30-июль - Кыргызстанда коронавирус курмандыктарына байланыштуу жалпы улуттук Аза күтүү күнү. Кыргызстан коронавирустан каза болгон 1 364 жаранын эскерип, өлкөнүн бардык аймактарындагы мамлекеттик туулар түшүрүлүп турат.
"Азаттык" аймактардагы кабарчылар жиберген сүрөт жана видеолор топтомун жарыялоону улантат. Жалал-Абад Жалал-Абад шаарында 29-июлдан тартып алгачкы түнкү стационар иштей баштады. Жалал-Абад мамлекеттик университетинин спорт залында ачылган жай 20 орунга ылайыкталып, дарыгерлер жана ыктыярчылар бейтаптарды кабыл алууда. Жаңы ачылган стационардын дарыгерлери коомчулуктан жардам күтүшөт. Бишкек Кыргызстанда 30-июлга карата коронавирус жуктурган 35 143 адамдын 24474ү айыгып кетти. Дарыгерлер бейтаптардын өмүрүн сактап калып... Читать дальше...
Украинанын туңгуч президенти Леонид Кравчук Донбасстагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча үч тараптуу байланыш тобунда Киевдин делегациясын жетектейт. Бул тууралуу Кравчук өзү билдирди жана анын видео кайрылуусун президент Владимир Зеленскийдин кеңсеси таратты. Анда Кравчук Донбасста бейпилдик орнотуу үчүн кайсы бир нерсе колунан келе турган болсо, аны "өмүрүнүн акырына чейин" жасарын айтып ишендирди. Ал бул орунга Украинанын экинчи президенти Леонид Кучманын ордуна дайындалды. 80 жаштагы Кравчук Украинаны 1990-1994-жылдары башкарган. Читать дальше...
Мамлекеттик бажы кызматы Кыргызстанда эң коррупцияланышкан мамлекеттик орган деп табылды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин иликтөөсүндө айтылат.
Казакстандын башкы санитардык дарыгери Айжан Есмагамбетова жарандарды көчөдө такай беткап кийүүгө милдеттендирген токтом чыгарды. Талапты бузгандарга административдик чара көрүлмөкчү. Ошондой эле токтомдо ортодо бери дегенде 1,5 метр аралык сакталышы керек экендиги да жазылган. Казакстандыктар буга чейин дарыканаларга, дүкөндөргө, медициналык мекеме-жайларга, кеңселерге жана калкты тейлөөчү ишканаларга барганда беткап кийүүгө милдеттүү болчу. Мунун алдында Нур-Султан өлкөдөгү карантинди 5-августтан баштап дагы эки жумага узарткан. Читать дальше...
30-июлда Кыргызстан коронавирус курмандыктарына байланыштуу аза күтүп жатат. Кыргызстан эгемендик алгандан бери дүйнөлүк масштабдагы эпидемияга биринчи ирет туш келди.
Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 73 медицина кызматкери COVID-19 вирусунан каза болгонун билдирди. Штабдын бүгүн, 30-июлда билдиргени боюнча, алардын ичинен 44ү дарыгер. Ал эми 18 адам орто медициналык билими бар адистер, үчөө кенже медициналык кызматкер, калганы башка кызматкерлер. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, тизмеге саламаттык сактоо тармагында иштеген бардык медициналык кызматкерлер, менчик мекемелерде иштегендер жана пенсионерлер киргизилген. Читать дальше...
АКШнын президенти Дональд Трамп президенттик шайлоонун мөөнөтүн кийинкиге калтыруу тууралуу сөз кылды. Ал «Твиттердеги» баракчасына «Почта аркылуу универсалдуу добуш берүү менен 2020-жылдагы шайлоо тарыхта эң так эмес жана көз боёмочу шайлоо катары калат. Бул АКШ үчүн улуу уят болот. Адамдар эрежеге ылайык жана коопсуз добуш бере алганга чейин жылдырыш керекпи?» - деп жазды. Добуш берүү ушул жылдын ноябрь айында өтөт жана соңку сурамжылоолорго ылайык, Трамптын рейтинги анын башкы саясий атаандашы... Читать дальше...
Саламаттык сактоо министрлиги Курман айтты утурлай тараткан маалыматка ылайык, Коронавируска каршы ыкчам штаб июль айы үчүн 30 млн. сомду медициналык кызматкерлерге компенсация катары Саламаттык сактоо министрлигине, ал эми 400 млн. сомду Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна төлөп берди. Бул каражаттан 225 млн. сом 29-июль күнү саламаттык сактоо мекемелерине бөлүнүп берилди. Анын ичинде: Бишкек шаарына - 58,733 млн. сом; Чүй облусуна - 37,278 млн. сом; Ош облусуна жана Ош шаарына - 34,110 млн. Читать дальше...
Минск Беларуста кармалган орусиялыктарды «теракт уюштурганы келишкен» деп айыптады.
Казакстандын Алматы шаарынын башкы санитардык дарыгери Курман айтта калаага мал ташып келүүгө чектөө киргизди. Полиция шаарга кирген машинелерди текшерип жатат. Алматынын сыртындагы мал базар ачык. Казакстан мусулмандарынын дин башкармалыгы элди мал сатып алуу үчүн базарга барбай, онлайн кызматтан пайдаланууга үндөдү. Коңшу өлкөдө коронавирустун жайылышын токтотуу үчүн катаал карантин чаралары 17-августка чейин узартылды. "Азаттыктын" казак кызматы тарткан видео.
Каржылык жардамдан сырткары федерациялар FIFA уюмунан 5 миллион долларга чейин пайызсыз насыя да ала алышат.
Абакта каза болгон кыргызстандык укук коргоочу Азимжан Аскаровдун сөөгү 30-июлда Бишкектеги өлүкканадан чыгарылып, байбичесине тапшырылды. Маркумдун сөөгүн алгач Ошко жеткирип, андан ары Өзбекстандын Ташкент облусуна алып кетишерин "Азаттыкка" жакындары кабарлашты. Байбичеси Хадича Аскарова "Азаттыкка" берген кыска маегинде укук коргоочу өмүрүнүн аягына чейин ага карата адилеттик орноп, абактан бошотуларына ишенгенин билдирди. Маркумдун сөөгү өзү калтырган керээзи боюнча Өзбекстанда жерге берилери белгилүү болгон. Читать дальше...
Кыргызстанда 30-июлга коронавирус жуктурган 35143 адамдын 24474ү айыгып кетти. Дарыгерлер бейтаптардын өмүрүн сактап калып, эл катарына кошуу үчүн күндүр-түндүр бел чечпей эмгектенип жатышат. COVID-19 илдетине чалдыккан бейтаптар дарыланган “кызыл зонада” иштеген дарыгерлер кандай оор кырдаалда эмгектенип жатышканын айтып беришти. Адам өмүрүн сактап калуу үчүн күрөшкөн ондогон дарыгер жарыкчылык менен кош айтышты. "Азаттыктын" "Пандемия: Кимди жоготтук" тизмеси боюнча көз жумган медицина кызматкерлеринин... Читать дальше...
Кадыркул Даутов менен кошо кыргыз адабий сыны, адабий илиминин өзүнчө бир доору, бийик деңгээлге чыгып алган көркөм эстетикалык дүйнөсү жыйынтыкталды окшойт.
Быйылкы жылдын алты айында Кыргызстандын ички дүң өнүмүнүн (ИДӨ) көлөмү228 миллиард сомду түздү. Экономика 5,3% азайды. Бул тууралуу экономика министри Санжар Муканбетов 30-июлдагы брифингде билдирди. Анын айтымында, алты айдын эсеби менен экономиканын өсүшү 94,7% түздү. «Өнөр жайыбыз бейтараптыкты сактап, 0,1% гана өстү, - деди ал. - Ал эми айыл чарба сектору 1,6% өсүшүн көрсөттү. Эң чоң төмөндөө курулуш тармагында - 10% жана кызмат көрсөтүү, тейлөө тармагында - 9,2% байкалды». Муканбетов... Читать дальше...
Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) АКШ менен «Талибан» кыймылы тынчтык келишимине кол койгонуна карабай, Ооганстандагы ар кандай куралдуу кагылыштар менен чатактардан улам быйыл жыл башынан бери 100 миңден ашык киши жер которгонун билдирди. Талибдер АКШ менен НАТОнун аскерлерине кол салуудан карманып калганы менен, ооган өкмөтүнүн куралдуу күчтөрүнө чабуул коюп, бутага алганын токтото элек. Ооганстандын президенти Ашраф Гани февраль айынан бери Кабул 10 миңден ашык аскерин жоготконун билдирди. БУУнун эсебинде... Читать дальше...
Укук коргоочу Азимжан Аскаровдун сөөгү Өзбекстанга жөнөтүүгө даярдалып жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» Аскаровдун коомдук коргоочусу, «Voice of Freedom» коомдук фондунун жетекчиси Абдумомун Мамараимов билдирди: «Уруксат берилди. Азыр сөөктү даярдап жатышат». Мамараимовдун айтымында, маркумдун сөөгүн Өзбекстанга байбичеси Хадича Аскарова коштоп барат. Кыргызстан менен Өзбекстандын дипломаттары укук коргоочу Азимжан Аскаровдун сөөгүн Өзбекстанда жерге берүү боюнча сүйлөшүү жүргүзүшкөнүн 30-июлда... Читать дальше...
Жалал-Абад шаарында 29-июлдан тарта алгачкы түнкү стационар иштей баштады. Жалал-Абад мамлекеттик университетинин спорт залында ачылган жай 20 орунга ылайыкталып, дарыгерлер жана ыктыярчылар бейтаптарды кабыл алууда. Жаңы ачылган стационардын дарыгерлери коомчулуктан жардам күтүшөт.
Бишкекте 30-июлда чыккан өрт өчүрүлүп жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, өрт саат 15:32 чамасында Медеров көчөсүндөгү №63 даректе жайгашкан бала бакчада жана ага жакын жайгашкан «Людмила» аттуу кафеде башталган. Аны өчүрүүгө жалпы үч бөлүм тартылып, өрт жарым саатта чектөөгө алынган. Азыр өчүрүү иштери уланууда. Мекеме толук маалымат кийинчерээк берилерин кабарлады.
АКШ Конгрессинин Өкүлдөр Палатасындагы 29-июлда өткөн коомдук талкууда эки партиянын тең өкүлдөрү эң ири төрт америкалык технологиялык компаниянын жетекчилерин кеске сынга алышты. Конгресс өкүлдөрүнүн пикиринде, «Amazon», «Google», «Facebook» жана «Applе» компаниялары өз тармагында бийликти өз колдоруна алып, чакан ишканалардын өнүгүшүнө жол бербей жатышат. Пандемияга байланыштуу талкуу онлайн форматта өттү. Демократ Дэвид Сициллин жыйындын башында бул корпороциялар тармактагы ордун кеңейтүү... Читать дальше...
АКШнын Коргоо министрлиги 29-июлда Германиядан 12 миңдей жоокерди чыгарып кетүү тууралуу планын жарыялады. Ага ылайык, аскерлердин бир бөлүгү Белгия менен Италияга жайгыштырылмакчы. Ушул тушта Германияда 34 миңден ашык америкалык жоокер бар. Алардын 6500дөйү биротоло үйлөрүнө кайтат, дагы 5600дөйү НАТОнун башка мамлекеттерине жайгаштырылат. Германияда Европа өлкөлөрүнүн арасынан АКШнын эң чоң аскердик туруктуу контингенти жайгашкан. Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп өткөн айда Германиядагы... Читать дальше...
Чүй, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарында коронавирус менен ооруп жаткандар көп болуп жатат. Буга байланыштуу коопсуздук чараларын күчөтүш керек экенин премьер-министр Кубатбек Боронов 30-июлда Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди. «Учурда жаңы ооруканаларды куруу жана өлкө аймактарында колдонулбай турган имараттардын багытын өзгөртүп, медициналык мекемеге ыңгайлаштыруу боюнча иштер жүрүүдө. Ошол эле учурда эксплуатацияга бериле турган ооруканалар менен... Читать дальше...
Быйыл ажылык алгачкы жолу өзгөчө шартта өтүп жатат. Ыйык жайга 2.5 млн адамдын ордуна болгону миң киши киргизилди.
30-июлга карата «Азаттыктын» «Пандемия: Кимди жоготтук?» эскерүү тизмесине маалыматы кирген маркумдардын саны 400 кишиге жетти. Алардын улуусу 91, кичүүсү 1,5 жашта болчу. Тизмедеги кайтыш болгон жарандардын 100гө жакыны 50 жашка чейинки, 300ү 50 жаштан ашкан курактагылар. Алардын ичинде медицина кызматкерлеринин саны 60ка жетти. Пандемиянын кесепетинен мезгилсиз дүйнөдөн кайткандардын арасында дарыгерлерден тышкары илимпоздор, коомдук-саясий ишмерлер, мугалимдер, журналисттер, студенттер, акындар... Читать дальше...