1968-жылы тартылган "Ромео жана Жульетта" тасмасында башкы ролду ойногон Леонард Уайтинг менен Оливия Хасси Paramount компаниясын сексуалдык эксплуатацияга айыптап, 500 миллион доллардан ашуун доо коюшту. 70тен ашкан Уайтинг менен Хассинин айтымында, режиссёр Франко Зеффирелли аларга төшөк сахналары үчүн түссүз ич кийим берүүнү убада кылган. Бирок кийин жылаңач тартылууга мажбурлаганын, "антпесе тасма ийгиликсиз чыгып, алар андан ары эч жерде, айрыкча Голливудда иштей албай каларын" айтканын белгилешүүдө. Читать дальше...
Сомалинин Хиран аймагында 4-январдагы жардыруунун курмандыктары 15ке жетти. Маалымат каражаттары эки машине жардырылганын, имараттар талкаланганын жазышты. Жараат алгандардын саны белгисиз. Жергиликтүү бийлик кол салуу үчүн жоопкерчиликти "Ал-Каида" менен байланышы бар "Ал-Шабааб" террордук тобуна жүктөдү. Хиранда өкмөт бир нече ай мурун "Ал-Шабаабга" каршы ири өнөктүк баштагандан бери аталган топ соккуларды күчөткөн. Сомалинин президенти Хасан Шейх Мохамуд 15 жылдан бери козголоң жүргүзүп келген... Читать дальше...
Сауд Арабиянын "Ан-Наср" командасынын жарым коргоочусу, теги өзбекстандык Жалалиддин Машарипов командага жакында кошулган атактуу футболчу Криштиану Роналдуга "номурун бергиси келбей жатат" деген маалыматты четке какты. Машарипов Инстаграмдагы эфиринде Роналду тууралуу айткан сөздөрүн маалымат каражаттары туура эмес чечмелегенин билдирди. "Жаш кезде Роналдуну көрүп жүргөнбүз. Бир командада болобуз деп такыр ойлогон эмесмин. Мен 7-номурда ойнойт элем. Ал келип менин номурумду алды. Бул жагы өзүнчө тарых",- деген ал. Читать дальше...
Ош шаарындагы Sky bar түнкү клубунда 2-январда "Альфа" атайын даярдыктагы тобунун офицери менен бажы кызматкери бирөөлөрдү токмоктоду деген окуяны Аскер прокуратурасы иликтейт. Бул окуяда жабырлануучу тараптан арыз түшпөгөнүн билдирген Ош шаардык милициясы топтолгон видео далилдердин негизинде алдын ала териштирип, кылмыш ишин козгоо үчүн Аскер прокуратурасына өткөрүп бергенин жарыялады. Блогерлердин кайрылуусу Өткөн 1-январдан экисине караган түнү Ош шаарындагы белгилүү Sky Bar түнкү клубунда эс алган эки киши жаңжал чыгарып... Читать дальше...
АКШнын Өзбекстандагы элчилиги Мексика аркылуу өлкөгө кирүүгө аракет кылгандар адам сатуу жана каржылык алдамчылык кылмыштарынын курмандыгы катары өз өмүрлөрүн тобокелге салып жатканын эскертти. "АКШга мыйзамсыз каналдар аркылуу баруу эч качан коопсуз эмес",- деп айтылат билдирүүдө. Элчилик өзбекстандыктарды мыйзамсыз миграциянын коркунучуна кабылбай, мыйзамдуу жолдорду тандоого үндөдү. Акыркы жылдары Мексика чек арасы аркылуу АКШга мыйзамсыз өтүүгө аракет кылгандардын саны көбөйгөнүн расмий маалыматтар ырастайт. Читать дальше...
Ош шаардык милициясынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков Sky Bar түнкү клубунда "Альфа" атайын даярдыктагы тобунун офицери менен бажы кызматкери аралашкан жаңжалды мындан ары Аскер прокуратурасы иликтерин "Азаттыкка" билдирди. Анын маалымдашынча, уруш чыгаргандардын тек-жайы такталып, бул факты каттоого алынды жана күбөлөр көрсөтмө берди. "Окуя Sky Bar түнкү клубунда 1-январдан 2-январга караган түнү болгон. Бул окуя боюнча ушул убакка чейин милицияга эч ким арыз менен кайрылган эмес. Жогоруда... Читать дальше...
Кытайда COVID-19 кайрадан жапырт жайылып, каза болгондордун саны өскөндүктөн, крематорийлер сөөктөргө толуп кетти. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги кытайлык сөөк коюу тармагынын кызматкерлерине жана эксперттерге таянуу менен билдирди. Пекиндеги жана Шанхайдагы крематорийлердин кызматкерлери январдын ортосуна чейин орун жоктугун, вирустан каза болгондордун сөөктөрү күнү-түнү өрттөлүп жатканын билдиришти. Шэньчжэнь аймагындагы Лунхуа крематорийинде күнүнө 500дөн ашуун адамдын сөөгү кабыл алынууда. Читать дальше...
Тажикстандын түштүгүндөгү Куляб шаарынын 37 жаштагы тургуну Абдукаххор Розиков милицияда табышмактуу жагдайда каза болду. Ал 2-январда маңзатка шектелип кармалгандан көп өтпөй көз жумган. Туугандары ал жергиликтүү милиция бөлүмүндө кыйноого кабылган деп жатышат. Тажикстандын Ички иштер министрлиги "Розиковдун өлүмүнө психотроптук затты көп дозада кабыл алганы" себеп болгонун билдирди. Куляб облусунун прокуратурасы Розиковдун өлүмү боюнча кылмыш ишин козгогон. Бирок тергөөнүн баштапкы маалыматтары коомчулукка маалым эмес. Читать дальше...
Саламаттык сактоо министрлиги камакка алынган дарыгерлерге байланыштуу билдирүү таратып, алардын баары боштондукка жакынкы арада чыгышына үмүттөнөрүн белгиледи. Мекеменин басма сөз кызматы 4-январда жарыялаган билдирүүдө өкүнүчтүү окуя болуп жатканы, министрлик тергөөнүн жүрүшүнө таасир эте албай турганы айтылды. “Баланын үй-бүлөсүнө көңүл айтабыз. Ооба, дарыгерлер медициналык жардамын көрсөтүүгө үлгүрө албай калган учурлар болот, бирок биз бейтаптын өмүрүн сактап калууга дайыма аракет кылып, колубуздан келгендин баарын жасайбыз. Читать дальше...
Москвада 6-январдан 10-январга чейин катуу суук болуп, абанын температурасы -29° чейин төмөндөйт. Гидрометборбор муну XXI кылымдагы эң суук беш күндүк мезгил катары божомолдоп жатат. Күндүзгү температура -20° деңгээлинде сакталат. Бул Орусиянын баш калаасындагы климаттык нормадан 15 градуска төмөн. 10-январда күн жылыйт. Адистер катуу аязда үйдөн ашыкча чыкпоону, сыртка чыгарда жакшылап тамактанып, жылуу кийинүүнү сунушташат. Декабрдын аягында АКШда ызгаардан кеминде 65, Жапонияда бери дегенде 17 адам каза болду. Читать дальше...
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бишкек шаарындагы Ак-Бата конушундагы үйлөрдүн биринде 4-январга караган түнү өрт чыгып, ал жерде жашаган 1975-жылы туулган адам түтүнгө ууланып каза болгонун билдирди. Учурда өрттүн себеби такталып жатат. Ушул эле күнү таңга маал Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районундагы Күмүш-Азиз айылындагы тамдардын бирин өрт чалып, 1971-жылкы тургун иске ууланып мерт болгон. Азырынча өрттүн чыккан себеби такталууда. Мунун алдында Баткен облусуна караштуу Кадамжай райондук... Читать дальше...
Бишкек-Ош жолунун 80-чакырымындагы Сосновка бекетинде 3-январда, саат 18.30да жүк ташыган машинелерге коюлган чектөө толугу менен алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. "Азыркы учурда автоунаалардын бардык түрүнө жол ачык. Суусамыр өрөөнүндө жана Төө-Ашууда күн бүркөк, бирок кар, жаан жок. Машинелер эки тарапка каттап, жолго кум, шагыл себилип жатат. Бишкек-Ош унаа жолунун 129-чакырымында 127-УРАЛ машинеси нөөмөттө турат",-деп жазылган маалыматта. 3-январда саат 13:45тер... Читать дальше...
Бишкек–Ош автожолунун ашуулардагы тилкелерине кар күрткүсүнөн коргоочу атайын тосмолор курулганы жатканын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, Жапониянын борбору Токио шаарында 27-декабрда Iwata Chizaki компаниясы менен “Бишкек–Ош автожолун кар күрткүсүнөн коргоо” долбоорун ишке ашыруу келишимине кол коюлду. Долбоорду Жапониянын эл аралык кызматташтык агенттиги JICA ишке ашырат. Жолдун коопсуздугун жана үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуу максатын... Читать дальше...
Сомалинин Хиран аймагында 4-январда эки машине жардырылып, кеминде тогуз киши набыт болду. Жараат алгандардын саны белгисиз. Жергиликтүү бийлик кол салуу үчүн жоопкерчиликти "Ал-Каида" менен байланышы бар "Ал-Шабааб" террордук тобуна жүктөдү. Хиранда өкмөт бир нече ай мурун "Ал-Шабаабга" каршы ири өнөктүк баштаган. Сомалинин президенти Хасан Шейх Мохамуд 15 жылдан бери козголоң жүргүзүп келген исламчыл топко каршы “тоталдык” согуш жарыялаган.
Кыргызгидромет борбору аба ырайына байланыштуу чукул кабар таратты. Ага ылайык, 4-5-январь күндөрү жааган кардан улам өлкөнүн тоолуу райондорунда, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу кан жолунун 55-107 чакырымында, Ала-Бука-Каныш-Кыя жолунун 68-101 чакырымында (Чапчыма ашуусу)жана Красная-Горка-Акташ жолунун 1-4 чакырымында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткү болушу мүмкүн. Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Машинелердин ортосундагы 500 метр аралык так сакталышы керек. Кыргызстанда 5-январда түнкүсүн Ысык-Көл... Читать дальше...
Мындан беш-он жыл мурда Кыргызстандын саздары менен сууларынан кызыл колтук баканы көпчүлүгүбүз көрсөк керек. Азыр бул баканы күндүз чырак менен да издеп таппайсыз. Адистер "Кызыл китепке" кирген кызыл колтук баканын жоголуп кеткенин биринчиден климаттын өзгөрүшүнөн, экинчиден, адамдардан көрүшөт.
Наристенин өлүмүнө байланыштуу камалып отурган дарыгерлер бир жумадан бери эч кандай тергөө иштери жүргүзүлбөй жатканын билдиришти. Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун маалыматына караганда, 3-январда борбордун өкүлдөрү Медицина кызматкерлеринин көз каранды эмес кесиптик кошуунунун төрайымы Бермет Барыктабасова менен бирге Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу жайына кирип чыгышты. Жалпысынан ал жерде 23 адам кармалып отурганы, бешөө аялдар экени маалымдалды. Балдардын тез жардам... Читать дальше...
Ошто 23 жаштагы кыз уурдалып бараткан жеринен куткарылганын 4-январда “Азаттык” радиосуна облустук милициядан билдиришти. Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, окуя 31-декабрда Кара-Суу районунун аймагында болгон. Милиционерлер жол эрежесин бузуп, машинасын карама-каршы тилкеге чыгып айдап бараткан айдоочуну токтотууга аракет кылышканы менен ал Өзгөн тарапты көздөй катуу ылдамдыкта айдап кетип калган. Жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн милиция кызматкерлери машинанын артынан көзөмөл жүргүзүп айдап... Читать дальше...
Соңку жылдары Кыргызстанда котормочулук иши жанданууда. Алардын арасында илимий жана агартуучу китептерди которуп жүргөндөр да бар. “Кылычсыз самурай”, “Балдардын тарткан сүрөттөрү эмнени түшүндүрөт?”, “Сингапур билим берүү системасы”, “Грузия кантип реформа жасай алды” ж.б. китептерди кыргызчалаган “Бугу-пресс” борборунун жетекчиси Жаныбек Абидетегин менен котормочулук иши жана анын түйшүктөрү тууралуу маекти сунуштайбыз. - Жаныбек мырза, котормочулук ишти колго алганыңызга канча болду? Бул ишти эмне максатта баштадыңыз эле? Читать дальше...
Кар калың жааганына байланыштуу Кыргызстандын ашууларындагы автомобилдик жолдорду тазалоо жана сыйгалакка каршы каражаттарды себүү иши уланып жатат. Бул тууралуу 4-январда Транспорт жана коммуникация министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, Ош облусунун Алай районунда Ош–Сары-Таш автожолунун 56-74-чакырымында (Чыйырчык ашуусу) жааган кардын калыңдыгы 60-70 см болду. Кардан тазалоо иштери Бишкек–Балыкчы–Нарын–Торугарт жолунун 90-137-чакырымдарында, Бишкек–Ош жолунун 209-315, 61-115... Читать дальше...
Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги Quramax компаниясы 2022-жылы алып келген бардык дары-дармектерди сатууну токтотууну тапшырды. Бул тууралуу Gazeta.uz. басылмасы жаңы министр Амрилло Иноятовдун дарыканаларга жолдогон катына шилтеме кылып жазды. "Терең текшерүүнүн жыйынтыгында "Док-1 Макс" жана "Амбронол" дарылары тиешелүү талапка жооп бербегени аныкталды. Бул дарылардын айрым серияларында пропиленгликолдун ордуна этиленгликол жана диэтиленгликол бар экени белгилүү болду, айрым учурда... Читать дальше...
Кышкы эс алуу күндөрү Кыргызстандын лыжа базалары элге толду. Өзгөчө Бишкектин чет жакасындагы менен Караколдогу кышкы лыжа базаларында эс алуучулар көп. Аларды лыжа, сноуборд, чана тебүүдөн тышкары ден соолукту чыңдоочу терапиялар, кышкы турлар жана көңүл ачуу иш-чаралары да кызыктырууда. Кыргызстандыктар 31-декабрдан 8-январга чейин эс алат. Бул күндөрү чоң шаарлардын көпчүлүк тургундары жылгаяк тээп келүүгө ашыгууда. Андыктан өлкөдөгү жыйырмадай кышкы эс алуу жайлардын дээрлик баарында тең эл толуп турат. Читать дальше...
Баткен облусуна караштуу Кадамжай райондук ички иштер бөлүмү алты адамдан турган үй-бүлө мүчөлөрү түтүнгө ууланып мерт болгон окуяны иликтеп жатат. Милиция тараткан маалыматта кырсык 30-декабрга караган түнү катталганы, окуя болгон жерге ыкчам-иликтөө тобу барып келгени айтылат. "Болжол менен окуя 2022-жылдын 29-декабрынан 30-декабрына караган түнү Кадамжайдагы Алга айыл аймагынын Алга айылында болгон. Бул айылдын 1986-жылы туулган тургуну Н.Р. өзүнүн жаңы салынган үйүндө, үй-бүлө мүчөлөрү: аялы 1986-жылы туулган К.Ж.... Читать дальше...
Кошмо штаттарында 100 жылдан бери биринчи жолу Конгресстин төмөнкү палатасынын спикери биринчи турда үч жолку добуш берүүдө шайланбай калды. Өкүлдөр палатасынын спикерлигине республикачылардын талапкери Кевин Маккарти 203 добуш алды. Анын бул кызматка келиши үчүн кеминде 218 конгрессмендин колдоосу керек. Палатанын бул жолку чакырылышында 222 республикачыл конгрессмен бар жана алардын ичинен консерватор 19 конгрессмен Маккартини колдобой, дагы бир талапкер Жим Жорданга добуш берди. Республикачылардын негизги атаандашы... Читать дальше...