Мамлекет башчынын жарлыгы менен 30-июль Кыргызстанда коронавирус курмандыктарын эскерүү үчүн улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланган. Буга байланыштуу бүгүн өлкөнүн бардык аймактарында жана чет өлкөлөрдөгү элчиликтер менен консулдуктарында мамлекеттик туулар ылдый түшүрүлөт. Маданият мекемелерине жана телерадиокомпанияларга оюн-зоок, көңүл ачуучу программаларды уюштурбоо сунуш кылынган. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери коронавирустан 1347 адам каза болду. Жалпы илдет жугузуп алгандардын саны 34 512 киши. Читать дальше...
«Ата Мекен» саясий партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев коронавирустан жакындарын жоготкон кыргызстандыктарга көнүл айтты. Өмүрбек Текебаев бул тууралуу видео кайрылуусун Улуттук аза күтүү күнүн утурлай, 29-июлда «Фейсбуктагы» баракчасына жайгаштырды. Анда Текебаев пандемия Кыргызстандын саламаттык сактоо, экономика жана башка тармактарындагы мүшкүлдөрдү оркойтуп, ачык көрсөткөнүн айтты: «Таажы вирусу тараган алгачкы аптада элибиз оору менен бетме-бет жалгыз калып, от кечкендей өзү күрөштү. Жүздөгөн адамдарыбыз акыретке моюн сунса... Читать дальше...
Пандемияга байланыштуу онлайн видео сабактарга, анын ичинде спорт көнүгүүлөрүнө суроо-талап көбөйдү. Кыргызстанда жашаса да чет өлкөгө иштеп жаткан заманбап машыктыруучулар да пайда болду. Фитнес машыктыруучу Келдибек Атайбековдун аралыктан машыгууларды өткөрө баштаганына эки жыл болду. Азыр анын шакирттеринин арасында Кыргызстандын ар башка аймактарынан тышкары Түштүк Кореяда, Орусияда жашагандар да бар. «"Инстаграмдагы" баракчамдын катталуучулары машыгууларымды көрүп, «сиз менен чогуу машыксак жакшы болот эле» деп көп кайрылышат. Читать дальше...
Орусиялыктардын дээрлик жарымы Хабаровскидеги нааразылык жүрүштөрүн колдойт.
Пакистандын түндүк-батышындагы Пешавар шаарында кудайга акаарат келтиргени үчүн айыпталып жаткан адамды 29-июлда сот залынан атып кетишти. Халид Хасан атуу кол салган жигит катуу кайтарууда өтүп жаткан сот жараянына кантип киргени белгисиз. Ал кармалгандан кийин полицияга берген көрсөтмөсүндө соттолуп жаткан адамды Ахмади динин тутунганы үчүн өлтүргөнүн билдирген. Ошондой эле ага бул буйрукту Мухаммед пайгамбар бергенин айткан. Сот залында өлтүрүлгөн Тахир Насим эки жыл мурда өзүн пайгамбар деп жарыялап алгандан кийин камалган. Читать дальше...
Мурдагы элчи Кылычбек Султан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) «Бийликти күч менен басып алуу» беренеси менен сурак берип жатат.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кылычбек Султандын суракка чакырылышы боюнча түшүндүрмө берди. УКМКнын басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, Кылычбек Султандын Кыргызстандын Түштүк Кореядагы ыйгарым укуктуу элчиси болуп иштеп жүргөндө кызмат абалынан пайдаланышы ыктымал экендигине байланыштуу сотко чейинки териштирүүгө алынган бир катар эпизоддор боюнча иликтөө-текшерүү иштери жүрүп жатат. Маалыматта «27-июль күнү Кылычбек Султан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик... Читать дальше...
"Азаттык" аймактардагы кабарчылар жиберген сүрөт жана видеолор топтомун жарыялоону улантат. Нарын Учурда Ат-Башы районунда балчылардын иши кызуу жүрүп жатат. Кыргызстандын чар тарабынан келген балчылар Ат-Башынын тоолорун этектей бал челектерин тизип алышты. Дүйнөнү пандемия каптай электе эле бал сатууда кыйынчыкка туш болгон балчылар, эми чек ара жабылып, экспорт маселеси андан да татаалдашып кеткенин белгилешет. Ысык-Көл Премьер-министр Кубатбек Боронов Коронавируска каршы күрөш боюнча... Читать дальше...
Беларустун баш калаасы Минскинин жанында «32 чет элдик жалданма аскер» кармалганын БЕЛТА мамлекеттик агенттиги жазды. 29-июлда жарыяланган маалыматка караганда, коопсуздук кызматынын өкүлдөрүнө 9-августта өтө турган президенттик шайлоонун алдында «кырдаалдын туруктуулугун бузуш үчүн» 200дөй чет элдик согушкер келгени тууралуу маалымат түшкөн. Алар кайдан келгени кабарланган жок. Ал эми Тергөө комитетинин расмий өкүлү Сергей Кабакович «Азаттык» радиосуна «кеңири маалыматты расмий мекемелер таркатарын» билдирди. Читать дальше...
Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун ишканалар менен иштөө башкармалыгынын башчысы Азамат Кубанычев 59 жаш курагында, дүйнөдөн мезгилсиз кайтты. Мамлекеттик мүлк фонду маркумдун жакындарына жана үй-бүлөсүнө көңүл айтты. Азамат Кубанычев 1959-жылы Кемин районунда туулган. 1978-жылы Фрунзедеги Финансы-экономикалык техникумду, 1998-жылы Улуттук университеттин экономика факультетин «Финансы жана насыя» адистиги боюнча аяктаган. Азамат Кубанычов Кемин, Сузак райондорунда, Мамлекеттик салык кызматында, Эсеп палатасында иштеген. Читать дальше...
Санкт-Петербургда Сирияга барып «Ислам мамлекети» радикал тобуна кошулууну көздөп жаткан Тажикстандын жети жараны кармалганын коопсуздук кызматтарына таянып бир катар орусиялык маалымат каражаттары жазышты. Маалыматтарда Сирияга жөнөрдүн алдында борбор азиялык мигранттар күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнө кол салып же каапырларды жок кылууну көздөшкөнү айтылат. Бир нече күн мурда Москвада «терракт уюштурууну көздөп жаткан» деген кине менен дагы бир тажикстандык кармалган. Коопсуздук күчтөрү менен атышууда... Читать дальше...
Орусиянын Мамлекеттик думасы насыбай саткандарга айып пулдун өлчөмүн көбөйтүү жөнүндө мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды. Жаңы мыйзам күчүнө кирсе, насыбай саткандар беш эсе көп айып пул төлөшөт. Орусиялык мыйзам чыгаруучулар мындай чара өспүрүмдөрдү насыбайдан оолак кылып, ден соолугун коргоо максатында көрүлүп жатканын айтышат.
«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча 29-июлга белгиленген соттук отурум бул жолу да болбой калды.
Адыл Акжол уулу 29-июль күнү кечки саат бештер чамасында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) телефон аркылуу чакыртылды. Бул тууралуу блогер мекеменин Ош шаардык бөлүмүнө кирип баратып «Азаттыкка» билдирди жана чакыртылышынын себебин ишине байланыштуу болушу мүмкүн деп болжоду: «Тез арада келбесең болбойт, өзүң үчүн жакшы болот» деди. Чакыруу кагазын деле беришкен жок. Телефон аркылуу да себебин түшүндүрүшпөдү. Өзгөндөгү окуя боюнча кечээ топтолгон 40ка жакын кишини тартып чыгаргамын. Читать дальше...
Быйыл пандемиядан улам Меккеге чогула турган динчилдердин саны чектелди.
Акыркы суткадагы статистика көрсөткөндөй, Кыргызстанда COVID-19 илдетин жаңы жугузгандар жана каза болгондор дээрлик эки эсе азайды. Бирок адистер муну илдеттин илеби кайтты деп түшүнүүгө болбой тургандыгын белгилешүүдө.
30-июлда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, Талас облусунда жаан-чачын жаабайт. Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 12…17, күндүз 30…35; Талас жергесинде түнкүсүн 10...15... Читать дальше...
Мушкерлердин кармашы 24-октябрга пландалган. Нурмагомедов уюмдун чемпиону болсо, атаандашы Гэтжи утурумдук бел курдун ээси.
Кыргыз тарап укук коргоочу Азимжан Аскаровдун сөөгүн Бишкектен Өзбекстанга алып кетиш үчүн нота бере элек. Бул тууралуу 29-июлда «Азаттык» радиосуна «Бир дүйнө – Кыргызстан» укук коргоо уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова билдирди. Укук коргоочунун айтымында, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилигине сөөктү жеткирүүгө колдоо көрсөтүү тууралуу нота жөнөтүшү керек болчу: «Нота бериши керек деп дүйнөнүн баары жазды. Алар унчуга элек. Өзбек элчилиги биринчи күндөн тартып аялына реанимобил берүүгө... Читать дальше...
Кошмо Штаттардын жогорку даражалуу өкүлдөрү Ооганстанда талибдер менен өкмөттүн ортосунда макулдашылган үч күнгө атышууну токтото туруу жараянын кубатташты. «Биз Айт маалында атышууну токтотуу тууралуу талибдердин жарыясын жана ага жооп катары жасалган ооган өкмөтүнүн билдирүүсүн кубаттайбыз», деп жазды АКШнын Ооганстан боюнча атайын чабарманы Залмай Халилзад. Эки тарап мындай чечимди Курман Айт майрамына байланыштуу кабыл алды. Учурда Халилзад Кабул менен «Талибан» кыймылынын ортосунда тынчтык... Читать дальше...
Кошмо Штаттарында коронавирустан көз жумгандардын саны 150 миңге чукулдады.
29-июлда Мекке шаарында мусулмандардын ажылык зыяраты башталды. Быйыл пандемияга байланыштуу чет элдик зыяратчыларга ага катышууга уруксат берилген жок. Мындай чектөө Сауд Арабиясынын тарыхында биринчи жолу киргизилди. Адатта 180дей мамлекеттен эки миллиондой адам беш күнгө созула турган ажылык жөрөлгөлөрүн аткарыш үчүн келчү. Быйыл падышалыктын аймагында гана жашаган, жашы 65тен ашпаган, өнөкөт оорулары жок мусулмандар зыярат кыла алышат. Алардын саны миңден он миңге чейин болору кабарланууда. Читать дальше...
Бүгүн, 29-июлда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге жана мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновго карата козголгон иш боюнча отурум болгон жок. Соттун басма сөз кызматы кабарлагандай, буга Текебаев келбегени себеп болду. Өмүрбек Текебаев «Азаттык» радиосуна сотко барбаган себебин дарылануусу уланып жатканы менен түшүндүрдү: «Мен эки жумадан ашык убакыт ооруканада жатып, ушул аптанын башында чыктым. Дагы эки жума үй режиминде дарыланам. Андан кийин обсервацияда болушум керек». Читать дальше...
Акыйкатчы Токон Мамытов 29-июлда Саламаттык сактоо министрлигине кайрылып, дарыгерлер менен Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун маалыматын салыштырууну сунуштады. Ал дарыгерлердин коргонуучу каражаттар, дары-дармек менен камсыздалышына байланышкан маалыматтарды дыкат иликтөөгө чакырды. Анын пикиринде, министрлик медицина кызматкерлерине кошумча акы төлөө, тиешелүү жабдык-каражаттар менен камсыздоо боюнча талаштуу маселени эле чечпестен, алардын баарын, айрыкча "кызыл зонада" жана "Тез жардамда" иштегендерди коргошу керек. Читать дальше...
Спорт менен машыгуу жана дене тарбия көнүгүүлөрүн күн сайын жасоону адатка айлантып, аны жашоонун бир образы катары кабыл алуу мезгил талабы болуп турат.