Өзбекстандык журналисттер Ташкентте өткөн Парламенттер аралык биримдикке мүчө мамлекеттердин лидер аялдарынын 14-саммитине коротулган каражатты иликтеп чыгышты. 2022-жылдын сентябрында өткөн саммитке өзбек парламентинин жогорку палатасы - Олий Мажлис 3 миллиард 230 миллион сум сарптаган. Бул дээрлик 286 миң АКШ долларына барабар. Kun.uz басылмасынын журналисттеринин колуна тийген документтерге ылайык, бул акчанын тең жарымы эки күндүк тамактанууга, кофе-брейк, жыйындар залынын ижарасына төлөнгөн. Читать дальше...
Обончу, аткаруучу Түмөнбай Колдошов Бишкектеги Бүбүсара Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университетинин ректору болуп дайындалды. Аны 12-январда университеттин жамаатына билим берүү жана илим министринин орун басары Талантбек Бекташов менен маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгулов тааныштырды. Декабрда жетекчилик кызматка сынак жарыяланып, талапкерлерден документ кабыл алуу 28-декабрда аяктаган. Натыйжада алты адам, алардын үчөө ошол мекемеде иштегендер талапкер болгон. Читать дальше...
5-январда Бишкектин Ленин райондук соту Балдардын тез жардам клиникалык ооруканасынын жана Эне-баланы коргоо улуттук борборунун камактагы беш кызматкерин үй камагына чыгарды. Дарыгерлер 13-ноябрда ооруканага тушүп, чарчап калган үч жаштагы баланын ишине байланыштуу айыпталышууда.
Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун Таластагы өкүлү Нурлан Абдраимов коррупцияга шектелип кармалгандар менен жолугуп чыкканын 12-январда "Азаттыкка" билдирди. Анын маалыматына караганда, убактылуу кармоочу жайда отурган Талас шаарынын вице-мэри Максат Байжигитов, Талас шаардык кеңешинин төрагасы Адылбек Жусупбеков, анын орун басары Азиз Курамаев арыз-даттануу айтышкан эмес. Кармалгандардын бөгөт чарасы 11-январда Талас шаардык сотунда каралып, Шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын... Читать дальше...
Кемпир-Абад маселесине байланыштуу камалып отургандардын жакындарынын үстүнөн соттук териштирүүлөр башталды. Бүгүн 12-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Талас облусунун мурдагы башчысы, активист Айбек Бузурманкуловдун жубайы Толгонай Солтонованын соту болду. Анда 10-январдагы окуя кандай болгону териштирилип, милиция кызматкери Бекжан Бектурсунов жана Солтонова өзү көрсөтмө беришти. Милициянын өкүлү ал күнү отуздай демонстрант кармалганын, бешөөнө (экөөнө Укук бузуулар жөнүндө кодекстин... Читать дальше...
2022-жылы Финансы министрлиги чакан жана орто ишкерликти колдоо долбоорлору үчүн бюджеттен коммерциялык банктарга 1 млрд. 756 млн. сом бөлдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы 12-январда билдирди. Маалыматка караганда, 2023-жылы бул максат үчүн 2 млрд. сом бөлүнмөкчү. "Ушу тапта ишкерлер 1 млн. сомдон 3 млн. сомго чейин пайызсыз насыяларды алууда. Жалпы төрт миңден ашуун ишкер үстөксүз насыя алды", - деп билдирди өкмөттүн басма сөз кызматы. Былтыр жайында жер-жерлерде өкмөт убада кылган... Читать дальше...
Мугалимди мазактагандарды жоопко тартуу тууралуу мыйзам долбоору баштапкы вариантынан кыйла жумшартылган түрдө кабыл алынды. Жогорку Кеңештин 12-январдагы жыйынында долбоор үчүнчү окууда жактырылды, эми ал президенттин кароосуна жөнөтүлөт. “Укук бузуулар кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун былтыр депутаттар Аманкан Кенжебаев жана Мирлан Самыйкожо иштеп чыгышкан. Анда мугалимге окуучу же ата-эне жаман сөз айтып, адепсиз мамиле жасап, кордоп тийишкен, мазактаган, атүгүл кол салган окуялар көбөйгөнү... Читать дальше...
Бишкек шаардык сотунун 12-январдагы чечими менен жарандык активист Адилет Али Мыктыбек (Адилет Балтабай) камакка алынды. Бул тууралуу "Азаттыкка" анын адвокаты Такен Молдакулов билдирди. Анын айтымында, шаардык сот Биринчи май райондук сотунун былтыр ноябрдагы пробациялык көзөмөл боюнча чечимин жокко чыгарды. Эми ал беш жылдык пробациялык мөөнөт бүткүчө камакта болот. Кайсы жайда кармалары айтылган жок. Адилет Балтабай сот залынан элге кайрылып, пробациянын шартын бузбаганына карабай камалып жатканын айтты... Читать дальше...
Ооганстандын баш калаасында Тышкы иштер министрлигинин имаратынын кире беришиндеги жардырууга жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу өзүнө алды. Согушчан топтун Amaq маалымат агенттиги кабарлагандай, жанкечти коопсуздук жабдууларынан өтүп, өзүн күзөтчүлөрдүн ортосунда жардырган. Сегиз адам өлүп, он киши жараат алды. Бул күнү Кытайдын делегациясы Тышкы иштер министрлигинин имаратына барышы керек эле. Бээжин Кабулдагы кол салууну кескин айыптап, талибердин өкмөтү бардык өлкөлөрдүн жарандарын... Читать дальше...
Орусияда эки миңден ашуун кыргыз жараны камакта отурганын 12-январда Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Москвадагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына таянып Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Жалолидин Нурбаев билдирди. Депутат алардын 1001и Орусиянын тергөө абактарында, дагы 1078и түрмөлөрүндө отурушканын, андан сырткары кылмыш иши козголуп, каралып жаткандар да бар экенин былтыркы жылдын үчүнчү кварталындагы расмий маалыматка таянып айтты. Анын белгилешинче, кеп баш-аягы 5 миңдей кыргыз жараны тууралуу болууда. Читать дальше...
Катуу суукка байланыштуу уюштурулган Бишкектеги убактылуу жылынуучу чатырларга 11-январдан бери 400дөн ашуун киши кайрылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Бишкекте ичине меш коюлуп, ысык чай берген жалпы он чатыр тигилген. Ага көчөдө суукта үшүгөн жарандар кирип жылына алышат. Свердлов районунда 208, Ленин районунда 150, Октябрь районунда 60 жана Биринчи май районунда 63 киши чатырларда жылынышты. 9-январдан бери өлкөдө суук күчүнө кирип, Бишкекте абанын температурасы күндүз -15, түнкүсүн -20 градустан төмөн болууда. Читать дальше...
Машинасы боюнча жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү түрдө камсыздандыруу талабын аткарбаган автоунаа ээлери жазага тартылары боюнча маселе бүгүн 12-январда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында көтөрүлдү. Депутат Эмил Токтошев тийиштүү органдар элге так маалымат бериши керек болуп жатканын айтты: «Камсыздандыруу төлөмүн төлөбөсө 1-апрелден тартып айыппул салына баштайт. Мен сураштырып көрсөм, он кишинин сегизи билбейт, айылдагылардын такыр маалыматы жок», - деген депутат жарандарга телефонундагы... Читать дальше...
"Азаттык" радиосунун казак кызматынын Алматыдагы редакциясында “Кандуу январь курмандыктары” китебинин бет ачары өттү. Анда 2022-жылдын Январь окуяларында каза болгон адамдарга байланыштуу окуялар камтылган. Бийликтин жарандарга карата ырайымсыз мамилеси, кейиштүү жагдайлар тууралуу баяндалган. Китепке "Азаттыктын" кабарчылары ошол күндөрү жана андан кийин тарткан сүрөттөр да кирген. "Азаттык" демонстрацияларда окко учкан же андан кийин алган жараатынан каза болгон ондогон адамдар тууралуу маалымат чогулткан. Читать дальше...
Британиялык гитарист, ардактуу Грэмми сыйлыгынын жети жолку ээси Жефф Бек 10-январда 78 жашында каза болду. Музыканттын веб-сайтына анын үй-бүлөсүнүн билдирүүсү 11-январда жарыяланды. Анда Бек бактериялык менингит менен ооруп, дүйнөдөн кайтканы айтылат. Rolling Stone журналы аны "Гитаранын кудайы" деп атаган. Жефф Бек - британиялык гитарчы-виртуоз. 1944-жылы Лондондо туулган. Бала кезинде чиркөөнүн хорунда ырдаган, өспүрүм кезинде гитара черте баштаган. Бир канча топтордо ойногон музыкант кийин The Jeff Beck Group тобун түзгөн. Читать дальше...
Өзбекстанда мамлекеттик айыптоочу Каракалпакстандагы башаламандыктарга шек саналган эки кишини – Даулетмурат Тажимуратовду 18, Лолагүл Каллыханованы 11 жылга эркинен ажыратууну сурады. Дагы 18 кишини азыраак мөөнөткө соттоону өтүндү. Нукус шаарындагы жапырт башаламандык иши Бухара облустук сотунда өтүп жатат. Жалпысынан 22 кишиге айып тагылган. Былтыр 1-2-июлда Каракалпакстандын борбору Нукуста жергиликтүү тургундар Өзбекстандын Конституциясынан жумурияттын суверендүүлүгү тууралуу беренени алуу сунушуна каршы чыгышкан. Читать дальше...
Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев “Ардактуу сенатор” наамынан ажыратылды. Бул тууралуу парламент сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев билдирди. Ал муну Конституциялык сот "Туңгуч президент - Елбасы" жөнүндөгү мыйзамды жокко чыгарганы менен негиздеди. Нурсултан Назарбаев "Ардактуу сенатор" наамын 2019-жылдын июнь айында кызы Дарига Назарбаева Сенаттын төрайымы болуп турганда алган. Казакстанда "Туңгуч президент – Елбасы" мыйзамы күчүн жоготкону 11-январда расмий кабарланган. Назарбаевге... Читать дальше...
11-январда Тажикстандын Хожент шаарында төрөлгөн алты эм – эки бала жана төрт кыз чарчап калды. Бул тууралуу Согд облустук төрөт үйүнүн дарыгери билдирди. Медиктер балдардын ара төрөлгөнү – өлүмдүн негизги себеби экенин айтышты. “Кош бойдуу аял мөөнөтүнөн мурда көз жарган. Балдардын көбү алты айлык болуп төрөлгөн жана 550дөн 700 граммга чейин гана салмакта болушкан”, - деди төрөткананын дарыгерлеринин бири. Ымыркайлардын энеси, 26 жаштагы Муборак Сохибова ушул тапта дарыгерлердин көзөмөлүндө. Читать дальше...
Шашылыш билдирүү 13-январда абанын температурасы мындан ары төмөндөйт. Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -20…-25°, күндүз -14…-19° суук, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -12…-17°, күндүз -9…-14° суук, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -26…-31°, күндүз -17…-22°, тоо этектеринде түнкүсүн -22…-27°, күндүз -15…-20°, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -30…-35°, күндүз -23…-28°, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -33…-38°, күндүз -23…-28° суук болот. Читать дальше...
Валюта рыногуна доллар буга чейинкиге салыштырганда эң көп өлчөмдө сатыкка чыгарылганына карабастан курсу өзгөрбөй жатканы боюнча маселени бүгүн 12-январда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Эмил Жамгырчиев көтөрдү: “Рекорддук көлөмдө интервенция жасалды. Бирок, тилекке каршы, курс ошо бойдон өзгөрүүсүз турат. Ишкерлер доллар жок экенин, сатылбай жатканын айтып даттанууда. Эл ошол долларлар каякта деп нааразы болууда. Улуттук банк 85 сомдон сатты, ал эми рынокто доллар 89 сомго чейин чыгып кетти”. Читать дальше...
Баткендин Ак-Сай айылында сентябрдагы чек ара жаңжалында өрттөлүп, тонолгон үйлөр кайра курулуп, 40ка жакыны бүтүп, үй ээлерине тапшырылды. Жергиликтүүлөр жаңы үйлөрүнө жайгаша баштады. Калгандары үйдүн курулушун шашылыш бүтүрбөй, өз эрежеси менен жазга чейин иш бүтсө да болот деген сунуштарын айтууда.
Караколдо ажырашкан күйөөсүнүн колунан каза тапкан келиндин өлүмү боюнча кылмыш иши соттун кароосуна өттү. Бул тууралуу 12-январда "Азаттык" радиосуна укук коргоочу Камил Рузиев билдирди. Анын айтымында, тергөө аяктап, иш Каракол шаардык сотуна өткөрүлүп берилди. Каргашалуу окуя былтыр 9-ноябрда Караколдогу “Кумтөр” деп аталган соода борборунда болгон. Каза болгон келин 30 жашта болгону, 35 жаштагы күйөөсү менен ажырашып кеткени, экөө сүйлөшүү үчүн жолукканы, ортодо уруш чыгып, күйөөсү аялын бычактаганы маалымдалган. Читать дальше...
Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде ректор шайлоодон кийин нааразылык чыкты. Декабрда жетекчилик кызматка сынак жарыяланып, талапкерлерден документ кабыл алуу 28-декабрда аяктаган. Натыйжада алты адам, алардын үчөө ошол мекемеде иштегендер талапкер болгон. Эң көп добушту, алдын ала эсептөө боюнча, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Түмөнбай Колдошев алганы маалымдаган. Бирок окуу жайдын жамааты сынактын талаптары жана шарттары бузулганын айтып... Читать дальше...
Таласта коррупциялык схемага шектелип кармалгандардын бөгөт чарасы каралып, алардын бири үй камагына чыгарылды, калгандары 31-январга чейин камакта калтырылды. Бул тууралуу "Азаттыкка" 12-январда Талас облустук сотунун басма сөз катчысы Нурдин Байжигитов билдирди. Анын айтымында, шаардын муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси Марат Долдоев үй камагына чыгарылды. Ал эми вице-мэр Максат Байжигитов, шаардык кеңештин төрагасы Адылбек Жусупбеков, анын орун басары Азиз Курамаев 31-январга чейин камакта калды. Читать дальше...
Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Кыштак айылынын башчысынын орун басары Кылмыш-жаза кодексинин “Опузалап пара алуу” беренесинин негизинде кармалганын 12-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, жер тилкесин бөлүп берүү тууралуу кабыл алынган чечимди жокко чыгарарын айтып коркуткан 35 жаштагы шектүү жергиликтүү тургундардын биринен 4 миң доллар талап кылган. “Жүргүзүлгөн комплекстүү ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө... Читать дальше...
Адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча берген убадаларына карабастан кыргыз бийлиги соңку жылы сын айткандарды жана жарандык коомду чектеп келгенин 12-январда 2022-жылдын жыйынтыгына арналган баяндамасында эл аралык Human Rights Watch укук коргоо уюму билдирди. Бейөкмөт уюмдар, абактагылардын абалы, үй-бүлөлүк зомбулук, жарандык жана саясий укуктар, коопсуздук, майыптыгы барлардын укуктары сыяктуу маселелер менен катар сөз эркиндигинин абалына да баа берилди. Жылдык баяндамада сөз эркиндиги көз каранды эмес журналисттерге... Читать дальше...