Украинанын туңгуч президенти Леонид Кравчук Донбасстагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча үч тараптуу байланыш тобунда Киевдин делегациясын жетектейт. Бул тууралуу Кравчук өзү билдирди жана анын видео кайрылуусун президент Владимир Зеленскийдин кеңсеси таратты. Анда Кравчук Донбасста бейпилдик орнотуу үчүн кайсы бир нерсе колунан келе турган болсо, аны "өмүрүнүн акырына чейин" жасарын айтып ишендирди. Ал бул орунга Украинанын экинчи президенти Леонид Кучманын ордуна дайындалды.
80 жаштагы Кравчук Украинаны 1990-1994-жылдары башкарган. Ал 1994-жылдагы шайлоодо Леонид Кучмага утулуп калган.
Үч тараптуу байланыш тобуна Орусия, Украина жана Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму (ЕККУ) кирет. Алардын сүйлөшүүлөрүнө анда-санда Донбасстагы Орусия колдогон жикчилдердин өкүлдөрү да катышып калат.
Аймакта 27-июлга караган түнү ок атышпоо режими күчүнө кирди. Бирок эки тарап тең шарт бузулган учурлар тууралуу даттанып жатат.
Украинанын чыгышындагы кагылышууда 2014-жылдан бери 13 миңдей адамдын өмүрү кыйылды. Киев Москваны орусиячыл жикчилдерге колдоо көрсөткөнү үчүн айыптап келет. Кремль бул дооматтарды четке кагат.