Бул туурасында 15-январда АКШдагы укук коргоочулардын маалымат агенттиги жарыялаган билдирүүдө айтылат. Мерт болгондордун арасында 70 жашы жете элек өспүрүм жана 68 күч кызматкери бар. Агенттиктин маалыматына караганда, каршылык акцияларында 20 миңге чукул киши кармалып, алардын ичинен 110 кишиге өлүм жазасына алып келчү айыптар коюлууда. Ушул убакка чейин төрт жаран өлүм жазасына тартылды. Өткөн жылдын сентябрь айында Иранда 22 жаштагы Махса Амини "хижаб кийүү эрежесин бузган" деп кармалгандан кийин Адеп-ахлак полициясында каза болгон. Читать дальше...
Покхар курорттук шаарындагы жаңы ачылган аэропортко 72 орундуу учак конуп жатып, капчыгайга кулаган. Каски районунун башкы административдик кызматкери Тек Бахадурдун билдиришинче, куткаруучулар Покхара эл аралык аэропортунан 1,6 чакырым алыстыкта жайгашкан Сети дарыясынын жанында, кырсык болгон жерде издөө иштерин жүргүзүп жатышат. Учактын кыйрашынын себептери азырынча белгисиз. Непалдын жарандык авиация башкармалыгынын маалыматына караганда, Yeti Airlines компаниясына таандык эки моторлуу ATR 72 учагында 68 жүргүнчү... Читать дальше...
“Бийлик сырлары” берүүбүздүн бул жолку коногу тарых илимдеринин доктору, профессор Акылбек Жуманалиев болду. Ал маегинде окутуучулуктан кантип партиялык ишке өткөнү, Турдакун Усубалиевге жардамчы болгону, чоңдорго жазылган “тоголок арыздар”, кызмат талашкан интригалар, Акаевдин баласы менен “шайлоого” түшкөнү тууралуу айтып берди. - Акылбек агай, сиз Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинде алты жыл иштегенден кийин республиканын биринчи жетекчиси Турдакун Усубалиевге жардамчы болгон экенсиз. Читать дальше...
Ош шаардык ички иштер башкармалыгы адам өлтүрүүгө шек саналып издөөдө жүргөн дагы бир жаран кармалганын билдирди. Милициянын маалыматына караганда, Курсантбек Шакир уулу Бишкек шаарында колго түшкөн. Ош милициясы өзгөчө оор кылмышка шектүүлөрдү кармоо иштери уланып жатканын белгиледи. Бул кылмышка байланыштуу үч адам 14-январда кармалганы белгилүү болгон. Ош милициясы 13-январда адам өлтүрүүнү уюштурууга айыпталган, кылмыш дүйнөсүндө "Женго" каймана аты менен таанымал Кадыр Досонов кармалганын... Читать дальше...
Британия Ирандагы элчисин убактылуу чакыртып алганын маалымдады. Буга Ирандын коргоо министринин мурдагы орун басары Али-Реза Акбари Лондондун пайдасына тыңчылык кылган деген айып менен дарга асылганы себеп болду. Ал Ирандын жана Британиянын жараны болгон. Акбари өлүм жазасына тартылганын Би-Би-Си Ирандын мамлекеттик ЖМКларына таянып билдирген. Буга чейин Ирандын Жогорку соту анын апелляциялык арызын четке каккан. Мурдагы аткаминер 2019-жылы кармалып, "британиялык чалгын кызматына тыңчылык кылган... Читать дальше...
“Бийлик сырлары” берүүбүздүн бул жолку коногу тарых илимдеринин доктору, профессор Акылбек Жуманалиев болду. Ал маегинде окутуучулуктан кантип партиялык ишке өткөнү, Турдакун Усубалиевге жардамчы болгону, кызмат талашкан интригалар, Акаевдин баласы менен “шайлоого” түшкөнү тууралуу айтып берди.
Кытайда карантин чаралары жумшаргандан бери, 8-декабрдан 12-январга чейин коронавирустан 60 миңге чукул бейтап каза болду. Бул тууралуу Reuters агенттиги Кытайдын Улуттук саламаттык сактоо комиссиясына таянып жазды. Буга чейин Кытай бийлиги пандемия башталгандан бери беш миңдей бейтап көз жумганын, өткөн айда 10 адам гана коронавирустан каза болгонун билдирип жаткан. Ушул аптада Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Бээжинди оорудан мерт болгондордун санын азайтып көрсөткөнүн сындаган. Bloomberg басылмасы... Читать дальше...
Майлуу-Суу шаарында үзгүлтүккө учураган жылуулук менен ичүүчү суу калыбына толук бериле элек. Жеринде жарандык коргонуу жана башка тиешелүү кызматтар кырдаалды жөнгө салуу аракетин көрүүдө. Шаарды жылуулук менен камсыздаган үч отказандын бири 14-январда ишке кирди.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиришинче, Орто-Сай базарында өрт чыкканы тууралуу маалымат 15-январда түнкү саат 2ден өткөндө түшкөн. Кырсык болгон жерге төрт бөлүм жана ыкчам нөөмөт кызматы барып, өрт толугу менен таңкы саат 5те өчүрүлгөн. “Базарда жалпы аянты 180 чарчы метрди түзгөн жашылча-жемиш саткан жай жана эт сатылган, желим материалдан курулган алты павильон, муздаткыч, отургучтар күйгөн. Өрттүн кесепетинен жабыркагандар жана каза болгондор жок. Себеби такталууда”,-деп айтылат маалыматта. Читать дальше...
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бишкек шаарын аралап өткөн Ала-Арча суусунун жээктерин муздан тазалоо иштери жүрүп жатканын билдирди. "Ала-Арчанын нугунда муз тоңуп, дарыянын дэңгээли көтөрүлүп, суу каптоо коркунучу пайда болгон. 13-январдан тарта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен инженердик техника тартылып, мэрия менен бирге дарыянын нугун тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле, атайын чатыр тигилип, кызматкерлер суу каптап кетүү коркунучун 24 саат бою көзөмөлгө алып жатат",-деп жазылган маалыматта. Читать дальше...
Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Мамырканов Майлуу-Суу шаарында жылуулук берүүнү жана таза суу менен камсыздоону калыбына келтирүү уланып жатканын билдирди. Ага ылайык, шаардагы №1 отказанга суу жеткирүү үчүн суунун нугу бурулууда. Ошондой эле жети машине менен элге суу ташылып келүүдө. Шаарда отказандардын бири ишке киргизилгендиктен 14-январдан тарта жылуулук маал-маалы менен бериле баштаган. Майлуу-Сууда 12-январда катуу сууктун айынан суу түтүктөрү тоңуп, жылуулук берүү жана суу менен камсыз кылуу үзгүлтүккө учураган. Читать дальше...