Түркиянын Ван аймагындагы Улуу Памир айылынын тургундары жана Түркиянын ири шаарларында жашаган вандык кыргыздар Кыргызстанга коронавирус менен күрөшүү демилгесин колдоп, жардам акциясын башташканын кабарлашты. "Улуу Памирден - Кыргызстанга" аттуу акциясында улуу памирликтер акчалай жардам топтоп, Түркиядан Кыргызстанга медициналык жабдык жөнөтүүнү максат кылышат. Айыл тургундарынын демилгесин мамлекеттик кызматта жана менчик ишканаларда иштеген вандык кыргыздар да колдоорун билдиришкен. Улуу Памир айылында 2 500гө жакын кыргыз жашайт. Читать дальше...
Кыргызстанда эпидемиологиялык абал күчөп, башкалаа Бишкекте жана өлкө аймагында дарыканаларга, ооруканаларга жана рентгенге түшүү үчүн кезек күткөндөр көбөйдү.
Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев менен Наталья Никитенко парламенттин кезексиз жыйынын өткөрүү талабы менен төрага Дастан Жумабековго кайрылышты. Алар өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал, пневмония оорусунун күч алуусу Жогорку Кеңештин кийлигишүүсүн талап кыларын белгилешти. Бул тууралуу депутат Жанар Акаев “Азаттыкка” билдирди: «Мурдагы жыйындарда биз коронавирустун жайылуусунун алдын алуу боюнча өкмөттүн иши тууралуу көп жолу маселе көтөрдүк. Алардын баяндамалары менен маалыматтарын уктук. Читать дальше...
Кытайдын Тышкы иштер министрлиги 13-июлда билдиргендей, Бээжин АКШ Конгрессинин мүчөлөрү Марк Рубио, Тед Круз жана Крис Смитти, Кошмо Штаттардын дин эркиндиги боюнча атайын чабарманы Сэм Браунбэкти санкция тизмесине киргизди. Ошондой эле АКШ Конгрессинин Кытай боюнча аткаруучу комиссиясына да санкция салынды. Бул комиссия Кытайдагы адам укуктарынын сакталышына көз салып, Конгресске жана президент Дональд Трампка жылдык баяндамасын сунуштап турат. “Кытайдын ички иштерине олуттуу кийлигишүү менен... Читать дальше...
80 миң калктуу Караколдо активист жаштардын тобу шаардагы стационарларда жана ооруканаларда иштеп жаткан медиктерге жардам көрсөтүп жатышат. Жаштар тобу каражат чогултуп, беш жылдан бери токтоп турган "Тез жардам" унаасын оңдотууга киришти. Пандемия күчөп турган маалда Каракол шаарында эки гана "Тез жардам" унаасы эл кызматында.
Тажикстан менен чектешкен Лейлек районундагы суусуз жаткан 60 гектар жерге 50 миңдей көчөт тигип, чек араны бак менен бекемдөөнү колго алган багбан келечекте райондун экономикасын көтөрүүнү максат кылууда. Кулунду айылындагы жаштарды кооперативге бириктирип, 25 жылдан бери пайдаланылбай жаткан жерди иштетип, мөмө-жемишти экспорттоого аракеттенип жатышат.
Кыргызстанда дарыгерлердин, дары-дармектин жетишсиздиги, өлүмдүн азайбай жатканы өкмөттөгү башкаруунун чабалдыгын, координациянын жоктугун көрсөтүп жатат.
Улуу Британиянын Европадагы коңшулаштык жана Америка иштери боюнча министри Уэнди Мортон Кыргызстанга коронавирустан каза болгондорго байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу ал Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси Эдил Байсалов менен жолугушуу учурунда билдирди. Элчиликтин маалыматына караганда, жолугушуу учурунда Эдил Байсалов Кыргызстандагы соңку эпидемиологиялык абал боюнча маалымат берген. Министр Мортон учурда Британия пандемия менен күрөшкө эл аралык жардамдын бир бөлүгүн кайра бөлүү чечимин кабыл алганын кабарлаган. Читать дальше...
Түп районуна караштуу Арал айылынын тургуну, медайым Чынар Турускелдиева 54 жашында ооруканада көз жумду. 33 жылдан бери Арал айыл аймагынын үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда иштеп келген медайым беш айылдагы жалгыз фельдшер болчу. Пандемияда тынымсыз иштеп жүрүп, өпкөсү кагынып ооруканага түшкөн. Айылдаштары маркумду кесибин сүйгөн адискөй мээрман айым эле деп эскеришет.
Казакстанда эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу карантин дагы эки аптага узартылат. Бул тууралуу президент Касым-Жомарт Токаев 13-июлда «Твиттердеги» баракчасына жазды. Токаев ошондой эле өкмөт июль айында муктаж жарандарга 100 доллардай жардам төлөп берерин кошумчалады. Кошуна мамлекетте COVID-19 жана пневмония илдети жайылып кеткенине байланыштуу экинчи жолу карантин 5-июлда киргизилген. Биринчи жолу пандемия жаңы башталганда, март айында жарыяланган болчу. Дары-дармек, медкызматкерлер... Читать дальше...
Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын кеминде 15-18% дарыгерлер. Бул - дүйнөдөгү эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири. Илдет күчөгөн сайын кыргыз медицинасы адистерге муктаж болууда. Өлкөнүн кайсы аймактарында дарыгерлер жетишпейт?
Ооганстандын түндүгүндөгү Саманган провинциясынын борбору Айбактагы чалгын кызматынын кеңсесине 13-июлда чабуул коюлду. Адегенде жанкечти имараттын жанында автоунаасын жардырып жиберген. Андан соң имаратка төрт согушкер кол салган. Жергиликтүү бийлик согушкерлер менен атышууда Улуттук коопсуздук башкармалыгынын он өкүлү каза тапканын, алтымыштан көп адам жарадар болгон билдирди. Ошондой эле кол салгандар да жок кылынганы маалым болду. Талибдердин маалымат катчысы Забихулла Мужахид чабуул үчүн алардын кыймылы жоопкерчилик аларын айтты. Читать дальше...
Кыргызстанда коронавирусту дарылоо боюнча расмий протокол март айынан бери үч ирет өзгөрдү. Оору менен күрөшүүгө багытталган медициналык документ 23-мартта кабыл алынып, ага ылайык илимий консультативдик кеңештин көрсөтмөсү менен дарылоо жүрүп жаткан. Бирок акыркы эки айдын ичинде эле Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун нускамасынан улам бул протокол эки ирет оңдолду. Социалдык тармактарда, аймактарда жана Бишкекте ооруган адамдар канды суюлтуучу гепарин, клексан деген дарыларды издеп, дарыканалардын кампаларында кезек күтүп... Читать дальше...
Лейлек жана Баткен райондорунда 12-июлда жүргөн сел бир канча үйдүн короо-жайын каптады. Катуу жааган жамгыр Лейлек районунун Исфана шаарынын, Тогуз-Булак айылынын, Баткен районунун Кыштут айылынын жашоочуларына зыян алып келди.
Армения өкмөтү коронавирус кризисине байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режимин дагы бир айга узартты. Ушуну менен өзгөчө абал марттан бери төртүнчү ирет узартылды. Бул кырдаал бийликке калкты коомдук жайларда беткап тагынып жүрүүгө милдеттендирүүгө жана башка чараларга барууга жол берет. Калкы үч миллиондун тегерегиндеги Арменияда коронавируска 32 миң адам кабылган. Алардын 570ден көбү каза тапты. Бул дүйнөдөгү эң чоң көрсөткүчтөрдүн бири. Арменияда карантин алынгандан кийин коронавирус кескин жайылып кеткен.
Мурдагы тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Кыргызстандын Германиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгонун мамлекет башчынын маалымат кызматы 13-июлда кабарлады. Президенттин дагы бир жарлыгы менен Эринес Оторбаев бул кызматтан бошотулду. Эрлан Абдылдаев 54 жашта. Ал Тышкы иштер министрлигин 2012-жылдан бери жетектеп, кызматтан 2018-жылы өз каалоосу менен кеткен. Андан мурдараак Түштүк Кореядагы мурдагы элчи... Читать дальше...
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-июлда премьер-министр Кубатбек Боронов менен онлайн кеңешме өткөрдү. Президенттик аппараттан кабарлашкандай, анда өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу боюнча чаралар талкууланды. Өкмөт башчысы коронавирус инфекциясынын мындан ары шаарлардын, облустардын жана райондордун аймагына жайылышына жол бербөө боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Ал негизги эки көйгөй катары дары-дармектер боюнча кырдаалды жана медициналык адистердин жетишсиздигин атады. Читать дальше...
Каракол шаарынын борбордук көчөлөрү таңкы саат 6дан 7ге чейин хлор кошулган суу менен күн алыс жуулуп жатат. Шаардык мэриянын маалыматына караганда, бир автоунаага сегиз тонна суу толтурулат. Ал үч чакырым жерди тазалоого жетет.
Президент Сооронбай Жээнбековдун 13-июлдагы жарлыгы менен Нурлан Абдрахманов Кыргызстандын Түркиянын Стамбул шаарындагы Башкы консулу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппарат маалымдады. Кыргызстандын Стамбулдагы мурдагы башкы консулу Эркин Сопоков кытайлык ишкер Айеркен Саймаити 10-ноябрда өлтүрүлгөндөн кийин ишинен бошотулуп, кызматтык иликтөө жүргүзүлгөн. Буга Стамбулдагы Саймаити өлгөн жерде Сопоковго таандык дипломаттык номерлүү «Range Rover» автоунаасынын табылганы себеп болгон. Читать дальше...
Июнь окуясы үчүн өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровдун адвокаты Валерьян Вахитов кардары ооруга чалдыкканына байланыштуу абактан чыгарууну Жаза аткаруу кызматынан талап кылды. «Азаттыкка» берген билдирмесинде адвокат укук коргоочунун температурасы көтөрүлүп, жөтөл жана башка оорулары күчөп кеткени тууралуу кабар алышканын, «жок дегенде аны ооруканага чыгаруу керектигин» белгиледи. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Самат Калыков Азимжан Аскаровдун саламаттыгы жайында экенин билдирип... Читать дальше...
Ички иштер министрлиги 13-июлда Ак үйдүн жанында “Шайлоого жол жок!” деген акция өткөрүүнү пландагандардын үчөө кылмышка шектүү болушу ыктымал деп эсептейт. Мекеме расмий сайтына жарыялаган маалыматка караганда, 33 жаштагы эки жана 34 жаштагы бир эркек бул күнү аянттан кармалып, тергөө мекемесине жеткирилди жана аларга карата ыкчам-тергөө иштери жүрүп жатат. Министрликтин басма сөз кызматынын өкүлү Адинай Шаршеева буга чейин ал адамдар WhatsApp жана Facebook аркылуу элди митингге, бийликти кулатууга үндөп... Читать дальше...
"Азаттык" аймактардагы кабарчылар жиберген сүрөт жана видеолор топтомун жарыялоону улантат. Ысык-Көл 80 миң калктуу Караколдо активист жаштардын тобу шаардагы стационарларда жана ооруканаларда иштеп жаткан медиктерге жардам көрсөтүп жатышат. Жаштар тобу каражат чогултуп, беш жылдан бери токтоп турган "Тез жардам" автоунаасын оңдотууга киришти. Пандемия күчөп турган маалда Каракол шаарында эки гана "Тез жардам" эл кызматында. Социалдык тармактарда Каракол шаарындагы рентген кабинетинин сүрөттөрү кызуу талкууга түштү. Читать дальше...
Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов жана анын орун басары Нурболот Үсөнбаев азыркы тапта Бишкекте Республикалык инфекциялык ооруканада дарыланып жатышат. Бул тууралуу 13-июлда министрликтин өкүлү Айнура Акматова билдирди: “Министрдин жана орун басарынын абалы туруктуу. Алар инфекциялык ооруканада тиешелүү дарылануудан өтүп жатышат. Жумушка качан чыгары азырынча белгисиз”. Буга чейин министр Сабиржан Абдикаримов пневмония, ал эми анын орун басары Нурболот Үсөнбаев коронавируска чалдыкканы... Читать дальше...
Белгилүү актриса, Кыргыз Республикасынын эл артисти Жыргал Көбөгөнова пневмония илдетинен 13-июлда каза болду. Бул тууралуу актрисанын кесиптештери маалымдашты. Жыргал Көбөгөнова 1948-жылы 1-январда Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылында төрөлгөн. 8-класстан баштап цирк өнөрүнүн аба гимнастикасы боюнча машыгып, 1964-жылы ачылган кыргыз циркинин алгачкы карлыгачтарынын бири болгон. 1971-жылы “Бий ансамбли” аттуу топтун солисти, 1972-жылдан баштап Ош областтык драма театрында, 1974-жылдан баштап Кыргыз... Читать дальше...
Социалдык тармактарда Каракол шаарындагы рентген кабинетинин сүрөттөрү кызуу талкууга түштү. Өпкөсү кагынган бейтаптар узун кезектен улам ушул рентген кабинетин колдонууга аргасыз болууда деген сөздөр тараган.