Министрлер кабинети Бишкек шаарындагы Мамбет Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборун дотациядан чыгарып, өзүн-өзү каржылоого өткөрүүнү сунуштады. Бул тууралуу токтомдун долбоору 23-январда өкмөттүн сайтына жарыяланды.
Документке ылайык, өкмөт хирургиялык борборго кошумча кызматтарды көрсөткөнгө, тарифин өзү аныктап түшкөн акчаны өзүнүн башкаруусуна уруксат берүүнү сунуштаган. Анда мекеме каражатты кызматкерлеринин маянасын жогорулатууга, ар кандай жабдыктарды же дары-дармектерди сатып алууга жумшай алат.
"Бюджеттин 86% эмгек акыга жана 10% гана медикаменттерге жана бейтаптардын тамак-ашына жумшалат. Бул формалдуу эмес төлөмдөрдүн өсүшүнө, заманбап медициналык жабдуулардын жетишсиздигине жана оорулардын алдын алууда жана дарылоодо заманбап технологиялардын паркынын жаңыланбай жатканына алып келген. Эмгек акы төлөөдө квалификациянын деңгээлинин, кызмат көрсөтүүнүн сапатынын жана натыйжалуулугунун байланышын эске албастан азыркы учурда теңдештирүүчү эмгек акы төлөнүп келүүдө", - деп айтылат токтомдун долбоорунда.
Долбоордо хирургиялык борбор жылына 15-20 миң бейтапты дарылай турганы жана бул мекемени дотациядан чыгаруу менен жылына республикалык бюджеттен бөлүнүчүү 14-20 миллион сом үнөмдөлөрү жазылган.
Министрлер кабинетинин пилоттук долбоору 2025-жылга чейин уланат. Бул мекеме Кыргызстанда өзүн-өзү каржылоого өтүп жаткан алгачкы оорукана болуп калмакчы. Мындагы жыйынтыкка карап, Министрлер кабинети башка медициналык мекемелерди да өзүн-өзү каржылоого өткөрүшү мүмкүн экени да жазылган.
Улуттук хирургиялык борбордун имараты 1995-жылы Бишкек мэриясынын карамагына өткөн. Медициналык мекеме мурда №2 шаардык клиникалык оорукана болуп иштеп, кийин ага борбордун жетекчиси, академик Мамбет Мамакеевдин ысымы ыйгарылган. (TAb)