Кемпир-Абад ишине байланыштуу камалган мурдагы депутат Орозайым Нарматова 30-январда соттун чечими менен үй камагына чыкты. Бул тууралуу "Азаттыкка" анын адвокаты Гуляна Убалиева ырастап, сот Нарматованын саламаттыгынан улам чукул түрдө бөгөт чарасын караганын билдирди: "Орозайым 28-январда катуу ооруп, жүрөк оорусу кармап, "Тез жардам" менен ооруканага түшкөн. 30-январда түштөн кийин сот чукул түрдө аны үй камагына бошотту", - деди ал. Нарматованын бөгөт чарасын кайсы сот караганы маалымдалган жок. Читать дальше...
Екатеринбургда археологдор НКВДнын мурдагы ок атуучу полигонунда акыркы 30 жылдагы алгачкы ири изилдөө иштерин жүргүзүштү. Ал жерден 1930-жылдары өлүм жазасына тартылган эки миңге жакын адамдын сөөгү жапырт көмүлгөн 52 көрүстөн табылган. It’s My City басылмасы билдиргендей, Московский трактындагы сөөктөр биринчи жолу 1960-жылдардын аягында курулуш иштери учурунда аныкталган. Тарыхчылар анын мүмкүн болгон аянтын 75 гектарга жакын деп эсептешкен. Ири изилдөө иштери жаңы эле башталды. Окумуштуулардын айтымында, сөөктөр казып алынган жок. Читать дальше...
Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов 30-январда Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушту. Президенттин администрациясынын басма сөз кызматы жолугушуу элчиликтин демилгеси менен болгонун билдирди. Маалыматка ылайык, тараптар коопсуздук, терроризм, экстремизм жана наркотрафик коркунучтарын талкуулашты. Андан тышкары Сириядан Кыргызстандын жарандарын алып келүү маселеси да көтөрүлдү. 30-декабрда президент Садыр Жапаров АКШнын Кыргызстандагы жаңы дайындалган элчиси Лесли Вигерини кабыл алып... Читать дальше...
Пакистандын Пешавар шаарындагы мечитте болгон жардырууну жанкечти жасаганы маалым болду. Күбөлөрдүн "Машаал" радиосуна билдиришинче, имамдын артында биринчи катарда турган жанкечти бомба орнотулган кемселди жардырган. Окуя 30-январда 260тан көп адам бешим намазына чогулганда болду. Акыркы маалыматтарга караганда, 37 киши өлүп, 150дөйү жараат алды. Эки кабаттуу имараттын бир бөлүгү урап, астында бир нече адам калган. Полиция кызматкерлери ооруканага ондогон жарадар жеткирилгенин, бир тобунун абалы оор болгондуктан... Читать дальше...
Астанада аялдарга ыдык көрсөтүүгө жана зомбулукка каршы митинг өттү. 30-январда цирктин жанына чогулган 50дөй жаран тийишүүнү жана зордук көрсөтүүнү айыптаган жазуулары бар плакаттарды көтөрүп турушту. Алар кыз-келиндерге ыдык көрсөткөндөрдү кылмыш жоопкерчилигине тартууну, зомбулук үчүн жазаны катаалдатууну талап кылып жатышат. Митингди дискриминацияга каршы Myqty.women кыймылы уюштурду. "Азаттыктын" кабарчысы маалымдагандай, аларды полиция кызматкерлери, шаардык акимиатта иштегендер жана "Тез жардам" кызматы көзөмөлдөп турушту. Читать дальше...
Кыргызстанда 229 миң үй-бүлө жакыр жашайт. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев 30-январда парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында айтты. Жыйында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө каржылык жардам көрсөтүү үчүн Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан 30 миллион доллар насыя алуу келишими колдоо тапты. Улуттук статистика комитеттин эсеби боюнча, 2021-жылы Кыргызстанда жакырлардын саны 2 млн. 244 миң кишиге жеткен. Читать дальше...
Пакистандын Пешавар шаарындагы мечитте болгон жардырууну жанкечти жасаганы маалым болду. Күбөлөр "Машаал" радиосуна билдиргендей, имамдын артында биринчи катарда турган жанкечти кемселине бомба катып келип жардырган. Каргаша 30-январда 260тан көп адам бешим намазына чогулганда болду. Акыркы маалыматтарга караганда, 37 киши өлүп, 150дөйү жараат алды. Имараттын бир бөлүгү урап, бир нече адамды басып калган. Полиция кызматкерлери ооруканага ондогон жарадар жеткирилгенин, бир тобунун абалы оор болгондуктан... Читать дальше...
Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети 30-январда “Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жѳнүндө” жана “Акционердик коомдор жѳнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча документтерди четке какты. Мыйзам долбоорлорун өкмөт сунуштаган. Комитеттин жыйынында экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев документ Министрлер кабинетинин мүчөлөрү менен президенттин администрациясынын бөлүм башчыларына мамлекеттин үлүшү бар акционердик коомдордун директорлор... Читать дальше...
Бул жолку чыгарылышта "Азаттыктын" каармандарынын азыркы жашоосун көргөзөбүз. 13 жашында майыптыгы бар энесин жана инисин багуу үчүн базарда иштеген Айчүрөктүн азыркы турмушу. Жашоосун радиосуз элестете албаган 80деги Пайзилла Калилов. Ат-Башынын тургуну Рахатбек Үсөнкожоев "Азаттыкка" чыккандан кийин "Даңк" медалын алган. Токко урунуп эки колунан ажыраган Самат үй-бүлө күтүп, эки уулдуу болду.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы былтыр 7 040 жол кырсыгы болуп, 11 миң 49 киши жаракат алып, 690 адам каза болгонун билдирди. Маалымат боюнча, өткөн жылы 2021-жылга салыштырмалуу автоунаа кырсыктары 5,3%, каза болгондор 20,5% азайган. Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда 1 миллион 400 миңдей машине бар. ИИМдин эсебинде жол кырсыктарынын 80% айдоочулардын күнөөсүнөн болот. (BTo)
Баткенде кыргыз-өзбек чек арасында өзбек тарапка каттаган оор жүк ташуучу жүздөн ашуун машине кезекте топтолуп турганын 30-январда “Азаттык” радиосуна өзүн Баяман Жолдошов деп тааныштырган айдоочу билдирди. Ал Кызыл-Кыя шаары Өзбекстандын Фергана облусу менен чектешкен тилкедеги өткөрмө бекетинде көмүр жүктөгөн фурасы менен 25-январдан бери кезекте турганын айтты: “Мурда түнү келсем, түшкө маал өтүп кетет элем. Кезек болчу эмес. Азыр ушундай болуп жатат. Өтүп жатышат, бирок жай". Жолдошовдун айтымында... Читать дальше...
Бишкектеги Ош базарынын чок ортосунда кургатылып, тутамдап сатылып жаткан уникалдуу кызыл колтук баканын "Кызыл китепке" киргенин албетте, көптөр билбейт. Тукум курут болуу коркунучундагы кызыл колтук баканы сактоо эмне үчүн маанилүү? "Кызыл бака 250 сомдон..." Ош базарында дарылыкка делген чөптөр, жан-жаныбардын майы, кээ бир органдары, кургатылган сойлоп жүрүүчүлөр жана биз сөз кылып жаткан кызыл колтук бака дал ушул жерде сатылат. Мында баканын бир нече түрүн табууга болот. Демейде аны ондон, жыйырмадан кылып тутамдап сатышат. Читать дальше...
«Кумтөр Голд Компани» ишканасынын Кыргызстандын менчигине өткөндөн берки ишин, алтындын казылып алынышын жана сатылышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын мүчөлөрү Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен бирге Кумтөр кенине барып келгенин 30-январда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. "Иш сапардын жүрүшүндө алар негизги карьердин, Петров көлүнүн, калдык сактоочу жайлардын абалы менен таанышып, алтынды бөлүп алуу фабрикасында болушту. Эл өкүлдөрүнө жүргүзүлүп жаткан иштер... Читать дальше...
“Жалпыга маалымдоо каражаттары” жөнүндө мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн жумушчу топ 30-январда кезектеги жыйынга чогулду. Ал Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинде өттү. Жыйында Юстиция министрлигинен буга чейин катталган жалпыга маалымдоо каражаттары кайра каттоодон өтпөй турганы белгилүү болду. Документтин биринчи варианты боюнча ЖМКлар кайра катталмак. Жумушчу топтун мүчөсү, журналист Семетей Аманбеков алардын сунуштары киргизилбей калганын айтты. “Мыйзам... Читать дальше...
Нукус шаарындагы көп кабаттуу үйдө газ түтүгү жарылып, бери дегенде беш киши көз жумду. Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, 29-январда кечке жуук төрт кабаттуу үйдөгү кырсыктан улам турак жайдын чатыры кулаган. Бир нече киши ооруканада жатат. Арасында беш жаштагы кыз да бар. Газ түтүгү жарылган үйдүн жашоочулары эвакуацияланып, азык-түлүк менен камсыздалды. Нукус - Өзбекстандын курамындагы Каракалпакстан автономдуу республикасынын борбору.
Пакистандын Пешавар шаарындагы мечитте уюштурулган жардырууда бери дегенде 28 киши өлүп, 150 адам жараат алды. Полиция жардыруу 260тай адам намазга чогулган учурда болгонун маалымдады. Имараттын бир бөлүгү урап, астында бир нече адам калган. Жардырууга азырынча эч ким жоопкерчилик алган жок жана окуянын чоо-жайы тууралуу кеңири маалымат чыга элек. Өлкөдө бийлик менен “Техрик-и Талибан Пакистан” кыймылынын ортосунда тиреш күчөп, акыркы кездери бул топ түрдүү чабуулдарды уюштуруп келатат. Алар Пакистандын “батышчыл” бийлигине каршы туруу... Читать дальше...
Словениянын чалгындоо жана коопсуздук кызматы эки чет элдик жаранды Орусиянын пайдасына тыңчылык кылган деген шек менен кармады. Бул тууралуу 24ur.com жана SiolNET сайттары жазды. Басылмалардын маалыматына караганда, шектүүлөр Словенияда жалган ысым менен иштешкен. Алардын бири Аргентинанын жарандыгын алган. Шектүүлөр Любляна шаарында колго түшкөн. Алар сегиз жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. 26-январда Орусиянын пайдасына тыңчылык кылган деп Германиянын тургуну Мүнхенде кармалган. Андан... Читать дальше...
Улуу Британияга Кыргызстандан өкмөт аркылуу быйыл да жумушчулар жөнөтүлөт. Бүгүн 30-январда Бишкекте Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен Улуу Британиянын өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлү кол койгон келишимге ылайык, быйылкы жыл ичинде 2 миң кыргыз жараны бул өлкөгө барып, айыл чарбасында иштеп келе алат. Ар бир жумушчу менен келишим алты айга чейинки мөөнөткө түзүлөт, маянасы саатына 10 фунт стерлинг болот. Каалоочуларды тандоо иштери Бишкекте жана Ошто жүрүп жатат. 2022-жылы... Читать дальше...
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Казакстанга барууну же транзит менен өтүүнү пландаган кыргыз жарандарын коңшу өлкөдө экстремисттик деп таанылган жана өлкө аймагына алып кирүүгө, жайылтууга тыюу салынган диний адабияттардын тизмесин окуп чыгууга чакырды. Мекеме мындай материалдарды сактагандар жана пайдалангандар Казакстандын мыйзамдарына ылайык, өлкөдөн чыгарылып, 350-400 миң теңге айыпка жыгыларын эскертти. Расмий маалымат боюнча, Казакстанда 30 миңдей кыргызстандык мигрант бар. 27-январдан тарта Кыргызстандын... Читать дальше...
Бишкекте дагы беш жаңы конушка газ киргизүү маселеси талкууланды. Бул тууралуу 30-январда Бишкек шаардык мэриясында өткөн абанын булганышы боюнча мекемелер аралык комиссиянын жыйынында айтылды. Мэриянын маалыматына караганда, жыйында 2023-жылы Ак-Тилек, Ак-Тилек- 2, Ак-Тилек (турбаза), Бакай Ата, Ала-Арча конуштарын газдаштыруу планы каралды. 2024-2025-жылдары Бишкектин чеке-белиндеги конуштарды толук газдаштыруу боюнча жол картасы иштелип жатат. Шаар башкармалыгы муну менен калаадагы ыш маселесин чечүүнү көздөөдө. Читать дальше...
Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө каржылык жардам көрсөтүү боюнча 30 миллион долларлык насыя келишими бүгүн 30-январда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинде бир добуштан колдоо тапты. Келишимди ратификациялоо боюнча мыйзам долбоору тууралуу депутаттарга эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев маалымат берди: “10 миң үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилет. 3 миң жараныбызга жаңы кесип беребиз, аларга жарым жыл бою эмгек акысын төлөп беребиз. Читать дальше...
Пакистанда Танда көлүндө оодарылып кеткен кайыктагы тогуз баланын дайыны чыкпай жатат. Бийлик бери дегенде 12 жеткинчектин өмүрү кыйылганын маалымдады. Куткарылган беш баланын абалы оор. 29-январда Хайбер-Пахтунхва аймагындагы Танда көлүндө балдар сүзүп жүргөн кайык оодарылып кеткен. Полициянын маалыматына караганда, Мирбаз Хел диний мектебинде окуган 10-13 жаштагы окуучулар эс алып жүрүшкөндө кырсыкка кабылышкан. Издөө иштери уланууда.
Пакистандын Пешавар шаарында 30-январда көп адам намазга чогулган мечитте жардыруу болду. Полициянын расмий өкүлү Искандар Хан имараттын бир бөлүгү урап, анын астында бир нече адам калганы болжолдонуп жатканын айтты. Пешавардагы "Леди Рединг" ооруканасынын басма сөз катчысы Мохаммад Асим 70 киши жараат алганын, айрымдарынын абалы оор экенин билдирди. Жардырууга азырынча эч ким жоопкерчилик ала элек. Өлкөдө бийлик менен “Техрик-и Талибан Пакистан” кыймылынын ортосунда тиреш күчөп, түрдүү чабуулдар болуп жатат. Читать дальше...
Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги Азербайжандын Ирандагы элчилигине куралдуу кол салууну айыптады. "Бул окуяны тыкыр иликтөөнүн жыйынтыгы менен күнөөлүүлөрдүн баары жоопко тартылат деген ниеттебиз", – деп айтылат билдирүүдө. 27-январда куралчан адам Азербайжандын Тегерандагы элчилигине чабуул жасаган. Ал элчиликтин имаратын Калашников автоматы менен аткылаган. Чабуулдан дипломатиялык өкүлчүлүктүн коопсуздук кызматынын башчысы каза таап, эки күзөтчү жараат алган. Азербайжандын президенти Илхам Алиев муну теракт деп баалаган. Читать дальше...