Пакистандын өкмөтү бардык соода борборлорунда жана базарларда кечки саат сегиз жарымга чейин гана иштөөгө буйрук берди. Коргоо министри 3-январда өлкө экономикалык каатчылык менен күрөшүп жатканын айтып, соода жайларында кечинде ишти токтотуу - өкмөттүн энергияны үнөмдөө чарасынын бири экенин айтты. Маалыматтарга караганда, Эл аралык валюта корунан берилчү каражаттын келиши кечеңдеп жаткандыктан, өлкөнүн валюталык резерви электр энергиясынын бир айлык импортунун көлөмүн араң жабууда. Расмий маалыматка ылайык... Читать дальше...
Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов ушул аптада Кытайга эки күндүк мамлекеттик сапар менен барат. Расмий Бээжин 3-январда билдиргендей, Бердымухамедовдун 5-6-январга пландалган сапары Кытайдын төрагасы Си Цзинпиндин чакыруусу менен уюштурулууда. Мындан башка маалымат берилген жок. Ашхабад да бул жаатта эч кандай кабар тарата элек. 2022-жылы февралда Түркмөнстандын мурдагы мамлекет башчысы Гурбангулы Бердsмухамедов “жаштарга жол ачуу” ниетинде экенин билдиргенден кийин, жазында анын... Читать дальше...
Жапониянын өкмөтү Токионун калк жыш жайгашкан аймагынан көчүп кеткен үй-бүлөлөрдөгү ар бир балага миллион иенге чейин (7600 доллардан ашат) акча төлөйт. Kyodo News жазгандай, бул чара дээрлик 14 миллиондон көбүрөөк адам жашаган борбор калаадагы калктын санын кыскартууга багытталган. Өкмөт жаштардын чоң шаарларга агылышынан улам карылар көбөйгөнүн, эмгекке жарамдуулар азайып бараткан башка райондорун "жандандырууну" көздөйт. Төлөмдөрдү алуу үчүн үй-бүлөлөр Токиодон башка жакка же борбордун тоолуу... Читать дальше...
Ооганстандагы талибдер түзгөн өкмөттүн Энергетика жана суу ресурстары министрлиги электр энергиясын алуу боюнча Өзбекстан менен келишимди дагы бир жылга узартты. TOLOnews маалымдагандай, министрдин милдетин аткаруучу Абдул Латиф Мансур 2-январда Ташкентке келип кетти. Ал Кабулда жана башка бир катар аймактарда жарыктын өчүшү Өзбекстандын электр станцияларындагы техникалык мүчүлүштүктөргө байланыштуу экенин билдирди. Министр 2023-жылга электр энергиясы сатып алуу келишимине кол коюлганын айтып, оогандыктарды жарыкты үнөмдөөгө чакырды. Читать дальше...
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине курган маегинде өткөн жылдагы маанилүү үч окуя катары Кумтөрдүн мамлекетке алынышын, Кемпир-Абад жана Баткендеги чек ара маселелерин атады. Ал Кумтөрдүн толугу менен мамлекетке өтүшү экономикалык эле эмес, руханий жактан да утуш болгонун, муну "элдин мүлкүн басып алган тышкы душманды гана эмес, ички душманды да – өз коркуусу, өз күчүнө ишенбөөчүлүк менен жеңүү" деп баалаган. Кемпир-Абад боюнча да туура чечим кабыл алынганын... Читать дальше...
Франциянын эки жана Бельгиянын бир жараны Иранда "тыңчылык жана өлкөнүн улуттук коопсуздугуна каршы кутум уюштурду" деген айып менен камакка алынды. Бул тууралуу жарым расмий ISNA маалымат агенттиги 3-январда сот бийлигинин өкүлү Масуд Сатайшиге таянып билдирди. Өкүл тергөө жүрүп жатканынан башка кошумча маалымат берген эмес. Маалыматтарга караганда, Иранда сентябрдан бери уланып жаткан нааразылык акцияларында коопсуздук күчтөрү 40ка жакын чет элдик жаранды камакка алган. Бирок аларга коюлган айып көп учурда ачык айтылбайт. Читать дальше...
3-январда саат 13:45те Бишкек-Ош жолунун 123-124-чакырымына (Төө-Ашуунун Бишкектен бара жаткан жагы) кар көчкү түшүп, жолду жаап калды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлиги билдирип, адистер карды тазалап, жолдун бир тилкесин ачканын маалымдады. Министрлик Төө-Ашуунун түндүк тарабында кар күрткүсү байкалганын эскертти. Буга байланыштуу Сосновка өткөрмө бекетинде жүк ташуучу унааларга аба ырайы турукташканга чейин чектөө киргизилди. Буга чейин социалдык тармактын колдонуучулары Төө-Ашууда унаа тыгыны пайда болгонун жазган. Читать дальше...
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын жетекчилигинин алмашканы тууралуу маалыматты четке какты. Бул тууралуу министрлик Фейсбуктагы расмий баракчасына жазды. Социалдык тармактардын айрым колдонуучулары Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти, төкмө акын Азамат Болгонбаев улуттук филармониянын жетекчилигине дайындаларын жазып чыгышкан. Министрлик коомчулукту такталбаган маалыматтарды таратпоого чакырды. Азамат Болгонбаев учурда... Читать дальше...
Индиянын Кашмир аймагында жоочулардын чабуулунан каза болгондордун саны бери дегенде бешке жетти. Алардын экөө балдар. "Ассошиэйтед пресс" агенттиги полициянын маалыматына таянып билдиргендей, 2-январда жоочулар жайкын тургундар жашаган үйлөрдү аткылаган жана жардыруу уюштурган. Окуя Ражури районунун Дхангри айылында түн ичинде болгон. Жараат алган бир топ киши ооруканада жатат. Кыштак тургундары бул кол салууга каршы демонстрацияга чыгышты. Индия өкмөтү кол салууну "коркок террор" деп атап, аларды жазасыз калтырбоого убада берди. Читать дальше...
Шашылыш билдирүү Жаан-чачынга байланыштуу 5-январга чейин Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Мырза-Аке–Кара-Кулжа–Алайку автожолунун 55-107-чакырымдарында, Ала-Бука–Каныш-Кыя автожолунун 68-101-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу) жана Красная-Горка–Акташ автожолунун 1-4-чакырымдарында кар көчкү түшүп, кар күрткүсү пайда болушу ыктымал. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Жолдо бараткан машиналар ортодогу 500 метр аралык талабын так сакташы зарыл. Аба ырайы 4-январда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында түнкүсүн жана түшкө чейин кар жаайт. Читать дальше...
Европа Биримдиги Кытайга COVID-19га каршы акысыз вакцина сунуштады. Мындай чечим коронавирустун жайылышын алдын алууда Бээжинге жардам берүү максатында кабыл алынганын британиялык Financial Times гезити жазды. Бул демилге Евробиримдиктин саламаттык сактоо министрлеринин 3-январда өтчү жыйынына бир нече күн калганда көтөрүлгөн. Евробиримдикте өндүрүүчүлөр менен узак мөөнөттүү келишимдердин алкагындагы ири буюртмалардан улам вакциналардын ашыкча запасы бар. Кытай бул сунушка азырынча жооп кайтара элек. Читать дальше...
Пакистандын бийлиги өлкөгө каршы кол салууларды уюштурган жоочулардын башка мамлекеттерде баш калкалоосуна жол бербейт. Бул тууралуу премьер-министр Шахбаз Шариф жана армиянын башчысы генерал Асим Мунир катышкан жыйында айтышты. Пакистандын саясий жана аскердик жетекчилигинин 2-январдагы билдирүүсү талиб жоочуларынын чабуулдары күчөгөн жана Ооганстандагы "Талибандын" өкмөтү менен кайым айтыш күчөгөн маалга туш келди. Исламабад жоочулардын көбү Ооганстанда жашынып жүрөт деп эсептейт. Акыркы кездери... Читать дальше...
Кочкор райондук милициясынын уюшма кылмыштуу топтор менен байланышта экени айтылып, иштен алынган башчысынын ордуна жаңы жетекчи дайындалды. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы билдиргендей, 2-январда Нарын облустук ички иштер башкы башкармалыгынын жаңы жетекчиси Канат Жумагазиев Кочкорго барып, милиция жамаатына жаңы башчы Эрк Тажиевди тааныштырды. Өз сөзүндө Жумагазиев кызматкерлерди иш милдетин билүүгө жана так аткарууга, этика талаптарын сактоого, ыйгарым укуктуу жетекчилердин буйруктарын жана тескемелерин аткарууга... Читать дальше...
Кыргызстанда автомашиналарды техникалык кароодон милдеттүү түрдө өткөрүү сунушталууда. Бул маселе Жогорку Кеңештин жаңы жыл алдындагы соңку жыйынында көтөрүлүп, депутат Элмурза Сатыбалдиев тийиштүү мыйзам долбооруна демилгечи болорун билдирди: “Жаңы жылдан баштап ушул техникалык кароону кайтарбайлыбы? Мен демилгечи болоюн, мен жаман көрүнөйүн. Мажбурлап өткөрүшүбүз керек. Эмне, биз башкаларга караганда ушунчалык бай болуп кетип, машинелерибиз техникалык кароого муктаж эмес болуп калдыбы?”. Бул маселе парламенттин Укук тартиби... Читать дальше...
2023-жылдан тарта Кыргызстанда мамлекеттик жана ири иш-чараларда фонограмма менен ырдоого тыюу салынды. Бул тууралуу буйрукка маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов кол койду. Документке ылайык, эми театрда, кинозалда, музейде, клубда, китепканаларда жана спорттук имараттарда фонограмма менен ырдоого болбойт. Министрликтин маалыматына ылайык, талап аткарылбаган учурда иш-чараны өткөргөндөр жана ошол жайдын жетекчиси жоопко тартылат. Маданият министрлиги 2021-жылы... Читать дальше...
Кыргызстанда гемодиализ алган бейтаптарга мамлекеттен бөлүнүүчү каражат быйыл дээрлик эки миң сомго көбөйдү. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы Азамат Мукановдун айтымында, бүгүнкү күндө мамлекет гемодиализ алган 2203 бейтапка жардам берүүдө, алардын ар бир процедурасын өкмөт толук каржылайт. “Буга чейин ар бир процедурасына 4,7 миң сом бөлүнчү, жаңы жылдан баштап 6,5 миң сомдон болот. Буга жалпысынан 430 миллион сом каралууда”. Муканов билдиргендей, гемодиализ процедурасы... Читать дальше...
Үй куруучулардын 1989-жылы негизделген "Ашар" кыймылы өзүнүн тарыхый баасын ала элек. Мындай пикирин кыймылдын ошол кездеги төрагасы Жумагазы Садыр уулу "Бийлик сырлары" берүүсүндө билдирди. Ал "Ашар" - улуттук аң-сезимди ойготкон толкундун туундусу эле эмес, демократиялык күч болгон дейт.
Кыргызстандын экономикасынын 72 пайызы көмүскөдө. Бул тууралуу парламенттин жыл соңундагы жыйынында “Салык кодексине” өзгөртүүлөр талкууланып жатканда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди. Мисал катары ал спирт өндүрүүчү заводдон түшкөн салыктын көлөмүндөгү өзгөрүүлөрдү келтирди: “Биздин экономиканын 72% көмүскөдө. Мына, бир мисал, спирт заводу 300 миң дал литрге түшүп калыптыр. Азыр 700 миң дал литрден аштык. Январь-август ичинде 700 миллион салык төлөшүптүр. Читать дальше...
Түрк инвестору үлүшүн Кыргызстанга берип, долбоордон чыгып кетери айтылууда. Буга өкмөттүн алтын кошулмасын тышка ташууга тыюу салганы, жаңы салык режими, алтын корунун аздыгы жана алтын чайкоодогу өндүрүштүк кемчиликтер себеп болуп жатканы белгиленди. "Эти Бакыр Терексай" компаниясы түзүлгөн жагдай тууралуу расмий комментарийден баш тартса, анын өнөктөшү "Кыргыз алтын" дагы мекеме аралык комиссиянын тыянагы чыкканга чейин мамлекеттик ишкана кандайдыр бир билдирүү жасоодон карманарын жарыялады. Читать дальше...
Баткен облусунун мамлекеттик чек арага жакын тилкеде жайгашкан айылдарына өзгөчө макам бериле турган экинчи тизмеге 800 миллион сомго жакын каражат талап кылынарын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди. Парламенттин жыл соңундагы жыйынында депутат Чыңгыз Ажыбаевдин суроосуна жооп берип жатып ал азыркы кезде экинчи тизме боюнча жумуш тобу иштеп жатканын, бирок ага кире турган айылдардын критерийлери аныктала электигин айтты. Министрдин белгилешинче, тизмени түзүүдө кайсы... Читать дальше...
"Азаттыктын" "Сыябан-маегинин" кезектеги коногу - Кыргыз Эл акыны Меңди Мамазаирова. Калемгер проза, поэзия жана драма жанрында акыркы жылдары жараткан эмгектери, чыгармачылыктын түйшүгү, коомдогу көйгөйлөр тууралуу ой бөлүштү.
2022-жылы Кыргызстанда жашы жете элек кыздарга карата сексуалдык мүнөздөгү аракет же зордуктоо фактылары боюнча бир катар үрөй учурган окуялар катталды. Өткөн жылы педофилияга каршы жазаны күчөткөн мыйзам өзгөртүлдү. Зомбулукка кабылган 14 жаштагы кыз 2022-жылдын соңунда укук коргоочулардын жардамы менен сексуалдык зомбулукка кабылган 14 жаштагы кыздын иши кайра тергөөгө өттү. Кылмыш иши "Зордуктоо" беренесинин негизинде козголгон. "Кызын бирөөлөр алдап, вебкам бизнеске тартып, зордоп героин жана маңзаттын башка түрлөрүн сайып... Читать дальше...
Медицина кызматкерлеринин көз каранды эмес кесиптик кошууну баланын өлүмүнө байланыштуу кармалган дарыгерлерге юридикалык жардам көрсөтүү үчүн каражат чогулта башталды. Бул тууралуу кошуундун төрайымы Бермет Барыктабасова 2-декабрда Фейсбукка жазды. Бишкектин Ленин райондук милициясы дарыгерлердин кармалышы боюнча 2-декабрда маалымат таратты. Анда 14-декабрда таңкы саат 9:13тө шаардык милицияга Бишкектин борбордук өлүкканасынан маалымат түшүп, чарчап калган ымыркайдын сөөгү келгени кабарланган. Читать дальше...