Мы в Telegram
Добавить новость

МИД РФ: Россия решительно осуждает нападение на премьера Словакии Фицо

Врио командующего войсками ЮВО назначен генерал-полковник Геннадий Анашкин

Токаев назвал покушение на премьера Словакии Фицо подлым терактом

Подмосковное МЧС поучаствовало в автопробеге в честь годовщины Великой Победы

World News in Kyrgyz
Ria.city


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Июль
2020

Новости за 09.07.2020

Azattyk.org 

Москвада 15-июлга белгиленген митингге уруксат берилген жок

Москванын бийлиги оппозициячыл күчтөргө 15-июлда Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөргө каршы митинг өткөрүүгө уруксат берген жок. Бул тууралуу акцияны уюштуруп жаткандардын бири, шааардын коомдук байкоочу комиссиясынын мүчөсү Марина Литвинович билдирди. Активисттер Баш мыйзамдын өзгөргөнүнө каршы акцияны Москванын Пушкин аянтында өткөрүүнү пландап жатышкан. Литвиновичтен тышкары митинг өткөрүү тууралуу «Ачык Орусия» коомдук уюмунун аткаруучу директору Андрей Пивоваров менен координатору Татьяна Усманова да өтүнүч келтиришкен. Читать дальше...

Azattyk.org 

Ысык-Көл: Он күн бою кичи автобустар каттабайт, жума намазы окулбайт

Ысык-Көлдө облустун ичинде жана тышка каттаган маршруттук кичи автобустардын иштешине он күнгө чектөө киргизилүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Жаныбек Кожоев 9-июлда билдирди. Анын айтымында, Каракол шаардык автобекети он күн иштебейт, турфирмалар менен келишими бар кичи автобустар гана каттай алат. Таксилердин ичи 70% гана толууга тийиш. Мындан тышкары, жума намазга чогулууга да убактылуу тыюу салынды. «Мындай чечим бүгүн облустук ыкчам штабдын отурумунда кабыл алынды. Читать дальше...

Azattyk.org 

«Оксфам»: Ачарчылык кризиси күчөп баратат

«Оксфам» («Oxfam») уюму эл аралык коомчулукту коронавирус пандемиясы күчөтүп койгон ачарчылык кризисин токтотууга чакырды. Уюм 9-июлда атайын баяндамасын жарыялап, анда чара көрүлбөсө, ачарчылык бир күндө 12 миңдей адамдын өмүрүн алышы мүмкүн экенин эскертти. Маалыматка ылайык, быйыл ачарчылык коркунучуна кабылган адамдар 121 миллионго көбөйүшү мүмкүн. Бул бир жыл мурдагыга салыштырмалуу 82% көп. Уюм пандемия дүйнөдө жумушсуздардын катарын калыңдатып, азык-түлүк өндүрүшүнө жана тамак-ашты жеткирүү жолдоруна кедергисин тийгизгенин белгиледи.

Azattyk.org 

Бишкек менен Ошто психологиялык жардам көрсөтүүчү түз байланыш номуру иштей баштады

Психологиялык жардам көрсөтүүчү түз байланыштагы телефон номурларды «Үй-бүлө жана ден соолук» коомдук бирикмеси «Сорос-Кыргызстан» фондунун көмөгү менен ишке киргизди. 8-июлдан тартып Бишкек жана Ош шаарларында иштей баштаган бул долбоор COVID-19 эпидемиясынан улам түзүлгөн кырдаалда элге онлайн түрүндө психологиялык жардам көрсөтүүчү клиникалык долбоордун алкагында ишке ашууда. «Сорос-Кыргызстан» фондунун басма сөз кызматы маалымдагандай, учурда психологиялык жардамга коронавируска чалдыккан гана адамдар эмес... Читать дальше...

Azattyk.org 

Ошто милиция кызматкери коронавирустан каза болду

ИИМдин Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын Ош шаары боюнча улук инспектору Улукбек Умаров 9-июль күнү ооруканада көз жумду. Маркум COVID-19 илдетин жугузганы аныкталып, ооруканада дарыланып жаткан. Улукбек Умаров - коронавирус жугуп каза тапкан саналуу милиция кызматкерлеринин бири. Буга чейин Бишкекте үч милиция кызматкери коронавирус жугуп каза болгон. ИИМдин Оштогу дарылоо борборунун ординатор дарыгери Жамал Тазабекова да коронавирус жуккандан кийин көз жумган. Ош облустук... Читать дальше...

Azattyk.org 

Эркин микрофонду эңсеп жашаган Бүбүкан

5-июлда кыргыз журналистикасынын чыгааны Бүбүкан Досалиева капысынан келген илдеттен улам дүйнөдөн кайтты. 20 жылдай өмүрүн "Азаттык" радиосуна арнаган журналист, продюсер, редактордун эмгек жолун эскерген атайын талкууну көрүңүз.

Azattyk.org 

Тоңдо кыян суусу Балыкчы-Бөкөнбаев жолунун он чакырымын жууп кетти

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда кыян жүрүп, Балыкчы - Бөкөнбаев - Каракол автожолунун бир тилкесин жууп кетти. Бул тууралуу «Азаттыкка» райондун акими Данияр Арпачиев билдирди. Анын айтымында, кыян бүгүн саат 12:00 чамасында жолдун 64-75-чакырымдарында жүрдү.  «Автоунаа жүрүүчү негизги жолго агып келген кум-шагыл толуп, жол кыймылына бир аз тоскоолдук кылды. Асфальт жолдун четин суу жеп кетти, азыр бир машиненин өтүшүнө шарт бар. Жеринде райондук жол тейлөө кызматы оор техника менен иштеп жатат», - деди аким. Читать дальше...

Azattyk.org 

Өзбекстанда мечиттер 1-августка чейин жабылат

Өзбекстанда коронавирус кайра күч алгандыктан мечиттер сыяктуу диний жайлар 1-августка чейин жабылат. Мындай чечимди Дин иштери боюнча комитет кабыл алганын Өзбекстандын Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык комиссиясы кабарлады. Өзбекстанда март айында карантин киргизилгенде мечиттердин басымдуу бөлүгү жабылган болчу. Бирок коронавирус жайылбаган «жашыл аймактарда» диний жайлар 8-июндан тартып кайра иштей баштаган. Өзбек өкмөтү вирусту жугузуп алгандар кайра көбөйгөнү үчүн 10-июлдан... Читать дальше...

Azattyk.org 

Стамбулда кыргызстандык жигит камакка алынды

8-июлда 21 жаштагы кыргызстандык А.И. Стамбул шаарынын Бейликдүзү аймагында жол кырсыгына себепкер болгонун жергиликтүү «Ихлас» кабар агенттиги маалымдады. А.И.нин айдаган машинасы жолдон чыгып, жолдун жээгинде бараткан эки жаш кызды сүзгөн. Кырсыктан эки кыз мүрт кеткен. Стамбул полиция департаменти окуя боюнча кылмыш ишин козгоп, кыргызстандык А.И.ни суракка алган. Медициналык текшерүүдө кыргызстандык жигит мас абалында болгону аныкталган. Эки кишинин каза болушуна себеп болгон окуя боюнча... Читать дальше...

Azattyk.org 

Түркияда өтө турган Көчмөндөр оюндары 2021-жылга жылды

Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын жетекчиси Билал Эрдоган түркиялык «Анадолу» агенттигинен: «IV Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарын президент Режеп Тайып Эрдогандын сунушу менен 2020-жылы Түркияда өткөрүү пландаштырылган. Бирок Түрк Кеңеши, Түркиянын жаштар жана спорт министрлиги, Саламаттык сактоо министрлиги, Тышкы иштер министрлиги жана Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясы чогуу жүргүзгөн сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында, иш-чара COVID-19 эпидемиясынан улам 2021-жылына жылды», - деген билдирүү таратты. ... Читать дальше...

Azattyk.org 

Саламаттык сактоо министри жана анын орун басары дарыланып жатышат

Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов дарыланып, үйүндө болууда. 9-июлда министрликтин бөлүм башчысы Айнура Акматова министрдин жана анын орун басарынын абалы канааттандырарлык экенин айтты, бирок кайсы орун басары экенин тактаган жок. Акматова «Алар коронавирус жугузуп алганбы?» деген суроого да так жооп берген жок, болгону анализдин жыйынтыгын күтүп жатышканын айтты: «Оорусу боюнча эмгекке жарамсыздык баракчасынын негизинде дарыланып жатышат. Анализи чыкканда дагы маалымат берилет». Читать дальше...




Azattyk.org 

Өкмөттүн Жалал-Абаддагы өкүлү обочолонуп иштөөдө

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов жана анын аппаратындагы көпчүлүк кызматкерлер аралыктан үй шартында иштеп жатат. Өкүлдүн аппараты «Азаттыкка» билдиргендей, облустун башчысы бир жумадан бери жумуш кеңсесине келе элек. Маалыматка ылайык Мирзахмедовдун айдоочусунун анализи таза чыкканы менен коронавируска шектүү болуп жатат. Ошол себептүү өкмөттүн өкүлү обочолонгон тартипте иштөөгө өткөн. Републикалык жана облустук штабдын жыйындарына, кыдырууга орун басары Ырысбек Ызабеков катышууда. Читать дальше...

Azattyk.org 

Жээнбеков: Акчаны максатсыз коромжу кылдырбайбыз

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-июлда элге кайрылуу жасады. Анда мамлекет башчы эл арасында «бийликтегилер эл аралык финансы уюмдарынан келген жардамды жеп койду» деген дооматтар көбөйүп жатканын белгилеп, өкмөт бул боюнча ачык жооп берерин билдирген. «Элдин, мамлекеттин ырыскысына кол салгандарга мен тараптан аёо жок экенин билесиздер. Ошондуктан, сиздер менен бирге өлкөгө келген жардамды максатсыз коромжу кылдырбайбыз» деп жазылган кайрылууда. Мамлекет башчы азыркы кырдаалдагы... Читать дальше...

Azattyk.org 

Косовонун лидери Гаагада атайын прокурорго сурак берет

Косовонун президенти Хашим Тачи кийинки жумада Гаагага барып, атайын прокурордун суроолоруна жооп бере турганын айтты. Атайын прокурордун кеңсеси Косовонун өз алдынчалыгына байланыштуу 1998-1999-жылдардагы куралдуу кагылышуу учурундагы жана андан кийинки согуш кылмыштарын иликтеп келет. Мурдагы талаа командири Тачи ал чатакта өзү менен кошо согушкан косоволуктардын көбүн акыркы эки жыл ичинде атайын комиссия суракка алганын «Фейсбукка» жазды.  24-июнда Косово боюнча атайын прокуратура президенттен... Читать дальше...

Azattyk.org 

«Өпкөнүн тамырларына кан уюп, кычкылтек жетпей калат»

Кыргызстанда коронавирус менен пневмониядан каза болгондор жашына карабай көп катталууда. Улуттук хирургия борборунун дарыгери Сыргак Турдалиев буга адамдар өнөкөт оорулары бар экенин билбей жүрө бергени да себеп болуп жатканын белгилейт.

Azattyk.org 

Машинесин жардамга арнаган бир туугандар

Бир туугандар Шамил Талантов жана Камчыбек Асхатов машинесин сатып, түшкөн акчага кычкылтек концентраторлорун жана коргонуу каражаттарын алууну чечишкен. Тиш догдур Шамил 22 жашта, ал эми Камчыбек 10-классты бүтүрдү.

Azattyk.org 

Талас облусу эки жумага жабылды

Талас облусу эки жумага жабылды. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна облустун жетекчиси Марат Мураталиев билдирди. Ал мындай чечим медициналык алгоритмдин негизинде кабыл алынганын айтты. Мураталиевдин айтымында, эки апта бою «Талды-Булак» бекетинен Таласта каттоосу барлар гана өтө алат, каттоосу жоктор киргизилбейт. «Ошол жерде Мамкаттоо кызматынын өкүлдөрү отурат. ID карталар текшерилет. Атайын журнал ачылган. Биздин тургундар болсо киргизебиз. «Эки жума ичинде эл каттабай турса туура болот эле» деп дарыгерлер айтып жатышат. Читать дальше...

Azattyk.org 

Дарыгердин Интернетке жарыяланган кайрылуусун атайын комиссия териштирип жатат

Бишкектеги №1 оорукана боюнча маселени Саламаттык сактоо министрлигинде түзүлгөн атайын комиссия териштирип жатат. Бул тууралуу 9-июлда министрликтин өкүлү Айнура Акматова билдирди. Анын айтымында, бул маселе Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабда каралып, премьер-министр Кубатбек Боронов эртең комиссиянын ишинин жыйынтыгын чыгаруу жөнүндө тапшырма берди. «№1 оорукананын дарыгеринин видеосу социалдык түйүндөрдө тараган. Ал оорукананын башкы дарыгери бейтаптарды ар кандай себептер менен кабыл албай... Читать дальше...

Azattyk.org 

Илдет Таласты да жүдөтө баштады

Талас облусуна коронавирус илдети кеч жетти. Көптөр буга жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн ырааттуу иши себеп болгонун белгилешет.

Azattyk.org 

COVID-19: Жашоо алгоритми

Таажы вирусунун COVID-19 илдети ар бир элге, анын ичинде кыргыз элине да эбегейсиз зор кайгы алып келди. Ошол эле учурда жаңыча чыйралуу кезеңи да келип турат. Тарыхчынын блогу.

Azattyk.org 

Шайлоо-2020: Бардыгы болуп 44 партия документ тапшырды, тизме жабылды

Кезектеги парламенттик шайлоого катышкысы келерин 44 саясий партия билдирди. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 9-июлда алардын толук тизмесин жарыялап, партиялардан документ кабыл алуу мөөнөтү аяктаганын белгиледи. Тизмедеги партиялар:  1. «Ата Мекен» 2. «Мекенчил» 3. «Бирик» 4. «Мекен Ынтымагы» 5. «ОРДО» 6. «Бийлик элге» («Власть народу») 7. «Чон Казат» 8. «Кыргызстандын коммунисттеринин партиясы» 9. «Единство народа» 10. «Ооганстан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы» 11. Читать дальше...

Azattyk.org 

Балаңызга китеп окутуп, медианы чектеңиз!

Биз бала тарбиялоодо өзүбүздү эксперт деп эсептебейбиз, бирок эксперттердин жана тажрыйбалуу педиатрлардын изилдөөлөрүн практика жүзүндө колдонууга аракет кылабыз.

Azattyk.org 

Пандемияга каршы сатира

"Азаттыктын" "Пандемия мени кандай өзгөрттү?" деп аталган подкаст сынагына Кыргыз эл артисти Келдибек Ниязов баян жөнөттү. Ал дүйнөнү дүрбөлөңгө салган илдеттин адамдарга таасирин сатира менен айтып, дарыгерлер сунуш кылган эрежелерди сактоого чакырды. Ниязов бул баянды июнь айында, дүйнөдө коронавирус жуктургандар 8 миллион кишиге жеткенде жазган

Azattyk.org 

Алмазбек Атамбаев ооруканадан тергөө абагына которулду

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев дарыланып жаткан ооруканадан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына которулду. Бул тууралуу «Азаттыкка» УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов билдирди: «Алмазбек Атамбаевдин ден соолугу жакшы. Бул боюнча атайын дарыгерлердин консилиуму өтүп, Атамбаевди тергөө абагына которуу жөнүндө чечим кабыл алынган. Ага ылайык, Атамбаев УКМКнын тергөө абагына которулду».  Рахат Сулаймановдун айтымында, Алмазбек Атамбаев тергөө абагына бүгүн, 9-июлда которулду. Читать дальше...


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Сотрудники Росгвардии задержали в Новой Москве 18-летнюю распространительницу наркотиков

Всероссийский конкурс «Символы России. Государственные символы России» пройдет в Москве

Агентство зарубежной недвижимости

Начался прием заявок на конкурс "Добрый спорт" Шахматы представлены в номинации "Сильный ход"

Музыкальные новости

Мультфильм «Пушистый вояж» выйдет в прокат при поддержке Детского радио

«СВЯТОЙ ЛЕНИН» помогает Государственной Думе РФ оптимизировать налоговую сферу. «СВЯТОЙ кибер ЛЕНИН» удаляет налоги: перезагрузка.

Мужская команда ВК "Тамбов" прошла в полуфинал Чемпионата России

Брестское «Динамо» и «Гомель» сыграли вничью в чемпионате Беларуси

Новости России

В Роскачестве разъяснили особенности оформления квартиры на несовершеннолетнего

Лукашенко произвел изменения в командовании ВВС и ПВО. Подробности.

VGV будет продавать U70 Pro и U75 Plus за 2,1 и 2,75 млн рублей соответственно

Недавно созданный Московский военный округ возглавил генерал-полковник Сергей Кузовлёв

Экология в России и мире

Студенты городских образовательных учреждений проходят практику в Marins Park Hotel Новосибирск

10 полезных продуктов для сердца

Участники Всероссийской олимпиады школьников по математике выбрали Marins Park Hotel Нижний Новгород

Делаем образ стильным при помощи одной яркой детали

Спорт в России и мире

Соболенко вышла в полуфинал турнира WTA в Риме

Стало известно, при каком условии Медведев может опуститься на 5-е место рейтинга ATP

Даниил Медведев одолел 121-ю ракетку мира Меджедовича и вышел в 1/8 финала Рима

Хачанов проиграл Табило в 1/8 финала «Мастерса» в Риме

Moscow.media

В Армении прошел крупнейший на постсоветском пространстве «Бессмертный полк». Видео. Фоторяд

Столичные росгвардейцы задержали молодую распространительницу наркотиков

«Байкал Сервис» открыл новый терминал площадью почти 4500 кв. м на юго-востоке Москвы

Патриотическую акцию «Синий платочек» провели в Нижнем Новгороде в день прибытия «Поезда Победы»











Топ новостей на этот час

Rss.plus






В мае рынок новостроек среагировал на сокращение льготной ипотеки

Токаев назвал покушение на премьера Словакии Фицо подлым терактом

Депутат Госдумы Школкина: Миляеву придется держать соответствующую предыдущему губернатору Дюмину высокую управленческую планку

Андрей Воробьев: в Ленинском округе в 2024 году откроют дорогу ЮЛА