9-июлда Сооронбай Жээнбековдун коронавирус эпидемиясына байланыштуу өлкө калкына кайрылуусу "Президент КР" ютуб каналына жарыяланган. Социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары видеонун алдына "like" белгисине караганда "dislike" көп басылып жатканына көңүл буруп, улам сүрөтүн жарыялап турушту. Болжол менен 10 саттан кийин, "жакты" деген белги 300дөн, ал эми "жаккан жок" деген белги 4000ден ашканда видео сайттан алынган. Бир аздан кийин видео көрүүчү комментарий калтырчу жана жаккан-жакпаганын билдирген белги койчу жери жабылып, кайра жүктөлдү. Читать дальше...
"Азаттык" аймактардагы кабарчылар жиберген сүрөт жана видеолор топтомун жарыялоону улантат.
10-июль күнү Ош шаарында Биринчи май көчөсүндө таза суу түтүгү үчүн казылган чуңкурда иштеп жаткан төрт жаранды топурак басып калган. Алардын үчөө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ыкчам тобу тарабынан куткарылып, бирөө каза болгон. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы маалымат таратты. Мекеменин билдиришинче куткарылган үч жаран "Тез жардам" кызматына өткөрүлүп берилген жана абалдары туруктуу. Каза болгон жарандын сөөгү ИИМге өткөрүлүп берилген. Учурда анын тек-жайы такталып жатат. (DU)
Кыргызстанда мурдагы вице-премьер Алтынай Өмүрбекова менен экс-саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Финансы полициясына суракка чакырылды.
Бишкекте ачылган убактылуу стационарларда кезек күткөндөр азайганы байкалууда. Бул тууралуу 10-июлда борбор калаанын мэриясы кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, бир жумага жетпеген убакыт аралыгында күндүзгү стационарларда 11 миң 370 адам тейленди. Бүгүнкү күндө шаар аймагында мындай жайлардын тогузу иштеп жатат, коомдук фонддордун жана ишкерлердин жардамы менен дагы бир нечесин ачуу пландалууда. Кээ бирлеринин кире беришинде адамдар топтолбошу үчүн электрондук кезек терминалдары орнотулду. Читать дальше...
Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин директору Рита Карасартова кызматын өз каалоосу боюнча тапшыруу тууралуу арыз жазды. Бул жөнүндө ал “Фейсбуктагы” жеке баракчасына жазып, арызынын сүрөтүн жайгаштырды. “Окуу жылын аяктап, өз каалоом менен кетүү тууралуу арыз жаздым. Жарандык активизмге салам айтам! Жашоо сабагы үчүн өкмөткө рахмат”. Бул чечими тууралуу анын өзүнөн комментарий алуу азырынча мүмкүн болгон жок. Коомчулукка жарандык активист катары кеңири таанылган Карасартова бул кызматка 2019-жылдын декабрында дайындалган. Читать дальше...
Ала-Букалык уз-колдор биригип матрас, төшөнчүлөрдү аймактагы күндүзгү стационар үчүн арзан баада колго тигип берип жатышат.
Кыргызстанда соңку эки жумада коронавируска чалдыккандар көп катталып, дары-дармек тартыштыгы келип чыкты. Аймактарда жана Бишкекте канды суюлтуучу, антибиотиктер жана вируска каршы дарылар жок болуп жатат.
Парламенттик шайлоону уюштурууга пландалган акчанын суммасы абалга жараша өзгөртүлөт. Бул тууралуу 10-июлда Борбордук шайлоо комиссиясы (Боршайком) кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, быйылкы шайлоону өткөрүүгө республикалык бюджеттен жалпысынан 732 миллион сом каралган. Бирок бюджеттик план 95 миллион сомго кыскартылды, анткени Жапония өкмөтү жана Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (ПРООН) жабдык жагынан жардам берди. Ошону менен катар аралыктан иштөөнүн эсебинен айрым пландалган уюштуруу иштери да кыскартылды. Читать дальше...
Кызыл-Кыя шаарынын тургуну, жеке ишкер Ибрагим Балтабаев коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкканына үч күн болду.
Кыргызстанда жаш програмисттер тобу коронавирус шартында жардамга муктаж болуп же жардам бергиси келгендер үчүн бирдиктүү сайт иштеп чыгышты. Help.go.kg деп аталган сайт бир нече бөлүмдөн турат. “Мага жардам керек” деген бөлүмдөн дары-дармекке, дарылоо кызматтарына муктаждар тууралуу маалымат алса болот. Ал эми “Мен жардам бере алам” деген бөлүмгө киргендер атайын анкета толтуруп, өзү тууралуу маалымат калтыра алат. Limon.kg жаштар сайты жазгандай, демилге Азамат Ахунжанов, Данияр Чангылов, Авигаил... Читать дальше...
Кыргызстанда жасалма дем алдыруучу аппараттар менен кычкылтек концентраторлору жетишсиз болуп жатат. Өлкөдөгү ооруканалар бул жабдуулар менен канчалык камсыз, бейтаптарга жетиштүү жардам көрсөтүш үчүн дагы канчасы керек?
Түркиянын Мамлекеттик кеңеши 10-июлда чыгарган чечими менен Стамбулдагы атактуу Айя-София музейи мечит катары элге ачылары жарыяланды. Ошондой эле Мамлекеттик кеңеш 1934-жылы министрлер жыйынында кабыл алынган Айя-Софияны мечиттен музейге айлантуу тууралуу чечимди жокко чыгарганын жана мындан кийин Айя-София имараты Фатих Султан Мехмет Хан фондуна таандык болгонун кабарлады. 1453-жылы Султан Мехмет II башында турган осмон түрктөрү Константинополду каратып алгандан кийин Айя-София мечитке айланган. Читать дальше...
Бишкектеги жайында эс алуучуларды кабыл алчу эки көлмө убактылуу жабылды. Бул тууралуу 10-июлда мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, эпидемиологиялык абал турукташканча Пионер жана Комсомол көлмөлөрүнө түшүүгө уруксат болбойт. Свердлов райондук акимчилиги алардын тегерегине тыюу салган белгилерди орнотуп, кулактандырууларды илип койду. Кыргызстанда март айынан бери COVID-19 диагнозу 9358 адамга, пневмония 3829 адамга коюлду. Коронавирустан 122, пневмониядан 350 бейтап каза болду. Читать дальше...
Мамлекеттик чек ара кызматынын көзөмөл бекеттеринде өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал учурунда иштеген айрым кызматкерлер кошумча төлөнүүчү акчасын толук албай калганына нааразы болушууда.
АКШнын инфекциялык оорулар боюнча башкы дарыгери Кошмо Штаттар коронавируска каршы күрөштүн эң оор баскычына жеткенин билдирди. Бул өлкөдө соңку бир күндө оору дагы 65 миңден ашык адамдан табылып, дарттан миңден ашуун бейтап көз жумду. Бул пандемия убагындагы кезектеги эң чоң сандык көрсөткүч. Ушул тушта АКШнын 51 штатынын 41инде оорунун жайылышы күчөп жатат. Калифорния, Техас жана Флорида өңдүү эл жыш жашаган штаттарда абал оор. Ооруканаларга бейтаптар батпай калды, губернаторлор карантинди жумшартуу пландарын токтотту. Читать дальше...
Коронавирус илдетинин тез жайылып жатканына байланыштуу Ысык-Көлгө эс алууга баргандар дээрлик жок. Каракол шаарынын жанындагы көл жээги ээнсиреп турат.
Премьер-министр Кубатбек Боронов өлкөдө зарыл болгон дары-дармектин тизмесин түзүп, жакынкы айларга резерв камдап коюуну тапшырды. Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 10-июлдагы жыйынында мындай тапшырма Материалдык резерв фондуна жана Дары-дармек менен камсыз кылуу департаментине берилди. Боронов Бишкектин кээ бир дарыканаларында айрым препараттар жок экенин айтып арызданып жаткандар бар экенин, дем алыш күндөрү баш калаага дары-дармек жеткирилерин билдирди... Читать дальше...
Коронавирус пандемиясына байланыштуу Ысык-Көлгө эс алганы баргандар дээрлик жок. Мындан улам жергиликтүү такси айдоочулардын жумушу солгундап, тапкан акчасы азайды.
Президент Сооронбай Жээнбеков 10-июлда өкмөттүн аймактардагы өкүлдөрү менен өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды талкуулады. Басма сөз кызматынын маалыматына караганда жыйында президент дарыгерлерди бардык керектүү каражаттар менен камсыз кылуу, айылдарда санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү күчөтүү, дары-дармектин запасына көңүл буруу, дарыканалар боюнча аудит жана эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек экенин айтты. «Алдастап турган элди дүрбөлөңдөн сактоо кыйынга турат» деп баса белгилеген... Читать дальше...
Коронавирустун белгилери пайда болору менен эн негизгиси дароо башкалардан обочолонуш керек. Дартты дарылоо протоколунда негизги басым тромбдун пайда болушунун алдын алуучу препараттарды колдонууга жасалган.
АКШнын башкы инфекционист дарыгери өлкө коронавируска каршы күрөштүн эң оор баскычына жеткенин билдирди. СOVID-19 илдетине каршы ийгиликтүү күрөшкөн Сингапурда парламенттик шайлоо өтүүдө. Кытайдын жогорку даражалуу төрт расмий өкүлүнө АКШ санкция салды.
Кыргызстанда кыйын кырдаалда ири ишкерлерден баштап, пенсиядагы карыялар, чет жердеги мекендештер кала берсе мектеп окуучуларына чейин жардамга кол сунуп жатышат.
Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгы өлкөнүн тынчтыгы, ооруп жаткан адамдардын сакайып кетиши үчүн курмандык чалып, түлөө өткөрдү. Түлөө Бишкектеги Имам Сарахси атындагы башкы мечитте уюштурулду. Анда COVID-19 инфекциясы күч алгандыгына жана андан каза болгон бейтаптардын арбагына багышталып куран окутулду. Муфтияттын басма сөз кызматы кабарлагандай, түлөөгө муфтий Максатбек ажы Токтомушев, анын орун басары Жоробай ажы Шергазыев жана жергиликтүү жамаат катышты. Маалыматта: «Муфтий өз сөзүндө ата-бабаларыбыз бөөдө кырсыктан... Читать дальше...
Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун 10-июлга белгиленген соту болгон жок. Ушуну менен Бишкектин Биринчи май райондук сотунда жүрүп жаткан процесс үчүнчү жолу башка күнгө которулду. Адвокат Таалайгүл Токтакунованын айтымында, Асанов эки өпкөсүнөн пневмония болуп, дарыланып жатат. Буга чейинки отурумдар да соттолуучу тарап оорусуна байланыштуу барбагандыктан өткөн эмес. Соңку отурумда соттук териштирүү жабыркаган тараптын сурагына келип токтогон. Кийинки отурум 24-июлга белгиленди. Читать дальше...