеме катында автоунаалардан чыккан газ, түтүн экологиянын бузулушуна алып келип жатканы айтылат. Читать дальше...
Бишкектин Ленин райондук соту 30-декабрда “кесиптик милдетин талаптагыдай эмес аткаруу” беренесине шектелип кармалган беш дарыгерди 10-январга чейин тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарган. Бул тууралуу соттон кабарлашты. Маалыматка ылайык, ушул иш боюнча дагы бир дарыгердин бөгөт чарасы каралып, үй камагы тандалды. Эне жана баланы коргоо борборунун дарыгерлери Кылмыш жаза кодексинин 146-беренеси (“Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу”) менен шектелип кармалган. Читать дальше...
Президент Садыр Жапаров жаңы жылдык куттуктоосунда чек ара маселесин чечүүнү убада кылды. Ал сөзүнүн башында былтыркы Баткендеги чек ара чатагын эске салып, жаңы жылдык куттуктоосун дал ушул аймактан жолдоону туура көргөнүн билдирди. Жапаров чек ара чатагында каза болгон жарандардын эрдиги эч качан унутулбасын белгиледи. “Учурда Баткен облусун калыбына келтирүү жана баткендиктердин коопсуздугун камсыздоо –улуттук эң башкы маселелердин бири. Биз бул ишти сөзсүз аягына чыгарабыз. Ар түрдүү себептерден улам учурунда чечилбей... Читать дальше...